Главная страница
Навигация по странице:

  • Текстке чейинки тапшырма.

  • Сөздөр белгилүү

  • Сөздөр илимге сицирген ишмер

  • Улуу Ата Мекендик согуш

  • Тексттен кийинки тапшырма.

  • Сөздөр көрүнүктүү ишмер

  • Сөздөр залкар

  • АЛТЫМЫШОВ АРСТАНБЕК АЛЫБАЕВИЧ

  • управление. кыргязкнига. Тилим менин


    Скачать 1.09 Mb.
    НазваниеТилим менин
    Анкоруправление
    Дата25.10.2022
    Размер1.09 Mb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлакыргязкнига.docx
    ТипДокументы
    #753082
    страница15 из 37
    1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   ...   37

    өмүрүнүн акырына чейин - до конца своей жизни сокур ичеги - аппендицит демилгеси - инициатива жетекчилиги - руководство көкүрөк - лёгкий даярдаган - готовил

    катышкан - участвовал

    жүрөк - сердце

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Иса Ахунбаев ким болгон?

    2. Ал кандай коомдук жана башка иштерде иштеген?

    3. Анын илимий изилдөөлөрү кайсы темаларга арналган?

    4. Ал Чыгыш дарыгерлеринин ичинен эц биринчи кайсы орган- га операция жасаган?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти көңүл коюп окугула жана орус тилине которгула.

    2. Сингармония деп эмнени айтабыз? Ал кандай жолдор ме- нен жасалат?

    3. Тексттен сингармонияга баш ийбеген сөздөрдү тапкыла.

    БОЛОТ ЮНУСАЛИЕВ

    Республикадагы белгилүү тилчи-түрколог, коомдук ишмер, «Манасты» изилдөөчү, академик Б. Юнусалиев 1913-жылы 6-октябрда Кеминдеги Үч-Урук айылында ус- танын үй-бүлөсүндө туулган.

    1926-жылы Бишкек интернатында, 1930-31-жылда- ры Ташкенттеги политехникалык техникумда, 1931-33- жылы Москва шаарындагы пединституттан окуган.

    Ал отузунчу-кыркынчы жылдары Москвада агартуу маселеси боюнча жооптуу кызматтарда иштеп, торт жыл бою согушка катышып жоокерлик милдетин өтөгөн. Со- гуштан кайтып келгенден (1945-51) кийин өзүнүн кеси- бин улантып, Кыргыз Республикасынын Эл Агартуу ми­нистра болуп эмгектенген. 1951-жылы СССР ИАнын тил институтунда докторантурадан окуп, 1954-жылы «Кыр­гыз тилиндеги уңгу этиштердин өнүгүшү» деген темада диссертациясын ийгиликтүү коргоп, ошол эле жылы күзүндө Республиканын ИАсы түзүлүп, ага биринчи жолу шайланган академиктердин катарында болгон. 1954-60- жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин ректо­ру болуп иштеген. Б. М. Юнусалиев университетте ректор гана болбостон бир эле мезгилде окуу жайынын филоло­гия факультетинин кыргыз тили кафедрасынын башчы- сы болуп кыргыз бөлүмүнө «Диалектология илими жө- нүндө», «Диалектилер жана улуттук тилдер», «Адабий тил менен диалектилердин карым-катышы» жөнүндө дарс оку- ган. 1965-70-жылдардын аралыгында Кыргыз ИАнын «Манас» секторунда улук илимий кызматкерлик милдет- ти аткарган. Окумуштуу жалаң эле тилчи болбостон, та- рыхчы катары да белгилүү. Өмүрүнүн аягына чейин кыр­гыз элинин улуу эпосу «Манасты» изилдөөнү токтоткон жок. Эпоско тиешелүү бир нече илимий «Манас» эпосу- нун доору жана келип чыгышы жөнүндөгү маселелерге карата, «Манас» эпосу тууралуу, кыргыздын баатырдык эпосу «Манас» сыяктуу жана башка көрүнүктүү макала- ларды жазган. Андан башка да академиктин кыргыз ти- линин тарыхына, диалектикалар менен болгон карым-кат- нашына, жазма адабий тилдин калыптанышына арнал- ган «Кыргыз адабий тилинин маанилүү маселелери», «Кыргыз лексикологиясы», «Адабий тилибиздин диалек- тикалык базасы жөнүндө», «Кыргыз тилин изилдөөнүн абалы», «Кыргыз диалектологиясы», «Кыргыз тили» ат- туу лингвистикалык эмгектери бар. Кыргыз мектептери- не арналган «Алиппе» китебинин жана 100дөн ашык или­мий эмгектердин автору.

    Илим жана билим жаатындагы баа жеткис иштери коомчулук тарабынан жогору бааланып, Кыргыз Респуб- ликасынын илимге эмгек сиңирген ишмери деген ардак- туу наам берилген жана «Кызыл Жылдыз», «Ардак бел- гиси» ордендери менен сыйланган.

    Ал 1970-жылы дүйнөдөн кайткан.

    Сөздөр

    белгилүү - известный

    изилдөөчү - исследователь

    эл агартуу - народное просвещение коргогон - защитился эмгектенген - трудился кесип - профессия

    токтоткон жок - не остановил

    келип чыгышы - происхождение

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Болот Юнусалиев кайсы шаарлардан окутан?

    2. Ал кандай иштерде иштетен?

    3. Окумуштуу кайсы баатырдык эпосту терең изилдетен?

    4. Б. Юнусалиев кандай наам алтан жана сыйлыктарта та- тыктуу болтон?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, котортула.

    2. Үнсүздөрдүн ассимиляциясы (окшошпоосу) детей эмне?

    3. Үнсүз тыбыштардын окшошпоосу бонча тексттен карап чыккыла.

    МУСА АДЫШЕВ

    Мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Респуб- ликасынын илимте сиңиртен ишмери, теолотия-минера- лотия илимдеринин доктору, профессор М. Адышев 1915- жылы Ош областына караштуу Алай районунун Гүлчө кыштатында туултан.

    Ата-энесинен эрте жетим калтан. Ал жашынан эле илим-билимте ото дилтир болтон. Алтач балдар үйүндө тарбияланып, ал жерден башталтыч мектепти бүткөн соң, Жалал-Абад техникумун, андан кийин Ташкенттети Орто Азия мамлекеттик университетинин (САГУ) теолотия бөлүмүн бүтүртөн.

    Улуу Ата Мекендик сотуш мезтилинде сотушка да ка- тышкан.

    Эмтек жолу 1947-жылы илимдер академиясынын Гео- лотия институтунун кенже илимий кызматкери, 1952-жы- лы директору, 1947-жылы ИАнын вице-президенти, 1979- жылы Президенттитине чейин өсүп жеткен.

    Илим чокусуна өз эмтети менен бешене терин төтүп, талыкпатан түйшүтү аркылуу изденип жеткен. Анын 50тө жакын илимий эмтектери жана 3 монотрафиясы бар. Не- тизинен, алар Тянь-Шандаты байыркы доордо пайда бол- гон чөкмө too тектеринин геологиясын, геохимиясын ошондой эле республикабыздагы пайдалуу кен байлыкта- рын изилдөөгө арналган. Тянь-Шань аймагында кеңири тараган көмүртек-кремнийлүү сланецтер формасын изил- деген. Бир нече жолу Эл аралык конгресстин сессиялары- на, конференцияларына катышкан. Окумуштуунун жетек- чилиги менен илимдин кандидаттары, докторлору даяр- далган.

    Окумуштуунун адамдык улуу касиетин айгинелеген аңыз кептер ушул күнгө чейин эл арасында айтылып келүүдө. Андай касиеттер, адамгерчиликтүү сапаттар чоң ата, чоң энелеринен мурас калган сыяктуу өз өмүрүн па- расаттуу жашаган инсан өжөр эмгеги менен өмүр өтөгөн. Калкынын кадырлоосуна арзып, илимге жасаган кызма- ты жогору бааланып Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Револю- циясы, «Ардак белгиси» ордендери, медалдар, грамота- лар менен сыйланган.

    Ал 1979-жылы 1-январда дүйнөдөн кайткан. Окумуш- туу академиктин эмгегин республикабыздын өкмөтү жо­гору баалап ысымын түбөлүккө калтыруу максатында атайын токтом кабыл алынып, борбор калаабыздын көчө- сүнө, өз иштеген геология институтуна, Гүлчө айылында- гы мектепке, көчөгө, Тар жана Гүлчө дарыяларынын ара- лыгында жаткан кырка тоого жана анын эң бийик чоку- суна ысымы берилген.

    Сөздөр

    илимге сицирген ишмер - заслуженный деятель науки эрте - рано жетим - сирота балдар үйү - детский дом тарбияланган - воспитывался

    Улуу Ата Мекендик согуш - великая отечественная война катышкан - участвовал эмгек жолу - трудовая деятельность кенже - младший илимий - научный кызматкер - сотрудник

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Муса Адышев ким болгон?

    2. Анын балалык чагы кандай өткөн?

    3. Окумуштуу өзүнүн эмгек жолун кайдан баштаган?

    4. Илимдин кайсы тармагы боюнча чоц ачылыштарды ачкан?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти көцүл коюп окугула жана которгула.

    2. Орфоэпия деген эмне?

    3. Кыргыз орфоэпиясынын негизги эрежелери кайсылар?

    МИРСАИД МИРРАХИМОВ

    Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академия- сынын академиги, көрүнүктүү ишмер, медицина илимине көп эмгек сицирген окумуштуу М. М. Миррахимов 1927- жылы 27-мартта Бишкек шаарында (мурдагы Фрунзе) му- зыканттын үй-бүлөсүндө туулган.

    1948-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институ- тун бүтүп, үч жылдык клиникалык ординатурадан өтүп, 1952-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган.

    Ал 1958-жылы факультеттин терапия кафедрасын жетектеп, республикада биринчи жолу тоолуу жердеги адамдын физиологиясын кецири изилдөө иштерин жүр- гүзөт. Бул изилдөөлөрдүн негизинде «Орто Азиядагы бийик тоолордо климатташтыруу» деген темада докторлугун Ле- нинграддагы И. П. Павлов атындагы физиология илимий- изилдөө институтунда коргогон.

    Окумуштуунун ишмердиги 1977-жылдан баштап кар­диология тармагында түптөлдү. Медицинанын мыкты са- паттарын өздөштүрүп, республикада практикалык сала- маттык сактоого, ошондой эле жалпы медициналык илимге зор салым кошту. Илимий багыттагы жацы ачылган - тоо медицинасынын негиздөөчүсү. Бийик тоолуу шарттар- да оорулардын классификациясы, аларды дарылоо ыкма- сы, дарттын алдын алуу, адамдарды медициналык жак- тан тандоо, бийик тоодо адамдардын жашоосун, өмүрлөрүн изилдөөдө бир топ алгылыктуу иштерди иштеди.

    М. М. Миррахимов медицинанын кайсы жаатында болбосун, алсак, пульмунология, гематология, ревматоло­гия, неврология, гастроэнтерология, иммунология тармак- тарында талыкпастан иштеди.

    Республикада кардиологиялык мекемелерди түзүү жана уюштуруу, кескин инфаркт-миокарда менен оору- гандарды этаптуу дарылоо (ОИМ), телефон каналы боюн- ча ЭКГ дистанциялык байланышы, кардиохирургия кыз- матынын өнүгүшүнө көрсөткөн көмөктөрү окумуштуунун жетишкендиктеринин чети болуп саналат.

    Жеке эле өз адистиги менен чектелип калбастан, коом- дук иштерге да активдүү катышып, Борбордук Азиядагы Медицина журалынын башкы редактору, «Медицина эн- циклопедиясынын» 1-2-бөлүгүнүн жана медицина тарма- гына тиешелүү журналдардын редактору болгон.

    АКШнын библиография институту тарабынан «Жыл- дын Адамы» (1995, 2000), 1996-жылы илим, билим, ма- даният тармагында «XX кылымдын он жылынын Ада­мы» деп таанылган. Ошол эле жылы Кэмбридж библио­графия институту дүйнөнүн эң бир көрүнүктүү ишмерле- ринин катарына коюп, окумуштуунун ысымы «Ким-ким» деген китепке киргизилген.

    Анын илимий мектебинен 100дөн ашык илимдин кан- дидаттары (68) жана докторлору (23), 4 кафедра башчы- сы, эки КРИАсынын мүчөсү тарбияланып чыкты. 300дөн ашык адистер окумуштуунун клиникасынын ординатура- сынан өткөн. 700дөн ашык илимий эмгеги, 500дөй мака- лалары жарыяланган, алардын ичинен 23 монография- нын, 19 илимий табылганын ээси. Медицина илиминин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ага СССРдин Мамлекет- тик сыйлыгы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары ыйгарылган.

    Кыргыз Республикасынын жана Россия Медицина ака- демиясынан сырткары Нью-Йорк ИАнын академиги, рес- публиканын эмгек сиңирген врачы, илимге эмгек сиңир- ген ишмер, Социалисттик Эмгектин Баатыры, учурда Кар­диология жана терапия Улуттук Борбордун директорунун милдетин аткарып келүүдө. Өкмөт тарабынан эмгеги жо- гору бааланып, «Ардак белгиси» (1961), Октябрь револю- циясы (1976), эки Ленин (1981, 1987), Элдердин достугу (1995), III даражадагы «Манас» (1996) ордендери жана медалдар, Ардак грамоталар менен сыйланган.

    Сөздөр

    көрүнүктүү ишмер - видный деятель сицирген - заслуженный ийгиликтүү - успешно тоолуу жер - горный край жүргүзөт - проводят ишмердиги - деятельность тармагында - в отрасли түптөлдү - обосновался өздөштүрүп - усвоив зор салым - большой вклад кошту - внес негиздөөчүсү - основатель бийик тоолуу - высокогорный жашоо, өмүр - жизнь талыкпастан - неустанно түзүү - образовать уюштуруу - создать дарылоо - лечить көмөк - помощь жетишкендиктер - успехи коомдук иштер - общественные работы демилге - инициатива киргизилген - введён

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Мирсаид Миррахимов ким болгон?

    2. Ал республикада биринчи жолу кайсы темада илимий- изилдөө иштерин жүргүзгөн?

    3. Окумуштуу медицинанын кайсы тармактарында алгылык- туу иштеди?

    4. М. Миррахимов дүйнөлүк жана республикалык масштабда кандай наамдарды, сыйлыктарды алды?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, которгула.

    2. Создун грамматикалык жана лексикалык маанисин анык- тагыла.

    ЮДАХИН КОНСТАНТИН КУЗЬМИЧ

    Залкар түрколог, лексикограф, даанышман окутуучу, түрк лексикографиясына негиз салган окумуштуу Констан­тин Кузьмич Юдахин Оренбург губерниясынын Орск шаа- рында 1890-жылы 31-майда кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Ал башталгыч мектепти жана эки жылдык курсту Олуя-Атадан (Тарз) бүткөн. Ташкенттеги Туркстан муга- лимдер семинариясына кирип, 1910-жылы бүтүргөн. Ан- дан кийин Манкен менен Кара-Булакта мугалимдик ке- сипте иштөө менен ошол аймактын диалектикасын изил- деген.

    1915-1920-жылдарда Синьзянга барып иштеп, ал жак- тан уйгур тилин теория жана практика жүзүндө мыкты үйрөнгөн. 1920-1925-жылдарда Түркстан чыгыш инсти- тутунун (Ташкент) түрк жана иран филологиясы бөлүмүн бүтүргөндөн кийин Ленинградга жиберилет.

    Ленинграддан уйгур тили боюнча чоң адистер С.Е. Ма­лов, Е.Д. Поливанов, А.И. Самойлович, Л.В. Щерба, Э.К. Пекарский, Г. А. Фалев сыяктуу белгилүү ири окумуш- туулардан билим алган.

    1925-1944-жылдардын аралыгында К. К. Юдахин Ену- кидзе атындагы Ленинград мамлекеттик университетин- де, Москва чыгыш таануу институтунда казак, кыргыз, өзбек тилдеринен сабак берген, жаңы түрк алфавитинин борбордук комитетинде иштеген.

    К. К. Юдахиндин кыргыз адабияты менен адабий таануу- суна сиңирген эмгеги зор. Т. Сатылганов, Калыгул, Арс- танбек, Молдо Кылыч, Тыныстановдун илимий жана көркөм чыгармаларын, «Манасты» мыкты билген. Эпостун орусча котормосун редакциялаган. Кыргызча 4 томдук варианты- на этимологиялык комментарий жана эскертме түзүп тек- стиндеги лексикалык архаизмдерди чечмелеген.

    1944-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атайын чакыруусу боюнча Бишкек шаарына келген. Кыр­гыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери, профессор (1940), филология илимдеринин доктору (1949), Өзбек ССР илимдер академиясынын корреспондент мүчөлүгүнө (1952), Кыргыз илимдер академиясынын академиги бо- луп (1954) шайланган. 1944-1952-жылдары тил жана та- рых институтунун кыргыз тил секторунун башчысы, 1946- 1951-жылдарда М. В. Фрунзе атындагы КМПИнин, 1951-

    1. жылдары В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз- келиндер пединститутунда, ошол эле мезгилде Фергана пе- динститутунун өзбек тили кафедрасынын профессору,

    2. 1975-жылдары КМУнун кыргыз тил кафедрасынын профессору болуп көзү өткөнчө эмгектенген.

    1961-жылы Эл аралык Алтай коомунун ардактуу мү- чөсү болгон. Окумуштуу түрк тилдеринин көпчүлүгүндө сүйлөй да, жаза да билген. Түрк тилдеринин кыйласынын лексикасын, диалектологиясын, грамматикасын, жазма- сын изилдеген жана сөздүктөрүн түзгөн, редакциялаган. Буга «Кыргыз диалектологиясынын очерки» (1959), «Кыр­гыз диалектологиясы» (1971) деген эмгектери мисал. Жо­горку эмгектеринде автор азыркы орфографиясынын не- гизги маселелерин иштеп чыккан.

    Кыргыз элин сүйүп, өзүнүн дилин берип, ак ниет эмгек өтөгөн орошон ойчул орус элинин чыныгы интеллектуал- дуу илимпозунун кыргыз адабий тилинин өнүгүп-өсүшүнө кошкон күжүрмөн эмгеги өкмөт, эл, жалпы коомчулук та- рабынан жогору бааланып, Ленин ордени, «Эмгек Кызыл Туу», «Ардак белгиси» ордендери, медалдар, көптөгөн Ар­дак грамоталар менен сыйланган, Жогорку Советке депу­тат болгон. Азыркы учурда эгемендүү Кыргызстанда оку- муштуунун эмгектери татыктуу өз баасын алды.

    Ал 1975-жылы март айында Бишкекте дүйнөдөн кайт- кан.

    Сөздөр

    залкар - выдающийся адистер - специалисты ири - крупный

    адабият - литература

    тыбыштык түзүлүш - звуковой строй

    эскертме - памятка

    адабий таануу - литературоведение

    эмгек сицирген ишмер - заслуженный деятель

    сөздүк - словарь

    түзгөн - составил

    чакыруусу боюнча - по приглашению

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. К. Кузьмич Юдахин ким болгон?

    2. Ал кимдерден билим алган жана кайдан окуган?

    3. Окумуштуу кыргыз адабий тилин изилдөөдө кайсы зор маа- нилүү эмгекти түзгөн?

    4. Сөздүктөн башка кыргыз тил илимине тиешелүү кандай эмгектерди жараткан?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти көцүл коюп окуп, которгула.

    2. Кыскача түшүнгөнүцөрдү айтып бергиле.

    3. Жацы сөздөрдү таап, сөздүк түзгүлө.

    АЛТЫМЫШОВ АРСТАНБЕК АЛЫБАЕВИЧ

    Кыргыздын тунгуч фармакологу, медицина илимде- ринин доктору, Кыргыз Республикасынын ИАнын акаде- миги, СССР Космонавтика комитетинин Борбордук кеце- шинин мүчөсү А. Алтымышов 1930-жылы 5-майда Ке­мин районундагы Кара-Булак айылында туулган.

    Орто мектепти аяктагандан кийин 1951-жылы КММИ- нин дарылоо бөлүмүн бүтүрүп, Москвадагы Пирогов атын- дагы медицина институтунун фармакология адистиги боюнча аспирантураны бүтүп, ошол эле жылы «Штерн- вергия чөбүнүн алкалоидинин фармакологиясы» деген те- мада академик В. И. Скворцовдун жетекчилиги менен кан- дидаттык диссертациясын коргогон.

    1954-56-жылдары КМИИнин ассистенты, Семипала- тинскидеги медицина институтунун фармакология кафед- расынын башчысы, 1964-жылы Ленинграддагы медици- налык илимдер академиясынын фармакология бөлүмүндө ага илимий кызматкер болуп иштейт. Ал жерден докто- рантураны аяктап, «Фенантридин байланыштарынын фар- макологиясы» аттуу докторлук даражасын жактагандан кийин КММИнин доценттигине кабыл алынган.

    1969-жылы Кыргыз Республикасынын илимдер акаде­миясынын Органикалык химия институтунда биофарма­кология лабораториясынын жетекчиси, 1980-жылы ошол эле институттун директорунун орун басары, 1992-жылы биофармакология институтунун директору болуп иштеген.

    Илимпоз фармакологиянын көптөгөн сырын ачып, илимий чөйрөгө кеңири белгилүү болуп, бардык шарты бар ыңгайлуу лабораторияларда изилдөө иштерин жүргү- зүп республикада али калыптана элек дарыгерчиликти өнүктүрүүдө өз салымын кошкон.

    Окумуштуунун ойлоп тапкан жаңы дарысы «Ликорин» препараты гипертониялык ооруларга, бронхиалдык аст­ма, гастрит ооруларын дарылоодо жакшы натыйжалар- ды берген. Ал эми «Гипнос», «Гипрекс» гүл азыктарын космонавттар пайдаланышат. «Чычырканак майы», «Чыңгыз» арча майы, «Карагай» бальзамы, «Арашан», «Сибирь», «Уссурийский», «Гобустан» мүрөк суулары (бальзамдар), сергитүүчү-дарылоочу ичимдик «Кан-Теңир» жана башка дарылары бүткүл дүйнөгө тарап, 90 миллион сомго сатылган.

    Академик 46 ойлоп табуунун, 250 илимий эмгектин, анын ичинен 15 монографиянын автору. «Мумия жөнүндө эмне билебиз», «Кыргызстандын дары байлыктары», «Та- бигаттын дары каражаттары», «Кофе, чай - суусундук жана дары» өңдүү китептери табылгыс байлык.

    Анын көпчүлүк эмгектери Бүткүлсоюздук Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнө коюлуп, Лейпцигде, Парижде, Багдадда, Познанда эл аралык ярмаркаларга көрсөтүлүп, алтын, күмүш, коло медалдарына татыктуу болгон.

    Академик өзү: «Эмгек жолумда кыйынчылык болду. Бирок анын баары артта калбадыбы. Мен сый көрбөдүм деп өкүнбөйм. Негизгиси максатыма жеттим, эмгегим дүйнөгө тарады» - деп эскергендей илимпоздун илимий ачылыштары үчүн чек коюлган эмес. Чабыты улам кеңе- йип дүйнөнүн төрт тарабы Амстердам, Амритсар, Брази­лия, Берлин, Варна, Дели, Токио, Пекин, Шанхай, Сан- Паулу, Лиссабон, Стокгольм, Гаванна жана башка шаар- ларында ири ийгиликтерге жетишип, зор кызыгууларды жараткан.

    А. Алтымышев академик С. Королёв атындагы «Кос- монавтикага практикалык жана илимий салымы үчүн» жана академик Н. Краков атындагы «Советтик фармако- логиянын өсүшүнө кошкон ири салымы үчүн» медалдар жана Ардак грамоталар менен сыйланган.

    1970-жылы илим жана техника боюнча Кыргыз Рес- публикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, 1993-жылы Кыргыз Республикасынын илимге эмгек си- ңирген ишмери деген наамга татыктуу болгон.

    Анын эмгектери республиканын дары-байлыктарын, физиологиялык активдүү заттарды изилдөөгө арналган.

    Ал 2000-жылы дүйнөдөн кайткан.

    Сөздөр
    1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   ...   37


    написать администратору сайта