Главная страница

управление. кыргязкнига. Тилим менин


Скачать 1.09 Mb.
НазваниеТилим менин
Анкоруправление
Дата25.10.2022
Размер1.09 Mb.
Формат файлаdocx
Имя файлакыргязкнига.docx
ТипДокументы
#753082
страница4 из 37
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   37

эл аралык - международный соода - торговля жалпы узундугу - общая длина баалуу - ценный батыш өлкөлөрү - западные страны маданий - культурный чел - пустыня саякатчы - путешественник башталат - начнется байлык - богатство керемет - чудо ажайып кооз - красивый соодагер - торговец башталгыч - начинающий көпүрө - мост дарыя - река соода борбору - торговый центр темир - железо кылыч - меч кийиз - войлок дары өсүмдүктөр - лекарственные растения идиш - посуда кездеме - ткань асыл таштар - драгоценные камни өнүгүшү - развитие

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Улуу жибек жолу «Жибек жолу» деп аталганга чейин кан- дай аталыштырга ээ болгон?

  2. Улуу жибек жолунда соода мамилелери кандай деңгээлде өнүккөн?

  3. Жибек жолу канчанчы кылымда пайда болгон?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, которгула.

  2. Тексттеги айрым терминдерди чечмелеп жазгыла.

  3. Жөндөмө мүчөлөр уланган сөздөрдү таап, жөндөлүштүн тибин аныктагыла.

«КЫРГЫЗ» ЭТНОНИМИНИН БИРИНЧИ
ЖОЛУ ЭСКЕРИЛИШИ


Кытай тарыхчысы Сыма Цяндын (145-86-ж.ж.б.з.ч.) «Ши цзы» - Тарыхый хроникалар (I к. б.з.ч.) эмгегинде б.з.ч. 201-жылы Маодунь башында турган гунндардын күчтүү мамлекети далай жерлерди ээлешкен. Маодунь түндүктөн хуньюй, динлин, гэгунь жана синьли ээликте- рин багындырган деген маалымат жазылган. Кытай маа- лыматы боюнча динлиндер деп Енисей дарыясынын ор- тоңку агымындагы жана Түштүк Сибирдин коңшу терри- ториясындагы европеиддик калкты аташкан. Алар Орто Азиядагы сак маданиятына жакын жогору деңгээлде өнүккөн тагар маданиятын түзүшкөн. (VII-I к. б.з.ч)

Натыйжада гегундар менен бирдикте таштык мадания­тын алып жүрүүчүлөрдөн болушкан. (I-V к.к.) Окумуш- туулар толугу менен далилдешкендей «гегундар» деп ге- гунь, цигу, кигу жана башка варианттар менен кытайлар байыркы кыргыздарды аташкан.

Тарых илими жана Кыргызстандын тарыхы үчүн «кыргыз» этноними жөнүндө биринчи маалыматтарга таянып биз б.з.ч. III кылымда кыргыздар жана кыргыз- дарга караштуу жер ээликтери болгонун билебиз.

Жалпы түрк тамырларынан тараган азыркы жашап жаткан элдердин ичинен «кыргыз» эң байыркы этноним болуп эсептелинет. Түрк этнонимдери болгон «түркмөн», «өзбек», «казак», «уйгур», «татар», «башкыр» этноним­дери өтө эле кийин пайда болушкан.

Сөздөр

калк - народ

децгээл - уровень

өнүккөн - развитый

натыйжасында - в результате алып жүрүүчүлөр - носители маани - значение тамырлары - корни кийин - позже далилдешкен - доказывали байыркы - древний маданият - культура

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. «Кыргыз» этноними жөнүндө биринчи жолу кайсы булак- тарда кездешет?

  2. «Кыргыз» этноними канчанчы кылымга таандык?

  3. «Кыргыз» этнониминин биринчи жолу пайда болушу жөнүндө кандай далилдер бар.

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти кунт коюп окуп, которгула.

  2. Жатыш жөндөмөсүнүн мүчөсү уланган сөздөрдү таап, тал- дагыла.

  3. Жатыш жөндөмөсүнүн II типтеги жөндөлүшүнүн мүчөлөрү менен сүйлөм түзгүлө.

УЛУУ КЫРГЫЗ ДЕРЖАВАСЫ

IX кылымдын ортосунда пайда болуп, X кылымдын башына чейин Борбордук Азиянын ири ээликтерине бий- лик жүргүзгөн орто кылымдагы кыргыз каганатын тарых илиминде алгачкы жолу академик В.В. Бартольд «Кыр- гыздар. Тарыхый очерк» деген 1927-жылы басылып чык- кан эмгегинде «Улуу Кыргыз Державасы» деп атаган.

Түрк каганаты (552-744) кулагандан кийин 745-жылы талаа көчмөндөрүнүн державасы - Уйгур каганаты пайда болот (745 - 840-жылдар). Уйгур каганаты күч алып тур- ган мезгилде Кытай дагы жыл сайын көп салык төлөп турган. Жаңы түзүлгөн каганаттын милдеттеринин бири Эне-Сайдагы кыргыздарды багынтып, алар турган жер- лердеги эгин эгүүгө ылайыктуу талааларды жана кубат- туу металлургиялык базаны ээлөө эле.

Күчтүү Уйгур каганаты өз ээликтерине көптөгөн эл- дерди басып алып, алардын жерлерин кошуп, ээликтерин кеңейте баштайт. 758-жылы Кыргыз мамлекетине жүрүш жасап, 759-жылы кыргыздар уйгурларга каршы көтөрү- лүш чыгарат, бирок жеңилет.Кыргыздар өз эркиндигин алуу үчүн 25 жыл күч топтойт. IX кылымдын биринчи жарымында эле Кыргыз мамлекети мурдагыдай корго- нуу согуштарын гана жүргүзбөй, чабуул коюуга мүмкүн- чүлүк болгон 100 миң адамдан турган армия түзүп алат. Мамлекеттин жана армиянын башында ажо турган. Ажо арабдар, Тибет жана карлуктар менен уйгурларга каршы дипломатиялык байланыш түзөт. Кыргыз ажосу бул мез- гилде күчтөнүп-кубаттанып, колдоого ээ болуп калганын сезип, 818-жылы ажо өзүн «каган» деп жарыялайт, бул Уйгур каганатына каршы согуш ачуу менен барабар бол­гон. Анткени Борбордук Азияда эки кагандын болушу мүмкүн эмес. Кыргыз каганынын бул чечимине жооп кы- лып, 820-жылы уйгурлар аскер жиберип, 20 жылга со- зулган узак согуш башталат. Мындай кырдаал уйгур ка- ганатынын ичинде бийлик үчүн күрөштү, өз ара мамиле- лердин бузулушун күчөтөт. 840-жылы кар калың түшүп, мал кыйроого дуушар болуп, элди ачарчылык басып, жу- гуштуу оорулар эпидемиясы күчөйт. Мына ушундай оор учурда козголоңчу уйгур төрөлөрүнүн бири кыргыздарды жардамга чакырат. Кыргыздар Ордо-Балыкка 100 миң адамдан турган армияны жиберип, уйгурларды жеңилүүгө дуушар кылышат. Уйгурлар Кытайга, Забайкальеге, Чы­гыш Түркстанга качып кетишет. Качкан уйгурлардын ар- тынан кубалап, 843-жылы кыргыздар Чыгыш Түркстан- га кирип барышат, ал жердеги Аньси жана Беш-Балык деген шаарларды каратып алышат. Уйгур каганаты ку- лайт, Чыгыш Түркстанда уйгурлар өздөрүнө чакан княз- дыгын түзүп алышат.

Уйгур каганатынын ордуна Кыргыз державасы ор- нойт. Анын батыш чек арасы Иртыш дарыясына, түндүгү жана чыгышы Ангара, Селенга дарыялары жана Чон Хинган тоо кыркаларына, түштүгү Гоби чөлүнө чейин со- зулган. Кыргыздар уйгурлардын өрттөнгөн борбор шаа- ры Ордо-Балыкты кайра калыбына келтиришпейт. Каган өзүнүн ордосун Тувага көчүрүп кетет. Ал Тэс дарыясы Убсу-Нур көлүнө куйган жерге жакын жайгашкан.

Улуу державаны каган башкарган, анын колуна саясий, аткаруу, согуштук бийликтер топтолгон. Кагандын бийлиги мурас аркылуу баласына, баласы жок болсо, кызынын ту- кумуна берилген. Нравасы, каада-салттары, династиясынын традициялары башка түрк элдерине окшош болгон. Мамле- кетти башкарууну мамлекеттик аппарат тармактары ишке ашырган. Экинчи кызмат адамы кеңешчи болгон, анын уку- гуна каганатты башкаруу маселелери кирген. Кызматтык иерархия төмөндөгүдөй баскычтар менен уланган: бойла жана йарган. Бойла - судья - өкүм чыгарган, йарган - анын ишке ашышын көзөмөлдөгөн.

Сангундар согуштук чечимдерди чечүүдө чоң роль ой- ношкон. Жер-жерлерде бийликти тутуктар, таркандар, бийлер жана башкалар жүргүзүшкөн. Таркан, тутукту хан өзү шайлаган, алар региондордо салык, согуштук жана башка иштерди көзөмөлдөшкөн. Бийлер чоң же бир нече кичине урууларды башкарышкан. Ушул мезгилде кыргыз- дардын өзүнүн жазуусу болгон, калктын белгилүү бир бө- лүгү сабаттуу болгондугу жөнүндө тарыхый маалымат- тар бар. X кылымда жаштардын бир далай тобу Түндүк Кытайдан окуп, билим алышкан. IX кылымдын ортосу- нан X кылымдын башына чейин Борбордук Азиядагы ири аймактарга бийлик жүргүзгөн кыргыздардын каганаты күч-кубаттуу ири державага айланган.

Сөздөр

ээликтери - владения

бийлик - власть

илим - наука

алгачкы жолу - впервые

атаган - называл

жыл сайын - каждый год

салык - налог

төлөп турган - платили

кубаттуу - могучий

кеңейте баштайт - расширяет

көтөрүлүш - восстание

эркиндик - свобода

коргонуу согуштары - оборонительные бои мүмкүнчүлүк - возможность

дипломатиялык байланыш - дипломатическая связь жарыялайт - объявляет чечим - решение ачарчылык - голод

аткаруу - исполнительный мурас - наследство кецешчи - советник укук - право

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Улуу Кыргыз державасы качан түзүлгөн?

  2. Улуу Кыргыз державасынын мамлекеттик түзүлүшү кан- дай болгон?

  3. Байыркы кыргыз мамлекети жөнүндө айтып бергиле.

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти кунт коюп окуп, которгула.

  2. Чакчыл мүчөлөр, атоочтуктардын мүчөлөрү уланган сөздөрдү таап талдагыла, аткарган кызматын аныктагыла.

  3. Жаңы сөздөрдү көчүрүп жазып, айрым сөздөр менен сүйлөм түзгүлө.

БАРСБЕК, ЫНАНЧУ АЛП БИЛГЕ -

ЭНЕ -САЙДАГЫ КЫРГЫЗ БАШКАРУУЧУСУ

(УИк. аягы — У111к. башы )

VII кылымдын башында Борбордук Азияда саясий өзгөрүүлөр болуп, бул кылымдын аягында экинчи түрк каганаты түзүлгөн. Түрк күчтөрүнө каршы анын башын­да Барсбек башкарган Кыргыз мамлекети турган.

Барсбек - өз мезгилинин көрүнүктүү саясий ишмери, байыркы кыргыз башкаруучуларынын династиясынан чыгып, сейрек кездешкен Умай-бег титулун алып жүргөн. Атасынан ажырап, эрте жетим калган. Торт бир тууганы болгон, үйдүн улуусу болгон эмес. Ит агытып, аңчылык кылганды аябай жакшы көргөн.

Татаал тышкы саясий абалда Барсбек өзүнүн сейрек кездешкен артыкчылык касиеттеринин натыйжасында Кыргыз мамлекетинин башында турган. VII кылымдын аягында Барсбек кыргыздардын күчүн топтоп каган де­ген титулду Ынанчу Алп Билге деген тактылык ат менен бирге тактыны алган.

Барсбектин Борбордук Азияга үстөмдүк кылууга жа- саган аракети түрк каганы Капаган-каганга болгон ачык чакырык эле. Түрктөрдүн каганы кыргыз коркунучунан кутулуу үчүн Эне-Сайга бир канча жүрүштөрдү жасайт. Түрктөрдүн келечектеги каганы Билге башында турган жүрүш ийгиликсиз аяктап, түрктөр кыргыз чек арасына чейин келип, токтотулган. Каршылашкан эки тарап тынч- тык келишим түзүп, анын шарты боюнча Капаган каган Барсбекти каган деп таанып, ага өзүнүн бир тууганынын кызын берген.

709-жылы түрктөр Эне-Сайдын жогорку агымына топ- толушуп, кыргыздарга союздаш болгон «чик» жана «аз» урууларын талкалашкан. Түрктөр кыргыздарга кол са- луу максатында ыңгайлуу плацдарм катары Туваны ээлеш- кен. Кыргыздар Тувадан Эне-Сайдын жогорку агымына кетчү жолду топурактан үйүлгөн тосмо менен тосушкан. Анын издери азыркы күнгө чейин сакталып турат.

Барсбек Саян тоосундагы маанилүү ашууларды ээлеп алып, союздаштарынын жардамын күткөн, бирок түр- гөштөр да, кытайлар да өз чектерин коргоп, кыргыздар- ды колдошкон эмес.

VIII кылымдын башында Барсбек түрктөргө каршы активдүү тышкы саясатын жүргүзгөн. 710-жылы Тан им- периясы жана Түргөш кагандыгы кирген түрктөргө кар­шы күчтүү коалиция түзгөн. Экинчи түрк каганынын көрү- нүктүү ишмерлеринин бири Тоньюкук ошол кездеги Бор­бордук Азиядагы саясий кырдаалды мындайча баалаган: «Кытай каганы биздин душманыбыз болгон. Түргөш ка­ганы биздин душманыбыз болгон. Бирок баарынан күчтүү кыргыз каганы болгон».

710-711-жылдары түрк аскер башчылары кыш күндө- рүнөн пайдаланып, Саян тоосун айланып өтүп, кокусунан кыргыздардын ордосуна кол салышкан. Байыркы түрк руникалык эстеликтерде мындай деп жазылган: «Биз кыр- гыздарга алар эч нерседен капарсыз уктап жаткан кезде кол салдык... Найзалар менен жол ачтык». Кыргыздар­дын негизги күчү талкаланып, калгандарын Барсбек Сунг токоюна топтоп, түрктөргө каршылык көрсөтөт. Бирок кыргыздар жеңилип калат... Барсбек бул согушта курман болот.

Кыргыздардын Сунг токоюндагы салгылашта жеңи- лип калышы бүткүл элдердин тагдырына кайгылуу таа- сирин тийгизген. Кийинки 40 жылга жакын кыргыздар согуштук жүрүштөргө катышышкан эмес, кыргыз мам- лекети 745-жылга чейин түрк каганаты кулаганга чейин аларга көз каранды болуп калган. Кыргыздардын Бор- бордук Азияга үстөмдүк кылууга жасаган биринчи араке- ти трагедиялуу аяктаган.

Сөздөр

саясий өзгөрүүлөр - политические изменения көрүнүктүү - видный

өз мезгилинин - своего времени

байыркы - древний

сейрек - редкий жетим - сирота аңчылык - охота тышкы саясат - внешняя политика мамлекеттин башында - во главе государства күч - сила ачык чакырык - открытый призыв кутулуу үчүн - чтобы освободиться ийгиликсиз — безуспешно чек ара - граница каршылашкан - противостоящие тынчтык келишим - мирный договор таанып - признал ээлешкен - заняли колдошкон эмес - не поддерживали

баалаган - оценил

кокусунан - внезапно

кайгылуу - печальный

таасирин тийгизген - повлияло

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Барсбек кандай титул алган?

  2. Барсбек башкарып турган учурда кыргыз мамлекети кан­дай мамлекет болгон?

  3. Барсбек курман болгондон кийин кыргыздар кандай таг- дырга дуушар болушкан?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти көңүл коюп окуп, которгула.

  2. Жаңы сөздөрдү көчүрүп жазып, сүйлөм түзгүлө.

  3. Кыргызстандын дипломатиялык байланыштары жөнүндө айтып бергиле.

ЭЛЧИ ЭРЕН-УЛУГ

Кыргыздардын каганы, күчтүү саясатчы Барсбек Бор- бордук Азиядагы саясий кырдаалды байкап, Түрк кага­наты түзүлгөндөн кийин, Тан империясы, Түргөш мамле­кети жана Тибет менен мамиле түзүүнү туура жол деп эсептейт. Кыргыздар үчүн бул өтө маанилүү кадам эле.

710-жылы Барсбек Тан империясына, Түргөш мамле- кетине жана Тибетке элчилик жиберет. Элчиликтин ба- шында Барсбектин көңүлүнө толгон, кыргыздын болчар деген күчтүү уруусунан чыккан Эрен-Улуг турган.

Эрен-Улуг - таланттуу аскер башчысы, чебер жана тажрыйбалуу дипломат. Ал буга чейин торт жолу ушун- дай миссияны жетектеген.

Эрен-Улуг тууралуу маалымат кыргыздар отурукташ- кан Алтын-Кол (Хакасия) деген жерде руникалык жазуу менен ташта жазылып калтырылган. (Алтын-Көл II.) Бул эстелик Тибетке чоң миссия менен барып, кандайдыр бир себептер менен келбей калган элчи Эрен-Улугдун урматы- на тургузулган жолдо каза болгон, себеби белгисиз.) Эсте- ликтин өлчөмү 1, 98 м х 46 см, калыңдыгы 18 см. Элчи болуп кетип жатканда Эрен-Улуг 38 жашта болгон. Эсте- ликте жазылгандай кылган эрдиги үчүн элчи Эрен-Улуг- га Ынанчу алп титулу ыйгарылган.

Сөздөр

каган - каган, хан, правитель

күчтүү саясат - сильная политика

саясий кырдаал - политическая ситуация

мамлекет - государство

эсептейт - считает

өтө маанилүү - очень важный

таланттуу - талантливый

чебер - умелый

тажрыйбалуу - опытный

жетектеген - руководил

урматына - в честь

элчи - посол

эстелик - памятник

себептер - причины

өлчөмү - размер

калыцдыгы - толщина

каза болгон - умер

белгисиз - неизвестно

эрдиги үчүн - за подвиг

ыйгарылган - присвоено

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Руникалык жазуу жөнүндө кандай маалыматтарды биле- сиңер?

  2. Эрен-Улуг ким болгон?

  3. Эрен-Улугга кандай титул ыйгарылган жана эмне үчүн?

  4. Тарыхый булактардан Эрен-Улуг жөнүндө жазып келгиле.

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окугула жана которгула.

  2. Жаңы сөздөрдү көчүрүп жазып, маанисин айтып бергиле

  3. Байыркы кыргыз тарыхындагы кандай дипломатиялык бай- ланыштарды билесиңер?

АЛП-СОЛ

(Табу, Хэцзу, Тапу деген ammap менен да эскерилет)

Алп-Сол IX кылымдагы Улуу Кыргыз мамлекетин не- гиздөөчүлөрүнүн бири, аскер башчысы жана кыргыздар- дын элчиси. Улуу Кыргыз мамлекетин негиздөөгө зор са- лым кошуу менен бирге, 840-жылы кыргыз каганынын Уйгур мамлекетине жасаган чоң жүрүшүндө кыргыз ас- керлеринин сол канатын жетектеген. Эне-Сайдагы Улуу кыргыз каганатын түзүү иштерине чоң салым кошкон. 843-жылы мартта Тан династиясынан чыккан Кытай им- ператоруна элчи болуп барат. Кытай жазмаларында ай- тылгандай 841-жылы императордук тактыга келген Вуц- зун алыстан келген кыргыз каганынын элчисине ыраазы болуп, Алп-Солду ардактуу орунга отургузган. Кытай ме­нен Кыргыз мамлекеттеринин ортосунда тынчтык кели- шимине кол коюлган. Ишенимдүү элчи Алп-Сол саясий миссия менен гана барбастан жеңилген уйгурлардын таг- дырын билүү үчүн, эки элдин соода-экономикалык байла- ныштарын жандандыруу максатында да сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Алп-Солдун ийгиликтүү элчилик аракеттери- нен соң Кытай императору өзүнүн элчилерин бир нече ирет кыргыздарга жөнөткөн. Ошол учурда жазылып калган тарыхый булактарда анын ысмы Табу Хэцзу деген ат ме­нен да эскертилет. Алп-Солго арналган эпитафия (көрүстөн үстүндөгү жазуу) Монголиядан табылган.

Сөздөр

так, такты - трон

аскер башчысы - полководец

элчи - посол

негиздөө - основать

зор салым - большой вклад

жүрүш - нашествие

келишим - договор

ысым - имя

жазмалар - летопись саясий - политический тагдыр - судьба саясий миссия - политическая миссия сүйлөшүүлөр - переговоры жандандыруу - оживлять эскерилет - упоминается

тарыхый булактар - исторические источники арналган - посвящён

ардактуу - почётный

каган - каган, хан, правитель

ишенимдүү - надежный жөнөткөн - отправил

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Байыркы кыргыз мамлекети кандай болгон?

  2. Али-Сол деген ким?

  3. Алп-Сол жөнүндөгү маалымат кандай булактарда сактал- ган?
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   37


написать администратору сайта