Главная страница
Навигация по странице:

  • Текстке чейинки тапшырма.

  • Сөздөр калыптанышы

  • Сөздөр күңгөй

  • Сөздөр кыл кыяк

  • Сөздөр обончу

  • управление. кыргязкнига. Тилим менин


    Скачать 1.09 Mb.
    НазваниеТилим менин
    Анкоруправление
    Дата25.10.2022
    Размер1.09 Mb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлакыргязкнига.docx
    ТипДокументы
    #753082
    страница21 из 37
    1   ...   17   18   19   20   21   22   23   24   ...   37

    өз алдынча - самостоятельно

    сабаттуу - грамотный

    маданият - культура

    сезим - чувство

    салтанат - торжество

    дацазалайт - прославить

    ар түрдүү - разный

    жай ыргактуу - тихий мелодичный

    тамашалуу - шуточная

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Ж. Шералиев музыкалык сабаттуулукка кандайча же­тишкен?

    2. Эң жакшы обондорунун бири кайсы ыры?

    3. Композитор кандай тамашалуу ырларды жараткан?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти көркөм окуп, орус тилине которгула.

    2. Тексттен сын атооч сөздөрдү таап, алар менен сүйлөм түзгүлө.

    3. Сын атоочтун даражаларын айтып бергиле.

    АБДЫЛАС МАЛДЫБАЕВ

    (1906-1978)

    Абдылас Малдыбаев Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кара-Булак кыштагында туулган. Жаңы тип- теги фольклордук, кийинчерээк кесипкөйлүк композитор- дук ыр маданиятынын калыптанышына жигердүү катыш- кан. Анын жазгыч акындардын сөздөрүнө чыгарган ыр- лары даана элдик мүнөзгө ээ, себеби алар салттуу интона- циялык «сөздүккө» таянуу менен жазылган.

    А. Малдыбаев өз аракети менен өздүк көркөм чыгар- мачылыктын кесипкөй композиторго жана атактуу солист ырчыга, СССРдин Эл артисти деген наамга (1939), Токто- гул атындагы Кыргызстан мамлекеттик сыйлыгынын лау- реаттыгына (1970) чейинки жолду басып өттү. Анын чы- гармачылыгында улуттук оозеки жана жазма музыкалык маданий салттардын бардык жанрлары камтылды.

    1929-жылы А. Малдыбаев педтехникумду бүтүргөндөн тартып, анын турмушу, чыгармачылыгы кыргыз музы- калык-драма театры (1935), кыргызстандык Композитор- лор союзу (1939), опера жана балет театры (1942) менен байланышкан. Композитордун элге сиңирген эмгеги жо- гору бааланып, анын ысымы ушул театрга ыйгарылган (1976).

    Педтехникумда окуп жүрүп К. Жантөшевдин сөзүнө лирикалуу «Таңкы коштошууну», патриоттук «Кызыл байракты» чыгарган. Андан кийин «Забойщиктер», «Гүл турмуш», «Ой, кызыл жоолукчан» ырларын Ж. Бөкөнбаевдин сөзүнө чыгарды. 1940-1950-жылдары Мал- дыбаев Москва консерваториясында окуп жүрүп Токто- гул Сатылгановдун сөзүнө «Өмүр», А. Токомбаевдин тек- стине «Кимге айтам», өзүнүн текстине «Мына минтип» деген балдарга арналган ырын жазган.

    Бардыгы болуп композитор 400гө жакын ыр чыгар- ды. Алардын эң жакшылары көпчүлүк элге тарап, өзүнчө «фольклорлошуп» кетти. Мисалы, «Эмгек марты» аттуу ырын бүткүл Кыргызстандын жаштары ырдап, кеңири элдик ырга айланды, «жаңы» фольклордук милдетти ат- каруу жөндөмүнө ээ болду. «Эмгек маршынын» эл ичин- де зор ийгилик менен жылуу кабыл алынышы, аны А. Мал- дыбаев, В. Власов, В. Фере биргелешип иштешкен.

    Марш жанрынын калыптанышына республикада тү- зүлгөн радио уктуруу түрткү болгон, ал аркылуу орус ре- волюциялык жана советтик массалык ырлар эфирде жа- ңырып турган.

    Сөздөр

    калыптанышы - становление

    салттуу - традиционный

    Эл артисти - народный артист

    Мамлекеттик сыйлык - государственная премия эмгек сицирген - заслуженный труд жогору бааланган - высоко оценимый ысымы - имя ыйгарылган - присвоено

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. А. Малдыбаев өз аракети менен кандай жетишкендиктерге жетишкен?

    2. Композитор канчага жакын ырларды чыгарды.

    3. Анын ысымы шаарыбыздагы кайсы театрга берилген?

    4. Ал кимдер менен биргелешип опера жазган?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, которгула.

    2. Жөндөмө мүчөлөрдү таап, кандай суроого жооп бергенди- гин айтып бергиле.

    3. Тексттен зат атооч сөздөрдү жөндөп чыккыла.

    КАРАМОЛДО ОРОЗОВ

    (1883-1960)

    Карамолдо Орозов - залкар комузчу, анын музыка- сы элдин жана кесипкөй комузчулардын эсинде гана сак- талбастан, белгилүү окумуштуу фольклорчулардын нота- лык жазууларында да жашап келүүдө. Улуу комузчунун репертуары бүт бойдон өзүнүн аткаруусунда өз учурунда Москванын жана Кыргызстандын радиофондусуна жа- зылган.

    Карамолдо Орозов кыргыз аспаптык музыкалык ше- деврлердин автору: «Сынган бугу», «Ибарат», «Насый- кат», «Көкөй кести», «Кара өзгөй», «Чоң кербез», «Тер­ме камбаркан», «Жаш кербез», «Сыздат» ж. б. Ал эки- нин бири катары кыргыздан биринчилерден болуп 1935- жылы Кыргыз АССРинин Эл Артисти деген мамлекеттик ардак наамга татыктуу болгон. 1939-жылы Москвада өткөн Бүткүлсоюздук элдик аспаптардын аткаруучулары- нын конкурсунда лауреаттыкка жетишкен (II сыйлык).

    Карамолдонун өзүнүн ата-энесинин койгон аты Токто- мамбет болгон. Ал диний мектепке окуп билим алгандан кийин ага айылдаштары салт боюнча Карамолдо деп жа- салма ат коюп алышкан. Өмүрүнүн акырына чейин ушул ат менен таанымал болгон.

    1883-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Корумду де­ген кыштакта туулган. Комуз черткенди атасы Ороздон үйрөнгөн. Атасы комузду Карамолдодон кичүү Усуп деген баласына да үйрөткөн, бирок ал аткаруучу комузчунун гана деңгээлине жетип агасындай залкар чоң комузчунун масштабына көтөрүлө алган эмес.

    Атасы ошол кездеги өтө түшүнүктүү прогрессчил адам болгондуктан Токтомамбетти айылдык медресе мусулман

    мектебине Киргизии окутат, анда беш жылдай окуп, араб тамгасын үйрөнөт.

    Карамолдонун кесипкөй комузчу болуп өнүгүшүнө ошол кезде атагы чыгып жүргөн Чынгышбай, Бурулча, Байгабыл, Абак деген музыканттар менен жолугушуп, алардын комузчулук өнөрүнөн таалим алган.

    Карамолдо Орозов жаш кезинде эле чебер комузчу бо­луп таанылган.

    1928-жылы кыргыз эл музыкасын нотага түшүрүү үчүн ошол кездеги кыргыздын чыгаан уулу К. Тыныста- нов баш болгон өкмөттүн Эл Агартуу комиссариатынын кызматкерлери тарабынан А. Затаевич келгенде Карамол­до Ысык-Көлдөн атайын алынып келинген. Затаевич Ка­рамолдонун аткаруусунда 29 комуз күүсүн жазган.

    К. Орозов 1930-жылдардын биринчи жарымында Кыр­гыз мамлекеттик музыкалык-драма театрында комузчу­лук өнөрүн улантып аткаруучу катары да, күү чыгаруучу автор катары да эмгектенди. 1936-жылы филармония ачылганда Кыргыз эл аспаптар оркестринин комузчу со- листи болуп иштеди. 1939-жылы элдик музыка боюнча биринчилерден болуп СССР Композиторлор союзуна мүчө болуп кирген. Кыргыз искусствосунун жана адабиятынын Москвада өткөн эки жолку декадаларынын катышуучусу болгон. 1940-жылы Москвада СССР Композиторлор со- юзунун алдындагы обончулардын курсунда стажировка- дан өткөн.

    1958-жылы көзү өткөнгө чейин өз кесиби боюнча М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынын ко­муз бөлүмүндө сабак берип эмгектенет.

    Карамолдо Орозов «Ардак белгиси», «Эмгек Кызыл Туу» ордендери менен сыйланган. Анын аты Кыргызмам- филармониянын эл аспаптар оркестрине жана Нарын шаардык музыкалык мектепке ыйгарылган.

    Сөздөр

    күңгөй - север

    мыкты аткаруучу - лучший исполнитель өзүнүн аткаруусунда - в своем исполнении татыктуу болгон - был удостоен

    үйрөнгөн - научился

    деңгээли - уровень

    эл аспаптар оркестри - народный инструментальный оркестр

    катышуучусу - участник

    күү - мелодия

    ыйгарылган - наименован

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Карамолдо Орозов ким болгон?

    2. Карамолдонун кесипкөй комузчу болушуна кимдердин таа- сири тийген?

    3. Анын күүлөрүн ким нотага түшүрүп алган.

    4. Залкар комузчу кайсы жерлерде иштеген?

    5. Ал канчанчы жылы СССР Композиторлор союзуна мүчө болуп кирген?

    6. К. Орозов кандай сыйлыктардын ээси болгон?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, которгула, кыскача түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле.

    2. Тексттен барыш жөндөмөнү таап, анын кайсы типтеги жөндөлүш экендигин жазгыла.

    3. Барыш жөндөмөсүнүн маанисин айтып бергиле.

    МУРАТААЛЫ КҮРӨҢКӨЕВ

    (1860-1949)

    XIX кылымдын аягы - XX кылымдын башында улуу кыл кыякчы жана залкар комузчу Муратаалы Күрөңкөев 1860-жылы Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Талды-Булак айылында музыканттын үй-бүлөсүндө туул- ган. Атасы Күрөңкөй жана чоң атасы Белек кыл кыяк­чы, комузчу, чоорчу, сурнайчы жана кернейчи болушкан.

    Муратаалы жаш кезинен музыкага шыктуу болуп ата- сынан аспапчылык өнөрдү үйрөнгөн.

    Ошол кезде эле кесипкөй музыканттар менен чоң жа- рыштарга чыгып атагы алыска угулуп турган. Ал казак- тын атактуу төкмө акындары жана домбурачылары Жам- был Жабаев жана Кенен Азербаев менен жолугушуп, чы- гармачылык жактан баарлашып турган. Домбура чертүүнү үйрөнгөн.

    1916-жылы Муратаалы Күрөңкөев падышалык жаза- лоочу отряддан качып кутулуш үчүн Кытайга үрккөн кыргыздардын ичинде болгон. Бир жылдан кийин Орусия- да падышалык бийлик, кулаганда ал Каракол шаарына келип жашап калган.

    1928-жылы А. Затаевич Пишпекке кыргыз музыка фольклорун нотага жазуу үчүн келгенде Муратаалы да чакырылып фольклористтин алдында бир нече күн өзүнүн жана атасы Күрөңкөйдүн күүлөрүн жатка ойноп берген. Пишпекке чакырылган элдик кесипкөй музыканттардын ичинен күү тарыхын кенен билген жана көп ойногон Му­ратаалы болгон. Андыктан Затаевич ага билермандык жагынан жогорку баа берип, ал жөнүндө: «Кыргыз музы- касынын даана кенчи экен» - деп жазган.

    Республикалык жетекчилердин атайы чечими менен М. Күрөңкөев Пишпектеги (азыркы Бишкек шаары) Кыр­гызстан малекеттик музыкалык-драма театрына калты- рылып (1935) спектаклдердин музыкалык жабдуулары- на, коштоолоруна катышып, ошондой эле концерттерге чыгып турган.

    Он жыл (1936-1946) Кыргызмамфилармонияда солист- кыл кыякчы болуп иштеп, Кыргыз эл аспаптар оркестри- нин кыяктар тобунда ойноду. Оркестрде иштеп жүрүп но- таларды өздөштүрдү.

    1939-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун биринчи декадасына үзүрлүү катышкан- дыгы үчүн Кыргыз ССРинин Эл артисти деген ардак наам алган жана «Эмгек Кызыл Туу» ордени менен сыйланган. Ошол эле жылы СССР Композиторлор союзуна мүчө бо­луп кабыл алынган.

    Муратаалынын репертуарында 100дөн ашык аспап- тык чыгарма болгон. Алар популярдуу обондордон тар- тып, чоң классикалык салттуу масштабдуу пьесаларга («Камбаркан», «Шыңгырама», «Кербез», «Ботой» ж.б.) чейинки чыгармалар эле.

    Аткаруучулук стили боюнча Күрөңкөев фолькло- ристтердин аныкташынча академиялык деп аталган эл- дик салттуу мектептин башкы өкүлү же аксакалы болгон. Кыргыз күүлөрүнөн сырткары казак, орус музыкасын черткен.

    Кыл кыяктын репертуарына Муратаалынын кошкой салымы абдан зор. А. Затаевич анын 18 кыл кыяк күүсүн нотага түшүрүп китепке чыгарган.

    Азыркы учурда Бишкек шааарыбыздагы музыкалык орто окуу жайы Муратаалы Күрөңкөевдин ысмын алып жүрөт. Анда көптөгөн кыргыздын жаш таланттуу улан, кыздары билим алышууда.

    Сөздөр

    кыл кыяк - кыл кыяк (скрипкоподобное)

    чоор - дудочка

    сурнай - флейта

    керней - муз. инструмент в виде продольной прямой большой медной трубы

    шыктуу - способный

    кесипкөй - профессионалыный

    жарыш (мелдеш) - конкурс

    чыгармачылык - творческий

    кенч - богатство

    өздөштүрдү - усвоил

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Залкар комузчу жана кыл кыякчы М. Күрөңкөев кайда туулган?

    2. Ал аспапчылык өнөрдү кимден үйрөнгөн?

    3. М. Күрөңкөев кыргыз күүлөрүнөн сырткары кайсы элдин музыкасын черткен?

    4. Анын кайсы аспапка кошкой салымы өтө чоң?

    5. Залкар комузчу кандай наамды жана сыйлыктарды алган?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, которгула.

    2. Табыш жөндөмөсүн таап, анын жөндөлүш типтерин анык- тагыла.

    3. Табыш жөндөмөсүнүн маанисин айтып бергиле.

    АТАЙ ОГОНБАЕВ

    (1900-1949)

    Атай Огонбаев 1900-жылы Талас районуна караштуу Көк-Кашат айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ал улуу залкар комузчу, обончу жана ырчы болгон.

    Алты жашында ата-энесинен ажырап, Султан деген эки ата өткөн агасынын колунда чоңоюп кат тааныйт. Чоң атасы орто комузчу болгон, анын жардамы менен комуз черткенди үйрөнгөн. Кийин айылдаш Жантакбай, Абдракман, Субанаалы деген комузчулардан таалим ал- ган.

    Айрым маалыматтар боюнча белгилүү бир өлчөмдө Атайга күү жагынан жардам берген шайыр-оюнкараак комузчу Айдараалы Бейшүкүров болгон. Бирок Атайды бийик комузчулук, ырчылык даражага жеткирген Токто- гул Сатылганов болгон. Огонбаев Токтогулдун шакиртте- ринин бири катары ошол кездеги Талас, Кетмен-Төбө өрөөндөрүндөгү кесипкөйлүк комузчулук өнөрдүн атмос- ферасында өскөн.

    Жыйырманчы жылдардын башынан тартып эки улуу залкар музыканттын алгачкы кездешүүсүнөн, Атайдын кесипкөй комузчу жана ырчы болооруна жол ачылып, ага Токтогул идеалдуу өрнөк катары чечкиндүү роль ой- ногон. Анткени Атай Токтогул менен бирге жүрүп, бирге конуп, бирге ырдашып, бирге чертишип улуу устаттын өнөрлөрүн алып калган.

    1935-жылы Атай Огонбаев Кыргыз мамлекеттик му- зыкалык-драмалык театрдын артисттери Таласка гастрол- до оюн көрсөтүп концерт берип кыдырып жүргөн кезде алар менен жолугат. Артисттер дароо эле жактырып, Пиш- пектеги борбордук музыкалык-драма театрына барууну сунуш кылышат. Ошол эле жылы Атай театрга комузчу, ырчы катары кабыл алынып, бир жылдан кийин Кыр- гызмамфилармония ачылганда П. Шубин башкарган Кыр- гыз эл аспаптар оркестрине солист болуп которулат.

    Ошондо Атай Огонбаев бир нече комуз күүлөрүнүн автору жана аткаруучусу болуп таанылат. Ошондой эле созолонмо стилдеги лирикалуу эң сонун ырларды ырдай баштайт. Атай өзүнүн күүлөрү, ырлары менен эл чыгар- мачылыгынын олимпиадасына катышат.

    Атай Огонбаевдин күүлөрүнүн ичинен кеңири масса- лык угуучуларды да, кесипкөй комузчуларды да кызык- тырган «Ак тамак, көк тамак» деген пьесасы болуп сана- лат.

    30-жылдардын экинчи жарымы Атайдын комузчулук чыгармачылыгынын гүлдөп өсүп турган мезгили болгон. Анын күүчүлүк өнөрчүлүгүнүн гүлдөп өсүп турган мезги­ли болгон. Анын күүчүлүк өнөрчүлүгүнүн туу чокусу бол­гон «Маш ботою» филармонияда өзү түзүп, өзү жетекчи- лик кылган комузчулар ансамблинин репертуарынын баш- кы номери болгон. Ал эми «Ак тамак, көк тамакты» Атай 1939-жылы Москвада өткөн 1-декаданын учурунда чоң театрдын сахнасында чоң виртоуздук менен аткарган.

    Атайдын өнөрү жогору бааланып, өкмөт тарабынан 1939-жылы ага Кыргыз ССРинин Эл артисти деген наам берилген. Ошол эле жылы Москвада өткөн элдик аспап- тарда ойногон музыканттардын Бүткүлсоюздук конкур- сунда комузчу 1-сыйлыкты жеңип алган.

    1949-жылы катуу оорудан кийин туулуп-өскөн жери- не барып көз жумган. Анын ысмы Бишкек шаарындагы көчөгө жана Талас шаарындагы музыкалык мектепке ыйгарылган.

    2001-жылы Атайдын туулганынын 100 жылдык маа- ракеси болуп, ага карата Атайдын ырлары менен күүлөрүн аткаруучулардын конкурсу өткөрүлгөн. Анда анын «Ой булбулун» эң мыкты аткаргандыгы үчүн «Камбаркан» ансамблинин аткаруучусу Бакыт Шатенов биринчи орун- ду ээлеп, Гранпри сыйлыгына татыктуу болуп, «Волга» автомашинасын утуп алган.

    Сөздөр

    обончу - мелодист

    залкар - выдающийся

    чечкиндүү - решительный

    бирге - вместе

    устат - наставник шык - способность маараке - юбилей

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Атай Огонбаев ким болгон?

    2. Ал комуз черткенди кимдерден үйрөнгөн?

    3. Атайды комузчулук, ырчылык даражага жеткирген ким болгон?

    4. Ал ким менен бирге жүрүп, бирге конуп, бирге ырдашып жана бирге чертишип жүргөн жана анын өнөрлөрүн алган?

    5. Азыркы учурда анын кандай ырларын жана күүлөрүн угуп жүрөсүңөр?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти орус тилине которуп, жаңы сөздөрдү катыштырып сүйлөм түзгүлө.

    2. Тексттен заттын ордун билдирген сөздөрдү тапкыла.

    3. Заттын ордун кайсы жөндөмө билдирет жана кандай суроо- лорго жооп берет?

    БҮБҮСАРА БЕЙШЕНАЛИЕВА

    Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылы 17-майда Аламү- дүн районуна караштуу Таш-Төбө айылында туулган. Ал белгилүү советтик балерина, кыргыз хореографиясын не- гиздөөчүлөрдүн бири, СССРдин Эл артисти (1958). 1936- 41-жылы Ленинград хореография окуу жайында окуган. 1948-49-жылы ошол эле окуу жайдын өнөр арттыруу классында айтылуу балет педагогу А. Я. Вагановадан таа- лим алган. 1941-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти. 1947-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1954-жылы республиканын Эл артисти наамын алган. 1949-жылдан Фрунзедеги хореог- рафиялык окуу жайынын педагогу.

    Бүбүсара 1939-жылы кыргыз искусствосунун Моск- вада өткөн 1-декадасында бийлеп чыккан. Эң алгач сах- нада В. Власов менен В. Ференин «Селкинчек» балетинде Зайнуранын ролун зор бийчилик жөндөмү жана жакшы профессионалдык даярдыгы бар экенин көрсөткөн. Бүбүса- ранын күчтүү хореографиялык таланты «Чолпон» жана «Раймонда» спектаклдеринде ачык-айкын байкалган. Ан- дан кийинки негизги аткарган ролдору: Лиза, Мария жана Зарема, Тао Хоа, Анар, Айдай, Жизель, Эсмеральда жана башкалар.

    Бүбүсара улуттук жана классикалык балет спектакл­деринде ар кыл мүнөздөгү образдардын бүтүндөй бир га- лереясын жараткан. Ал кыргыз профессионал хореогра­фия өнөрүнүн башында туруп, анын калыптанышына жана азыркы деңгээлге көтөрүлүшүнө өтө зор салым кошкон. Ал «Чолпон» балетинде алгач Чолпондун аруу жана на- зик романтикалык образын түзсө, кийин сыйкырчы Ай- дайдын карама-каршылыктуу, темпераменттүү, таасирдүү портретин түздү. Аселдин образы аркылуу жаңы заманда тарбияланган кыргыз аялынын муңайым, эрктүү, таты- накай мүнөзүн жеткилең ачып берди. Б. Бейшеналиева- нын аткаруусунда көптөгөн бийлери бар, алардын бири: «Жизель», «Ак куу көлү», «Анар», «Жаз келатат», «Чол­пон», «Эсмеральда», «Уйкудагы сулуу», «Куйручук», «Чоң вальс» ж. б. Бүбүсара Бейшеналиеванын тубаса бий­чилик жөндөмү, классикалык бийдин техникасын ойдогу- дай өздөштүргөнү, образдын ичине терең кире билген, чен- де жок жароокерлиги Раймонда, Одетта-Одипия, Тао-Хоа, Джульетта, Франческа сыяктуу классикалык балет каар- мандарынын көркөм элесин жаратууда айрыкча айкын көрүндү. Ал түзгөн хореографиялык портреттеринде ба- сымдуу көпчүлүгү кыргыз классикалык бий өнөрүнүн бий- ик эталону болуп, жалпы совет балетине ортоктош ийги- ликтерге айланды.

    Бүбүсара телегейи текши өнүккөн балериналардын тобуна кошулат. Артисттин ар бир көрсөткөн оюну сулуу- луктун, назиктиктин, шаттыктын жаркын майрамына айлана турган.

    Бүбүсара Бейшеналиева балет өнөрүн даңктап, даң- кын көп жерге чыгарган. Ал катышкан «Чолпон» балет фильми дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө коюлган. Ал ошондой эле Румынияга, Чехословакияга, Канадага, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн бир катарына барып бийле- ген. Бүбүсара аткарган «Асел» балети мыкты опералык жана балеттик конкурсунда ошол эле ролду аткарганды- гы үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекет- тик сыйлыгына татыктуу болгон. Бүбүсара СССР Жогор­ку Советинин, Кыргыз ССР Жогорку советинин депута­ты. «Эмгек Кызыл Туу», «Ардак белгиси» ордендер жана медалдар менен сыйланган.

    Бүбүсара Бейшеналиева узакка созулган катуу оору- дан кийин 1973-жылы 10-майда каза болгон. Анын ысмы менен Кыргыз мамлекеттик искусство институту жана Бишкек шаарындагы көчө аталат. Шаарыбыздын борбо- рундагы опера-балет театрынын алдында балеринанын айкели тургузулган.

    Сөздөр
    1   ...   17   18   19   20   21   22   23   24   ...   37


    написать администратору сайта