управление. кыргязкнига. Тилим менин
Скачать 1.09 Mb.
|
бийчилик жөндөмү - танцевальная способность ар кыл - разный сулуулук - красота назиктик - нежность шаттык - веселье айкел - скульптура башында - во главе Тексттен кийинки тапшырма. Бүбүсара Бейшеналиева ким болгон? Бүбүсара Бейшеналиева билимди кайдан алган? Ал кандай образдарды жараткан? Белгилүү балерина кандай наамдарды жана сыйлыктарды алган? Текстке чейинки тапшырма. Текстти которуп, түшүнбөгөн сөздөрдү жазып маанисин чечмелегиле. Таандыкты билдирген сөздөрдү таап, кайсы жак экенди- гин көрсөткүлө. Жалпы таандык -ныкы мүчөсү (варианттары менен) ка- тышкан сөздөрдү тапкыла. САБИРА КҮМҮШАЛИЕВА Сабира Күмүшалиева 1917-жылы 19- мартта Пишпек шаарына жамаатташ Төкөлдөш айылында туулган. Атасы Бекбосун өз оокатына тың карапайым адам болгон. Үй-бүлөдөгү жалгыз перзенти Сабира болгондуктан, атасы аны эркекче кийгизип алып, эл аралап ээрчитип жүргөндү жакшы көрчү экен. Кичинекей кыз ар нерсеге баамчыл келип, сергек өсөт. Элдик ыр-күүлөргө, жомок-уламыштарга болгон ынты- зарлуулугу артат. Ошондой эле жаңы замандын шаңдуу шарданы табигый көркөм сезиминин ойгонушуна таасир этет. Мектепте окуй баштаганда анын көз алдына өзгөчө бир атайын дүйнө ачылды. Ыр-хор сабагы аркылуу өнөр дүйнөсү менен да тааныша баштайт. Драмалык ийрим- дердин оюндарын, элдик таланттардын өнөрлөрүн өз көзү менен көрүп, кулагы менен угат. Бардык нерсеге сергек караган. Сабиранын бешинчи класстан кийин эле Фрун- зеге педагогикалык техникумдун алдындагы башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоочу курсуна жибери- шет. Ал техникум өз учурунда кыргыздын профессионал- дык искусствосу менен адабиятынын келечектеги негиз салуучуларын чогулткан өзүнчө эле бир борбордун мил- детин аткарган. Студенттер өз ара ыр-хор, драма ийримдерин уюшту- руп, өздөрү жазышкан чыгармаларды сахнага коюшуп көрүүчүлөргө тартуулашкан. Мындай шарт С. Күмүша- лиеванын актёрдук шыгын ойготуп, бара-бара театр өнөрү аны өзүнүн стихиясына тарта баштады. 1934-жылы Сабира Кыргыз мамлекеттик театрына кабыл алынат. Театрдын сахнасында М. Токобаевдин «Кайгылуу Какейинде» Зууранын, К. Жантөшевдин «Ка- рачач» спектаклинде Карачачтын, Ж. Турусбековдун «Ажал ордуна» драмасында Ситайхонун ролун аткаруу менен жашында эле жөндөмдүү актриса экенин далилде- се, кийинчерээк орус классикасынан биринчи жолу По- шлепкинанын ролун ийгиликтүү чыгарып, профессионал театр өнөрүнө багыт алат. Ошентип ал театралдык студия- га атайын билим албаса да, ролдон-ролго өткөн сайын анын негизги мектеби сахна болот. С. Күмүшалиева «Алтын кыз» музыкалуу драмасында «Аршин мал-алан» музыкалык комедиясында, «Евгений Онегин», «Кыз Жибек» операларында эсте каларлык эң сонун образдарды жаратып, өзүнүн музыкалык жанр- да да шыктуулугун көрсөткөн. Ошондой эле комедиялык курч мүнөздөгү Р. Шүкүрбековдун «Күлүсүнүнөн» Күлү- сүндүн, «Жашыл токойдон» Жалжалдын, «Жапалак Жат- пасовдо» Серептин, А. Көбөгөновдун «Болот менен Тынар- да» Мастандын ролдорун өтө чеберчилик менен аткарган. Дүйнөлүк жана орус классикалык «Отеллодо» Бьянка, «Он экинчи түндө» Мария, «Күнөөсүз күнөөкөрлөрдө» Галчиха, «Жаш гвардияда» Любовь Шевцова, «Павлик Морозовдо» Алёша, «Бернарда Альбодо» Хасефа, «Айла- кер сулууда» Ортенсия, «Уурдалган өмүрдө» Кэй сыяктуу ири ролдорду аткаруу менен классика дүйнөсүнө да ара- лашат. Кыргыз драматургиясынын «Тар капчыгай», «Курманбек», «Жаңыл мырза», «Борбаш», «Каныбек», «Биринчи мугалим», «Атанын тагдыры» «Күйөө жолдош» ж. б. спектаклдерде негизги каармандарды ойноо менен акаде- миялык драма театрынын өсүшүнө чоң салым кошту. С. Күмүшалиеванын чыгармачылыгында кино өнөрү да маанилүү орунду ээлейт. 1957-жылы режиссерлор Э. Шенгеля менен А. Сахаровдор тарткан «Муз жүрөк жөнүндө баян» кинотасмасында аткарган ролдон тартып, көпчүлүккө маалым «Токтогул», «Ак кеме», «Уркуя», «Фудзиямада кадыр түн», «Эрте жаздагы турналар», «Караш-караш», «Бакайдын жайыты», «Арман», «Атадан калган туяк» ж. б кинолордо ар кыл мүнөздөгү колориттүү образдарды жараткан. Ошондой эле казак фильми жарат- кан «Адам бугу», «Боордошум», «Уул тууган», «Согуш учурундагы балдарда» белгилүү ролдорду ойноо менен эки элдин ортосуна данакер болду. Актрисанын кыргыз театр жана кино өнөрүнө сиңир- ген эмгеги жогору бааланып, «Кыргыз ССРинин Эл артис- ти» (1976), «Ак шумкар» ордени, «Кыргыз Республика- сынын Баатыры» (2000) деген ардактуу наам жана «Кут- ман эне» Эл аралык сыйлык (1998) ыйгарылган. Сөздөр жалгыз - единственный баамчыл - понимающий, разумный сергек - чуткий ынтызарлуулугу - сильное желание ийрим - кружок башталгыч - начальный данакер - примиритель Тексттен кийинки тапшырма. Актрисанын балалык чагы кандай өткөн? Ал кайдан билим алган? С. Күмүшалиева искусство дүйнөсүндө кандай образдарды жараткан? Ал кандай наам жана сыйлыктардын ээси болгон. Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, которуп, кыскача түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле. 2 Тексттен кыймыл-аракеттин учур чагын көрсөткөн сөздөрдү таап, алардын жасалышын түшүндүргүлө. Учур чактын бөлүнүшүн айтып бергиле. МУРАТБЕК РЫСКУЛОВ СССР Эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атында- гы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Муратбек Рыс- кулов 1909-жылы 23-ноябрда Жумгал районундагы Ка- йырма кыштагында туулган. Муратбектин бала чагы кыйын учурга туш келген. Ал кыргыздардын жүздөгөн бактысы ачылбаган башка бал- дарындай эле, тырмактайында жокчулуктун азабын тар- тып өстү. Анын атасына көп мээнет тартууга туура келген - сегиз баланы багышы керек эле. Чоң балдары атасынын жүгүн кантсе да жеңилдетүү үчүн байларга жалданып иштөөгө барышкан. Муратбек деле ушундан баштады. Муратбек Рыскуловдун чыгармачылык жолу, биздин өлкө социалисттик коомду куруунун аяктоочу мезгилин- де келген бактылуу учурга туш болгон. Кыргызстан Ав- тономиялуу республикадан, Советтик Социалисттик республика болуп кайра түзүлдү. СССРдин Эл артисти М. Рыскуловдун чыгармачылы- гы - кыргыздын улуттук маданиятынын гүлдөп өскөндүгү- нүн мыкты күбөсү боло алат. Ал бир катар монументтүү драмалык (У. Шекспирдин «Отеллосунан» Отеллонун, «Король Лиринен» король Лирдин, М. Горькийдин «Егор Булычев жана башкала- рындагы» Егор Булычевдун, Б. Жакиевдин «Атанын таг- дырынан» Акылбектин) образдарын түзгөн. Лондондо өткөрүлгөн У. Шекспирдин 400 жылдык юбилейинде М. Рыскулов Король Лирдин монологу менен чет мамле- кеттик көрүүчүлөрдү таң калтырган. Таланттуу актер та- рабынан түзүлгөн Лирдин образы психологиялык чын- дыгы жагынан татыктуу орунду ээлеген. 1967-жылы Муратбек Рыскуловго «Король Лир» спек- таклинде Лирдин жана «Атанын тагдыры» спектаклинде Акылбектин ролдорун аткарууда жогорку чыгармачылык чеберчиликке жетишкендиги үчүн Кыргыз ССРинин Ток- тогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты деген наам берилген. Муратбек Рыскуловду дүйнө жүзүнө тааныткан жеке гана драматургия эмес, кино экраны да болду. Республи- када көркөм фильмдердин студиясы пайда боло электен алда канча мурда эле ал кыргыз актерлорунан биринчи болуп киного катышып, 1950-жылы «Алитет тоо таян- ды» кинофильминде Ашыктын образын ачык гротекс планда атайын апыртып берсе, «Алыскы тоолордогу» мыкаачы зулум Сарыгул байды омоктуу көргөзүп, «Тянь- Шань кызындагы» Ашырбай абышка үчүн илбериңки пси- хологиялык белгилерди таба алган. Кыргыз мүнөзүнүн эң сонун касиеттери «Бакайдын жайыты» фильминдеги Бакайдын турпатынан көрүнөт. Таланттуу актердун чыгармачыл эмгегин жогору баа- лап, өкмөт М. Рыскуловду Ленин ордени, башка эки орден жана медалдар менен сыйлаган. Ал тууралуу «Муке» аттуу фильм тартылган. М. Рыскулов 1974-жылы 1-февралда дүйнөдөн кайткан. Ысмы Бишкек шаарындагы көчөгө жана Нарын об- ласттык музыкалуу драма театрына берилген. Сөздөр кыйын учур - трудное время жокчулук - нищета мээнет - труд туруктуу - устойчивый эмгекчил - трудолюбивый таасир берет - влияет кызыгуу - интерес чукул бурулуш - резкий поворот тац калтырган - удивляющий Тексттен кийинки тапшырма. Муратбек Рыскуловдун балалык чагы кандай учурга туш болгон? Анын чыгармачылык жолу качан башталган? Актёр кандай образдарды жараткан? М. Рыскулов кандай наамдардын жана сыйлыктардын ээси болгон? Текстке чейинки тапшырма. Текстти орус тилине которуп, жаңы сөздөрдү катышты- рып сүйлөм түзгүлө. Тексттен этиштин өткөн чагын таап, кайсы түрү экенди- гин аныктагыла. Өткөн чактын бөлүнүшүн айтып бергиле. БАКЕН КЫДЫКЕЕВА Борбордук Азия элдеринен чыккан көрүнүктүү талант- тардын бири, Кыргыз ССРинин Эл артисти (1955), СССР- дин Эл артисти (1970), Кыргыз Республикасынын Токто- гул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Б. Кы- дыкеева 1923-жылы 20-октябрда Пишпек шаарынын (азыр- кы Бишкек) четинде жайгашкан Төкөлдөш айылында туул- ган. Өз кесибин бекем сүйгөн чыгармачылык иштин үстүндө тынымсыз эмгектенип, турмуштук мүнөздөрдү билгичтик менен тапкан Кыргыз искусствосунун чебери Бакен Кыды- кеева өзүнүн актрисалык биринчи жолун Испан драматургу Лопе де Веганын «Скебанын уулу» деген пьесасында Скебанын уулу Клиффтин ролун ойноо менен баштаган. Б. Кыдыкеева 1941-жылы Каракол драма театрында, 1944-жылдын декабрынан баштап, Кыргыз мамлекеттик акдемиялык драма театрында иштей баштайт. Ал ар кыл пландагы образдардын ички тереңдигине актёрдук анализ жүргүзүп, оң-терс комедиялык, трагедиялык ролдор- ду бирдей аткарып, турмуштук мүнөздөрдү билгичтик менен тапкан. 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосунун декадасында «Курманбектен» Айганыштын, «Тар капчы- гайдан» Майсалбүбүнүн, «Добулда» Катеринанын ролдо- рун аткарып, өзүнүн сахнадагы чеберчилиги менен Моск- валык көрүүчүлөрдүн алкышына ээ болгон. Актрисанын фантазиялуулугу, чыгармачылык артык- чылыгы, адамдарга болгон тартиптүүлүгү, каармандар- дын ички дүйнөсүн ачуудагы акыл-оюнун ээрчишип өркүн- дөткөн, мээримдүү, жоомарт жана кайраттуу эненин об- разын жаратты. Бакендин аткаруусунда өзүнүн басып өткөн жолу, балага болгон терең махабат, сырга таштай бекемдик, маданияттуулук айкын сезилип турат. Б. Кыдыкееванын аткарган негизги гана ролдорун айт- сак, Жесси (К. Симонов «Орус маселеси»), Ульяна Громова (А. Фадеев «Жаш гвардия»), Варвара (М. Горький «Егор Булычев»), Мария Антоновна (Н. Гоголь «Текшерүүчү»), Айганыш (А. Токомбаев «Өлбөстүн үрөнү), Анна (Л. Толстой «Анна Каренина»). Ошондой эле орус жана дүйнөлүк классиктер менен кыргыз драматургдарынын чыгарма- лары боюнча түзгөн Дездемона (У. Шекспир «Отелло»), Фани (Цао Юй «Тайфун»), Майсалбүбү Дүрдана (Т. Абду- момунов «Тар капчыгай», «Отелло»), Фани (Цао Юй «Тайфун»), Майсалбүбү, Дүрдана (Т. Абдумомунов «Тар капчыгай», «Сүйүү жана үмүт»), Катерина (А. Островский «Добул»), Сейде (Ч. Айтматов «Бетме-бет»), София (А. Грибоедов «Акыл азабы») жана башка ролдору кыргыз улут- тук театрындагы психологиялык бийик реализмдин үлгүсү. «Оптимисттик трагедия» (В. Вишневский) спектаклинде комиссардын образын түзүп, чоң ийгиликке жетишкен. Б. Кыдыкеева «Саманчынын жолу» кинофильминде Толгонайдын образын сейрек кездешүүчү бөтөнчө бир та- бигый мүнөздө түзүп чыккан. Кичинекей кыргыз элинин Ата Мекендин башына түшкөн оор күндөрдөгү чоң салы- мын, чоң жеңишин, ар бир эненин башына түшкөн оор турмушту, чындыкты айрып, биздин жаркыраган келече- гибиз үчүн канын-жанын аябаган ата-энелердин, агалар- дын эмгегин жаштарга баяндоо Толгонай эненин эскерүүсү аркылуу берилет. Кыдыкееванын Толгонайы өз айылынын асмандагы чыныгы толуп турган ай өңдүү элестүү сыйга ээ. Андан кыргыз аялынын мүнөздүү жактары жана эм- гекчил аялдын мыкты сапаттары таамай көрүнөт. Таланттуу актрисанын көкүрөгүндөгү жаркыраган Ленин ордени менен медалдар, наамдар жана сыйлыктар Бакен Кыдыкееванын сахнадагы эмгегинин жогору баа- лангандыгын айгинелейт. Сөздөр чеберчилик - мастерство көрсөтө алган - умел показать каарман - герой ички дүйнөсү - внутренний мир жоомарт - шедрый кайраттуу - смелый маданияттуу - культурный токтоо - сдержанный Тексттен кийинки тапшырма. Бакен Кыдыкеева качан, кайда туулган? Актриса кандай образдарды жараткан? Кандай сыйлыктарга татыктуу болгон? Текстке чейинки тапшырма. Текстти орус тилине которгула. Тексттен айкын өткөн чакты таап, аларды сан, жак боюн- ча жактагыла. Айкын өткөн чактын уюшулушун айтып бергиле. СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ Белгилүү сүрөтчү жана киноактёр С. Чокморов 1939- жылы 9-ноябрда Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылын- да туулган. 1958-жылы Фрунзедеги көркөм-сүрөт окуу жайын, 1964-жылы И. С. Репин атындагы Ленинграддагы живопись, скульптура жана архитектура институтун бүткөн. 1964-1968-жылдары Фрунзедеги сүрөт окуу жайынын оку- туучусу, кийин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. С. Чокморов талантынын көп кырдуулугу менен көпчү- лүккө кеңири таанылып, кыргыз искусствосунун казына- сына өзүнүн бай үлүшүн кошкон. Ал чыгармачылык ишин сүрөтчүлүктөн баштайт. Көбүнчө живопись («Тоо кечи», «Узатуу») жана портрет («Эне», «Актриса», «Саякбай Каралаев», «А. А. Жанкорозова», «С. Жумадылов» ж.б.) жанрын өөрчүтүүдөн баштаган. Анын табият тартуулаган таланты алгачкы ирет 1968- жылы режиссер Б. Шамшиевдин «Караш-караш окуясы» фильминдеги башкы каарман Бактыгулдун ролун атка- руусунда эле ажайып ачыкка чыккан. Сүрөтчү С. Чокморов буга чейин киного тартылып көр- бөгөндүгүнө карабастан Бактыгулдун ролун такшалган таланттуу актерлордун деңгээлинде ойногон. Ал түзгөн образ 1968-жылы Ташкент шаарында өткөн Азия жана Африка өлкөлөрүнүн фильмдеринин фестивалында эң мыкты ойногон роль катары таанылган. «Караш-караш окуясы» фильмине удаалаш Данияр («Жамийла», 1969), Хожаев («Атайын комиссар», 1970), Карабалта («Касиет- түү Ысык-Көл», 1971), Максумов («Жетинчи ок», 1972), Ахангул («Көк серек», 1973), Чжан Бао («Дерсу Узала», 1975), Азат («Улан», 1977) жана башка фильмдерге не- гизги ролдорду ойногон. Анын экинчи белгилүү ролу өзбек киносундагы «Жетинчи ок» фильминдеги милиция отрядынын командири - Максумовдун образы болду. Бул фильмде Максумов (С. Чокморов) баштан-аяк басмачылар менен кармашат. Мына ушул окуяларды тартуу учурунда актерго эчен та- таал эпизоддорду (аттан жыгылуу, сууга секирүү өңдүү) дублерсуз аткарууга туура келгендиктен анын таң калар- лык чыдамкайлуулугу жана ат үстүндө эң мыкты жүрө билиши экранда ишенимдүү мүнөзгө ээ болуучу образды жаратканга көмөкчү болгон. Ал эми режиссер-коюучу Т. Океевдин «Көк жал» фильминдеги татаалдыгы, терең психологиялуулугу менен өзгөчөлөнгөн башкы каарман- дын образын табиятынан таланттуу С. Чокморов гана терең ачып берген. Дүйнөлүк кинематографиянын эң көрүнүктүү чебер- леринин бири япониялык режиссер А. Куросаванын «Мосфильм» студиясында койгон «Дерсу Узала» кинокартина- сындагы токой каракчылары менен күрөшүүчү отрядды баштаган чынчыл, ак пейилдүү адам - Чжан Баонун ролун ойногонго Сүймөнкулду чакырышы анын актерлук талантын баалагандыктан, ага карата болгон зор ишеним болгон. Адам табиятын терең ачып, кулк-мүнөзүн кылдат туз- ген көп кырдуу таланттын эмгеги жогору бааланып ага эркектин образын мыкты түзгөндүгү үчүн Алматыдагы Казакстан жана Орто Азия кинофестивалында, Тбилиси- деги, Бакудагы, Еревандагы Бүткүлсоюздук кинофести- валдарында 4 жолу 1-сыйлык ыйгарылган. Кыргыз ССРинин Эл артисти, СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү деген наамдар берилген. Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сый- лыгынын лауреаты болгон. С. Чокморов 1992-жылы дүйнөдөн кайткан. Анын ысымы өзүнүн туулуп өскөн айылына, Бишкек шаарындагы көркөм-сүрөт окуу жайына жана борбору- буздун көчөсүнө ыйгарылган. Улуттук валютабыз 5000 сомго анын сүрөтү тартылган. Сөздөр эл сүрөтчү - народный художник окутуучу - преподаватель окуу бөлүмү - учебный отдел башчы - заведующий коп кырдуу - многогранный табият - природа аткаруусунда - в исполнении окуя - события каракчылар - разбойники Тексттен кийинки ташырма. С. Чокморов ким болгон? Анын чыгармачылыгы эмнеден башталган? Ал кайда окуган? Анын алгачкы тартылган башкы каарманы кайсы фильм- де, кимдин ролун аткарган жана кандай баага татыктуу болгон? С. Чокморов кандай образдарды жараткан? Силерге С. Чокморовдун аткаруусундагы ролдор кандай таасир калтырат? Текстке чейинки тапшырма. Текстти орус тилине которуп, кыскача түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле. Тексттен буйрук ыңгайды таап, ал сөздөрдү сан, жак бо- юнча жактагыла. Буйрук ыңгайдын уюшулушун айткыла. ТАТТЫБҮБҮ ТУРСУНБАЕВА Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артистка- сы, улуттук театрыбыз менен кинобуздун көрүнүктүү ак- трисасы Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылы 12-июлда Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Алгач айылдык мектепти аяктап, 1966-жылы Таш- кенттеги А. Н. Островский атындагы театралдык-сүрөтчү- лүк институтунун актердук бөлүмүн бүтүрүп, чыгарма- чылык жолун Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынан иштеп баштаган. Актриса өзүнүн аткаруучу- лук таланты жана сахнадагы жаркын ажары аркылуу рес- публикабыздын театр көрөрмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, эстен кеткис ажайып образдарды жараткан. Ал өзү ойногон кейипкерлердин ролдорун жөнөкөй турмуш менен байланыштырып, ийине жеткире ойной билген. Ч. Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» спек- таклинде Аселдин, «Байыркы жомокто» Зулайканын, К. Маликовдун «Осмонкул» тарыхый драмасында Бүбү- нүн, В. Шекспирдин «Ромео жана Жульеттасында» Жу- льеттанын, «Азоого чалмасында» Бьянканын, А. Током- баевдин «Өлбөстүн үрөнүндө» Төрөкандын, Ш. Садыбака- совдун «Ак боз атында» Эркайымдын, Е. Шварцтын «Кар ханышасында» Ханышанын, А. Макаеноктун «Трибуна- лында» Надянын, Г. Лорканын «Бернарда Альбанын үйүн- дө» Амельянын, К. Мамбетакуновдун «Омор Хаямдын махабаты» спектаклинде Эльпинин жана башка көптөгөн спектаклдерде эстен кеткис элестүү ролдорду аткарган. Сахнада бар болгону 15 жылдан ашык мезгил жаша- ган Т. Турсунбаева жеке эле театр сахнасында гана эмес, айрыкча кинодо гана түзгөн образдары аркылуу кино сүйүүчүлөрүнө да таанымал. «Кыргызфильм» киностудиясында тартылган «Отко таазим», «Арман», «Кызыл алма», «Коңур күз», «Саман- чынын жолу», «Процесс», «Ак Мөөр», «Сүйүү жаңыры- гы», «Атадан калган туяк» жана башка фильмдердеги башкы көрүнүктүү ролдорду ойноп, көп кырдуу татаал, өлбөс образдарды жеткиликтүү аткарып, экранга алып чыккан сулуулугу менен элдин эсинде түбөлүккө сакта- лып калган кино жылдызы катары кеңири белгилүү. Т. Турсунбаева «Отко таазим» аттуу фильмде Уркуя- нын ролун мыкты аткарганы үчүн 1971-72-жылдары Тбилиси шаарында өткөн Бүткүлсоюздук конкурста «Совет- тик граждандын эрдигине» деген диплом жана «Кызыл алмадагы» бейтааныш сулуунун образы үчүн Швейцария- нын Локарно шаарында өткөн 28- Бүткүлдүйнөлүк кино- фестивалда «Ардак» грамота менен сыйланган. 1974-жылы театр сахнасындагы жана кыргыз киноис- кусствосундагы сиңирген татыктуу эмгеги үчүн «Кыргыз ССРинин артисткасы» деген ардактуу наам ыйгарылган. Нукура талантты сыйлык менен ченеп да, өлчөп да болбойт. Талант үчүн сыйлык - анын эл ичинде көөнөрбөй, унутта калбай жашаганында. Анын ысымы кыргыз ки- носунда ар дайым сыймык менен аталып, тасмада жарат- кан кайталангыс образдары жүрөгүбүздө түбөлүккө жа- шай берет. Республиканын кинематографисттери ал жө- нүндө даректүү фильм тартышса, акындар Ж. Мамытов, Э. Турсунов жана башкалар ага арнап ыр жазышкан. Ысымы Чаек айылындагы мектепке берилген. Ал 1981-жылы 21-декабрда дүйнөдөн кайткан. Сөздөр |