Главная страница

управление. кыргязкнига. Тилим менин


Скачать 1.09 Mb.
НазваниеТилим менин
Анкоруправление
Дата25.10.2022
Размер1.09 Mb.
Формат файлаdocx
Имя файлакыргязкнига.docx
ТипДокументы
#753082
страница3 из 37
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   37

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, которгула.

  2. Жаңы сөздөрдү жазып, үндүү жана үнсүз тыбыштарды клас- сификациялагыла.

  3. Текстке суроолуу сүйлөмдөрдү түзгүлө.

Г. АЙТИЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ
МАМЛЕКЕТТИК СҮРӨТ ӨНӨР МУЗЕЙИ


Кыргыз мамлекеттик сүрөт искусствосунун музейи - сүрөт чеберлеринин эң мыкты үлгүлөрүн топтоочу мада- ний мекеме. Адамдарды эстетикалык жактан тарбиялоо- нун борбору. Бул музей 1935-жылы Бишкекте уюшулган. Биринчи жолу көрүүчүлөрдү Эмен багындагы реконструк- цияланган имаратта кабыл алган. Жаңы имараты 1974- жылы архитекторлор - Д. Ырыскулов, В. Назаров, Ш. Жек- шенбаевдердин долбоору боюнча курулган. Музей 2 ка- баттан турат. Биринчи кабатта жарык вестибюль, убак- тылуу көргөзмө залы, 250 орундук конференция залы жана администрация орун алган. Экинчи кабатта экспо­зиция залдары, көрүүчүлөрдүн эс алуу жайы, скульптура коюла турган эки чакан аянт бар. Сүрөт музейинин класси- калык коллекциясынын негизин Третьяков галереясынан алынган 54 сүрөт, ЭКСтин музей фондусунан орус класси- касынын 18 картинасы жана 1934-жылы биринчи рес- публикалык сүрөт көргөзмөсүнөн сатылып алынган чы- гармалар түзөт.

Музей коллекцияларынын негизин кыргыз сүрөтчү- лөрү С.А Чуйков, Г. Айтиев, С. Акылбеков, В.В. Образ­цов, А.И. Игнатьев, О. Мануйлова, Л. Ильина, А. Миха­лев, Л. Деймант, Ф. Стукашин, К.Керимбеков, Ж. Кожох- метов, А. Усубалиев, Д. Флекман, Т. Садыков, Ж. Үмөтов, С. Ишенов жана башкалардын чыгармалары түзөт. Му­зей экспонаттар жыйноочулардан, көргөзмөлөрдөн же атайын мамлекеттик заказ берүү жолу менен жыл сайын толукталып турат.

Сөздөр

сүрөт өнөрү - изобразительное искусство

мыкты - лучший

тарбия - воспитание

кабыл алган - был принят

убактылуу - временный

көрүүчүлөр - зрители

эс алуу жайы - место отдыха

аянт — площадь

сүрөт көргөзмөсү - выставка картин

чыгармалар - произведения

жыйноочулардан - от коллекционеров атайын - специально

толукталып турат - пополняется

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Кыргыз мамлекеттик сүрөт искусствосунун музейи кайда жайгашкан?

  2. Бул музей качан уюшулган?

  3. Биринчи республикалык сүрөт искусствосунун көргөзмөсү качан болгон?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Тексттеги жаңы сөздөрдү жазып, үндөштүк законун айтып бергиле.

  2. Айрым сөздөрдөгү үндөштүк законунун бузулушун түшүн- дүргүлө.

  3. Текстке суроолуу сүйлөмдөрдү түзгүлө.

АБДЫЛАС МАЛДЫБАЕВ АТЫНДАГЫ
АКАДЕМИЯЛЫК ОПЕРА ЖАНА
БАЛЕТ ТЕАТРЫ


Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет теа­тры 1955-жылы архитектор А.И. Лабуренконун долбоо- ру боюнча курулган. Театрдын имаратын кооз скверлер курчап турат. Бул шаарыбыздын эц кооз имараттарынын бири. Кире беришиндеги тепкичтер граниттен жасалган жана анын үстүндө колонна орнотулган. Театрдын кап- талдарында үч скульптура бар. Алар белгилүү сүрөтчү- архитектор О. Мануйлованын эмгектери.

Театрдын ичи белгилүү сүрөтчүлөр: Г. Айтиев, А. Ми- халевдун, А. Игнатьевдин сүрөттөрү менен жасалгалан- ган. Театрда 1100 орун бар. Театрда биринчи спектакль 1955-жылы 11-майда коюлган. Опера жана балет театрын- да композиторлор В. Власов, В. Фере, М. Раухвергер, М. Абдраевдер иштешкен.

Бул жерден биздин белгилүү дирижерлор: Н. Давле- сов, К. Молдобасанов, А. Жумакматов, ырчыларыбыз: С.Кийизбаева, А. Малдыбаев, А. Мырзабаев, Б.Миңжыл- кыев, К. Сартбаева, Т. Сейталиев, С. Токтоналиев, К. Чод- ронов, бийчилерибиз: Б. Бейшеналиева, Ч.Базарбаев, А. Токомбаевалар өсүп чыгышкан.

Сөздөр

атындагы - имени курчап турат - окружает кире беришинде - у входа тепкичтери - ступеньки орнотулган - поставлен, установлен белгилүү - знаменитый эмгектери - работы, труды жасалгаланган - оформлен

коюлган - поставлен

өсүп чыгышты - выросли

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Опера жана балет театрына кимдин ысымы берилген?

  2. Театр кайда жайгашкан?

  3. Театрда биринчи спектакль качан коюлган?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Тексттеги жаңы сөздөрдү жазып, сөз айкашын түзгүлө.

  2. Сөз айкаштарын классификациялагыла.

  3. Текстке суроолуу сүйлөмдөрдү түзгүлө.

КЫРГЫЗ ЦИРК ӨНӨРҮ

Цирк өнөрүнүн элементтери кыргыз элинин улуттук түрдүү оюндарында илгертеден эле болгон. Айрыкча ат оюндарынан аны көп жолуктурабыз. Кыргыздын улут­тук селкинчек оюну акробатиканын, гимнастиканын, эк- вилибристиканын элементтерине өтө бай.

1962-жылы Кыргыз ССРинин өкмөтү менен «Союз- мамцирктин» чечими боюнча Кыргызстандагы алгачкы цирк группасы «Жаш Кыргызстан» уюштурулуп, ага не- гизинен жергиликтүү улуттардын улан-кыздары кирген. Анын режиссер-коюучусу жана жетекчиси болуп респуб- ликага атайын чакырылып келген, цирк аренасынын атак- туу чебери Е.А. Чжан-Фун-Лин дайындалган. Ал өзү ал­гачкы номерлерди да аткарган. Кийинчерээк расмий түрдө Жаныбеков деген фамилияга өткөн. Труппага Э.Мамыт- беков, А. Жусупов, С. Бейшебаев, Б. Кулубаев, С. Соорон- баев, М. Жумалиев, Клара Лин-Чан жана башкалар сы- нак менен кабыл алынып, кыргыз улуттук циркинин ал­гачкы артисттери болуп калган. Алар 1963-жылы 20- октябрда алгачкы жолу цирк аренасына чыгып, респуб- ликанын калкына оюн көрсөтүшкөн. Бул күн кыргыз цир­кинин жаралган күнү катары эсептелет. Программанын алгачкы номери улуттук оюндардын негизинде түзүлүп, анда акробатиканын, гимнастиканын элементтери колдо- нулган, айрым фрагменттери комуз менен коштолгон. Цирк манежиндеги оюн ийгиликтүү өткөндүктөн, «Жаш Кыргызстан» бүткүлсоюздук цирк курамына киргизилип, СССРдин аймагында Киев, Минск, Севастополь, Архан­гельск, Ташкент, Ленинградда узак гастролдо болушкан. Москва мамлекеттик циркинде да оюн көрсөтүшүп, мык- ты оригиналдуу жамааттарынын бири катары ал труппа- нын мүчөлөрүнө цирктик жаңы чыгармалардын бүткүл союздук кароосунун лауреаты деген наам ыйгарылган...

Ошол учурда кыргыз циркинин жаңы жамаатын даяр- доо максатында эки жылдык студия ачылган. Ага жалаң кыргыз улан-кыздары тартылып, акробатика, гимнасти­ка, жонглёрдук, эквилибристика, хореографияны өздөш- түрүшкөн. Алар көп номерлерди даярдашып, Н. Кочаков,

Э. Мамытбеков, А. Жусупов, К. Варзиев, О. Абубакиров,

  1. Исаков, Ф. Мукашева, У. Урманов, С. Сооронбаев жана башка цирк артисттеринин эмгеги зор. 1976-жылы Биш- кекте бардык ыңгайлуу шарттары бар цирктин 1089 орун- дуу жаңы имараты пайдаланууга берилген. 1977-жылы Финляндияда кыргыз цирк өнөрүнүн «Кыргызстандын ат оюндары» аттуу номери көрсөтүлгөн.

1980-жылдын 21-декабрында коюлган «Ала-Тоо жа- ңырыгы» аттуу жаңы спектаклдин премьерасы цирк ис- кусствосундагы жаңы ачылыш жана жаңы багыт болгон.

Алар: «Легенда» - аба гимнасттары Г. Бөкөлаева, К. Арботоев, «Фрескалар-керилген зымда бий» аткаруу- чу Б. Токсобаева, «Жаа тарткыч» С. Момункулова, «Ысык- Көл» акробатикалык ансамбли, жетекчиси Р. Козубеков, катышуучулары - Ж. Үсөнбеков, С. Мусаев, А. Баялиев,

  1. Сандан, С. Байбариева, С. Бейшебаев.

Азыркы мезгилде кыргыз цирки көптөгөн чет өлкөлүк элдерге кеңири белгилүү жамааттардан.

Сөздөр

өнөр - мастерство

улуттук оюндар - национальные игры айрыкча - особенно

жетекчи - руководитель

сынак - конкурс

алгачкы жолу - первый раз узак - долгий ачылган - был открыт

жацы чыгармалар - новые произведения

жацы ачылыш - новое открытие жацы багыт - новое направление

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Кыргыз цирки качан уюшулган?

  2. «Ысык-Көл» акробатикалык ансамблинин жетекчиси ким болгон?

  3. Кыргыз цирки жөнүндө кандай маалыматтарды билесицер?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, которгула.

  2. Тексттеги жацы сөздөрдү өздөштүргүлө.

  3. Жацы сөздөрдүн жардамы менен сүйлөмдөрдү түзгүлө.

«КЫРГЫЗФИЛЬМ» КИНОСТУДИЯСЫ

«Кыргызфильм» киностудиясы 1939-жылы кинохро- никанын корреспонденттик пункту катары уюшулган. 1942-жылы анын базасында кинохроникалык студия түзүлгөн. 1956-жылы документалдуу-көркөм фильмдер киностудиясына айланган. 1961-жылдан баштап, киносту­дия «Кыргызфильм» деп аталат. Алгачкы жылдары не- гизинен хроника жана документалдуу фильмдер, кино- очерктер чыгарылган. Студияда 1942-жылдан 1976-жыл- га чейин 400дөн ашык көркөм, илимий-популярдык, да- ректүү, хроникалык фильмдер тартылган. Киностудияда тартылган көп фильмдер эл аралык кинофестивалдарда байгелерге ээ болгон. Ошондуктан дүйнөлүк масштабда таанымал. «Кыргызфильм» киностудиясында кыргыз фильминин шедеврин жараткан М. Убукеев, Т. Океев жана Б. Шамшиевдер эмгектенишкен. Т. Океевдин «Бакайдын жайыты» фильми Борбордук Азия жана Казакстан кино- фестивалында байгеге татыктуу болду. Ал эми Б. Шам- шиевдин «Ак кеме» фильми бүткүлсоюздук XIX кинофес- тивалда баш байгеге татыган. Ушул эле «Ак кеме» филь­ми Италиядагы эл аралык кинофестивалда гранприни жецип алган. «Кыргызфильм» киностудиясында тартыл­ган фильмдер жөнүндө айтылчу сөздөр али алдыда.

Сөздөр

уюшулган - был организован түзүлгөн - основан айланган - преобразовался чыгарылган - выпускался илимий-популярдуу - научно-популярный татыктуу болду - был удостоен тартылган - снимался байге - приз ошондуктан - поэтому дүйнөлүк - мировой жараткан - создал баш байге - главный приз

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. «Кыргызфильм» киностудиясында кайсы атактуу режис- серлор эмгектенген.

  2. «Кыргызфильм» киностудиясы качан уюшулган?

  3. Азыркы учурдагы тартылып жаткан фильмдер жөнүндө айтып бергиле.

КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Тексттеги жаңы сөздөрдү жазып, которгула.

  2. Тактооч сөздөрдү таап, аныктагыла

  3. Тактооч сөздөр менен сүйлөмдөрдү түзгүлө.

КЫРГЫЗДАР

Кыргыздар - улут, Кыргыз Республикасынын негизги жергиликтүү калкы. Кыргыздар Орто Азия жана Борбор- дук Азияда байыртадан бери маалым, түрк элдеринен бо- луп саналат. Алар: Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана башка республикаларда, Кытай (Кызыл-Суу кыргыз ав- тономиялуу областы), Ооганстан, Пакистан, Түркия жана башка өлкөлөрдө жашашат. Тили боюнча кыргыздар түрк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна кирет. Кыргыздарды түзгөн негизги уюткулардын бири б.з.ч. 101-жылга че­йинки кытай жылнаамаларында эскерилген кыргыздар (гянь-гунь) болуп саналат. Кыргыздардын түпкү тарыхы хуннулар менен динлиндерге байланышкан

Байыркы кыргыздар болжол менен азыркы Монголия- нын түндүк-батышында, азыркы Кыргыз-Көл (моңголчо Хирхис - Ноор) аймагында жашаган. Хуннулардын кы- сымынан б.з. алгачкы кылымдарында кыргыздардын не­гизги бөлүгү Эне-Сай тарапка оогон, жергиликтүү дин- линдерди кыргыздар өзүлөрүнө сиңирип алган. 6-кылым- да өз алдынча мамлекет - Кыргыз кагандыгы болгон. 840- жылы кыргыздар Борбордук Азиядагы Уйгур каганды- гын талкалаган жана Чыгыш Түркстанга качкан уйгур- лардын артынан кууп келип, Теңир-Тоо аймагында туруп калышкан. Кыргыздар чыгыштан Теңир-Тоого кара кы- тайлардын, наймандардын жана монголдордун жортуулу учурунда да оошуп келген. Санжыра боюнча кырк уруу- дан куралган. Ошондуктан, «кырк уруулуу» эл деп атал- ган. Кыргыз элинин курамындагы этнонимдер анын эл болуп калыптанышына байыркы жана орто кылымдарда жашаган көптөгөн уруулар катышкандыгы далилдейт. Кыргыздардын тарыхы негизинен байыркы (б.з.ч. 3-кы- лым - б.з. 5-кылым) орто кылымдагы (6-14-кылымдар) кийинки (15-20-кылымдар) болуп үч мезгилге бөлүнөт.

Сөздөр

байыртадан бери - с древних времен

өлкө - страна

биздин заманга чейин - до нашей эры

жылнаама - летопись

эскерилген - упоминаются

хуннулар - хунны

болжол менен - примерно

кысым - зажим, давление

санжыра - родословие

жортуул - поход

УрУУ - племя

далилдейт - доказывает

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Кыргыздар жөнүндө биринчи маалымат кайсы жылдарга таандык?

  2. Кыргыздардын тарыхы канча мезгилге бөлүнөт?

  3. Кыргыз кагандыгы качан түзүлгөн?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти көңүл коюп окуп, которгула.

  2. Байыркы кыргыздар жөнүндө билген маалыматыңарды жаз- гыла.

  3. Тексттеги жаңы сөздөрдү түшүндүрмө сөздүктөн карап, чечмелеп жазгыла.

БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗДАРДЫН МЕКЕНИ

Б.з.ч. III к. Байыркы кыргыздардын Мекени туура- луу тарыхый жазма булактарда ар башка ойлор айтылат.

Сыма Цяндын эмгегинде кыргыздар жөнүндө эскер- тилет, бирок турган жерлери жөнүндө маалымат жок.

Кыргыздардын мекени Эне-Сай дешсе, башкалары Хыргыз - Нур (Кыргыз көлү) көлүнүн райондору, азыр- кы Түндүк - Батыш Монголиянын территориясы деп эсеп- тешет. Кыргызстандын историяграфиясында акыркы көз караш көп жылдардан бери негизги көз караш катары эсептелген.

Байыркы Кытай тарыхчысы Бань Гунун (I к. б.з.) «Хан Шу» эмгегинде («Хань» династиясынын тарыхы) гунндар- дын ордосу кыргыздардан чыгышка карай 7 миң ли ара- лыкта жайгашкан (1 ли - 500 м жакын) деп жазылган.

Ушул маалыматка таянып археолог, профессор Ю. Ху­дяков, кытай тарыхын изилдөөчү Л. А. Боровкова жана азыркы кыргыз тарыхчылары б.з.ч. I кылымдагы байыр­кы кыргыздардын мекени деп Чыгыш Теңир-Тоо региону- нун азыркы Чыгыш Түркстандын Кара-Шаар, Манас шаар- ларынын түндүк территорияларын жана азыркы Боро- Хоро тоо кыркаларынын түндүгүн эсептешет. Байыркы мезгилде түрк элдерине кирген гунндар, усундар, динлин- дер, Чыгыш Түркстандагы индоевропалык топко кирген уруулар (юэчжилер, тохарлар) кыргыздардын коңшула- ры болушкан.

Кийинки кыргыздар жөнүндө эскертүү кытай булак- тарында жүз жылдан ашык убакыттан кийин эскертилет. (201-ж. б.з.ч.) Кыргыздар гунн аскерлеринин курамында Кытайга каршы согушканы белгилүү. Б.з.ч. 99-жылы гунндар Борбордук Азиядагы кыргыздар ээлеген жерлер- дин башкаруучусу кылып, колго түшкөн кытай аскер баш- чысы Ли Линди дайындашат. Ал кыргыз хандарынын ди- настиясын негиздеген.

Ич ара саясий жактан бөлүнүшүнөн жана борбордук бийликтин начарлашынан б.з.ч. 56-жылы кыргыздар са­ясий көз карандысыздыкка жетишишет. Кыргыздар Боро- Хоро тоо кыркалары менен Дзосотин-Элисун ээн талаала- рынын ортосундагы Чыгыш Теңир-Тоонун түндүк бөлүктө- рүн ээлеп турган. Жазуу булактарында ушул жылы (б.з.ч. 56-ж.) биринчи жолу Кыргыз падышачылыгы жөнүндө маалымат эскертилет.

Бирок б.з.ч. 49-жылы түндүк гунндардын ханы Чжич- жи кыргыз падышачылыгын жана алардын түндүк коң- шусу болгон динлиндерди басып алган. Ал бир канча уба- кыт кыргыз жерлеринде болуп, батышты көздөй жүрүш жасап, Кангюй падышачылыгы менен тынчтык союзун түзгөн.

Кээ бир изилдөөчүлөр кыргыз аскерлеринин өзүнчө болгон топтору б.з.ч. 48-42-жылдардагы жүрүштөргө ка- тышып, Талас өрөөнүнө чейин жетишкен деп эсептешет.

Сөздөр

ээлик кылуу, ээлөө - владение

аскер башчысы - полководец

борбордук бийлик - центральная власть

негиздеген - основал

дайындашат - назначают

начарлоо - ухудшение

көз караш - взгляд

түндүк бөлүктөрү - северные части

жазуу булактары - письменные источники

кыргыз падышачылыгы - кыргызское царство эскертилет - упоминается коцшу - сосед

жүрүш - нашествие

изилдөөчүлөр - исследователи

өрөөн - долина

Борбордук Азия - Центральная Азия түрк элдери - тюркские народы

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Кыргыздар жөнүндөгү биринчи маалыматтар канчанчы кы- лымга таандык?

  2. Кыргыздар жөнүндөгү биринчи маалыматтар кайсы тары- хый булактарда кездешет?

  3. Байыркы кыргыз мамлекети жөнүндө жазуу иштерин ат- каргыла.

Тестке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окугула жана которгула.

  2. Этиш сөздөрдү таап, өткөн чактын бардык түрлөрүн уюш- тургула.

  3. Илик жөндөмөсүндө турган сөздөрдү аныкталгыч сөздөрү менен көчүрүп жазып, талдагыла.

УЛУУ ЖИБЕК ЖОЛУ

Улуу жибек жолу - чыгыштан батышка бүт Азияны кесип өткөн эл аралык кургактагы соода магистралы бол- гон. Жолдун жалпы узундугу 7000 км, үч күндүк жол. Эң негизгиси Батышта абдан баалуу болуп жибек эсептелген. Соода жолуна баалуу жибек ушундай атты берген. Батыш өлкөлөрү көп мезгилге чейин Кытай жөнүндө билишкен эмес, кытайлыктар Сад, Мидия, Иран, Греция деген мам- лекеттер бар экенин ойлошкон да эмес. Эки маданий ре- гионду Тянь-Шань, Памир, Гималай бийик тоо кыркала- ры жана суусу жок чөлдөр бөлүп турган.

Улуу жибек жолдун тарыхы б.з.ч. II кылымда Кытай саякатчысы Чжан Цзянь Алай тоолору менен барып, Фер­гана өрөөнүнөн ылдый түшүп, ал жерден Согд, Түндүк Афганистан, Парфияга туш болгону менен башталат. Ба­тыш өлкөлөрүнөн көрүп келген байлык жана ажайып кооз керемет жөнүндө айтып келет. Саякатчынын артынан соо- дагерлер товар каравандары менен кете башташат. Кыр- гызстандын территориясы Улуу жибек жолуна баштал- гыч жол ачып, батыш менен чыгышты байланыштырган көпүрө болгон. Жер ортолук деңизден Иран аркылуу ка- равандар Мервге келишкен. Бул жерден жол бөлүнгөн, бир жол Термез шаарына, андан Алай тоосуна, Иркеш- там аркылуу Чыгыш Түркстан чектерине чейин барыш- кан. Башка жол Мервден Бухара, Самарканд аркылуу Фергана өрөөнүндөгү Ходжентке, андан чыгышты көздөй Ош, Өзгөнгө, андан Борбордук Тянь-Шандын Яссы дарыя- сынын жогорку жагынан Ат-Башыга барган. Бул жерден каравандар түштүккө Чыгыш Түркстан чектерине, баш- калары Ысык-Көлгө Барскоон шаарына барышкан.

Орто кылымда өтө жанданган үчүнчү жол болгон. Каравандар Самарканддан Ташкентке барышып, ал жер­дей кыргыз тоо кырка жээктери менен Чүй өрөөнүнө өтүшкөн. Боом капчыгайы аркылуу Ысык-Көлгө жетиш- кен. Ысык-Көлдүн түштүк жээктери аркылуу Яр, Хол, Тоңду басып өтүп, каравандар Барскоон шаарына барыш- кан. Барскоондон эки жол кеткен, бирөөсү Сан-Таш ашуусу аркылуу түндүккө Монголиянын талааларына жана түш- түк Сибирдеги кыргыздарга алып барган. Башкасы, Жууку ашуусу аркылуу Борбордук Тянь-Шанга жана Бедел ашуусу аркылуу Чыгыш Түркстанга алып барган. Чыгыш Түрк- стандан бардык жолдор Кытайга барган.

Ошол мезгилде Кыргызстандын территориясында коп соода борборлору болгон. VII-VIII кылымдарда Суябдагы ярмарка, IX-X кылымдарда Мерсмендеги (Баткен обл.) яр­марка, анда көбүнчө темирден жасалган буюмдар, өзгөчө кылычты коп алышкан. Шельджи (Талас обл.) шаарынан көп күмүш алынып келген. Баласагындан соодагерлер жо­горку сапаттагы клейди алып келишкен. Чет өлкөлүк соо­дагерлер көчмөн малчылардан ат, кой, төө, тери, жүн, ки­лем, кийиз, баалуу аң терилерди сатып алышкан. Шаар, айылдардан күмүш идиштерди, курал-жарактарды, жашыл, көгүлтүр түстүү таштар, алтын, күмүштөрдү алып келиш­кен. Соодагерлер Фергана тоо этектеринен дары өсүмдүктөрдү, жаңгакты ар кайсы өлкөлөргө алып кетиш- кен. Көчмөндөрдүн эң өткөн товары - кездеме болгон.Кы- тайдан жибектен башка күмүш күзгүлөрдү, фаянс, фарфор идиштерди алып келишкен. Византиядан алтындан, асыл таштардан жасалган кооздуктар, айнек идиштер, күмүш идиштер алынып келинген. Кыргызстандын шаарларынан (эрте орто кылымдагы) Индияда жасалган колого алтын жалатылган жана күмүш будда статуэткалары, Египет, Индия, Аравия, Ирандан келген шурулар, Балтикадан ян­тарь, Кытайдан келген нефрит, күмүш күзгүлөр табылган. Соода товар - акча мамилелеринин өнүгүшүн күчөткөн. Улуу жибек жолунда байыркы мезгилден баштап византи- ялык солид, кушандык күмүш драхма, кытайлык у-шу, парфян-сасаниддик монеталар менен ички рынокто нату- ралдык алмашуу жүргөн. Кийинчерээк соода айлануусуна согдия монеталары VII кылымдан баштап, түрк монетала- ры кире баштайт. X-XII кылымдарда Баласагын, Барс- коон, Тараз, Шельджи, Ош жана Өзгөндө монета сарайла- ры болгон. XIII кылымда монголдордун келиши менен Орто Азия таланып, Түндүк Кыргызстан маданий очоктору то- лугу менен жоголуп, XVI кылымда Улуу жибек жолун- дагы соода басаңдап калган.

Сөздөр
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   37


написать администратору сайта