Главная страница
Навигация по странице:

  • Текстке чейинки тапшырма.

  • Сөздөр Куттуу билим

  • Сөздөр түштүк

  • Тексттен кийинки тапшырма.

  • Сөздөр саламаттык сактоо

  • управление. кыргязкнига. Тилим менин


    Скачать 1.09 Mb.
    НазваниеТилим менин
    Анкоруправление
    Дата25.10.2022
    Размер1.09 Mb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлакыргязкнига.docx
    ТипДокументы
    #753082
    страница14 из 37
    1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   ...   37

    илим - наука

    окумуштуулар - учёные

    чыгармачылыгы - творчество

    өнүгүшү - развитие

    мекеме - учреждение

    негизделген - основался

    табигый - естественный

    изилдөө - исследование

    суу чарбасы - водное хозяйство

    ботаника багы - ботанический сад

    маданият - культура

    илимий кызматкер - научный сотрудник

    ардактуу - почетный

    шайлаигаи - избрался

    негиздөөчүсү - основоположник

    жетектеп келет - руководить камсыздоо - обеспечение

    саясий абал - полтическое положение

    өзгөрүүлөр - изменение

    калыптануу - восстановление

    өкмөт - правительство

    биригүү - объединение

    багыттар - направлений

    Тексттен кийинки тапшырма

    1. Кыргыз илимдер академиясы качан негизделген жана ую- шулган?

    2. Анын курамына кандай институттар, секторлор жана ла- бораториялар кирген?

    3. Академиянын негиздөөчүсү жана биринчи төрагасы ким болгон?

    4. Биринчи президенти ким болгон?

    5. Илимдер академиясы ачылган күндөрү канча илимдин док­тору, кандидаты жана илимий кызматкерлери иштеген?

    6. «Улуттук илимдер академиясы» деген статусту качан ал- ган?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти туура окуп, которгула.

    2. Созулма үндүү катышкан сөздөрдү таап, жазылышын эсиңер- ге сактагыла.

    3. Кыргыз тилинде канча үндүү тыбыш бар?

    ЖУСУП БАЛАСАГЫН

    Улуу акын, философ, түрк сөзүнүн улуу устаты, илим- поз, ойчул жана мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын Чүй аймагындагы бир кездерде Карахандыктар ордо кы- лып турган Баласагын шаарында болжол менен 1015- 1018-жылдардын аралыгында туулган.

    Өз доорунда мыкты билим алган окумуштуу араб, фар­сы, тажик тилдерин өздөштүрүп, көркөм адабият, тарых, философия, астрономия, геометрия, география, химия, физика жана башка илимдерди терең үйрөнгөн, далай жаңы ачылыштарды жасап, аны калың эл арасында жа- йылткан. Өзгөчө өз эне тилин өтө сүйүп, кадырлап, ал тилде орто кылымдарда биринчи болуп дастан жазган.

    Кыргыздардын эң башкы түрк тилдеринде сүйлөгөн элдердин жазма адабияты Жусуп Баласагындан башта- лат. Ал дүйнөлүк тарыхта түрк тилдериндеги адабият- тын негиз салуучусу, баштоочусу болгон.

    Учурунда Бухарадан кенен жерди ээлеген көркөм има- раттуу, бийик мунаралуу, медреселүү, калкы негизинен түрк тилдеринде сүйлөгөн Баласагын шаарында чоңойгон Жусуп жаратылышы кооз аймакты жердеп, сөз өнөрүн өнүктүрүп, улуулардын тиричилигин, кулк-мүнөзүн, ти­лин, дилин, рухий маданиятын, өзүнүн атын чыгарган «Кут алчу билим» дастанында чагылдырган. Ал «Кут алчу билимди» ошол мезгилде илим-билимдин борбору болгон Кашгар шаарында 18 айдын ичинде жазып бүткөн. Ошол кездин салты боюнча Кашкар шаарынын башкаруучусу Тавгач Богра- Абу-Хасанга тартуулайт. Богра кан (кыр- гызча Бууракан) Чыгыш жана Батыш Түркстандагы Ка- ракан мамлекетинде династиялык титул болгон. Ал эми Каракан деген ат да байыркы тилдеринде өтө күчтүү, ку- баттуу хан деген мааниде айтылган.

    Богра хан Жусуптун терең мазмундуу дастанын окуп чыгып, алкыш иретинде ага «Улуг Хас-Хаджаб» деген наам берет. Бул хан мыйзамында кызмат өтөгөн кадыр- ман адамдарга берилүүчү караханийлик жогорку даража болгон.

    Жусуп бул тартуусу жөнүндө мындай деп жазган:

    Тартуунун алгандырсың жүзүн, миңин «Кут алчу билим» сага тартуум менин. Белектин баары бүтөт, жок да арга Мен берген түтөт, турат кылымдарга.

    Өзүнүн улуулугу менен ааламдын булуң-бурчуна бел- гилүү болгон бул дастанды ирандыктар «Шах китеби» деп аташса, араб өлкөсүндө «Өкүмдардын зыйнаты», Кытай- да «Мамлекет түркүгү», турандыктар «Куттуу билим», ал эми айрым жерлерде «Өкүмдарларга осуят китеби» деп аташкан. Ал эми археологдор тарабынан монголдор Рос- сияны басып турган кезде (13-15-кк.) «Алтын Ордодо» Батыйхандын китеп текчесинде «Кутадгу билигдин» бол- гондугу аныкталган.

    Орто Азия жана Чыгыш Түркстанда жашаган уруула- рынын орток адабий мурас «Кутадгу билигдин» азыр үч көчүрмө нускасы белгилүү. Биринчиси, 1439-жылы Ге­рат шаарында (түндүк Афганистанда) уйгур жазмасы ме­нен (азыр Вена шаарында сакталууда), экинчиси 14-кы- лымдын биринчи жарымында араб жазмасы менен даяр- далса, үчүнчү эң байыркы Наманган жана Каир нускасы араб жазмасы менен көчүрүлгөн.

    «Кутадгу билигдин» жалпы көлөмү 13444 сапты түзөт.

    Китепте өлкөнү кантип башкаруу, кандайча туура са- ясат жүргүзүү керектиги жөнүндө бай, тарыхый, этно- графиялык, лингвистикалык, социологиялык жана баш­ка энциклопедиялык маалыматтар камтылган.

    Ошентип, улуу бабабыз Жусуп Баласагындын «Кутад- гу билигин» кыргыздын Карахан мамлекетинин башка- руусуна атайы белек катары тартуулашы да кокусунан эмес. Анткени жаңыдан түптөлүп келе жаткан феодал- дык мамлекеттин башкаруусуна өлкөнү бийлөөнүн жол- жобосун көрсөткөн, карапайым эл менен болгон мамиле, элдин муктаждыгын, мүдөөсүн, жашоо-шартын жакшыр- туунун жолдору, коңшулаш өлкөлөр менен болгон байла- нышы жөнүндө маалымат берип, жаңы жолго баштоого багытталган.

    Жусуп Баласагындын көз карашынын калыптанышы- на ар кайсы элдин ар кыл маданияты, улуу ойчул-фило- софтор: Аль Фараби, Беруни, Ибн Сина өңдүү Орто Азия- нын жана байыркы грек ойчулдары Аристотель, Платон- дордун таасирлери чоң болгондуктан, анын чыгармасы Батыш менен Чыгыштын араб, фарсы жана түрк элдери- нин маданиятынын, адеп-ахлагынын, каада-салттарынын, диний-ишенимдеринин, илим-билиминин синтезинен жа- ралган дастандын улуулугу, түбөлүктүүлүгү ошондо бол- со керек.

    Жусуп Баласагын бул дастанын «Куттуу билим» деп атаганы түрк калкынын ишениминдеги бардык жакшы- лыктын жышааны ушул КУТ - Куттуулуктун касиети аны ынандырган. Акын жашоо тиричилигин жаратылыш ме­нен байланыштырган көчмөн элдердин баамындагы жан- дуу сөз сыпаты КУТ экендигин мындайча баяндаган.

    Кары сөзүн айтылган капка сакта, Кары сөзү алтын да сырын ачса, Кут бир келет - бакпасаң кетип калат, Бак бир конот, үйлөсөң өчүп калат.

    Ушундан улам: «Бактысыздан кут качат», «Куттуу үйдө шам жанат», «Кут - билимге эшик ачат» деген эл оозунда айтылган макал-лакаптар айтылып калган.

    Ошентип, «Куттуу билим» дастаны аркылуу өзүнүн түбөлүк эстелигин калтырып кеткен Жусуп Баласагынды орто кылым доорундагы көркөм ой- жүгүртүүнүн өзгөчө бийиктигин аныктаган сөз устаты деп баалоого мил- деттүүбүз.

    КУТ БИЛИМ

    Айткым келди, о акылман, сөз жайын, Өнөргө ээ болосуң окуу менен, Окуу, билим пайдасынан баштайын. Аз болсо да билимде пайда кенен Окуу - түндө алдыңдагы шам чырак, Торт нерсе бар көлөмү аз, күчү көп, Билим алсаң маңдай ачык жаркырап. Даанышмандар алданба дейт, азга деп Окуу, билим коп нерсеге жеткирет, Алардын бири - жалын, бири - душман Бул экөөнөн урмат-сыйды көп көрөт. Үчүнчү - көр тирилик сени туткан. Сокур дешет билимсизди жөн дебе, Мындан башка дагы бири - ал билим, Окуу гана жарык чачат дүйнөгө! Ара көрбө бул төртөөнүн эч бирин. Мыйзам барда, элде бейпил жашоо бар, Буларда эки жактуу натыйжа бар: Анын аты кылымдарга даңкталар. Белгисиз жакшылык же кайгыбы алар: «Билим менен, - деп айтыптыр акылман, Даңк, байлыкка жеткирет илим деген, Күнөөкөр да тозокто оттон кутулган!» А билим байлык каткан казынага тең. Ана бобок жашы толуп жете элек, Билимдин жыпар менен мааниси окшош, Окуш үчүн кантип калам которот. Экөөнү өзгөлөрдөн катып болбос,

    Болсо эгер ал билимдүү карыган чал, Жыпарды канча катсаң дагы жыты чыгат, Унут болор алган билим, дени шал. Билимди айткан сөзүн дайын кылат. Кеңкелести ким эсепке алуучу, Билим - байлык, четин эмес, кыпынын Өлүм болот андайлардын дарысы. Эң айлакер ууру алалбайт, мунум чын. Сен сурасаң түркөй кандай жандар - деп, Акыл, билим окшош болот кишенге, Айтаар элем: оозго алып не керек? Түшсөң эгер чыгамын деп ишенбе. Билимдүүнүн иши дагы салмактуу, Жанга жакын күлүк атты минерде. А түркөйлөр майда, жеңил, камгак бу. Жатка бербей кармап турат чидерде. Бул тууралуу эл ичинде деп коёт: «Тушоолуу ат алыс кетпейт, жаныңда, Ойсуз, наадан, намыстан да кур болот». Ээсин күтөт, эркин өтөйт маалында. Байкап көрсөң калети жок бул сөз ак, Билим болсо жан кыйышпас дос саган Илим-билим алган адам акыйкат. Илим болсо кесиптешиң, кошунаң. Кимде ким окуй билсе, олжо табар, Илим, билим түркөй жанга алыс, жат. Кимде ким билим алса бек аталар. Соо жүрсө да эки кырсык жабышат! Акылы бар адамдар асыл делет, Бул тууралуу түрктөрдө макал бар, Билим күчү бектерге өтө керек. Аны угуп, көкүрөккө түйүп ал: «Адамдар ар нерсеге жетиш үчүн, Илимдүүгө окуу - жолдош, бир тууган. Түркөй айдайт кулагынын сыртынан. Жумшаган колдун күчүн, илим күчүн.

    Билимдүүгө окуу - кийим, аш болот, Акылдуу, илимдүүлөр асыл жандар, Билимсиздер - ушак менен дос болот!» Билим менен бек күчү ишке ашар. О, билимдүү! Ачууңа сен жеңдирбе! Жеткирди миң-миңдеген ачылышка. О, акылдуу! Сыймыгыңды бүлдүрбө! Сага даңк илим күчү урмат сага! Каар менен, ачуу менен иш кылба, Майнабы жок өкүнүч ал миң жылга.

    Сөздөр

    Куттуу билим - благодатное знание улуу - великий устат - наставник мамлекеттик ишмер - государственный деятель ойчул - мыслитель болжол менен - приблизительно өздөштүргөн - усвоил жацы ачылыш - новое открытие жаратылыш - природа кулк-мүнөз - характер наам - титул көз караш - взгляд башкаруу - упрявлять маалыматтар - сведения

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Жусуп Баласагын ким болгон?

    2. Анын атын дүйнөгө таанымал кылган кайсы дастанын би- лесиңер?

    3. Кашкардын ханы ага кандай наамды ыйгарган?

    4. «Кутадгу билиг» кандай чыгарма болуп эсептелет?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, орус тилине которгула.

    2. Э жана е тамгасынын создун кайсы учурларында келээрин тексттен белгилеп, түшүндургүлө.

    3. Үндүү тыбыштардын эриндин катышына карай бөлүнүшүн айтып бергиле.

    МАХМУД КАШГАРИ

    Окумуштуу-филолог, энциклопедист Махмуд Кашга- ри (өзүнүн аты Махмуд ибн Хусейн Мухаммад) 1029-жылы Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Барскан деген орто кы- лымдык шаарда (азыркы Барскоон) төрөлгөн. Анын ата­сы Хусейин ибн Мухаммад Ибн Йусуф Кадыр хан Ысык- Көлдүн тескейиндеги Барскан шаарын жана дубанды бий- леген бек болгон жана ал бир нече жолку жортуулунда Мавереннахр шаарын каратып алган. Ал Кашкарга көчүп келгенден кийин Махмуд төрөлгөн.

    Караханид каганынын үй-бүлөсүнүн карамагында чо- цойгон Махмуд Кашгари өз доорунун философ, тилчи, та- рыхчы, географ, диниятчы жана башка акылмандарынын баа жеткис эмгектери менен тааныш болгон жана илимий децгээлди мыкты өздөштүрүп, түркий, фарсы, араб тил- дерин илимпоз катары үйрөнгөн. Ал араб тамгасынан баш­ка чыгыш түрктөрүнүн орток жазмасын да жакшы өздөш- түргөн. Алгач Түштүк Алтай уруусунда негизделген бул жазма мезгил сүрүштүрө Борбордук Азиядагы түркий эл- дерде колдоого арзыган.

    Анын 11-кылымдын 70-жылдарына чейин жазган эки гана эмгеги бизге жеткен: Биринчи чыгармасы «Диван лугат ат-түрк» («Түркий тилдер сөз жыйнагы») жана экин- чиси, түрк грамматикасы боюнча жазган «Жавахир ан- нахв фи лугат ат-түрк» («Түркий тилдер синтаксисинин көөхарлары»). «Түркий тилдер сөз жыйнагынын» 1266- жылы Мухаммед ибн Абу-л-Фахт ас-Сави ад-Димашкы та- рабынан даярдалган көчүрмөсү азыр Стамбулдагы Улут- тук Жалпы китепкананын Али Эмири фондусунда сакта- лып турат.

    Махмуд Кашгари саякатка чыккан учурда турк уруу- ларынын тилинин диалектикасын, тарыхый баяндарын, легендаларын, калтырган мурастарын кылдаттык менен жазып отурган. Өзунун чыгармасын аскердик-саясий сис- темада турк урууларынан чыккандар ошол мезгилде не- гизги позицияны ээлеген. Араб халифатынын башкаруу- чусуна арнаган. Ал «Сөз жыйнактын» кириш бөлумундө: «Ушул китебимди, Алла Тааланын көмөгун көксөө ме­нен, тубөлуккө эстелсин да, өчпөс издей чектелсин деп жазып буттум, ага «Диван лугат ат-турк» деген атты тут- тум», - деп жазган. «Диванында» Махмуд Кашгари Те- ңир-Тоонун башка чөлкөмдөру тууралуу да көп маалы- маттарды калтырган. Бирок биринчи орунга Ысык-Көлду коюп, өзу чийген дуйнөнун тегерек картасында дуйнөнун чордону катары Ысык-Көлду көрсөтуп, жанындагы шаар- лардын арасында бир гана калаанын - көл боюндагы ду- бандык элдин саясий жана маданий борбору болгон Барс- кандын (азыркы Барскоон) атын даана жазган.

    Кашгар жана Ысык-Көл чөлкөмдөру караханийлер доорунда «Ханания өлкөсу» деген атта таанымал болгон- дугун маалымдайт.

    Академик А. Н. Кононов мындай деп белгилеген: «Ди- ваний лугат ат-турк» (туркий тилдер сөз жыйнагы) аттуу эмгегинде 11-кылымдагы турк элдеринин жашоосу жана алардын материалдык маданиятынын жашоо чөйрөсундө колдонгон буюм-тайым эмгектери, санжырасы, урук ата- лыштары, ар кандай кызматтык ээлердин наамдары, та- мак-аш, уй жана жапайы жаныбарлар менен канаттуу куштардын аталыштардын, чарбачылык терминдери, гео- графиялык терминология жана номенклатурасы, шаар- лар жана дары-дармектердин аталыштары жана башка- ларды камтыган, ошондой эле хакандык турктөр, турк- мөндөр, огуз, йагма, чигил кыргыздар тууралуу баа жет- кис лингвистикалык, тарыхый маалыматтарды биздин заманга жеткирип берген жалгыз гана маалымат булагы болуп эсептелет».

    Ал эми Махмуд Кашгари өзунун эмгеги тууралуу мындайча мунөздөмө берген: «Мен көп жылдар бою турк, түркмөн, огуз, чигил, ягма кыргыздардын калааларын жана талааларын изилдедим, алардын тилдерин жана накыл сөздөрүн зээнге туттум, аларды алфавиттик ирет- те түздүм макал-лакаптар, ырлар жана проза үзүндүлөрү менен кооздодум, татаалды жеңилдеттим, белгисизди аныктадым».

    Махмуд Кашгаринин «Диваний лугат ат-түрк» орто кылымдагы түрк элдеринин жашоосу жөнүндөгү чыныгы энциклопедия болуп саналат. Бул эмгегинде алгачкылар- дан болуп, белгилүү өлчөмдө «Огуз» уругунун түзүлүшү жөнүндө баяндалып, «Александр Македонскийдин доору- на чейин камтылган. Ошондой эле бул эмгекте уникалдуу дүйнөлүк карта камтылган».

    Сөздөр

    түштүк - юг

    жээгиндеги - на берегу

    орто кылымдык - средневековой бийлеген (башкарган) - упрявлял жортуул - шествие тилчи - языковед тарыхчы - историк

    баа жеткис - неоценимый үйрөнгөн - научился мурас - наследие чийген - начертил макал - пословица лакап - поговорка

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Махмуд Кашгари ким болгон?

    2. Махмуд Кашгари канчанчы кылымда жашаган жана кай­да төрөлгөн?

    3. Түрк элдеринин жашоосу, салт-санаасы, маданияты, гео- графиясы жана тарыхы жөнүндө жазган чыгармасы кайсы?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, которгула, кыскача түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле.

    2. Тексттен үндүүлөрдүн үндөшүү законуна көңүл бөлгүлө.

    3. Кыргыз тилине башка тилдерден кирген сөздөр сингармо­низм законуна баш иеби?

    ИСА АХУНБАЕВ

    Хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор (1940-жылы), СССР медицина илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти (1948-жылы), Кыргыз ССР илимдер академиясынын академиги (1954-ж.) жана тунгуч прези­дента (1954-60-жж.) Иса Коноевич Ахунбаев 1908-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл областынын Тору-Айгыр айылын- да туулган. 1935-жылы Ташкенттеги Орто Азия медици- налык институтун бүтүргөндөн кийин Кыргыз ССР сала- маттык сактоо эл комиссарынын орун басары, Фрунзе шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн ординато­ру, КММИнин жалпы хирургия кафедрасынын ассистен­та болуп иштейт. Бул 1935-1941-жылдар эле. Ал эми 1947-жылдан өмүрүнүн акырына чейин КММИнин жал­пы хирургия кафедрасынын башчысы, директору (1948- 52-ж.) болду.

    И. К. Ахунбаевдин илимий изилдөөлөрү, негизинен, балдардын сокур ичеги, эндемиялык богок, эхинококкоз, шок жана жүрөк ооруларына арналган. Шок боюнча жаз- ган монографиялары үчүн 1970-жылы Кыргыз ССРинин илим боюнча Мамлекеттик сыйлыгына арзыган.

    Анын демилгеси жана жетекчилиги менен 1959-жылы борбор шаарыбыздагы республикалык клиникалык оору- канада көкүрөк хирургия бөлүмү уюштурулган.

    Таланттуу хирург 170тен ашуун илимий эмгектин ав­тору. Анын 120дан ашыгы медициналык, калганы тары- хый, илимий уюштуруу жана саясий маселелерге арнал­ган. Ошондой эле илимдин 28 кандидатын, 5 докторун даярдаган.

    И. Ахунбаев бир нече ирет эл аралык илимий жана коомдук форумдарга, анын ичинен 4 жолу хирургиялык конгресске катышкан. Австрия, Франция, Индия, Греция, Канада ж. б. мамлекеттерге барыш, илимий докладдарды окуган. Эл Аралык жана СССРдин хирургиялык, эндокри- нологиялык коомдорунун башкармасынын жана ар кан- дай медициналык журналдардын редакциялык советтерине КСЭнин башкы редакциясына мүчө жана БМЭнин (Боль­шая медицинская Энциклопедия) 2-3-басылышынын хи­рургия бөлүмүнүн редакторлорунун бири болгон.

    Чыгыш дарыгерлеринин ичинен биринчи болуп жү- рөккө операция жасап, кыргыз медицинасынын тарыхы- нын жацы барагын ачкан хирург - И. К. Ахунбаевдин көп жылдык талыкпаган эмгеги, такай изденүүсү жана чыгармачыл демилгеси эли менен өкмөт тарабынан жо- гору бааланып, 1946-жылы саламаттык сактоонун отлич- ниги, 1945-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сицирген дары- гери, 1972-жылы Кыргызстандын илимге эмгек сицирген ишмери деген наамдарга татыктуу болуп, Ленин, Октябрь революциясы жана «Эмгек Кызыл Туу», үч «Ардак бел- гиси» ордендери жана медалдары менен сыйланган.

    И. К. Ахунбаев 1975-жылы 5-январда дүйнөдөн кай- тып, сөөгү Фрунзе (Бишкек) шаарына коюлган.

    Окумуштуунун ысымын түбөлүккө калтыруу макса- тында атайын токтом кабыл алынып, борбор калаабыз- дын көчөсүнө, өзү иштеген ооруканага анын ысымы бе- рилген.

    2008-жылы 100 жылдык юбилейине карата шаары- быздагы медициналык академиянын алдына анын айке- ли тургузулду жана ушул окуу жайына ысымы берилди.

    Сөздөр

    саламаттык сактоо - здравоохранение эл комиссары - народный комиссариат орун басар - заместитель
    1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   ...   37


    написать администратору сайта