Главная страница
Навигация по странице:

  • Текстке чейинки тапшырма.

  • Арстанбектин санат ырлары

  • Сөздөр залкар төкмө акын

  • Тексттен кийинки тапшырма.

  • Сөздөр батыш

  • Сөздөр эркин

  • Сөздөр даңк

  • управление. кыргязкнига. Тилим менин


    Скачать 1.09 Mb.
    НазваниеТилим менин
    Анкоруправление
    Дата25.10.2022
    Размер1.09 Mb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлакыргязкнига.docx
    ТипДокументы
    #753082
    страница17 из 37
    1   ...   13   14   15   16   17   18   19   20   ...   37

    баамчыл - разумный

    олуя - святой

    калыс - справедливый

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Калыгул кандай акын болгон?

    2. Акын канчанчы жылы, кайда туулган?

    3. Ал өзүнүн ырларында адамдын кандай сапаттарын даңаза- лаган жана өзүнүн тыңшоочуларын эмнеге үндөгөн?

    4. Эл арасында Калыгулдун бөтөнчө кайсы сапаттары баа- ланган?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, которгула.

    2. Тексттен чакчыл мүчөлөрдү тапкыла.

    3. Этиштин өзгөчө формаларын айтып бергиле.

    АРСТАНБЕК БУЙЛАШ УУЛУ

    Кыргыздын залкар токмо акыны, чоң комузчу, күүчү, обончу жана ойчулу. Калк ага булбул деген атакты ый- гарган. Нарында, Эки Нарын ортосунда төрөлгөн. Бугу уруусунун тынымсейит уругунан. Ырчы катарында 16 жа- шында таанылат. Кокон ханы саркерлерине айдатып кет- кен атасы Буйлаш жана тынымсейит билермандарынын артынан ордого барып, даткаларга ырдап, купулга толот. Бир жыл жүрүп, Наманган, Анжыянды аралап, көптөгөн ырчы, комузчулар менен беттешип, өз жергесине чоң ырчы катарында таанылып кайтат.

    Арстанбектин чыгармачылыгында орчундуу темасы замана ырлары - «Тар заманы» түзөт. «Тар замандын» өзүнө таандык обону, күүсү, кайрык кайталоолору, ко- музда коштолуп аткарылган. Салмактуу сөз, күү, укку- луктуу обон, үн айкалышып, калктын көңүл төрүндө уяла- ган ой санаасын козгоп, тыңшоочуларга зор таасир кал- тырган. Акындын өз аткаруусунда көрүп калгандар: «Арс­танбектин ырын көпчүлүк бүтүн дитин коюп тунжурап ыйлап отуруп угушаар эле» - деп бир ооздон эскеришет. Чындыгында да Арстанбектин ыры - замана зарыт. Жай- луу конуш - жер, суудан ажырап, өз алдынчалыгын жо- готуп, орус колонизаторлорунун бийлигинен жабыркап турган калк турмушун, социалдык ал-абалын бир топ реалдуу чагылдырат.

    Арстанбектин чыгармачылык мүмкүнчүлүгү кеңири, жанрдык-мазмундук жагынан бай жана ар түрдүү: арман, санат-терме, керээз, ар кыл багыттагы ырлар, поэма, ай- тыш өнөрүнүн ири устаты. Чыгармачылык багыты жа­гынан нускоочу ырчылардын тобуна кирет. Көптөгөн ыр- чы, комузчулар менен беттешип, бири да жеңе албаптыр.

    Кыргыз адабиятынын, маданиятынын тарыхында Арстанбектин адабий жана маданий мурасы чоң из кал- тырган. Ал 500гө жакын күү чертиптир, 200гө жакыны өз төл чыгармасын түзөт деген кеп бар.

    Арстанбек - өз мезгилинин улуу акыны. Анын чыгар- мачылыгынын башка ырчылардан өзгөчөлүгү өз баамы- нын, туюмунун деңгээлинде доордун курч проблемасын козгоп, элдин турмуш жагдайы, келечек тагдыры, коом- дун социалдык ал-абалы жөнүндө ой жүгүртүшүндө.

    Акын 1878-жылы Ысык-Көлдүн тескейинде Чычкан- да каза болот.

    Арстанбектин санат ырлары:

    Бир туугандан кем эмес, Бирге жүргөн айылдаш, Тирүүлүктө агайын Бириңе бириң кадырлаш. Өтүп кетсе өмүрүң Экинчи кайра табылбас. Оору-сыркоо болбосо, Жакында адам карыбас. Санаа тартып күйбөсө, Сай-сайлап киши арыбас, Жалкоо адам жарыбас. Жамандык башка түшпөсө, Адамга адам зарылбас.

    Күнүгө алтын тапса да, Акылсыз жигит байыбас. Кайратың тоону бузса да, Кашыгың көлдү сузса да Оозуңдан чыккан сөзүңө Зоо куланып учса да, Эл менен сен адамсың Элден чыксаң жамансың. Кабарың күнгө жетсе да, Жылдызга колуң жетсе да, Жараткандын дүйнөсү Бүт колуңа өтсө да, Эл менен сен бийиксиң, Элден чыксаң кийиксиң.

    Сөздөр

    залкар төкмө акын - великий импровизатор күүчү - мелодист обончу — музыкант беттешет - состязаться орчундуу - многочисленный жылдыз - звезда жамандык - несчастье маданий - культурный мурас - наследие

    уккулуктуу обон - приятная мелодия багыт - направление билерман - знаток

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Арстанбек Буйлаш уулу эмнеси менен угуучулардын купу- луна толгон?

    2. Калк ага кандай атакты ыйгарган?

    3. Акын кайсы жерлерге барып, чоң ырчылар менен беттеш- кен?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, которгула.

    2. Тексттен атоочтуктарды тапкыла.

    3. Атоочтуктардын жасалуу жолдорун айтып бергиле.

    молдо кылыч

    Күн батыш Кочкордогу Ортоктун тоосунун түгөнгөн учу Бугучу аталат. Бул жер кадимки Төрөкелди баатыр- дын конушу болгон. Ушул Бугучуда 1866-жылы Кылыч төрөлгөн.

    Кылычтын теги - жети атасынан бери журт бийлеп келген сарыбагыш уругундагы белгилүү тукум. Кылычтын өз атасы Шамыркан - Төрөкелдинин тун уулу. Шамыр- кан калган төрт инисине - Батыркан, Үркүнчү, Карасай, Чоткараларга караганда, журт бийлигине көп илеше ал- ган эмес. Өз оокатына тың, айыл аксакалы болуп өткөн.

    Кылыч бүт өмүрүн жазуучулук ишке жумшаган. Бирок ал бул эмгегинен өз өмүрүндө береке көрбөсө да, көзү өткүчө жазуу ишинен ажыраган эмес. Анткени ал кең та- ланттуу, чыныгы сөз чебери болгон. Ал адилетсиздикти, арамдыкты, залимдикти көрө билип, сүйлөбөй туралба- ган.

    Кылыч өзүнүн чыгарган адилет, үлгү сөздөрүн мын- дайча мүнөздөгөн:

    «Койбой кайтып келемин

    Нечен түркүн адамды, Тандабады кантейин, Тилим жакшы жаманды».

    Кылыч жамак сөздү, поэзияны жана аны чыгарган чыныгы таланттын мүмкүнчүлүгүн өтө жогору баалаган.

    «Жамак деген жарандар,

    Тоодан үлкөн кен экен.

    Сузуп алса түгөнгүс,

    Дарыя, чалкар көл экен» - дейт.

    Кылычтын таланты ушул өзү айткандай өтө зор жана терең болгон. Анын акындар менен айтышкан учурлары да болгон. Бет алды келе калганда жамак сөздү буйдалба- стан төгүп жиберүүчү да болгон. Бирок улуу акын ай- тыш, мактоо, кордоо сыяктуу акындык жанрларды ыр- доону өз милдети катары эсептебеген. Ал кыргыздын жаз- ма адабияты жок кезде, 19-кылымдын аягында биринчи ыр жазып, кыргыздын жазма адабиятын туңгуч не- гиздөөчүлөрдөн болгон.

    Кылыч мектептен окуп, системалуу билим алган эмес. Ал элет ичиндеги ар кайсы молдолордон анча-мынча са- бак алып, таалим көргөн.

    Молдо Кылыч өмүрүнүн кийинки учурунда, 1910- жылдарда өзү да анча-мынча бала окуткан. Кылыч жалаң эле дин китептери эмес, мусулман жазуучуларынын ада- бий чыгармалары менен тааныш болгон. Навои, Суфи- Аллаяр, Хожа-Хафиз, Бедил, Ахмет Ясауйлердин чыгар- маларын билген. Орто Азиядагы түрк тилине которулган «Миң бир түн», «Тоту-нама», «Шах-нама» сыяктуу араб, фарсы адабиятынын үлгүлөрү менен да тааныш болгон.

    Акын татар тилинде чыгуучу жаңы газета, журнал- дар менен таанышат. 1911-жылы Казанда өзүнүн «Зилза- ла» аттуу казалы басылып чыгат. Бул китеп - ошол доордо кыргыз тилинде басылган биринчи адабий чыгарма. Ал элди маданияттуу турмуш, илим жолуна үндөгөн агартуу- чу акын катарында болгон.

    Элдин эркиндикти көксөгөн улуу талабы - Кылычтын чыгармаларында негизги тема катарында орун алган.

    Өз учурунда Молдо Кылычтын чыгармаларынын ичи- нен «Зар заман», «Канаттуулар», «Чүй баяны», «Зилза- ла» эл арасына кеңири таралган. Булардан башка да бир кыйла казал, ыр, пародия-какшыктарды жазган.

    Сөздөр

    батыш - запад

    баатыр - герой

    тун уулу - старший сын

    бийлик - власть

    адилетсиздик - несправедливость

    чыныгы сөз чебери - мастер слова сабаттуулук - грамотность эркиндик - свобода

    какшык - насмешка

    үндөгөн - призывал

    агартуучу - просветитель көксөө - желать

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Молдо Кылычтын теги кайсы уруудан болгон?

    2. Ал башка акындардан эмнеси менен айырмаланган?

    3. Молдо Кылыч элди эмнеге үндөгөн?

    4. Акын кайсы элдин адабияты менен тааныш болгон?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, которгула. Түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле.

    2. Тексттеги сүйлөмдөрдү сөз айкаштарына ажыраткыла.

    3. Сөз айкшы деп эмнени айтабыз?

    МОЛДО НИЯЗ

    Кокон хандыгынын тушунда кыргыз, араб, фарсы, эски түрк (чагатай) тилдерин билген жана ошол тилдерде эркин жазган философиялык терең ойлорду айткан муда- рис, ото кадыр-барктуу инсан, жазгыч акындардын ири өкүлү Молдо Нияз Эрназар уулу 1823-жылы Кадамжай районуна караштуу Кызыл-Булак айылынын Ак-Кыя де­ген жеринде туулган.

    Кыргыздын XIX кылымдагы чыгаан патриоту, зор гуманисти, ойчулу, насаатчысы, кыргыз жазма адабия- тынын баштоочусу жана философ акындарынын өкүлү, тарыхчы жана саякатчы. Арка, Анжиянга, ал гана эмес Кытайлык кыргыздарга чейин кыдырып, ал мезгилинде кол жазма түрүндө бир нече китеп жазып, аталган ай- мактарга тараткан. Ал кыргыз, араб, фарсы, чагатай тил- деринде эркин сүйлөп жаза билген. Молдо Нияз оз мезги- линде өтө баалуу «Санат дигарасттар» аттуу 2138 сап ырдан турган поэтикалык эмгек жазып калтырган. Ал чыгармасы «Шах-намедей» эпикалык поэма. Акын айрык- ча ичкилик диалектисинин тилдик өзгөчөлүктөрүнүн не- гизинде чыгармачылыгын өркүндөткөн жазгыч акындар- дын катарында адабиятка кайрылып келгендердин бири. Чыгыш поэзиясынын салттарына сугарылган Орто Азия- да жашаган түрк элдеринин поэзиясы менен тамырлаш. Алардын ыкмаларын терең пайдаланып, кыргыз эл оозе- ки ырларын жараткан акын десек жаңылышпайбыз.

    Акындын өткөн кылымдарда жашаган өз замандаш- тары төкмө жана жазгыч акындардын айырмачылыгы - башкалардан өзгөчөлөнүп бийик турушу, өз колу менен жазган мурастарын дыкаттык менен сактап, кол китеп кылып элге тараткандыгында. Ошол китептердин айрым- дары бүгүнкү күнгө жеткендиги болуп саналат.

    Молдо Нияздын китебин биринчилерден болуп 50- жылдары академик, тилчи Болот Юнусалиев кол китеп- терин үйрөнүүнү колго алып, изилдеп, аны илим жааты- на киргизиши кыргыз адабий тилинин, жазма адабияты- быздын башатын ачууга кошкон салымы болуп саналат. Чыгармалары өзүнчө жыйнак катары жарык көргөн.

    1993-жылы араб тамгасындагы эски кол жазмадан азыркы тамгага Р. Зулпукаровдун жардамы менен көчү- рүп, китеп кылып түзүп, ага баш сөзүн жазган акын, сын- чы, О. Сооронов тарабынан «Санат дигарасттар» деген китеби 30 миң нуска менен басмадан жарык көрдү.

    Эмгек өзү үч китептен турат. Үчөө тең бир кол тамгада Молдонун өз колу менен жазылган. «Санат дигараст» (Дагы бир санат), «Санат дигар» (Башка санат), «Санат хасират» (Арман санат) деп аталып, бир нече саптан турат. Кол ки- тептин ичинде атайын жанр белгиленбеген, аты да атай- лап белгиленбеген «Даткайым сулуу», «Курманжан дат­ка» жөнүндө айтылган казалдар бар. XIX кылымдын 1- жана 2-жарым жылдыктарына тиешелүү. Санат ырлары аркылуу кыргыз адабиятынын улуу классиги, кыргыз жаз­ма адабиятынын көч башы деп атасак болот. Айрым кеп- терге караганда Молдо Нияздын 7 китеби бар экен. Экөөсүн Б. Юнусалиев, бирөөнү А. Эркебаев УИАнын кол жазма- лар фондуна өткөргөн. Калгандардын дареги жок. Кытай- дагы кыргыздарда, түндүк же өзбекстандык, мургабдык, жерге-талдык, каратегиндик (Тажикстандык) кыргыздар­да болуш керек деген божомолдоолор бар. Жогорудагы бо- жомолдоолорго 1987-жылы «Илим» басмасынан жарык көргөн «Жерге-Талдык кыргыздардын эл оозеки чыгарма- лары» аттуу китебиндеги ыр саптары далил.

    Эгемендүүлүктүн шарапаты менен акырындап тары- хыбыздын кара тагы такталып, кор болгон бай мураста- рыбыз элдин колуна тие баштады. Молдо Нияз өз доору- нун чыгаан акыны. Анын кол китептери башка айрым төкмө ырчылардын чыгармаларындай таптык жиктелүүгө учурабай, өзгөрүүсүз алымча-кошумчаланбай таза түрдө бизге жеткендиги үчүн баалуу.

    Ал 1896-жылы дүйнөдөн кайткан.

    Сөздөр

    эркин - свобода

    мударис - учитель

    кадыр-барктуу - уважаемый чыгаан - выдающийся тарыхчы - историк саякатчы - путешественник кол жазма түрүндө - в рукописном виде жацылышпайбыз - не ошибёмся айырмачылыгы - разница мурас - наследие божомолдоо - предположение жазма адабият - письменная литература сынчы - критик көч башы - основоположник нуска - тираж дыкаттык менен - аккуратно

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Молдо Нияз ким болгон?

    2. Молдо Нияз кайсы тилдерде эркин сүйлөй алган?

    3. Акын өткөн кылымдарда жашаган өз замандаштарынан эмнеси менен айырмаланган?

    4. Ал кайсы жерлерди кыдырып, кол жазма түрүндө мате­риал топтоп, китеп чыгарган?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, которгула.

    2. Тексттен этиштик сөз айкаштарды жазып чыккыла.

    3. Этиштик сөз айкашы деп эмнени айтабыз.

    ЖЕҢИЖОК (ӨТӨ) КӨКӨ УУЛУ

    (1860-1918)

    Жеңижоктун чыгармачылыгы XIX кылымдын экин- чи жарымында башат алып, ак таңдай атыккан акын.

    Жеңижок Талас өрөөнүндөгү Сары-Көбөн деген жерде туулат. Уруусу - кытай. Ата-энеден эрте ажырап, ала оору- сунун айынан Аксы тараптагы таякелерине барат. Кат- сабатын жоёт. Табигый таланты бүчүр байлап, ырчылык дарамети өркүндөйт. Аксы аймагынын ак таңдай акыны катары таанылган Нурмолдону өнөр сынаш айтышынан жеңген соң, анын ырчылык даңкы артат. Жеңижоктун айтыш өнөрүндөгү бир артыкчылыгы анын сөз чеберчи- лигин баалаган.

    80-жылдары Наркүл менен айтышкан учурда ачык парнографияга өтүп, өзүн гана эмес, Аксынын билерман- дарын да шылдыңга алып отурган кексе келинге тике жооп берсе, албан сөз арбып, бедели төмөн түшмөк. Муну сез- ген акын Наркүлдү беттештирип коюп, анын айтканда- рын кубаттап, күлкүгө тунуп отурган Эшенкул, Ташкара баштаган журт билермандарына буруп, жеңип кетет. Мындай акындык баамчылдыктын курчтугу Эсенаман менен болгон айтыштан да көрүнөт. Беттешүүнүн багыты дин, мусулманчылык жолу жөнүндө болот. Эгер Жеңи- жок Эсенамандын багыты менен айтышты уланта берсе ага жетеленип калмак. Ошондуктан ал сөз түгөндү деген жерден ырын таап, айтыш өнөрүнүн жогорку үлгүсүн жаратат. Эки чоң акындын беттешүүсү элге кеңири та- рап, варианттуулукка көтөрүлүп, сүрөө айтышын класси- калык үлгүсүн түзөт. Казак, кыргызга кеңири белгилүү жез таңдай чоң ырчыны 20 жашар жаш жигиттин жеңип кетиши калк ичинде даңазалуу сөзгө айланат. Арстанбек да «айтыштын жоргосу, жомоктун молдосу, нуска сөзгө нар, кызыл тили курч» чоң акынды оодарышын, «элге калчу сөз» катарында баалайт. Чындыгында Эсенаман күчтүү ырдап, ой артынан ой чубап, уйкаштыкты шуру- дай тизет. Жеңижокту элсиз, жерсиз, аксылыктарга жол- бун адам катарында баяндашы да өз мезгилинин көз ка- рашында оор сөз болгон. Каршысынын ар бир сөзүн жооп- суз калтырбай, биринин артынан бирин чечмелеп, курч жооп кайтарып, эсте тутуу жөндөмүнүн бийиктигин, көркөм сөздүн чебери экендигин аныктайт.

    Жеңижок элдик оозеки чыгармачылыгындагы, ырчы- лар поэзиясындагы санат, терме сыяктуу салттуу тема- ларды улантып, өмүр, өлүм, жашоо түйшүгү, турмуш мый- замы, жүрүм-турум эрежеси, адеп-ахлак түшүнүгү жө- нүндө демократиялык мазмундагы терең философиялык ойлорду жаратып, ой жагынан тереңдетип, көркөмдүгүн арттырып, жаңы көз караштар менен толуктайт.

    Жаратылыш, табигый темасы акындын чыгармачы- лыгында өзгөчө орунду ээлейт. «Аккан суунун» адам ба- ласынын жашоосундагы маанисин философиялык ой те- реңдигинде ачат. Аксы, Арым табиятынын кооздугун, жер байлыгын баяндоодо («Жер соорусу Аксы экен», «Өскөн жер») өзүн чоң сүрөткер экендигин көрсөтүп, профессио- налдык поэзия менен ат салышат.

    Жеңижоктун ыр жаратуудагы ыкма, көркөм форму- лалары чоң сөз кылууга арзырлык. Өз өмүрүнүн трагедия- сын, ички кайгы-капасын берүүдө жаратылыш көрүнүш- төрүн кылдаттык менен пайдаланып, символ, психология- лык параллелизмдин татаал түрүн түзгөн («Жалгыз тал», «Балам жок»). Сабаттуу болуп, ырларын кагазга түшүрүп жүрчү экен деген сөз бар. Бирок андай материал жок. Ырларынын стилдик курулмаларына, ырдын түзүлүшүнө Караганда чыгармачылыгы кадимки төкмөчүлүктүн сал- тында калыптангандыгы айкын. Токтогул экөө бири-би­рин баалаган өнөрлөштөрдөн болот. Өлөр алдында: «Ким айтат менин ырымды?» - деп, белгилүү ырчы, комузчу- ларды көз алдында өткөрүп санай келип: «Токтогул би­лет сырымды» - деп, көңүл оодарат. Улуу акын өлгөндө Токтогул аны жоктоп ырдаган. Барпы, Калык, Коргоол- дор астына барып, саламдашып ырдашып, таасир, таали- мин алат. Жеңижок эпикалык эпосторду да аткарып жүрчү экен. Бирок алардын тексти бизге жеткен жок. «Семетейден» чакан үзүндү элден жазылып алынган. Же- ңижок да бир мезгилде изилдөө алкагынан четтетилип жүргөн акын. Ошол себептүү анын жыйнагы алгач 1982- жылы жарык көрдү. 1999-жылы толукталып, экинчи жолу басылды. Ак таңдай акын жөнүндө айтыла турган сөз али алдыда, кеңири иликтене турган жактары арбын.

    Сөздөр

    даңк - слава

    артыкчылыгы - особенность түшүнүк - понятие деңгээл - уровень көз караш - взгляд жеңип кетет - побеждает өмүр - жизнь салттуу - традиционный

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Жеңижок канчанчы кылымдын ак таңдай атыккан акы­ны?

    2. Анын акындык талантын кимдер жогору баалаган?

    3. Ал кимдер менен сынаш айтыштарга чыккан?

    4. Акындын чыгармачылыгындагы өзгөчө орунду ээлеген те- малары кайсылар?

    5. Жеңижоктун өзүнүн өмүрүндөгү трагедиясы эмнеде эле?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, которгула жана түшүнгөнүңөрдү айтып бер- гиле.

    2. Тексттен заттын ордун билдирген сөздөрдү тапкыла.

    3. Жатыш жөндөмөнүн 1-2-типтеги жөндөлүштөрүн айтып бергиле.

    БАРПЫ АЛЫКУЛОВ

    (1884-1949)

    Барпы Алыкулов - төкмө акын, ырчы, ойчул, элдик ыр - поэтикалык маданияттын классиги, СССР Жазуучу- лар союзунун мүчөсү (1947). Жалал-Абад болуштугунун (азыркы ошол аталыштагы облустун) Сузак уездиндеги Ачы кыштагында туулган. Анын атасы Алыкул элдик чыгармаларды жакшы билген адам эле.

    Барпы Кыргызстандын түштүгүндө совет бийлигинин орношуна активдүү катышкан, 1920-жылдары «кошчу» дыйкандар союзуна мүчө, Жалал-Абад кантонунун Сузак батрак комитетинин төрагасы жана Чангет айыл кеңеши- нин төрагасынын орун басары болгон. 1930-жылдардын башталышында катуу оорудан кийин көрбөй калган жана калган өнөрүн бүтүндөй чыгармачылыкка арнаган.

    Барпы ыр чыгарганды кыйла эле эрте баштаган, буга атасы шыктандырган. Алыкулов ырдаганды аспаптын коштоосусуз баштаган жана бул адатын өмүрүнүн акы- рына чейин таштаган эмес.

    Анын биринчи ыры «Залим хандын азабы» деген ыры болгон. 15 жашында Барпы белгилүү акындар менен ыр жарышына чыгып, чыгармачылыктагы өзүнүн күчүн сынап көргөн. 20 жашында Токтогул менен жолугушкан, бул жолугушуу анын ырларынын социалдык багытын биротоло аныктаган.

    Лирика - Барпы Алыкуловдун ыр-поэтикалык чыгар- мачылыгынын негизги багыттарынын бири. Ал табият- тын кооздугун ырдайт жана анын образы аркылуу адам- дын ички дүйнөсүн туюнтат. Алсак, санат ыры жанрына кирген «Аккан суу», «Шамал» деген ырлары бардык жан-

    дууну сактаган жаратылыштын уруктандыруучу кучу жөнүндө философиялык ой жугуртуулөрун камтыйт. «Мөлмөлум» аттуу ыры Токтосун Тыныбековдун аркасы менен популярдуу ырга айланган. «Өзгөчөм» аттуу ырын Барпынын өзү чоң ийгилик менен ырдаган. «Ажал» де­ген кайгылуу ырында автор өлүмдөн качып кутулбастык жөнүндө ой жүгүртөт.

    1936-жылы Барпы Алыкулов жеке акындык төкмөлүк менен эл чыгармачылыгынын республикалык олимпиа- дасына катышкан. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары ал Советтик Армияга, фашизм менен күрөшүүгө эл досту- гуна арналган ырларды жараткан.

    Барпы Алыкулов жеке жанрдагы эле эмес, диалогдук акындык жанрдагы чыгармаларды да жараткан. Башка аткаруучулардын репертуарына кирген кыйла белгилүү айтышы болуп, анын Токтогулга жолугуу, анын насаа- тын алуу үчүн Барпынын атайын Кетмен-Төбөгө келген- деги эки акындын биринчи жолугушуусундагы Токтогул менен айтышы эсептелет.

    Сөздөр
    1   ...   13   14   15   16   17   18   19   20   ...   37


    написать администратору сайта