Главная страница
Навигация по странице:

  • «МАНАС» - КЫРГЫЗ РУХУНУНӨЧПӨС ЖЫЛДЫЗЫ Текстке чейинки тапшырма.

  • Сөздөр баштан-аяк

  • Текстке чейинки тапшырма.

  • «МАНАС» ЭПОСУНУН АЛГАЧКЫИЗИЛДӨӨЧҮСҮ ЖАНА ЖЫЙНООЧУСУ - В. В. РАДЛОВ

  • Сөздөр пикир

  • ЧОКОН ВАЛИХАНОВ ЖАНА «МАНАС»

  • Сөздөр өчпөс

  • Сөздөр улуттук-боштондук

  • Сөздөр жалчылык

  • «МАНАС» ЭПОСУН ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ

  • Сөздөр кандай курулат

  • управление. кыргязкнига. Тилим менин


    Скачать 1.09 Mb.
    НазваниеТилим менин
    Анкоруправление
    Дата25.10.2022
    Размер1.09 Mb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлакыргязкнига.docx
    ТипДокументы
    #753082
    страница9 из 37
    1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   37

    той - торжество

    өткөрүлгөн - проведен

    өрүлгөн - плетенный

    байлап коюшкан - завязали

    түшүнүк - понятие

    кубаныч - радость кайгы - печаль бала күндөн тартып - с детства эрте жарыкта - рано тартуу - приз, подарок каалоо - пожелание сыйкырдуу - волшебный

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. «Тушоо кесүү» тоюнун максаты эмнеде?

    2. «Тушоо кесүү» тоюнда баланын бутуна байланган ак жана кара жиптер эмненин символикасы катары каралган?

    «МАНАС» - КЫРГЫЗ РУХУНУН
    ӨЧПӨС ЖЫЛДЫЗЫ


    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти көркөм окуп, түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле.

    2. Тексттен жоон үндүүлөр катышкан зат атооч сөздөрдү тап- кыла.

    3. Тексттеги өткөн чакты билдирген этиш сөздөрдү тапкыла жана алар менен сүйлөм түзгүлө.

    Дүйнөдө акылмандык менен бүткөн кандай керемет болсо, ошонун бири- «Манас». Башынан бери акыйкат белгиленип жүргөндөй, ал элибиздин улуттук сыймыгы, ата-бабабыздан келаткан алтын мурас, кыргыз рухунун туу чокусу, элдик оозеки поэзиянын чексиз океаны.

    «Манас»

    Улуу эпос «Манас» баштан-аяк ыр менен айтылып, окуя атадан небере, чөбүрөгө чейин улантылат. Эпосту айлап, жылдап айтышкан. Муну эл арасынан чыккан жөн эле акындар эмес, атайын тандалган чоң таланттуу ма- насчы жомокчулар аткарышкан.

    Кыргыз элиндеги улуу эпостун темасы - патриотизм. Калкыбыз нечен жылдар бою жоопкерчилик заманды ба­шынан кечирип, сырттан кол салган душмандар менен тынымсыз кармашып келген.Баскынчыларга кул, күң бол- бош үчүн өздөрүнүн эркиндигин сакташ үчүн эл ичинен чыккан эр-азаматтар кол курап, жоого аттанышкан.

    «Манас» эпосу - элибиздин турмушунун бардык тара- бын: согуш күндөрүн, жай учурдагы ал-абалын, үрп-ада- тын, салт-санаасын, кулк-мүнөзүн, дүйнөгө көз карашын, башка элдер менен болгон карым-катыштарын кеңири эпи- калык арымда, көңүл эргитерлик көркөмдүктө сүрөттөгөн өзүнчө бир энциклопедиялык мүнөздөгү чыгарма.

    Эпос алгачкы жаралышында кандайдыр бир эл башы- нан өткөн чоң окуя туурасында баяндаган чакан гана чы­гарма болсо керек. Бара-бара өзөн жана дайра сууларын өз боюна сиңирип алган сыяктуу анын көлөмү улам чо- ңоюп отурган.

    Эпостун чыгыш доору тууралуу үч көз караш бар.

    1. Енисей-Орхон доорундагы (7-9-кк.) Муну М.О.Ауэ- зов менен тарыхчы А.Н.Бернштам айтат.Ал 9-кылымда кыргыздарды басып кирген уйгурларды жеңип, алар өзүн- чө күчтүү жана чоң көчмөндөрдүн мамлекетин түзгөн та- рыхый фактыларга таянышат.

    2. Алтай доору (9-11-кк.). Бул пикирди жактаган Б. Юнусалиев эпостун алгачкы жаралышына кара кытай- лардан жапа тартып, бир топ талоонго түшкөн элдин ал- абалынын чагылышы себеп болсо керек дейт.

    3. Жунгар доору (16-18-кк.). Божомолдун автору про- фессорлор А.К.Боровков менен И.Л.Климович «Манас» эпосу жунгар ( ойрот-калмактардын) чабуулу мезгилинде түзүлгөн деген ойду айтышат.

    Бул көз караштардын ичинен биринчи жана экинчи болжол чындыкка туура келет.Үчүнчүсү өтө эле ишеним- сиз, анткени эпосто ал мезгилге чейинки көп тарыхый окуялардын, тилдик жана этнографиялык фактылардын изи бар.

    «Манас» - элдик акылмандыктын жемиши. Ал-кы- лымдардын тарыхы катылып жаткан чоң сыр, өтө баа- луу кенч.

    Сөздөр

    баштан-аяк - с начала до конца

    небере - внук

    чөбүрө - правнук

    жоопкерчилик - ответственность

    тынымсыз - беспрерывный

    ал-абал - состояние

    карым-катыш - отношение

    көз караш - взгляд

    көчмөндөр - кочевники

    Тексттен кийинки тапшырма

    1. «Манас» эпосу жөнүндө кыскача айтып бергиле.

    2. «Манас» эпосу кыргыз элинин турмушунда кандай роль ойнойт?

    3. Эпостун чыгыш доору тууралуу көз карашты салыштыргыла.

    4. Эпостон узунду айтып бергиле.

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, айтып бергиле

    2. Тексттеги зат атооч сөздөрдун кээ бирине морфологиялык талдоо жургузгулө.

    3. Тексттеги баалуу илимий, оозеки, чечендик, сөзмөрлук, укмуштуулук деген сөздөр сын атоочтун кайсы турунө кирерин аныктагыла.

    «МАНАС» ЭПОСУНУН АЛГАЧКЫ
    ИЗИЛДӨӨЧҮСҮ ЖАНА ЖЫЙНООЧУСУ -


    В. В. РАДЛОВ

    (1837-1918)

    Революцияга чейин «Манас» эпосуна кызыгып, аны жыйнаган жана ал тууралуу баалуу илимий пикирлерин айткандардын бири окумуштуу -турколог, академик Ва­силий Васильевич Радлов болгон. Ал кыргыз жерине 1862-1869-жылдарда эки жолу келип, турк тилдерин изилдөө учун эл арасынан оозеки чыгармаларды жыйна­ган. Ал материалдар 1885-жылы В.В. Радловдун «Тундук турк урууларынын эл адабиятынын улгулөру» аттуу коп томдуу эмгегинин 5-томунда жарыяланган.

    Текст орус алфавитинде кыргызча берилген. Китепке кеңири баш сөз жазылып, анда окумуштуу кыргыз эл оозе­ки чыгармачылыгы, анын башка турк элдеринин, мисалы үчүн, казактардын фольклорунан болгон өзгөчөлүгү туу- ралуу сөз кылат.

    «Кара кыргыздардан чогултулган тексттердин дээр- лик көпчүлүгү эпикалык ырлардан турат. Мунун өзү алар- да поэзия кандайдыр бир өзгөчө мезгилде жашап жаткан- дыгын далилдейт. Аны «чыныгы эпикалык мезгил» деп атоо туура болот. Бул байыркы гректердин Троян согушу жөнүндөгү эпикалык ырлары жазылып алына элек, эл арасында оозеки түрдө айтылып жүргөн мезгилине туура келет... Кыргыздар ар дайым мукактанбай шар сүйлөшөт. Өз ойлорун так, даана айтып, сөздөрүнө белгилүү кооздук бере алышат. Кыргыздарда элдик поэзиянын жогорку дең- гээлге өсүп жетиши алардын чечендикти, сөзмөрлүктү дүйнөдөгү эң артык өнөр катары көргөнүнө байланыштуу келип чыккан».

    Радлов: «Манастагы» каармандар тууралуу ой жүгүр- түп, алар эпикалык законченемдүүлүккө ылайык келген апыртуу, укмуштуулук сыяктуу каражаттар менен шөкөт- төлсө да, өздөрүнчө пендечилик кемчиликтери, начар жактары бар кадимки эле реалдуу жер адамдары сыяк­туу элестейт» - дейт.

    Негизинен, Радловдун өзүнүн «Түндүк түрк уруулары- нын эл адабиятынын үлгүлөрү» деген эмгегинин 5-тому- на жазган баш сөзү илимий жактан абдан терең, туура байкоолорго негизделген. Ал жасаган корутундулар, берген жоболор жана тезистер улуу эпосту андан ары тереңде- тип, изилдөө ишинде негизги база, таяныч булактардын бири катары кызмат кылып жатат.

    Сөздөр

    пикир - мнение

    уруу - племя

    өзгөчөлүк - особенность

    чогултулган тексттер - собранные тексты мукактануу - запинаться деңгээл - уровень шөкөттө - украшать

    пендечилик - человечность

    байкоо - наблюдение

    корутунду - заключение, вывод

    жобо - проект

    таяныч булактары - опорные источники кызмат кылат - служить

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. В. В. Радлов ким болгон?Ал жөнүндө эмнени билесиңер?

    2. В. В. Радловдун эмгегинин аталышы кандай?

    3. Окумуштуу кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы жөнүндө эмне деп айткан?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле.

    2. Тексттен ичке үндүүлөр катышкан зат атооч сөздөрдү тап- кыла.

    3. Тексттен зат атооч сөздөрдү таап, муунга ажыраткыла, муундун кайсы тиби экендигин аныктагыла.

    ЧОКОН ВАЛИХАНОВ ЖАНА «МАНАС»

    (1837-1865)

    Казак элинин таланттуу окумуштуусу, орус география- лык коомунун мүчөсү Чокон Чыңгызович Валиханов кыр­гыз калкынын тарыхын жана маданиятын изилдөөдө да өчпөс из калтырган. Ч. Валиханов кыргыз жерине эки жолу саякат жасап, «Ысык-Көлгө баргандагы күндөлүк- төр» (1856), «Кыргыздар тууралуу записка» (1856) жана «Жунгария очерктери» (1860) сыяктуу эмгектерин жа- раткан. Ал кыргыз жеринин жаратылышы, өсүмдүктөрү, айбанаттары, кыргыз элинин жашоо шарты, үрп-адаты, кереметтүү Ысык-Көл жөнүндө кеп салып, азыркы күн үчүн керектүү көп маалыматтарды калтырган. Ч. Валиха­нов эң башкысы, кыргыз калкынын келип чыгышы, анын тарыхы жана «Манас» эпосу жөнүндө өзүнүн илимий көз караштарын берет.

    Ч. Валиханов эпос боюнча өз байкоолорун жүргүзүп, сырткы басып алуучулар менен тынымсыз күрөшүү кыр- гыз элинде баатырдык эпостордун коп жаралышына не- гиз түзгөн деген оюн айтат.

    Кыргыз жомогу Чокон Валихановго айрыкча таасир калтырган: «Манас» - кыргыз элинин бардык миф, жо- мок легендаларынын бир мезгилге келтирип, бир адам- дын Манас баатырдын тегерегине топтоштурулган этно- графиялык жыйнагы. «Манас» талаа «Илиадасы» сыяк- туу элдин турмушу, адат-салты, кулк-мүнөзү, жаратылы- шы, диндик жана медициналык коз караштары, эл ара- лык катнаштары - мына ушунун баары бул эң чоң эпопе- яда чагылдырылган».

    Эпосту бир эле жолу угуп, биринчи эле таанышканда мына ушундай кыска жана так мүнөздөмө бериш үчүн адамга чоң окумуштуулук керек. Валиханов улуу мурас тууралуу ото баалуу пикирлерин айткан ошондой талант- феномендердин алгачкыларынын бирөө болчу.

    Сөздөр

    өчпөс - неугасимый, неугасающий

    таасир калтырган - оставить впечатление

    динчил - религиозный

    чагылдырылган - отражено

    алгачкы - первый, первичный мүнөздөмө - характеристика баалуу - ценный

    Тексттен кийинки тапшырма

    1. Ч. Ч. Валиханов кандай эмгектерди жараткан?

    2. Ал «Манас» эпосу тууралуу кандай илимий көз карашта­рын айткан?

    3. Ч. Валиханов жөнүндө эмнелерди билесиңер?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, айтып бергиле.

    2. Тексттеги зат атооч сөздөргө уланган жөндөмө мүчөлөрүнө талдоо жүргүзгүлө.

    3. Тексттеги сан атооч сөздөр менен сүйлөм түзгүлө.

    САГЫМБАЙ ОРОЗБАКОВ

    (1867-1930)

    Сагымбай Орозбаков Ысык-Көлдүн Кабырга деген же- ринде туулган. 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрү- лүшкө байланыштуу Кытайга качып барып, ал жактан 1917-жылы кайра келген. Манасчы болуп атагы чыккан- га чейин ал ар кимдердин малый багып, чарбасында иш- теп, эптеп жан баккан. Жаш убагында майда лирикалык ырларды да чыгарып жүргөн экен. Кийин алардын баа- рын таштап, бардык акындык талантын манасчылыкка жумшайт.

    Сагымбай Орозбаков араб алфавитинде кат да тааны- ган адам болгон. Анын замандаштарынын айтуусуна ка­раганда, Сагымбай өз мезгилиндеги манасчылардын бар- дыгын, алардын ичинде Келдибек менен Балыктын да «Манасын» уккан деген маалымат бар.

    Сагымбай Орозбаковдун айтуусундагы «Манас» 1922- 1926-жылдардын аралыгында Ыбрайым Абдырахманов тарабынан жазылып алынган. Бирок эң өкүнүчтүү нерсе - жомокчу анын биринчи бөлүмүн гана айтып берүүгө үлгү- рүп, андан соң ооруп калган да, дүйнөдөн кайткан.

    Сагымбайдын «Манасынын» көлөмү - 180378 сап ыр. Азыркы мезгилде анын варианты боюнча төрт китеп ба- сылып чыккан.

    Чыгарманын акыркы окуяларын ал кыйналып жа- тып жаздырат. Ушуга байланыштуу манасчыдан «Семе- тей», «Сейтекти» жазуу иштери жүргүзүлбөйт.

    Сагымбай 1929-жылы үй-бүлөсү менен Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү карындашы турган айылга көчүп барат. 1930-жылы май айында оорусу катуулап, Кочкорго ке- лип, дүйнөдөн кайтат.

    Сөздөр_улуттук-боштондук'>Сөздөр

    улуттук-боштондук - национально-освободительное кат тааныган - грамотный өкүнүчтүү - огорчительный үлгүргөн - успел көлөм - объем кыйналып - мучиться күңгөй - юг

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Сагымбайдын манасчы болушуна кимдердин таасири тийген?

    2. Азыркы мезгилде анын варианты боюнча канча китеп жа- зылып алынган?

    3. С. Орозбаков кандай турмушту башынан өткөргөн?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, орус тилине которгула.

    2. Балалык, жалчылык, айылдык, чыгармачылык, өзгөчөлцк, салттык деген сөздөр кайсы сөз түркүмүнө кирерин аныктап, сүйлөм түзгүлө.

    3. Тексттен этиш сөздөрдү таап, этиштин кайсы чагы экенди- гин аныктагыла.

    САЯКБАЙ КАРАЛАЕВ

    С. Каралаев Тоң районундагы Ак-Өлөң айылында туул- ган. Балалык чагында көрүнгөн жерде жалчылыкта жүр- гөн. 1916-жылкы көтөрүлүшкө байланыштуу Кытайга чейин качып барып келет да, 1918-жылдан тартып Кызыл гвардиянын катарында кызмат кылат. Армиядан кайт- кандан кийин айылдык-советтик органдарда иштейт. 1929- жылы колхозго кирип иштөө менен катар манасчылык өнөрүн кеңири өрчүтөт.

    С. Каралаев совет доорун көрүп, чыгармачылыгын өркүндөткөндүгү менен бактылуу.

    Манасчылык өнөрдө жомокту мыкты билгендик бир эсе болсо, аны чебер аткара билиш андан кем эмес шык- ты талап кылат. С. Каралаев - ушундай өзгөчөлүккө ээ талант-феномендердин бири.

    Кыргыздын бардык көрүнүктүү көркөм сөз чеберлери сыяктуу эле, Саякбайдын да манасчылык өнөрү эрте ой- гонгон. Эң алгач чоң энеси Дакиш чоң таасир эткен. «Ма- настын» айрым үзүндүлөрүн чоң энесинен угуп, кийинче- рээк Акылбек, Суранчылар менен жолугушкан. Эң негиз- ги «мектеби» катарында Саякбайга Чоюкенин (манасчы) «Манасы» кызмат кылган.

    Саякбай Каралаевдин варианты көлөмүнүн зордугу, жомоктун туруктуу салттык окуяларынын толук сактал- гандыгы, мазмунунун тереңдиги, көркөмдүк деңгээлинин бийиктиги менен айырмаланат.

    С. Каралаевдин варианты башынан аягына чейин ыр менен айтылат. Көлөмү «Манас» - 84513 сап, «Семетей» - 316157 сап, «Сейтек» - 84697 сап.

    С. Каралаевден эпос бир нече жолу жазылып алын- ган. Алардын ичинен илимий жактан баалуусу жана то- лугу - 1936-1947-жылдардын аралыгында жазылып алынган текст болуп эсептелет.

    Сөздөр

    жалчылык - положение батрака; батрачество

    көтөрүлүш - восстание

    шык - талант

    сөз чебери - мастер слова

    туруктуу - устойчивые

    салттык - традиционный

    мазмуну - содержание

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Манасчылык өнөрүнө эң алгач таасир эткен адам ким болгон?

    2. С. Каралаевдин варианты боюнча айтылган трилогиянын көлөмү кандай?

    3. С. Каралаев жөнүндө дагы эмнелерди билесиңер?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, айтып бергиле.

    2. Тексттен жандоочторду таап, алар менен сүйлөм түзгүлө.

    3. Цитата деп эмнени айтабыз, цитата жөнүндө түшүндүрүп бергиле.

    «МАНАС» ЭПОСУН ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ

    «Манас» эпосу боюнча изилдөө иштериндеги басылып чыккан эмгектерди санаса, өтө узун тизмеге айланат. Ошондуктан алардын кээ бирине көңүл бурсак болот: П. Фалев «Кара кыргыздардын эпостору кандай курулат?», М. Ауэзов «Кыргыздын баатырдык элдик поэмасы - «Ма­нас», К. Рахматулин «Манасчылардын чыгармачылыгы», В. Жирмунский «Манас» эпосун үйрөнүүгө киришүү», Б. Юнусалиев «Манас» эпосунун бириктирилген вариан- тын түзүүнүн тажрыйбасы жөнүндө».

    Бул аталган изилдөөлөрдө улуу эпостун чыгыш доо- ру, анын идеясы жана каармандары, жомоктун сюжети жана аны айтуучулар-манасчылар жөнүндө, «Манастын» дүйнөлүк эпостор ичинен алган орду тууралуу кеңири сөз болот.

    «Бүткүл эл чыныгы укук менен сыймыктана турган эпикалык чыгармалардын бай казынасына «Манас» эпо- суна өзгөчө орун таандык. Революцияга чейинки жазма- сы жок кыргыз сыяктуу элдерге баатырдык эпос анын көп жылдык тарыхынын, акылмандыгынын, ишениминин жана үмүтүнүн бирден бир эстелиги, ал эл турмушунун жана кулк-мүнөзүнүн көркөм чагылышы болуп эсептелет».

    В. Жирмунский

    «Орто Азия жана Казакстан элдеринин чыгармала- рынан «Манастын» бир өзгөчөлүгү - анын бүгүнкү күнгө чейин тынымсыз өсүп, өнүгүп келгендигинде. Барган са- йын жомоктун идеясы өрчүп жана тереңдеп, сюжети ке- ңип, тематикасы артып, сүрөттөө-көркөм каражаттары байып отурат».

    М. Богданова

    «Поэмада борбордук образ - Манастын өзүнүкү. Аны ачып берүүнүн жолдору ар түрдүү. Баарынан мурда, эл түздөн-түз кыймыл-аракетте, күрөштө, жекеме-жеке бет- тешүүлөрдө жана башка кагылыштарда, андан кийин диа- логдордо жана монологдордо, эң акырында автордук пор- треттик мүнөздөмөлөрдө көрсөтүлөт».

    М. Ауэзов

    «Манас» эпосу кыргыздардын өткөн доордогу коом- дук-экономикалык мамилеси-идеологиясы, кайсы элдер ме- нен мамиле жасагандыгы, кайсы географиялык пункттарда жашагандыгы жөнүндө да толгон маалыматтарды бере алат. Мына ошондуктан «Манас» эпосун кыргыз элинин өткөн кылымдардагы турмушу жөнүндөгү монументалдуу эстелиги, анын өмүр баяны жөнүндөгү өзүнчө бир энцик- лопедиясы деп кароого болот».

    Б. Юнусалиев

    «Биринчи манасчы ким болгонун ким билсин. Биз эл- биз, журтпуз, биздин да өткөн жолубуз бар деп сезип, элдин башынан өткөргөн тарыхын биринчи болуп ким ырга жа- мактаганын ким билсин. Балким, ал кырк чоронун бири- дир, балким, кабарсыз бир жылкычыдыр, койчудур, ай­тор, биз аны эч качан биле албайбыз. Бирок «Манас» эпосу алгачкы башталышында сызылган булак өңдөнүп, кийин жүрүп отуруп, доордон доорго өтүп, дайра болуп улам бар- ган сайын көбөйүп, күчөп жетилгенине шек жок. Мындай алп нерсе бирден бир жарала бербейт. Бул алп чыгармага кыргыз журтунун нечен-нечен муундары эмгек сиңирип, буга өздөрүнүн эң мыкты таланттарын, эң мыкты акында- рын, эң мыкты ойчулдарын жуурулуштуруп, бул дүйнөдөн билген кабарын: жашоо жөнүндө, боштондукка арналган элдик күрөш жөнүндө, патриотизм жана жек көрүү, досун саткан, элин саткан чыккынчылык, бузукулук менен ак ниеттүүлүк, туруктуулук жөнүндө, дегеле, турмушка ти- йиштүү билгендеринин баарын дээрлик өздөрүнүн филосо- фиясы, фантазиясы, искусствосу менен байытып, образдык системага келтирип, өнүктүрүп келген.

    Ч. Айтматов

    Сөздөр

    кандай курулат? - как строиться?
    1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   37


    написать администратору сайта