Главная страница

управление. кыргязкнига. Тилим менин


Скачать 1.09 Mb.
НазваниеТилим менин
Анкоруправление
Дата25.10.2022
Размер1.09 Mb.
Формат файлаdocx
Имя файлакыргязкнига.docx
ТипДокументы
#753082
страница7 из 37
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   37
ТЕМАТИКАЛЫК-ЭТНОГРАФИЯЛЫК СӨЗДҮК

Улуттук үрп-адат, каада-салт

Ажырашаар аяк - угощение, которое устраивает во время накануне отъезжающий переезда (шутливый про­щальный ужин).

Ашар - совместная работа, оказание помощи, напри­мер, в постройке дома, в сборе урожая и т.д.

Бата - молитвенное напутствие, благословение (совер­шение данного ритуала после угощения, при окончании или начало какого-либо дела, вырожение удовлетворение результатами или пожелания успеха.

Бата алуу - получение благославения, доброго напут­ствия (например, отправляясь в путь или начиная како­го-либо дела).

Бешик - детская колыбель, люлька.

Жентек - угощение устраиваемое по случаю рожде­ния ребенка.

Кошок - 1. заплачка, причитание оплакивание умер­шего. 2. Оплакивание невесты при проводах в дом жени­ха

Кыз узатуу үлпөтү - проводы невесты, во время про­водов невесты устраивают игры, спортивные состязания, поют песни, невесту собирают в дорогу, одевая ее в луч­шие наряды, заплетая две косы, и оплакивая ее кошоком матери и тётушек.

Табак тартуу - особое подношение мяса гостям.

Түлөө берүү - совершать жертвоприношение, выра­жая всевышнему благодарность (умилоствительную бла­годарственную искупительную)

Устукан - кость с небольшим количеством мяса на ней (такие кости подаются гостям перед тем, как будет подана оснавная часть кушанья).

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти кунт коюп окуп, которгула.

  2. Этнографиялык сөздөрдү жазып, сүйлөмдөрдү түзгүлө.

  3. Этнографиялык сөздүктү өздөштүргүлө.

Кыргыз элинин улуттук кийими

Улуттук кийим - улуттун жүзү, башка элден айырма- лап турган белги. Биздин көргөндүн көзү суктанаар, жыл мезгилдерине, адамдын курагына карата кийилчү ак кал- пак, элечек, тебетей, малакай, топу, тон, ичик, чепкен, чапан, кементай, кемсел, бешмант, чыптама, кош этек ж.б. толгон кийимдерибиз туруп (алардын ар биринин түрү канча), аларды артисттер эле кийүүчү кийимге айлантып алганыбыз жосунсуз эле жорук.

Кыргыздар кийимге өзгөчө мамиле жасашкан. Кыз- дарга кызыл-тазыл кийгизишкен, «таза, дили ак болсун» деп келинге ак жоолук салышкан, б.а., ар бир адамдын жаш курагына жараша өзүнө ылайык кийим болгон. Улут­тук кийимдер үчкө бөлүнөт: баш кийимдер, сырт кийим- дер, бут кийимдер.

Баш кийимдер. Баш кийимдердин кыюусу, тышы кара, күрөң өңдө болгону карыяларга; жашыл, күлгүн, көк түстөгүсү жигиттерге; кызылы - уул балдарга; кызыл, жашыл, көк түстөгүлөрү кыздарга арналган. Баш кийим- дин түрлөрү:

Ак калпак - бардык курактагы адамдар киет.

Тебетей - карыяларга саксак, кара көрпө, сүлөөсүн, түлкү; жигиттерге - суусар, көрпө, сыйда түлкү; балдар­га - бачиктин териси, козунун көрпөсү; кыздарга - кун- дуздан үкү тагылып тигилген. Малакай көбүнчө карыя- лар киет. Топу - кара кыжымы, болотнай же ак сурптан тигилет, үйдө кийилет, карыялар сыртка чыкканда кал­пак, тебетейдин астынан киет. Үкү топуну саамай чачын сеңселте тестиер кыздар киет.

Шөкүлө - үйлөнүү үлпөтүндө жеңелери күйөөгө узачу кыздын такыясын алып, үлпүнчөгү бар, көбүнчө кундуз жээктүү шөкүлө кийгизишкен. Кыз аны атасынын үйүнөн чыккандан кайын атасыныкына отко киргенге чейин кий- ген. Шөкүлөнү сиңдилерине кайра берип жиберген.

Жоолук - жаш келин жоолуктун маңдай жагын көзүнө түшүрө тартып алдына салынат, улууларга соорусун сал- бай, үлбүрөп кызмат кылып турган, келгенине жыл айла- нып, кагылып калган келиндер артка байланган. Кыздар жоолук салынган эмес, ал эми келиндер тебетей кийбеген, жылаңбаш жүрбөгөн. Мына ушундан эле кыздар менен ке­линдер айырмаланып турган. Элечек - ак кездемеден жа- салат, байбичелердики казанбак элечек, жаш келиндерди- ки такыя элечек деп аталат. Келин сымбаттуу, бүкүрөйбөй түз, маралдай койкоюп турушу үчүн элечек кийгизишкен, чачты тең экиге бөлүп, чач учтук тагышкан.

Сырт кийимдер. Сырт кийимдер түрдүү кездеме, таар, тери, кийизден тигилген. Кара, күрөң, боз өңдөгүлөрү ул- гайгандарга; кызыл, көк, жашыл, күлгүн түстө тыштал- гандар жаштарга, кыз-келиндерге арналган. Сырт кийим- дердин түрлөрү:

Ичик: эркектерге - саңсаң козу, кашкулак, бөрү, сүлөөсүн, илбирс; аялдарга - түлкү, суур, козу-улак тери- си ичтелет. Аялдарга тукаба, баркыт, кыжымы менен тышталат.

Чепкен, чапан, тон - бардык курактагы адамдар киет. Кементай - кылдан уютулган кийизден жасалат.

Кемсел - ичик, чепкендин ичинен кийилет.

Чыптама - көбүнчө кош этек менен бойго жеткен кыз­дар, келиндер киет.

Сөздөр

курак - возраст

көк түс - синий цвет

кара кыжымы - черный бархат

баш кийим - головной убор

сымбаттуу - симпатичный

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Кыргыз элинин кандай улуттук кийимин билесиңер?

  2. Улуттук кийимдер кандай деп аталат?

  3. Улуттук кийимдер эмнеден жасалат жана эмне менен кооз- долот?

ТЕМАТИКАЛЫК ЭТНОГРАФИЯЛЫК СӨЗДҮК

Улуттук кийимдер

Ак калпак - мужской головной убор из белого войло­ка с высокой тульей, с отворотами из черного бархата.

Баалуу ац - из ценного меха.

Баркыт - бархат.

Белдемчи - часть женского национального костюма в виде распашной юбки с широким поясом. Его надевали поверх платья. Известно несколько видов белдемчи: рас­пашная юбка, сильно присборенная, сшитая из трех че­тырех скошенных кусков бархата. Другой вид юбка без сборок из цветного бархата или из ярких полушелковых тканей. Спереди полы юбки не сходились 15 см. Края об­шивали полосками меха (выдры, куницы) или украшали яркой, богато орнаментированной вышивкой.

Бешмант - жилет (верхняя одежда на подкладке) но без стежки сшитая в талию.

Жибек - шелк.

Ичик - шуба крытая материей.

Кайыштан - из кожи низкого качества.

Кеште - отделка.

Кементай - разновидность верхней одежды из войло­ка.

Кемер кур - ременный пояс с украшениями из золо­та, серебра.

Кемсел - камзол (до локтя) рукавами.

Кепич - кожанные галоши.

Кеп такыя - белая тюбетейка надеваемая женщина­ми под элечек, кеп такыя имела строго традиционную шлемовидную форму с длинной наспинной частью

Күрмө - безрукавка.

Кымкап - название шелковой материи.

Маасы - женские мужские сапожки без каблука и твердого задника с мягкой подошвой.

Малакай - мужская меховая шапка без полей и без отворотов.

Матадан - хлопчатобумажная ткань кустарного про­изводства.

Манат - ворсистая ткань кустарного производства типа флонелии дорогая чаще красного цвета.

Такыя - ар девичья тюбетейка (обычно украшалась перьями филина и совы).

Тон - верхняя одежда (гл. образом мужская) овчин­ный тулуп.

Тебетей - головной убор, отороченный мехом (көрпө тебетей - шапка из черной мерлушки).

Чепкен - род верхней мужской стеганной (с толстой стежкой) одежды типа халата крытой какой-либо толстой тканью.

Чыптама - женская одежда, короткая женская безру­кавка.

Шөкүлө - богато украшенная конусообразная шапка молодой женщины.

Элечек - белый тюрбан замужней женщины (он сос­тоит из трех частей на голову надевается шапочка с на- косником, поверх нее небольшой прямоугольный кусок ткани (закрывающий шею и сшиты подбородком, а по­верх всего чалма из белой материи).

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти кунт коюп окуп, которгула.

  2. Тексттеги сын атооч сөздөрдү жазып, сын атоочту жасоочу мүчөлөрдү аныктагыла.

  3. Этнографиялык сөздөрдү өздөштүргүлө.

УЛУТТУК ТАМАК-АШ

Ар бир элдин ата-бабасынан бери жасап, жеп жүргөн улуттук тамак-ашы бар. Эзелтеден бери кыргыз эли дагы өзүнүн тамак-аш өнөрүн өз алдынча өнүктүрүп келген. Кыргыз эли көбүнчө эт жана сүт азыктары менен тамак- танган. Бүткүл улуттук шаан-шөкөттөр, түркүн конок күтүүлөр муздак этсиз, айран-кымызсыз, куурдаксыз өткөн эмес. Жылдап сакталган чучук, катылган сүр, куурдак, курут, сүзмө, гүлазык, ташкордо сыяктуу муздак тамак- тар колдонулган.

Кыргыздын ысык тамактары малдын, кайберендин, өсүмдүк азыктарынан, илбээсиндин, үй канаттуулардын этинен жана балыктан жасалат. Ашты кыргыздар куу- руп, кайнатып, демдеп, буулап жана оттун табына как- тап бышырып келишкен. Аш, той берип, же мейман күтүүдөгү тамак берүү салтынын эң бир сыйлуу жери ус- тукан тартуу. Мал союлганда малдын жиликтерин усту- кандап коноктун санына, жашына карап бөлүштүрүшөт.

Улуттук сый оокаттын эң аземи бешбармак болуп эсеп- телет. Ал майда тууралган этке кесме, пияз, шорпо, ар кандай татымдар кошулуп даярдалат. Мындан сырткары быжы, жөргөм, чучук, күлчөтай, кесме, шишкебек, па- лоо жана башка тамактарга өтө бай. Кыргыздардын аш, тойго арналган сый оокаттарынын бири боорсок, катта- ма, куймак болуп эсептелет. Кыргыздын байыртадан бери келаткан байыркы суусун оокаттарынын абзели - кымыз- ды бээнин сүтүнөн жасайт. Башкача айтканда, кыргыз элинин тамактары аябагандай даамдуу жана бай.

Сөздөр

тамак-аш - пища ата-бабасынан - с предков өнүктүрүп - развивать эт, сүт азыктары - мясные и молочные продукты шаан-шөкөттөр - праздники ташкордо - шашлык кайберен - дикие животные илбээсин - дичь чучук - чучук кайнатып - варить демдеп - тушить буулап - парить шыбага - доля абзели - смак

жөргөм - плетеная тонкая кишка

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Кыргыз элинин улуттук тамак ашына кайсылар кирет?

  2. Бешбармак кандай жасалат?

  3. Кыргыз элинин эң сыйлуу тамактарына эмнелер кирет?

ТЕМАТИКАЛЫК ЭТНОГРАФИЯЛЫК СӨЗДҮК

Улуттук тамак-аш

Ак серке - мясной бульон приправленный кумысом или айраном.

Бешбармак - кушанье, состоящее из мелкорезанных кусочков мяса и теста, политых бульоном.

Бозо - напиток, приготавливаемый из проса с добов- лением талкана и угута.

Боорсок - национальная еда в виде кусочков теста, прожаренных в большом количестве масла.

Быжы - колбаса из мелконарезанной печени с добав­лением пряностей и риса.

Даам ооз тий - предложить отведать пищи, дать по­есть.

Жал - 1.грива лошади; 2. лакомство из под гривного жира лошади в свежем и копченном виде.

Жандыкты союу - забой скота в честь гостя.

Жарма - напиток из дробленного жареного зерна (тал­кана) с добавлением кислых молочных продуктов.

Жупка - печенье, тонкие лепешки из пресного теста.

Жөргөм - кушанье из легких и желудка овца разреза­емых на полоски и переплетенных кишками.

Калама - пресная лепешка печеная в котле.

Карта - лакомое блюдо, приготавливаемое из конс­ких кишок.

Карын май - кутырь топленного масла (Сары май) приготавливаемый для специальных торжеств.

Каттама - слоеные лепешки, приготавливаемые по раз­ным рецептам.

Керчөө - часть бараньей грудинки, снимаемая со шку­рой и приготавливаемые на углях.

Көөлөнгөн талкан - блюдо приготавливаемое из то­локна (талкана) с добавлением сливок, топленного масла, меда или сахара.

Куймак - оладьи.

Куйрук-боор - блюдо из курдючного жира и печени.

Курут - засушенный кислый творог в форме шари­ков, приготавливаемый из сюзме с добавлением соли.

Куурдак - жаренное мясо.

Куурма чай - напиток, приготавливаемый из чая, мо­лока, жаренной муки с добавлением пряностей, сладос­тей.

Көжө - 1.взвар пшена или пшеницы: ууз көжө - кипя­ченое коровье молозиво с толокном и небольшим количе­ством соли.

Кымыз - кумыс, кислый напиток приготавливаемый из кабыльего молока в специальных в сабаа.

Максым - кислый напиток, приготавливаемый из тал- кана.

Мейиз - кишмиш (сушенный виноград).

Олобо - кушанье из легких овцы, наполненных моло­ком и маслом, сваренных в воде.

Патыр нан - праздничные сдобные лепешки.

Сабаа - большой кожаный бурдюк, в котором приго­тавливают кумыс.

Сары жүрмө - толстые (покрытые жиром) кишки ко­ровы (быка) вывернутые жиром внутрь.

Сары май - домашнее топленое масло.

Сүмөлөк - 1. кисель из пшеничного солода и муки;

  1. кушанье из лепешек печенных из пшеничного солода и муки (их ломают горячими добавляют топленого масла, и растирают ложкой)

Сүр - вяленое, слоеное мясо.

Сүзмө - кислый творог, приготавливаемый из айрана с добавлением соли.

Той боорсок - боорсаки (печенье в виде жареных в жире кусочков теста).

Уй кымыз - кумыз, напиток из коровьего молока.

Чалап - напиток из сүзмө или айрана с добавлением воды.

Чоц көжө - (нооруз көжө или оруздама) жидкое куша­нье, приготовляемое из пшена или какого-либо другого дробленного зерна (ячменя, пшеницы) с прибавлением молока, мяса (варят во время весеннего праздника ноо- руз).

Чучук - конская колбаса, изготовляемое из казы.

Шишкебек - мясо, приготовляемое на горящих углях (шашлык).

Эжигей - особый сорт творожистого сыра из кипячен­ного овечьего или козьего молока.

Эт устукандоо - особая разделка мяса для подачи гос­тям по мере почетности.

Этти устукандап туруп, улууларга тартуунун ирети - порядок подачи мясо.

Баш тартуу - считается за исключением некоторых мест лакомым угощеньем, подается почетному гостю ва­реная овечья голова без нижней челюсти и языка.

Жамбаш - подвздошная кость; (с мясом) которая по­дается уважаемому гостю.

Куймулчак - хвостовой отросток (подаются самым старшим и почетным) женщинам.

Жото жилик - берцовая кость.

Кашка жилик - бедренная кость.

Карчыга - часть туши, от ребер и до ляжек.

Кара кабырга - ребро без жира.

Кар жилик - лучевая кость.

Далы - лопатка.

Төш - грудинка (часть туши) подаются девушкам.

Күң жилик - кость от колена до лопатки (у живот­ных) из жилик последняя по почетности: гостям не пода­ются. Күн жилик подаются самым младшим женщинам дома.

Омуртка - позвоночник (подается только детям).

Жылкынын учасы - крестец (задок) самая почетная часть конской туши.

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Тексттеги жаңы сөздөрдү жазып, сөз айкаштарын түзгүлө.

  2. Аларга синоним маанилеш сөздөрдү тапкыла.

  3. Соз айкаштарынын аткарган милдетин аныктагыла.

кымыз

Кымыз - дүйнөдөгү эң байыркы суусундук. Ал кыр- гыздын жарма, максым, бозо, айран-сүт, чалап өңдүү улут- тук суусундуктарынын ичинен эң баалуусу. Кымыз бээнин сүтүнөн жасалып, чаңкоону гана кандырбастан организм- ге пайдалуулугу, жагымдуулугу жана дарылык касиети ме- нен да баалуу. Кымыз - бээнин сүтүнөн ачытып жасалган кычкыл суусундук. Аны кечки жаз мезгилинен даярдай башташкан. Бээнин ууз сүтү да абдан пайдалуу жана би- ринчи дарылык касиетке ээ. Бирок аны кайсыл маалда, кантип ичүүнү билиш керек. Үркөр чыга элек кезде ичкен сүттүн таасири өтүшкөн ооруларга жакшы даба. Ошол мез- гилде чөп жакшы күчүнө кире элек кез болот.

Кымыздын төмөнкүдөй түрлөрү бар: ууз кымыз - эрте жаздагы кымыз, сөөк кымыз - кеч күздөгү кымыз, тунма кымыз - эң алгачкы бышылбай даярдалган кымыз, саа- мал кымыз - көрөңгөгө жаңы сүт азыраак кошулган кы­мыз, ымшытма кымыз - тердетүү үчүн жылытылган кы­мыз, чайкалган кымыз - бал, кант кошулган кымыз же өтө чайкалган кымыз, тоңдурма кымыз - чаначка же көөкөргө атайын тоңдурулган кымыз деп бөлүнөт. Албет- те, заманга жараша элдин жашоо-турмушу, баалуулукта- ры, дүйнө таанымы да өзгөрөт эмеспи. Бирок кымызга келгенде мезгил эч кандай өзгөртүү киргизе албагандыгы анык. Мындан канча кылым мурда кымызды кыргыздар кандай ичсе, азыр деле ошондой ичилип, атүгүл Бишкек- те кымыз сүйүүчүлөрдүн клубу уюшулган. Баарынан да кымызды дарылык үчүн ичүү Кыргызстанда азыр күч алып турган убагы.

Сөздөр

баалуулук - ценность

дүйнө таанымы - познание мира

бөлүнөт - разделяется

өзгөртүү - изменение

эң байыркы - древний

суусундук - напиток

дарылык касиети - лекарственное свойство

жасоо ыкмалары - способ приготовления

пайдалуу - полезный

атүгүл - даже

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Кымыз кандай суусундук?

  2. Кымыздын кандай даарылык касиети бар?

  3. Кымыздын кандай түрлөрүн билесиңер?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, которгула.

  2. Тексттеги зат атооч сөздөрдү жазып, жөндөмөлөр боюнча жөндөгүлө.

  3. Тексттеги этнографиялык сөздөрдү өздөштүргүлө.

БОЗ ҮЙ

Ак өргө - бул кылымдардан бери келаткан бакыт жөнүндөгү кыялдын символу. Өткөн убакта Ак өргө, Ордо үй хандын, көчмөн элдин мыктыларынын хан сарайы, ак чатыры болгон. Боз үй - элдин тарыхы, үй-бүлө ыйык туткан эстелик, ар бир кыргыз баласынын бала чагынын образы. Ошондуктан ак өргөө кыргыздардын чыныгы үйү.

Ак өргө - бул кыргыздын оймо-чиймесинин үйү. Кыр- гыздарда мал чарбасы өнүккөн. Ошондуктан, кыргыз ба­ласы боз үйүн дайыма дөңсөөгө тигет. Себеби ал жерден малга көз салууга, көрктүү тоолорду көрүп турууга ың- гайлуу. Жайлоодо боз үй тоонун ажырагыс бөлүгү сыяк- туу. Ал туу чокудагы кардай аппак.

Боз үй - кыргыз элинин байыркы мезгилден бери кол- донулуп келе жаткан турак жайы. Ал - элдин жашоо- шартына ылайыкталган, жөнөкөй, жеңил, көчүп-конууга жана тигип-чечүүгө ыңгайлуу, көркөм үй. Аны чечип бүктөп койсо, бир төөлүк гана жүк болот, тигип койсо, адам жашай турган үйгө айланат. Боз үйдө урулган бир да мык жок. Дасыккан уста боз үйдүн жыгачын жыйыр- ма беш күндө жасайт. Боз үй негизинен жыгачтан, кийиз- ден, чийден, боолордон турат. Жыгачына түндүк, уук, ке- реге жана босого кирет. Аны жыгач усталар талдан, ка- йыңдан жасашат. Туутусу: түндүк жабуу, үзүк, туурдук, эшик. Алар ак жүндөн жасалат.

Боо-чуусу: түндүк жабуу боосу, жел боо, канат боо, үзүк боо, туурдук боо, кырчоо, эшик боо, уук тизгич, ке- реге чалгыч жана башка. Боз үйдүн сырткы боолору жүн менен кылдан эшилет. Ички боолору атайын терип согу- луп жасалат. Боз үйдүн бардык касиетин бириктирип, аны үй катары кармап турган борбор - бул түндүк алдындагы от жагылчу коломто. Коломтодон ары босогонун карама- каршысында сандык коюлуп такта орнотулуп, килем-кил- че, шырдак, ала-кийиз, жууркан-төшөк жана башкалар жыйналат. Жүк алды тор болот, анда аксакалдар сыйлуу меймандар отурат. Төрдүн оң жагы чыгдан, ашкана-эпчи жак, сол жагы - эр жак (ыпча). Эр жактагы керегеде ат жабдыктар, эркекке тийиштүү аспаптар, буюмдар или- нет. Эпчи жагына аялдардын буюмдары коюлат жана чыгдан (ашкана) тартылып, анын ичинде тамак-аш, идиш- аяк сакталат.

Боз үйдүн жасалгасы элибиздин улуттук кол өнөрчү- лүгүнүн бай казынасын, элдин маданиятынын негизин түзөт.

Сөздөр

кыял - мечта, воображение мыктылар - самые лучшие ыйык туткан - святой эстелик - памятник оймо-чийме - орнамент, узоры мал чарба - скотоводство, животноводство дөңсөөгө тигет - ставят на холм себеби - потому что көрүп турууга ыңгайлуу - удобно любоваться дасыккан уста - умелый мастер

жыгач - деревянные части

боо-чуу - шнурки, веревка вокруг решетки юрты тал - ива

кайың - береза

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Боз үй деген эмне?

  2. Боз үйдү дасыккан уста канча күндө жасап бүтөт?

  3. Боз үй канча убакыт чыдайт?

  4. Боз үй эмнелерден турат?

1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   37


написать администратору сайта