Главная страница
Навигация по странице:

  • Тексттен кийинки тапшырма.

  • Текстке чейинки тапшырма.

  • Сөздөр кичине кезинде

  • Сөздөр кадрлар бөлүмү

  • АДАБИЯТ - ТУРМУШ КҮЗГҮСҮ Текстке чейинки тапшырма.

  • Сөздөр белгилүү

  • Калыгулдун маселдерине токтолсок

  • Сөздөр акылман

  • управление. кыргязкнига. Тилим менин


    Скачать 1.09 Mb.
    НазваниеТилим менин
    Анкоруправление
    Дата25.10.2022
    Размер1.09 Mb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлакыргязкнига.docx
    ТипДокументы
    #753082
    страница16 из 37
    1   ...   12   13   14   15   16   17   18   19   ...   37

    туңгуч - первый

    дарылоо - лечение

    борбордук - центральный

    кеңеш - совет

    мүчөсү - член

    орто мектеп - средняя школа

    аяктагандан кийин - после окончания

    жетекчилиги астында - под руководством

    жетекчиси - руководитель

    өнүктүрүүгө - для развития

    ойлоп табуу - придумать

    эл чарба жетишкендиктер көргөзмөсү - выставка дос­тижений народного хозяйства

    күмүш - серебро

    коло - бронза

    кыйынчылык - трудности

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. А. Алтымышов ким болгон?

    2. Окумуштуу кайсы жерлерде, кандай кызматтарда иштеген?

    3. А. Алтымышов илимдин кайсы тармагын өнүктүрүүдө өз салымын кошту.

    4. Ал кандай наамдарга жана сыйлыктарга татыктуу болгон?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти көңүл коюп окугула.

    2. Тексттен синонимдерди тапкыла.

    3. Синоним деп эмнени айтабыз?

    КУСЕИН КАРАСАЕВ

    Улуттук тунгуч лексикограф жана лексиколог, оку­муштуу профессор К. Карасаев 1901-жылы Түп району- нун Кең-Суу айылында туулган.

    Ал кичине кезинде эле араб алфавитин молдолордон окуп үйрөнсө, 1915-1916-жылдары Караколдогу орус-ту- зем мектебинен билим алган. Орус тилинен билим алы- шы анын келечектеги тагдырына чоң таасир тийгизген.

    1916-жылы Үркүндө Кытайга качып, ал жактан оокат- туу адамдардын балдарын окутат. 1924-жылы ноябрда кайрадан өз айылына келип, айыл кеңешине катчы, Кең- Суу айыл ревкому болуп иштеген. Андан кийин Ташкен- деги Кыргыз агартуу институтунан (1923-1924-жж.) окуйт. Окуп жүргөндө эле ал 1924-жылы кыргыз гезити «Эркин Тоону» чыгаруучулардын тобуна кирип, гезиттин орфографиясына жооптуу болгон.

    Гезиттин редакциясы Бишкекке көчкөндө анын Таш- кендеги атайын кабарчысы болуп калган.

    1925-27-жылдары Ташкендеги Орто Азия мамлекет- тик университетинин жумушчулар факультетинде окуган кыргыз студенттерине кыргыз тилинен сабак берген, ошо- ну менен бирге эле ВКП (б) БКнын Орто Азия бюросунун котормочулар жана рецензенттер тобунун бюросуна мүчө болгон. 1927-жылы Бакуда өткөн түрк алфавитинин бор- бордук комитетинин пленумуна катышкан.

    1928-жылы Ленинграддагы чыгыш институтуна ки- рип, окуу менен бирге эле 1929-31-жылдары кыргыз тилинен сабак берген. 1931-жылы Кыргыз маданий куру- луш илим-изилдөө институтунда (кийин Тил, адабият жана тарых илим-изилдөө институту болгон) улук илимий кыз- маткер, Жалал-Абад педтехникумда мугалим болуп иш- теген.

    К. Карасаев 1933-жылы «Социал-Туран» партиясы- нын мүчөсү деген жалган жалаа менен камалып, үч ай­дан кийин бошотулган. Бирок кызматка алынбай куугун- тукта жүргөн. 1936-жылы «Орусча-кыргызча сөздүктү» түзүү тапшырылып, Москванын четиндеги Одинцово де­ген кыштакта «сөздүктүн» үстүндө иштей баштайт. Ал 1939-41-жылдары Москвада СССР Эл Комиссарлар Сове- тинин «Бюллетенинин» редактору, Тил жана адабият ин­ститутунда улук илимий кызматкер (1941-48-жж.) болуп жүргөндө, жалган жалаа менен (1948-ж.) партиядан чы- гарылып, кызматтан куулган. Кайрадан 1950-жылы пар- тиялуулугу калыбына келтирилип, 1951-1974-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштеген. Профессор К. Карасаев кыргыз алфавитинин бар- дык түрүн түзүүгө активдүү катышкан. Чоңдор үчүн «Са- бат ачкыч» (1927) аттуу алиппе жазып, И. Арабаев менен бирдикте «Жаңылык» (1928) деген алиппе түзүшкөн. Ошондой эле ал Кыргызстанда сөздүк түзүү ишине негиз салгандардын бири катары И. А. Батманов менен бирге кыргыздын сөздүк жаатындагы тунгуч эмгеги «Орусча- кыргызча сөздүктү» (1938-ж.) түзсө, 1944-жылы чыккан «Орусча-кыргызча сөздүктүн» басымдуу бөлүгүн, 1957- жылы чыккан «Орусча-кыргызча сөздүктү» түзүшкөн. 1924-жылдан баштап кыргыз орфографиясы менен алпу- рушуп, орфографиялык сөздүктү түзүү ишин аткарып кел- ген, илимпоз катары ал терминдердин эле эмес, сөздөрдүн маанилерин чечмелеп берүүдө «Өздөштүрүлгөн сөздөр», «Накыл сөздөр» чоң иш аткарган.

    К. Карасаевдин кыргыз фольклористика менен ада­бият таануусунун, котормо теориясынын телчигишине да сиңирген эмгеги зор. Буга анын «Котормо жаатын- да», «Манас», «Кыргыз ырларынын түзүлүшү» деген сыяктуу макалаларын айтууга болот.

    Мындан башка да Кыргыз ыр түзүлүшү боюнча тер- миндердин уюткусу да, бул окумуштуу тарабынан иште- лип чыккан жана дагы элдик оозеки чыгармаларын жый- ноо ишине да чоң салым кошкон. «Семетей» баш болгон жомок-дастандарды жыйнап, 1930-жылы Тоголок Мол- дону Нарындан чакыртып, чыгармаларын фондуга алса, Саякбай Каралаевди Бишкекке алып келип (1931), элге тааныштырып, андан «Манасты» жазып алуу ишин уюш- турган.

    Мындан башка дагы М. Горькийдин, А. Радищевдин, Р. Тагордун, Л. Крючковскийдин жана башка жазуучу- лардын чыгармаларын которгон.

    Ал 1993-жылы 2500дөн ашуун китеби жана көптөгөн кол жазмаларынын түп нускаларын Ысык-Көл мамлекет- тик университетине белек катары берген. Университетте анын музейи ачылган.

    К. Карасаевге 1992-жылы К. Тыныстанов атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылып, «Эмгек Кызыл Туу» ордени жана медалдар менен сыйланган.

    Ал 1998-жылы дүйнөдөн кайткан.

    Анын ысымы менен Түп районундагы айыл кеңеши (мурдагы Тасма), Ак- Суу районундагы кыргыз-түрк улан- дар колледжи, көчө жана Бишкек гуманитардык универ- ситети аталган.

    Сөздөр

    кичине кезинде - с малых лет

    билим - знание

    келечек - будущее

    чоц таасир - большое влияние

    тийгизген - оказало

    үркүн - восстание

    жооптуу - ответственный

    атайын - специальный

    катышкан - участвовал

    түзүү - составить маани - значение

    которгон - перевел

    жалган жалаа - ложная клевета

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Кусейин Карасаев ким болгон?

    2. Ал илимдин кайсы тармагына өзгөчө салымын кошкой?

    3. Кайсы жерлерде иштеген?

    4. Кандай чоң эмгектердин автору?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти көңүл коюп окуп, орус тилине которгула.

    2. Тексттен иреттик сан атоочторду таап, анын жасалуу жол- дорун айтып бергиле.

    3. Сан атооч мааниси боюнча канчага бөлүнөт? Алардын жа- салыш жолдорун айтып бергиле.

    БҮБҮЙНА ОРУЗБАЕВА

    Филология илимдеринин доктору, профессор, КР УИА- сынын академиги Б. Орузбаева 1924-жылы 20-декабрда Ысык-Көл областындагы Ак-Суу районунун Чолпон айы- лында туулган.

    1935-40-жылдары Каракол шаарындагы М. Горький атындагы педагогикалык окуу жайын бүтүргөн. 1940-42- жылдары Каракол мамлекеттик мугалимдер институту- нун студенти. 1942-жылы Ысык-Көл областтык элге би­лим берүү тармагында кадрлар бөлүмүнүн башчысы. 1942- 43-жылдары Кыргыз мамлекеттик педагогикалык инсти- тутунун студенти. 1947-1951-жылдары СССР ИАсынын кыргыз филиалынын аспиранты. 1952-жылы Москвада- гы СССР ИАсынын жалпы тил таануу институтунун илим- поздор кеңешинде филология илиминин кандидаттык или- мий даража алуу үчүн диссертациясын коргогон. 1951- 1954-жылдары СССР ИАсынын кыргыз филиалында (тил, адабият жана тарых институтунда) кенже, анан илимий кызматкери, 1951-1961-жылдары Фрунзе шаардык ке- ңешинин депутаты, 1954-1962-жылдары Кыргыз ССР ИАсынын тил жана адабият институтунун илимий иште-

    ри боюнча орун басары, директору, 1956-1959-жылдары Кыргыз ССР ИАсынын тил жана адабият институтунун грамматика секторунун башчысы болгон.

    1964-жылы Казак ССР ИАсынын тил институтунда- гы илимпоздор кеңешинде доктордук диссертациясын кор- гогон. 1962-1966-жылдары КР ИАсынын азыркы кыр­гыз тили секторунун ага илимий кызматкери. 1968-жылы Антропологиялык жана этнографиялык илимдер боюнча Япониянын Токио шаарында өткөрүлгөн эл аралык конг- ресске катышкан. 1969-жылы РЛАСтагы (ГДР, Берлин шаары) XII туруктуу алтай таануу конференциясына ка­тышкан. 1966-1971-жылдары КРсынын ИАсынын тер­минология секторунун башчысы. 1967-жылы кыргыз тили боюнча профессордук илимий наам ыйгарылган.

    Бүбүйна Орузбаева кыргыз аялдарынын ичинен би- ринчи жолу илимдин кандидаты, илимдин доктору, илим- дин профессору, Кыргыз Республикасынын илимдер ака- демиясынын мүчө-корреспонденти жана академиги.

    Окумуштуунун илимге болгон кызыгуусу кыргыз ти- линин грамматикасы, лексикологиясы, лексикографиясы, кыргыз тилинин тарыхы, эстеликтердин тили, кыргыз тер- минологиясы, жалпы элдик тил менен адабий тилдин оз ара катышы, тилдердин оз ара байланышы, кош тилдүүлүк жана башка маселелерге байланышкан.

    Окумуштуу 1959-1990-жылдары Кыргыз Республика­сынын илимдер академиясында терминкомдун төрагасы- нын орун басары, 1951-59-жылдары «Кыргызстан аял- дары» журналынын мүчөсү, 1972-1986-жылдары «Совет­ская түркология», «Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын кабарлары» журналдарынын редакция- лык коллегиясынын мүчөсү, 1973-1992-жылдары СССР илимдер академиясынын алдындагы тил жана адабият бөлүмүнүн советтик түркология комитетинин президиу- мунун мүчөсү болгон.

    Бүбүйна Орузбаева Бишкек шаардык аткаруу комите­тинин жана Ленин райондук аткаруу комитетинин 2 жол- ку депутаты болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагынан мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ардак грамотасы, медалдар жана СССР айыл чарба көргөз- мөсүнүн жетишкендигинин Күмүш медалы менен сыйлан- ган.

    Сөздөр

    кадрлар бөлүмү - отдел кадров

    башчысы - начальник

    ыйгарылган - присвоено

    илимий эмгек - научный труд

    курамы - состав

    сөз жасоо - словообразование

    таасир - влияние

    адабий тил - литературный язык

    макала - статья

    сыйланган - награждён

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Бүбүна Орузбаева ким болгон?

    2. Ал кыргыз тилинин кайсы маселелерине кайрылган?

    3. Б. Орузбаеванын Кыргызстандагы жана Түрк дүйнөсүнүн илим тармагындагы орду кандай?

    АДАБИЯТ - ТУРМУШ КҮЗГҮСҮ

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, которгула.

    2. Тексттен этиштин келер чагын көрсөткөн сөздөрдү таап, аларды сан, жак боюнча жактагыла.

    3. Айкын келер чак кандай жол менен уюшулат?

    АСАН КАЙГЫ

    Асан Кайгы бир канча түрк элдеринде (ногой, казак, кара калпак, кыргыз) белгилүү терең ойчул, акылман жана ырчы. Кыргыз фольклорундагы маалыматка караганда XIV-XV кылымдардын аралыгы Алтын Ордонун ханы Жаныбектин мезгилинде өмүр сүрөт. Негизинен, өмүр бая­ны, жашаган орду, окуялары аңыз-уламышка айланып кеткен. Ата-теги жөнүндө так маалымат жок. Айрым бо- жомол ой жүгүртүүлөр орун алат. Бирок бизге жеткен санат, термелеринин мазмуну боюнча Асан Кайгы жаша­ган доордун реалдуу картинасын түзүүгө болот: калк бир жерге байыр (конуш) ала албай, «белден береке, көлдөн көрк» кетет. Улук адилдиктен тайып, калк ары удургуп, бери удургуп бейпилчилик издеп, азып тозот. «Ата Жур- ту букара» бийлиги колунда болбой, өз башына ээлигин жоготуп, эр азаматтын башына нокто түшөт. Акылман муну элге «аңгеме кылып айтып», кайгыра берип, «ка- рып болот». Кыскасы, акындын санаттарында жер оода- рып, журт кадырын, чаалыгып-чаңкап суу кадырын, жоо- лашып жүрүп, эр уулдарынан, эр кадырын билип кар- жалган калк тагдыры, алардын кайгы-касирети баянда- лат. Дегеле акындын ой толгоолорунун чордонунда калк турмушу, журт бейпилчилиги жаткан.

    Асан Кайгынын өз журтунун кайгы-касиретин мук- таждыгын терең түшүнүп, калк бейпилчилигин алдыңкы орунга койгон журт адамы экендиги көрүнөт. Ошондой эле чыгармачылык өнөрканасынын жеке өзгөчөлүгү, ка- сиети белгилүү өлчөмдө даана байкалат. Буга төмөнкү ыр саптары күбө:

    Элиң бейпил болбосо, Желе тартып, бээ байлап, Суу жакалай конбосо, Сугун артып душманың Сууңдун башын булгаса, Ат күлүгүн ылгаса, Аргымак минип дууласа, Салкын төрдөн не пайда, Эс-акылым бейпайда.

    Калыстыгың болбосо, Акимдигиң не пайда, Карыяң болор бейпайда.

    Уламыштык материалдар боюнча да акылмандын бар- дык кыймыл-аракети, ой-тилеги калк мүдөөсү менен шай- кеш: улук алдында адилдик сөзүн сүйлөп, жабыр тартат, калк тагдырын ойлоп кайгыга батат:

    Элим-элим дебесе, Өйдө-төмөн удургуп, Көчүп-конуп жүдөгөн, Элдин камын жебесе, Улук алды чыкпаса, Улуу сөздөн айтпаса, Акылмандан не пайда? Калкым- калкым дебесе, Калктын камын жебесе, Хан алдына чыкпаса, Калыс сөзүн айтпаса, Башын катып уктаса, Карыядан не пайда?

    Асан Кайгынын санаттары журтчулук-бейпилчилик- ти, өз башына эркиндикти эңсеп турган мезгилди кам- тыйт. Ошондуктан:

    Адыр-адыр ак талаа Козголбосо ным болор. Атадан калган алгы сөз Айтылбаса кор болор. Алтын капка ак талаа Корголбосо чым болор Анда күнүң не болор? -

    деп өз доорунун орчундуу маселесин козгойт. Ушундай катаал шартта «элден ынтымак кетип ыдыраса», «жоо жобурап жонуңа минип», «ай караңгы түн түшүп, душ- маның башыңа чыгар» - деп элди ынтымакка, биримдик- ке чакырат. Мындай заман туш болсо:

    Аргымактан жал кетер, Азаматтан ал кетер, Анда күнүң не болор? - деп калк тагдырын ойлоп тынчсызданат. Асан Кайгынын жогоркудай ой толгоолору азыркы күндө да өз маанисин жоготкон жок.

    Сөздөр

    белгилүү - знаменитый ойчул - мыслитель акылман - мудрый өмүр баяны - автобиография так маалымат - точное сведение божомолдоолор - предположения кайгысы - огорчение

    адилеттүүлүк, калыстык - справедливость

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Асан Кайгы канчанчы кылымдардын аралыгында өмүр сүргөн?

    2. Акын башка акындардан айырмаланып эмнени даңазалап ырдап чыккан?

    3. Анын санат, терме ырларынын кандай тарбиялык мааниси бар?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, которгула.

    2. Тексттен капыскы өткөн чакты тапкыла.

    3. Капыскы өткөн чактын маанисин жана анын жасалуу жол- дорун айтып бергиле.

    КАЛИГУЛ БАЙ УУЛУ

    (1785-1855)

    Калыгул - ойчул, акылман, маселчи, чечен. Чыгар- масынын багыты, мазмуну боюнча нускоочу акындардын тобуна кирет.

    Ысык-Көл боюнда Кара-Ойдо (азыркы Ысык-Көл райо­ну) төрөлүп, сөөгү ушул жерге коюлган, сарыбагыш уруу- сунун манап тукумунан. Белгилүү даражада кыргыз ыр- чылар поэзиясынын башатында турат. Калыгул өз чы- гармасы менен ырчылар поэзиясынын тарыхында зор из калтырган.

    Калыгулдун чыгармачылыгы салттуу ырчылык поэзия- дан өз өзгөчөлүгү менен айырмаланат: ырдап, комуз черт- кен эмес, айтышка түшпөгөн. Маселдери жорго, накыл сөз түрүндө куюлушуп, обонсуз айтылып, чечендик сөзгө жакын. Ошондой эле акындын жеке чыгармачылык өнөр- канасын ачык мүнөздөй турган өзүнө гана таандык тур- муштук, коомдук-социалдык көз карашы, философиялык ой толгоолору, жыйынтык-корутундулары бар.

    Калыгулдун санаттарында өзү жашаган замандын тур- муштук, адеп-ахлактык жактарындагы оң, терс көрү- нүштөрүнөн келип чыккан жыйынтык-корутундулары азыркы күндө да өзүнүн таанытуучулук, тарбиялык маа­нисин жогото элек. Акындын ырларында адамдын бийик жана асыл сапаттары даңазаланып, өз тыңшоочуларын улуу адамгерчиликке, боорукерликке, кайраттуулукка, өз абийирин таза тутууга, дос, тууганга кайрымдуу, жолдош- чулукка туруктуу болууга үндөйт.

    Калыгул - арымы кенен нускоочу акын. Ошондуктан анын ойлору турмуш-тиричилик жагдайдын тегерегинде гана болбостон, коом, замана заңы, анын келечеги, өлкөнү башкаруу иштерине, адеп-ахлактык, руханий дүйнөсүнө кире турган өзгөрүүлөр - социалдык курч маселелер бо- луп саналат.

    Кантсе да байкагыч, сезимтал акын кыргыз коомчулу- гунун келечек тагдыры, адеп-ахлагы, социалдык өзгөрүүлөрү жөнүндө алдын ала ой жүгүртүү деңгээлине көтөрүлгөн.

    Калыгул чечен, кара кылды как жарган калыс, эл бей- куттугун ойлогон адам болгон. Кокон ордосунда жана коң- шу элдерге элчиликке да көп барып, түрдүү чатактарды баскан учурлары болуптур.

    Эл арасында Калыгулдун олуялыгы, баамчылдыгы, калыстыгы, чечендиги тууралуу айтылган аңыз сөздөр да бир топ.

    Калыгул элди аралабаса дагы, бийлик келбесе дагы, анын адилдигине көзү жеткен соң, кээ чатакта арка кыр- гызы чиеленишкен чоң доосу болсо, Калыгулга тапшыр- ган. Калыгул акылынын жетишинче тууралык менен союш, пара албастан, дос-тамыр, өз-жатка карабастан ади- леттүүлүк менен чечкен.

    Калыгулдун маселдерине токтолсок:

    Ырыс алды - ынтымак, Ынтымагың жок болсо, Алдыңдан таяр алтын так.

    Жакшы болсоң жердей бол, Баарын чыдап көтөргөн, Таза болсоң суудай бол, Баарын жууп кетирген.

    Бактылууну карасаң,

    Муз үстүнөн от жагат.

    Багы жокту карасаң,

    Кургак үйдөн суу тамат.

    Өсөөр элге кириш кирет, Өспөс элге уруш кирет. Аргымак аттын жакшысы - Чапса күлүк, сатса пул.

    Азаматтын жакшысы - Бирде мырза, бирде кул.

    Балам бар деп мактанба, Балаң жайсыз шок болсо, Атам бар деп мактанба, Атаң санда жок болсо.

    Кара кулак аттар кимде жок, Жүгүрбөсө тайча жок.

    Ага- тууган кимде жок, Сыйлашпаса жатча жок.

    Жекендүү көлдө бал камыш, Жылкы салса от жанат. Уулу жаман болгон соң, Дөбөдөй болгон атасын Төө үстүнөн ит кабат.

    Кызың жаман бир болсо, Ит ичпеген аш менен тең Келиниң жаман бир болсо, Керексиз жаткан таш менен тең. Уулуң жаман бир болсо, Апийим ичкен сарт менен тең. Катының жаман болгон соң, Кетпес доомат дарт менен тең. Алганың жаман бир болсо, Жамбаштан өткөн сыз менен тең.

    Сөздөр

    акылман - мудрый чечен - красноречивый; красноречивый оратор багыты - направление мазмуну - содержание

    башатында - во главе

    из калтырган - оставил след салттуу - традиционный ынтымак - дружба
    1   ...   12   13   14   15   16   17   18   19   ...   37


    написать администратору сайта