Главная страница

управление. кыргязкнига. Тилим менин


Скачать 1.09 Mb.
НазваниеТилим менин
Анкоруправление
Дата25.10.2022
Размер1.09 Mb.
Формат файлаdocx
Имя файлакыргязкнига.docx
ТипДокументы
#753082
страница5 из 37
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   37

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, табыш жөндөмөсү уланган сөздөрдү тапкыла.

  2. Табыш жөндөмөсү уланган сөздөрдүн жөндөлүш тибин анык- тагыла.

  3. Текстке суроолуу сүйлөмдөрдү түзгүлө.

ТОЛУБАЙ СЫНЧЫ

Толубай сынчы элдин айтканына, легендаларга кара­ганда акылман, окуяны күн мурун билүүчү касиети бар өзгөчө адам болгон. Болжол менен XIV - XV кылымдарда Жаныбек хандын тушунда жашаган. Толубай сынчы көчмөн кыргыздардын коомдук турмушунда көзү ачыктык кылып келген. Сынчы да өнөрү болуп тоону, сууну, жерди, жан- жаныбарлардын баарын сынай билген. Өзгөчө жылкылар- дын кайсы күлүгүнөн тулпар чыгарын сынап, билип кой- гон. Атта мыкты жүргөн деп айтышат. Эл арасында Толу- бай сынчы акылдуулугу, чечендиги, бетке айткандыгы ме- нен айырмаланган. Элдик киши болуп ханга каяша айтуу- дан да корккон эмес. Элдин айтып, чогултуп, сактап кел­ген баалуу маалыматтарынын негизинде улуу акын Алы- кул Осмонов «Толубай» поэмасын жараткан.

Сөздөр

сынчы - критик

акылман - мудрец

өзгөчө - особенный

болжол менен - приблизительно

коомдук турмуш - общественная жизнь

көзү ачык - ясновидящий

күлүк - скакун

мыкты - лучще

чечендик - красноречивость

баалуу - ценный

негизинде - на основе

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Толубай Сынчы жөнүндө тарыхый булактардан жазып кел- гиле.

  2. А. Осмоновдун «Толубай» аттуу поэмасын окуп келгиле.

  3. Аткарылган тапшырмалардан кийин Толубай сынчыны сүрөттөп бергиле.

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окугула жана которгула.

  2. Жөндөмө мүчөлөр менен бүткөн сөздөрдү тапкыла.

  3. Тексттеги жаңы сөздөрдү түшүндүрмө сөздүктөн карап, чечмелеп жазгыла.

МУХАММЕД КЫРГЫЗ

(Туулган жылы белгисиз, 1533-ж.)

Мухаммед Кыргыз жөнүндөгү маалыматтарды Мого- листандагы дуулат уруусунан чыккан көрүнүктүү мамле- кеттик ишмер Мухаммед Хайдар Мырза 1541-1547-жыл- дар аралыгында жазып калтырган «Тарихи-и Рашиди» («Рашиддин тарыхы») эмгегинде маалымдайт.

Мухаммед Кыргыз - кыргыздардын биринчи жол баш- чысы, азыркы Кыргызстандын территориясында жаша- ган эки уруулук бирикмени, уруулардын «оң» жана «сол» канаттарын бириктирген. Мухаммед кыргыздардын ке- лечеги, алардын кийинки биригишинен, күч алышынан жана чыңдалышынан улам тыгыз байланышта болоорун баамдаган. Курчап турган этникалык туугандык байла- ныштардын өнүгүшүнө шарт түзүү менен Мухаммед Кыр­гыз өзүнүн тышкы саясатын жүргүзгөн. 1508-жылы кыр­гыздардын ханы деп жарыяланган. Могол хандары Кыр- гызстанды жана Казакстандын түштүк-чыгышын басып алууга аракет жасаганда, Мухаммед Кыргыз тышкы кор- кунучка каршы казак султандары менен бирдиктүү кели- шим түзүп, түзүлгөн кырдаалды сезе билген.

1517-жылы моголдордун аскерлери анын ээлигине кол салган. Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, Барскоондо Му- хаммеддин ордосу болгон.

Кыргыздар жеңилип, кол башчысы Мухаммед Кыр­гыз туткунга түшүп, аны Кашкарга алып кетишет.

Бир жыл өтпөй Султан Саид 1518-жылы Мухаммед Кыргызды бошотконго мажбур болот. Анткени түзүлгөн саясий кырдаалда Мухаммеддин таасири жана кадыр-бар- кы чоң роль ойногон. Ушундан пайдалангысы келген. 1522-жылы Султан Саид баласы Абд аль-Рашид менен бир- дикте Мухаммед Кыргызды мекенине жиберет. Бирок ал Ала-Тоого келип, кыргыз урууларынын башында туруп, моголдорго каршы куч жыйнай баштайт. 1524-жылы кыр- гыздардын ордосунда (Кочкордо) моголдорго каршы ка­зак ханы Тахир менен келишим тузулөт. Султан Саид ке­лишим жөнундө билип, Мухаммед Кыргызды жашыруун кармап келуугө буйрук берет. 1525-жылы Кашкарга алып келишет. Мухаммед Кыргыз өмурунун акырына чейин (1533) моголдордун көзөмөлундө болгон.

Сөздөр

маалымат - сведения

көрүнүктүү - известный

ишмер - деятель

эмгек - труд

маалымдайт - свидетельствует жол башчы - предводитель келечек - будущее тыгыз байланышта - тесно связано баамдаган - оценивал саясий кырдаал - политическая ситуация сезе билген - чувствовал ордо - ставка туткун - пленник келишим - договор жашыруун - секретно буйрук берет - приказывает көзөмөл - контроль чыцдалышы - укрепление аракет жасаган - пытался ээлик - владение таасири - влияние кадыр-баркы - авторитет Мекен - Родина

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Мухаммед Кыргыз ким болгон?

  2. Мухаммед Кыргыз жөнундө дагы кандай маалыматтарды билесицер?

  3. Мухаммед Кыргыздын жургузгөн тышкы саясаты кандай болгон?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окугандан кийин, жаңы сөздөрдү жазгыла.

  2. Зат атооч сөздөрдү көчүрүп жазып, грамматикалык кате- горияларын аныктагыла.

  3. Текстке суроолуу сүйлөмдөрдү түзгүлө.

КУБАТ БИЙ

(Туулган, өлгөн жылдары белгисиз)

Кубат мырза - саясий ишмер, XVIII кылымдын экин- чи жарымында Фергана өрөөнүндө жашаган кыргыз уруу- ларынын аскер башчысы жана жетекчиси.

Кокон башкаруучусу Абд-аль-Каримдин тушунда кыр­гыз аскерлерин жетектеп, Кокон хандыгы менен союз түзүп, жунгар баскынчыларына каршы күрөшүүгө бирге- лешип аракет кылышкан. Биргелешкен аракеттин натый- жасында душмандар Фергана өрөөнүнөн куулуп таштал- ган. Хан тактысына барган Эрдене бий Оро-Төбөнү ээлеп алуу үчүн, кыргыз бийлери менен жакын альянс түзүүнү көздөгөн. Бул кырдаалда негизги күч Кубат бийге түшкөн. Тарыхый булактарда жазылгандай Кубат бийди «Кыргыз- дардын падышасы» деп аташкан, ал «жеке өзү гана бий- леген башкаруучу катары өзүнүн кызыкчылыгы үчүн ким менен достук мамиледе болуу керек, ким менен мамилени токтотуш керек» экендигин аныктаган.

Кытайдын императору, Кокон ханы дагы Кубат бий- дин ой пикирлери менен эсептешишкен. 1855-жылы Каш- кардан Жусуп-Кожонун чакыруусу менен жүрүп жаткан Цинь империясына каршы боштондук күрөшкө Кубат бий аскерлери менен Чыгыш Түркстанга кетет.

Кубат бийдин андан кийинки тагдыры белгисиз.

Сөздөр

саясий ишмер - политический деятель

өрөөн - долина

аскер башчысы - полководец

жетекчи - руководитель

биргелешкен - совместный

ээлеп алуу - завоевать

такты - трон

аныктаган - определил

эсептешкен - считался

чакыруусу менен - по приглашению

боштондук үчүн күрөш - борьба за свободу

түзүү - создать

негизги - основной

кызыкчылык - интерес

токтотуу - остановить

белгисиз - неизвестно

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Кубат бийдин саясий көз караштары кандай болгон?

  2. Кубат бий жашаган тарыхый доорду сүрөттөп бергиле.

  3. Кубат бийдин стратегиялык көз караштары кандай болгон?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окугула жана которгула.

  2. Тексттеги этиш сөздөрдү көчүрүп жазып, грамматикалык категорияларын аныктагыла.

  3. Текстке суроолуу сүйлөмдөрдү түзгүлө.

АТАКЕ БААТЫ1Р

(туулган, өлгөн жылдары белгисиз)

XVIII кылымда кыргыз урууларынын саясий байла- ныштарынын жоктугунан биргелешкен тышкы саясатты ишке ашырууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Уруулардын дайыма ички келишпестиктеринен аларга дайым тышкы душмандар тарабынан коркунуч туулган. Ойротторду жең- генден кийин Цинь империясы, казак султандары XVIII кылымдын акырында түндүк Кыргызстанды кыса баш- ташкан. Мындай абал кыргыз бийлерин Россия империя­сы менен мамиле түзүүгө түрткөн.

Россия менен мамиле түзүп гана, алардын колдоосу менен өз бийликтерин жана өз алдынчалыгын сактап ка- лаарын түшүнүшкөн.

Алгачкылардан болуп Россия менен саясий мамиле түзүүгө Атаке баатыр аракет кылган.

Атаке баатыр XVIII кылымдагы Түндүк кыргыздар- дын белгилүү саясий ишмери, сарыбагыш уруусунан чык- кан. Өз мезгилинин кайталангыс инсаны болгон, акыл- дуу, кыраакы, тажрыйбалуу, эл ичинде кадыр-баркы да чоң болгон. Бетинин төмөнкү бөлүгүндө дефект (кемчи- лик) болгондуктан, ал жерди таңгыч менен жаап жүргөн. Атаке баатыр Россия менен мамиле түзүү менен өз ал- дынчалыгын сактап калаарын терең түшүнгөн. Өзүнө баш ийген кыргыздардан Россиянын борбору Санкт-Петербург- га алгачкы элчиликти жиберген. Алгачкы элчилер болуп Абдрахман Кучаков жана Шергазы тандалган. Абдрах- мандын чыныгы аты Карыганбай, 1739-жылы туулган. XVIII кылымдын биринчи жарымында Намангандын ай- ланасында жашаган кыргыздардан чыккан. Ойротторду (жуңгар) Цинь империясы менен жеңип алгандан кийин, алар менен кошо Абдрахман эки жүзгө жакын үй-бүлө Сибирге качып, орустардын карамагына өтүшкөн. Кийин Астрахань губерниясында жашашкан. 1770-жылы Абд­рахман Кучаков өзүнө баш ийген кыргыздар менен Меке- нине кайтып келип, 1780-жылдан баштап Атаке баатыр- га кызмат кылган. Россиядан кайта келишкенде Чүй, Ке- минге отурукташышкан. Ошондуктан Атаке баатыр Рос- сияда жашап, тилин, нравасын билген Абдрахман Куча- ковду биринчи элчиликтин жетекчиси кылып шайлаган. Экинчи элчи Шергазы Атаке баатырдын ишенимдүү ада­мы болгон.

1785-жылы 23-августта Омскиге келген. Кыргыз элчи- лери Сибирь генерал-губернаторуна Екатерина Иге жазыл- ган Атаке баатырдын катын беришип, ханышага салтка ылайык үч илбирстин, беш сүлөөсүндүн терисин тартуу- лашкан. Генерал-губернаторго эки күлүк ат тартуу кы- лышкан. Кыргыз делегациясы 1785-жылы 29-декабрда Пе- тербургга келишип, аларды Екатерина II 1786-жылы 15- мартта гана кабыл алган. Күткөн аудиенция (жогорку мам- лекеттик кызматта турган адамды официалдуу кабыл алуу) да болуп өткөн. Делегациянын жетекчисинин оорусуна бай- ланыштуу 1788-жылы 14-сентябрда жолго чыгышкан.

Биринчи элчилер оор кыйынчылыктарды жеңип, өз мил- деттерин ийгиликтүү аткарышкан. Бирок туруктуу бай- ланыш түзүлбөгөнү менен, кийинки дипломатиялык ма- милелердин түзүлүшүнө биринчи кадам жасалган. Орус маалыматтарында Атаке баатыр князь деп эскерилет.

Сөздөр

саясий - политический

байланыш - связь

мүмкүнчүлүк - возможность

келишпестиктер - разногласия

колдоо - поддержка

бийлик - власть

өз алдынчалык - суверенность

сактап калуу - сохранить

кайталангыс - неповторимый

тажрыйбалуу - опытный

алгачкы - ранний, первый

элчи - посол

кайтып келген - вернулся

кызмат кылган - служил

ишенимдүү - верный

салтка ылайык - по традиции

сүлөөсүн - рысь

күлүк - скакун

илбирс - снежный барс

кыйынчылыктар - трудности

ийгиликтүү - успешный

эскерилет - упоминается

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Атаке баатырдын саясий кадамдарынын актуалдуулугу жөнүндө айтып бергиле.

  2. Атаке баатыр Россияга жиберген элчилердин саясий мис- сиясы кандай болгон.

  3. Силер билген кыргыздын мыкты элчилери жөнүндө айтып бергиле.

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окугандан кийин сын атооч сөздөрдү көчүрүп жа- зып, аныктагыла.

  2. Сын атооч сөздөр менен сүйлөм түзгүлө.

  3. Текстке суроолуу сүйлөмдөрдү түзгүлө.

БОРОМБАЙ БИЙ

(Туулган жылы белгисиз, 1858-жылы өлгөн)

Боромбай Бекмурат уулу - бугу уруусунун баш мана- бы, кыраакы саясатчы. Ал Кытай, Кокон хандыгы менен эбин таап мамиле жасай билген. Цинь башкаруучусу аны өз тарабына тартуу үчүн Кытай империясынын чинов- никтер катмарынын жогорку тобуна кирүүнү билдирүүчү белгилерди-символдорду: шарча жана баш кийимге сайып коё турган куштун бир тал канатын берип жиберет. Ко­кон хандыгы да мамиле түзүүгө аракет жасаган. Бирок Боромбай баатыр стратег болгон. Ал өзү эли үчүн ыңгай- луу багытты тандай билген. Боромбай баатырдын көз ка- рашы боюнча, ошол кездеги конкреттүү тарыхый шарт- тарда кыргыздарга Россия гана иштиктүү жардам көрсө- түп, касташкан коңшуларынын кол салуусунан коргоону камсыз кыларын, ич ара уруу согуштарын, чыр-чатакта- рын басууга жана жараштырууга жөндөмдүү экенин түшүнгөн. Көптү көргөн, көптү билген адам катары ал элинин мүдөөсүн түшүнгөн. Эл ичиндеги кадыр-баркы, уку- гу элинин мүдөөсүн канчалык даражада иш жүзүнө ашы- ра ала тургандыгына байланыштуу болорун жакшы бил­ген. Ошол себептен да Боромбай баатыр Россияга кошу- лууну чечкиндүү түрдө жактаган.

Кыргыз элинин Россияга кошулуу процесси чоң тары­хый мааниси бар окуя болгон. XIX кылымдын 50-70- жылдары бул процесс жеңил өткөн эмес, кээ бир убакта кайгылуу окуялар менен коштолуп, жыйынтыгында кыр- гыздардын тарыхый тагдыры үчүн оң мааниге ээ болгон. Бугу манабы Боромбай 1844-жылы Батыш Сибирь гене- рал-губернаторуна кандуу ич ара тартыштардан куткаруу- чу күчтүү колдоочуга умтуларын айтып, Ысык-Көлгө шаар куруп, согуштук отряд жиберүүсүн өтүнүп кат жазат. Бо- ромбай баатыр Россия аркылуу гана кыргыз жеринде тынчтык өкүм сүрөрүнө ишенет. Орус бийликтери бугу манабынын өтүнүчүнө тилектештик мамилесин билдириш- кен. Бирок кыргыздардын ич ара чатактарына кийлигиш- килери келген эмес. 1853-жылы сентябрда Ысык-Көл кыр- гыздары дагы бир жолу Батыш Сибирь генерал-губерна- торуна кат жөнөтүшөт. Кайрылуунун демилгечиси Бором- бай баатыр болгон.

Омскиге кыргыз өкүлдөрүн чакырып, орус императо- руна салтанаттуу түрдө ант берүү жолу менен кыргыз­дардын өтүнүчү канааттандырылганы Санкт-Петербург- дан келген көрсөтмөдө берилген.

  1. жылы 26-сентябрда манап Качыбек Шералин ба- шында турган бугу уруусунун элчилери Батыш Сибирь генерал-губернаторлугунун борбору Омск шаарында бо- лушкан.

  2. жылы 17-январда Омскиде өз элинин ишенимдүү жана ыйгарымдуу өкүлү, бугу уруусунун манабы Качы­бек Шералин ыйык куран алдында ант берген. Саясий окуяга катышкандар антты бекитип, кол коюшкан. Бул өзүнчө бир чоң саясий окуя болгон. Ысык-Көл кыргызда- рынын Россияга кошулушу бугу уруусунун манаптары- нын, бийлеринин жана башка уруу башчыларынын, акса- калдарынын ишенимдүү адамы - капитан Качыбек Ше­ралин тарабынан кагазга жазылган ант түрүндө биринчи жолу официалдуу жарыяланып, юридикалык жактан бе- китилген.

Сөздөр

саясатчы - политик

мамиле - отношение

өз тарабына - в свою сторону

аракет кылган - старался

ыцгайлуу - удобно

багыт - направление

көз караш - взгляд

тарыхый шарт - историческое условие

жардам - помощь

коргоо - защита

камсыз кылуу - обеспечить жөндөмдүү - способный түшүнгөн - понимал мүдөө - интерес чечкиндүү - решительный тарыхый мааниси - историческое значение жыйынтыгында - в итоге тарыхый тагдыры - историческая судьба тынчтык - мир ишенет - верит өтүнүч - просьба кийлигишүү - вмешательство демилгечиси - инициатор салтанаттуу - торжественно көрсөтмө - указание

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Боромбай бий жашаган мезгилде кыргыз эли кандай сая- сий окуяларды башынан кечирген?

  2. Боромбай бий кандай саясат жүргүзгөн?

  3. Боромбай бийдин саясий көз карашын айтып бергиле.

  4. Боромбай бий жөнүндө дагы кандай тарыхый маалымат- тарды билесицер, жазып келгиле.

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окугула жана которгула.

  2. Илик жөндөмөсү менен бүткөн сөздөрдү тапкыла жана сүйлөм түзгүлө.

  3. Текстке карата суроолуу сүйлөмдөрдү түзгүлө.

ОРМОН ХАН

(1791 - 1854)

Ормон Ниязбек уулу - сарыбагыш уруусунан чыккан манап. Түндүк кыргыздарды бириктирип, өз алдынча хан- дык түзүү үчүн активдүү ишмердүүлүгүн жүргүзгөн.

Ал мезгилде Кыргызстан Кокон хандыгынын курамын- да болгон. Кокон хандыгы Кыргызстандын аймагын көзөмөлдөө максатында чептерди курдуртуп, анда турган аскер жана башкаруучулардын жардамы менен кыргыз урууларынан салык алып турган. Кокон хандыгы Ормон ханга парванчы деген чин ыйгарса да, түндүк кыргыздар- ды оз алдынча башкаруу саясатына умтулган. Ушул мак- сатта Чүй, Ысык-Кол, Нарын, Ат-Башы, Жумгал жана Кетмен-Төбө аймактарында жашаган кыргыз уруулары- нын башчыларын Ысык-Көлдүн батыш жээги Кызыл-То- кой деген жерге чогултуп, 1843-жылы курултай өткөрөт. Курултайдагы негизги маселе - түндүк Кыргызстан айма- гында Кокон жана Бухара хандыктарына баш ийбеген, оз алдынча, кыргыз хандыгын түзүү жана хандыкты баш­каруу үчүн ханды шайлоо эле.

Бугу, солто, саяк, азык, сарыбагыш, моңолдор, черик, урууларынын өкүлдөрү Ормон Ниязбек уулун көчмөн эл- дердин салтына ылайык, ак кийизге салышып, хан көтө- рүшөт. Мамлекеттик символдор - туу, хандык белгини билдирген кызыл тебетей, мөөр кабыл алынат. Хандык­ты башкарууда өзүнө кеңешчилерди, аскер кошуун баш­чыларын, элчилерди, уруу бийлерин жана хандын кооп- суздугун камсыз кылууга жеке аскерлерин дайындайт. Жаңыдан түптөлүп жаткан хандыкка 1846-1847-жылда- ры казак султаны Кененсары Касымов чоң коркунуч туу- дурган. Токмоктун жанындагы Кекилик-Сеңирде өткөн чечүүчү салгылашууда, душмандын сан жагынан артык- чылыгына карабастан, айлакерлик менен баскынчылар- ды жеңилүүгө дуушар кылышат. Кененсары хан баш бол­гон жыйырмадай казак султандары колго түшөт.

Бирок бугу уруусу Ормон ханды хан катары тааныган эмес. 1854-жылы Ормон хан каза болуп, сөөгү Ысык- Көлдүн түндүгүндөгү Кичи Ак-Суунун этегиндеги өзүнүн конушуна жакын жерге коюлган.

Сөздөр
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   37


написать администратору сайта