Главная страница

управление. кыргязкнига. Тилим менин


Скачать 1.09 Mb.
НазваниеТилим менин
Анкоруправление
Дата25.10.2022
Размер1.09 Mb.
Формат файлаdocx
Имя файлакыргязкнига.docx
ТипДокументы
#753082
страница1 из 37
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   37

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ
МИНИСТРЛИГИ

БИШКЕК ГУМАНИТАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ

Б. ДЕРКЕМБАЕВА, Н. ЧЕРИКОВА,
Р. ЖУМАЛИЕВА


ТИЛИМ - МЕНИН
ДИЛИМ


Кыргыз тилин уйрөнуучулөр учун
окуу куралы


«Бийиктик»

Бишкек - 2010

УДК 821.51

ББК 84 Ки 7-4

Рецензенттери:

Үкцбаева Л.Ү. - филология илимдеринин доктору Токоев Т.Т. - филология илимдеринин доктору

Тилим — менин дилим. Кыргыз тилин үйрөнүү- чүлөр үчүн окуу куралы. - «Бийиктик» - Б.: 2010. - 472 б.

Окуу куралы кыргыз тилин үйрөнүүчүлөргө таяныч материал болуу менен кыргыз таануу багытында окутулат. Китепке кыргыз тилин окуп үйрөнүүдө көмөк көрсөтө турган кызыктуу тексттер алынды.

Ар бир темада тилди ыкчам өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү ка- ралган тексттерден темага ылайык жаңы маалыматты алуу, алын- ган маалыматты тийиштүү деңгээлде баалоо, ой жүгүртүүгө үйрөнүү, коомдук-публицистикалык жана профессионалдык тема боюнча сүйлөгөнгө өзүн даярдоо, Кыргыз Республикасынын тары- хы, географиясы, мамлекеттик, саясий түзүлүшү, маданияты, ис- кусствосу, улуттук өзгөчөлүгү, коомдук ишмерлери жөнүндө ке- ңири маалымат алып жана өз ой жүгүртүүсүн кеңири чагылдыруу- га жетишүүгө чоң өбөлгө түзөт.

Тексттер жыйнагы кыргыз тилин үйрөнүүчүлөргө арналат.

К 4702300100-10




ISBN 978-9967-13-476-8

© «Бийиктик» басмасы, 2010.



СӨЗ БАШЫ

«Адамга эки нерсе тирек деги: бири - тил, бири - дилиң жүрөктөгү» - деп XI кылымдын акылманы, бабабыз Жу- суп Баласагын баалуу акыл-ой мурасын калтырган экен. Ушуга улай эле атагы дүйнөнү дүңгүрөткөн, ааламда ше­девр чыгармаларын жараткан мекендешибиз Ч.Айтматов- дун «Ар бир элдин тили - бүткүл адамзаттын үнү» деген сөзү эне тилибиздин баалуулугун айгинелейт.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана аны окутууну жа- йылтуу, окутуунун деңгээлин көтөрүү бүгүнкү күндө маа- нилүү маселе. Биз элибиздин өткөн тарыхына көз чапты- рып, алакандай бир ууч эл кантип дили, тили, тарыхы, маданий дөөлөттөрү менен сакталып келгенин эске алы- шыбыз керек.

Ошондой эле ата-бабаларыбыздан калган мурасты ур- пактарга татыктуу берүү - бүгүнкү күндүн көйгөй маселе- си экени талашсыз. Келечектеги урпактарга өнүккөн, ада- бий нормадагы кыргыз тилин сактоо үчүн тилди өнүктүрүү концепциясын иш жүзүнө ашыруу жалпыбыздын негизги милдеттерибиздин бири. Элибиздин тарыхын, үрп-адат, каада-салтын, рухий маданиятын кыргыз тилин окутуу аркылуу жаш муундарга тереңдетип үйрөтүү, эне тили- бизди өркүндөтүүгө болгон негизги талаптардан болуп са- налат.

Бул китепке кыргыз тилин окуп үйрөнүүдө көмөк көр- сөтө турган кызыктуу тексттер топтолду. Окуу куралы тилди үйрөнүүчүлөргө таяныч булак болуу менен бирге кыргыз таануу багытында окутулат. Китеп 13 комплекстүү темалардан, фразеологиялык сөз түрмөктөрүнөн, макал- лакаптардан, диалогдордон турат. Ар бир темада тилди ыкчам өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү каралган тексттерден темага ылайык жаңы маалыматты алуу, алынган маалы- матты тийиштүү деңгээлде баалоо, ой жүгүртүүгө үйрөнүү, коомдук-публицистикалык жана профессионалдык тема боюнча сүйлөгөнгө өзүн даярдоо, Кыргыз Республикасы- нын тарыхы, географиясы, мамлекеттик саясий түзүлүшү, маданияты, миңдеген жылдар мурун жаралып, кылым- дардын кыйырын оозеки түрүндө жашоо менен басып өтүп, бүгүнкү күнгө чейин келип жетип отурган өлбөс-өчпөс элдик оозеки мурастарыбыздын туу чокусу болгон «Ма­нас» эпосу, искусствосу, улуттук өзгөчөлүгү, коомдук иш- мерлери жөнүндө кеңири маалымат алып жана өз ой жүгүртүүсүн кеңири чагылдырууга жетишүүгө чоң өбөлгө түзөт.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

Кыргыз Республикасы

Кыргыз Республикасы Борбордук Азиянын түндүк- чыгыш бөлүгүндө жайгашкан мамлекет. Кыргыз Респуб­ликасы түндүктөн Казакстан, батыштан Өзбекстан, түш- түк-батыштан Тажикстан, ал эми түштүк-чыгыштан Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Кыргызстан батыш­тан чыгышка 900 км.ге, түштүктөн түндүккө 410 км.ге созулат. Кыргызстан административдик - территориялык жактан 7 (жети) областтан, 21 (жыйырма бир) шаардан, 42 (кырк эки) райондон, 29 (жыйырма тогуз) шаар тибин- деги айылдардан, 392 (үч жүз токсон эки) айылдык ке- ңештерден турат. Калкынын саны 5 миллиондон ашык.

Кыргызстан - көп улуттуу мамлекет. Кыргызстанда 100 (жүздөн) ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. Жаңы кон­ституция боюнча Кыргыз Республикасы эгемендүү, уни- тардык, демократиялык, укуктук мамлекет. Кыргыз Рес- публикасынын борбор шаары - Бишкек. 1878-жылдан 1926-жылга чейин Пишпек деп аталчу. Ал эми 1926-жыл- дан 1991-жылга чейин Фрунзе, 1991-жылдын февраль айынан баштап, Бишкек деп аталат. 1993-жылы 10-май- да республикада өзүнүн улуттук валютасы - сом киргизилген.

Сөздөр

түндүк-чыгыш бөлүгүндө - в северо-восточной части батыштан - с запада

түштүк-батыштан - с юго-запада түштүк-чыгыштан - с юго-востока чектешет - граничит созулат - простирается

көп улуттуу - многонациональный

ашык - более

киргизилген - введен

улут - нация

эгемендүү - суверенный

укуктук - правовое

борбор - столица

аталчу - назывался

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Кыргыз Республикасы кайда жайгашкан?

  2. Кыргыз Республикасы кандай мамлекет?

  3. Бишкек мурда кандай деп аталчу эле?

  4. Кыргызстанда канча шаар бар?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти кунт коюп окуп, которгула.

  2. Барыш жөндөмөсүндө турган сөздөрдүн маанисин тактап, түшүндүргүлө.

  3. Айрым такталган сөздөр менен сүйлөм түзгүлө.

Кыргыз Республикасынын борбор шаары —
Бишкек


Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын саясий, эко- номикалык, илимий жана маданий борбору, транспорт- тук башкы түйүнү болуп эсептелет. Аянты 15, 7 миц га. Калкынын саны 790, 9 миц (2000). Шаарда 4 админис- трациялык аймактык бирдик - Биринчи май, Ленин, Ок­тябрь, Свердлов райондору жана Чоц-Арык шаарчасы, Орто-Сай айылы бар.

Азыркы шаардын аймагын адамдар эц байыркы заман- да эле мекендешкен. Аламүдүн ГЭСинин жанынан табыл- ган таш эмгек куралдары Бишкектин айланасында алгач- кы адамдар б.з.ч. 2-5 миц жылдыктарда жашашкан.

Орто кылымдагы эң ири шаарлардын бири азыркы Бишкек шаары 12-кылымдан кийин «Темир усталар чеби» аталып калган. Шаар 8-кылымдан 18-кылымдын башы- на чейин өнүгүп, монголдордун чабуулунда бүлгүнгө учура- ган жана бир аз убакыттан кийин кайра жанданып, тири- чилик 15-кылымга чейин созулган. Айрым маалыматтар боюнча 18-кылымда солто уруусунан чыккан Бишкек ат- туу адам ушул чөйрөнү жердеп, журтун душмандардан коргоп турган. 19-кылымдын башында кыргыз феодал- дардын өз ара чатагынан пайдаланып, Кокон хандыгы Чүй өрөөнүн басып алып, жергиликтүү элди башкарып туруу үчүн бир катар чеп курдурган. Кокондуктардын не- гизги коргонууларынын бири катары Чүй өрөөнүнүн бор- бордук бөлүгүндө курулган чеп - Бишкек чеби аталган. Бул аталышты орус падышачылыгынын өкүлдөрү Пиш- пек деп бурмалап, өзгөртүп айтышкан.

Борбордук Азияны ээлеп алууга умтулган Орусия ас- керлери 1860-жылы 4-сентябрда Бишкек чебин убакты- луу басып алган. Бирок алар кетери менен кокондуктар­дын бийлиги кайра орногон. 1862-жылы сентябрда падыша аскерлери Байтик баатыр башында турган кыргыздардын жардамы менен чепти экинчи ирет ээлеп, аны биротоло талкалаган. 1864-жылы анын урандысынын жанында казак-орустардын бекети, ага удаа чакан базар, 1887-жылы ат почта бекети курулган. 1869-1880-жылдары шаардын азыркы чегинде орус келгиндери Аламүдүн жана Бишкек айылдарын негиздешкен. 1865-жылга че­йин чүйлүк кыргыздар администрациялык жактан Ала- Тоо округунун (борбору Верный шаары) башчысына баш ийсе, 1865-67-жылдары Түркстан областына, кийин Ток- мок уездинин курамына Жети-Суу областына кирген. 1878- жылы 29-апрелде уезддин борбору Токмоктон Бишкекке көчүрүлүп, ага шаар статусу берилген.

1916-жылы жайында Бишкек уездинин көп бөлүгүн улуттук боштондук көтөрүлүш каптаган. Россия февраль буржуазиялык-демократиялык революциясы жеңгенден кийин, 1918-жылы 7-январда Бишкектеги жана уезддеги бийлик иш жүзүндө большевиктердин колуна өтөт. 1924- жылы 14-октябрдан Бишкек - Кара Кыргыз АОсунун (1925-ж. 25-майдан Кыргыз АОсу), 1926-жылы 1-феврал- дан Кыргыз АССРинин борбору, 1926-жылы 12-майдан Фрунзе деп аталса, 1991-жылы кайрадан мурунку Биш­кек аты берилген.

Бишкек шаары экономикалык жана социалдык жак- тан башка областтарга салыштырмалуу жогорку деңгээл- де өнүккөн, саясий жактан Кыргыз Республикасынын бор­бору катары өзгөчөлөнгөн регион.

Шаарда өнөр жай, транспорт, байланыш, курулуш жана элди социалдык жактан тейлеген соода, илим, би­лим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактар өнүккөн.

Эң ири транспорт түйүнү катары шаарда 2 автобекет (Чыгыш жана Батыш) иштеп, 24 автотранспорттук, 1 трол- лейбустук мекемелерде 2, 5 миң автобус (анын ичинде жеке менчик 705), 51 миңге жакын жеңил машина, 203 трол­лейбус бар.

1995-жылы Бишкек шаарында Эркин экономикалык аймак (ЭЭА) түзүлгөн. Анын курамына шаардын «Манас» аэропорту, Өкмөттүн алдындагы Улуттук көргөзмө бор- борунун жери, илгертен «Ак-Чий» деп аталып келген Чүй облусунун Аламүдүн районундагы азыркы Мрамор айы- лынын чет жакасындагы айылдар кирет.

Республиканын илим изилдөө мекемелеринин дээрлик бардыгы Бишкек шаарында жайгашкан. Илим изилдөөнүн бардык тармагын камтыган Улуттук илимдер академия- сынын окумуштуулары Кыргыз Республикасынын өнүгүп өсүшүнө чоң салым кошушту. 20 жогорку окуу жайы, 114 окуу мектеп, ар кандай сабактарды тереңдетип окуткан 32 мектеп, гимназия жана лицейлер бар. Негизинен, бар­дык мектептердин көпчүлүгүндө информатика кабинетте- ри бар. Ошондой эле «Достук», «Ак-Кеме», «Саякат», «Бишкек», «Ала-Тоо», «Хаят», «Эльдорадо» сыяктуу мей- манканалар, «Ош», «Аламүдүн», «Дордой», «Нарбото», «Кудайберген» жана башка базарлар, «Айгүл», «Айчү- рөк», «Береке», «Дин-Чинь», «Сейтек» соода дүкөндөрү

жана комплекстери, 22 ири китепкана, 7 театр, 10 кино театр жана 11 музей иштейт. Шаардын көчөлөрү, аянт- тары жана имараттары монумент скульптуранын түрдүү чыгармалары менен кооздолуп, Ала-Тоо аянты, цирк, фи­лармония, «Түштүк дарбаза» жана башка архитектура- лык-скульптуралык композициялар жана фонтандар, ал- леялар, парктар курулган.

Сөздөр

экономикалык - экономический саясий - политический маданий - культурный илимий - научный өнөр жай - промышленность Улуттук илимдер академиясы - Национальная акаде­мия наук

башкы көчөлөр - главные улицы имарат - здание эстелик - памятник мекеме - учреждение өнүккөн - развивался

жогорку окуу жайы - высшее учебное заведение тармак - отрасль көргөзмө - выставка бийлик - власть курулуш - строительство чеп - крепость

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Бишкек кандай шаар?

  2. Бишкек шаарынын мурунку аталыштары жөнүндө айтып бергиле.

  3. Бишкек шаары кандай администрациялык аймактык бир- диктен турат?

  4. Бишкек шаары жөнүндө айтып бергиле.

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Тексттеги илик жөндөмөсү уланган сөздү аныкталгыч сөзү менен жазып, талдап түшүндүргүлө.

  2. Илик жөндөмөсүнүн жардамы менен сөз айкаштарын түзгүлө.

  3. Текстке карата суроолуу сүйлөмдөрдү түзгүлө.

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАН

1991-жылы 31-августта Кыргыз Республикасы өзүнүн эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын атайын Дек- ларацияда билдирип: «Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында мамлекеттик бийликтин улуктугун жана тыш- кы мамилелердеги көз карандысыздыкты туюндурган Кыр­гыз Респуликасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүн салта- наттуу түрдө жарыялайт» - деген чечим кабыл алынган. Көз карандысыз Кыргызстандын көздөгөн максаты мый- замга, укукка негизделген демократиялуу коомду куруу экени айтылган. Кыргызстандын көз карандысыздыгын ички-тышкы чөйрөдөгү негизги эгемендүү укуктарына: Конституция менен мыйзамдардын бардыгы республика- нын бүткүл аймагында укуктугу, аймактын кол тийбес- тиги жана бүтүндүгү, администрациялык-аймактык түзү- лүшүнүн аныкталгандыгы, мамлекеттик тил, мыйзам чы- гаруучу, аткаруучу жана сот бийлигинен турган үчилтик- ке негизделген көз карандысыз мамлекеттик бийликтин болушу, мамлекеттик бюджетти түзүү, акча системасын аныктоо, аскерге чакыруу жана коргонууга жетишерлик куралдуу күчтөрдү күтүү өзүнүн мамлекеттик символдо- ру - Туусу, Герби, Гимни, борбор шаары жана акча бир- диги сом ж.б. кирет.

Кыргыз Республикасы - Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү. Кыргыз Республикасы дүйнөнүн 180 мамлекети- нин ичинен анча чоң эмес евразиялык мамлекет. Эге- мендүүлүккө жетишкен Кыргыз Республикасын 135 мам­лекет таанып, 100 гө жакын мамлекет менен дипломатия- лык байланыш түзүлгөн. Кыргыз Республикасы Кон­ституция боюнча эгемендүү, унитардык, демократиялык, укуктук мамлекет.

Кыргызстан - тынчтыкты сүйгөн, демократиялык, укуктук мамлекет болууну көздөгөн өлкө.

Сөздөр

эгемендүүлүк - суверенность

көз карандысыздык - независимость

билдирет - обозначает

бүткүл аймак - вся территория

мамлекеттик бийлик - государственная власть тышкы мамиле - внешнее отношение

салтанаттуу түрдө - торжественно

жарыялайт - объявляет

чечим - решение

демократиялуу коом - демократическое общество кол тийбестик - неприкосновенность бүтүндүк - единство

мамлекеттик тил - государственный язык

мыйзам чыгаруу - законодательный

аткаруу - исполнительный

сот бийлиги - судебная власть

куралдуу күчтөр - вооруженные силы акча бирдиги - денежная единица

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүгүн качан алган?

  2. Кыргыз Республикасы кандай мамлекет?

  3. Эгемендүү Кыргызстан жөнүндө айтып бергиле.

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти кунт коюп окуп, которгула.

  2. Ичке жана жоон үндүүлөр катышкан сөздөрдү бөлүп жаз- гыла.

  3. Үндөштүк закону бузулган сөздөрдү жазып, түшүндүргүлө.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы

Биз тарыхка кайрылсак, 1924-жылы Россиянын ку- рамында автономиялуу область, 1926-жылы автономия- луу республика, 1936-жылы өз алдынча республика бо- луп, өз алдынча эгемендүү мамлекеттүүлүккө жетиштик деп айтып келдик. 1991-жылы Союздук республикада са- ясий абал өзгөрүп, СССР өз жашоосун токтоткондон ки- йин Кыргыз Республикасы СССРдин Конституциясынын негизинде жашап келди. Өз алдынчалуулукка жетишип, 1993-жылы 5-майда эгемендүү Кыргыз Республикасынын биринчи чыныгы Конституциясы кабыл алынды.

5-май XX кылымдын соңунда ээ болгон жаңы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизинде адам эркиндиги жана укук- тарынын, мамлекеттик түзүлүштүн, коомду куруунун принциптери жана нормалары түптөлгөн, биздин өлкөнүн көз карандысыздыгы укуктук жактан бекемделген күн. Жаңы Конституцияны кабыл алууга негиз жана башат болгон 1990-жылдын 31-августундагы Кыргыз Республика­сынын мамлекеттик көз карандысыздыгы тууралуу декла- рациялар сыяктуу тарыхый саясий укуктук документтер азыркы Кыргыз Конституциясынын бийик имараты өсүп чыккан бекем пайдубалдардан болуп калды. Арийне, биз­дин эл, мамлекет бул бийиктикке карай миңдеген жыл- дарды, ондогон кылымдарды, узак жолду басып өттү.

Биздин өлкө тарыхый кыска мөөнөттө келечеги чоң, ырааттуу өнүгүп жаткан жарандык коом жана көп бас- кычтуу рыноктук экономикасы бар, көз карандысыз де- мократиялуу мамлекетке айланды. Бул жолдо РСФСРдин автономиясы, андан соң СССРдин курамындагы союздук республика катары татаал этаптарды басып өттү. Тагы- раак айтканда, ал 1929-жылдагы Кыргыз АССРинин Кон- ституциясынан башталып, 1937-жылы жана 1978-жыл- дардагы Кыргыз ССРинин Конституцияларынан өтүү ме- нен, бул пайдубал 1993-жылдагы Кыргыз Республикасы­нын Конситуциясы түрүндө азыркы жүзүнө ээ болду.

1990-жылдын октябрынан башталып, 1993-жылдын 5-майында өлкөбүздүн баш мыйзамын кабыл алуу менен аяктаган Жаңы Конституция калкыбыздын акылмандуу- лугун, саясий күчтөрдүн компромиссинин жана адистер- дин билиминин терең деңгээлинин квинтэссенциясы бо- луп калды.

Сөздөр

курамында - в составе

мамлекеттүүлүк - государственность

соцунда - в конце

адам эркиндиги - свобода человека

укук - общество

башат - начало

укуктук - правовой

кыска мөөнөттө — за короткое время

рыноктук - рыночный

татаал - сложный

тагыраак - точнее

азыркы жүзү - нынешний облик

баш мыйзам - главный закон

саясий күч - политическая сила

Тексттен кийиинки тапшырма.

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тарыхы жөнүндө айтып бергиле.

  2. Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Конституциясы ка­чан кабыл алынган?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Бир өңчөй мүчөлөрдү тапкыла.

  2. Алар сүйлөмдүн кайсы мүчөсү менен байланышкан, кайсы сөз түркүмүнөн экендигин аныктагыла.

  3. Текст боюнча суроолуу сүйлөмдөрдү түзгүлө.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МАМЛЕКЕТТИК ГЕРБИ


Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон баштап, анын мамлекеттик атрибуттары - Герби, Гимни, Желеги жа- ңыланды. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Герби республиканын Жогорку Кеңешинин токтому менен 1994- жылы 14-январда кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Герби - Кыргыз Республика­сынын мамлекеттик эмблемасы. Гербдин авторлору - сүрөт- чү А. Абдыров менен милициянын генералы С. Дубанаев.

Гербде негизинен ак мөңгүлүү тообуз, көлүбүз, ар жа- гында нурун чачып күн турат. Ошондой эле элибиздин дыйканчылыгын айгинелеген пахтасы, буудайы, чекеси оролуп, ортосунда эркиндиктин символу болгон канатын жайып Ак шумкар тартылган.

Гербдин негизги идеясы - Кыргызстанда жашаган эл- дердин биримдигин чыңдоо.
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   37


написать администратору сайта