Главная страница

управление. кыргязкнига. Тилим менин


Скачать 1.09 Mb.
НазваниеТилим менин
Анкоруправление
Дата25.10.2022
Размер1.09 Mb.
Формат файлаdocx
Имя файлакыргязкнига.docx
ТипДокументы
#753082
страница24 из 37
1   ...   20   21   22   23   24   25   26   27   ...   37

орто мектеп - средняя школа

бүткөндөн кийин - после окончаний

үн режиссёр - звукорежиссёр

көркөм - художественный

илимий-популярдуу - научно-популярный

тасма - фильм

которгон - перевел

кыска метраждуу - краткометражный

фильмин тартат - снимает фильм

оз алдынчалуулук - самостоятельность

даана — конкретно

байкалган - замечался

кайгылуу тагдыры - трагическая судьба муундун - поколений жеткинчектер - подрастающее поколение адилеттүүлүк - справедливость жеңилбес күч - непобедимая сила чагылдырылган - отражено бүгүнкү күн — сегодняшний день баш байге - главный приз

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Төлөмүш Океев ким болгон?

  2. Ал кайдан окуган?

  3. Режиссёр өзүнүн кинодогу жолун эмнеден баштаган?

  4. Анын биринчи тарткан фильми кайсы?

  5. Дүйнөлүк аймакка чыккан кайсы фильмдери сыйлыктарга татыктуу болгон?

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН УЛУТТУК ОЮНДАРЫ

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окугула жана которгула.

  2. Тексттен заттын ордун көрсөткөн сөздөрдү таап, анын кайсы типте экендигин айтып бергиле.

  3. Жатыш жөндөмөсүнүн маанисин, кандай суроого жооп бер- гендигин көрсөткүлө.

АТ ЧАБЫШ

Кыргыз элинде: «Тулпар тушунда, күлүк күнүндө. Ат, аттан кийин жат», - деген макалдар бекеринен айтылып калбаса керек. Кыргыз эли байыркы замандан бери мал чарбачылыгы менен кесип кылып, төрт түлүк малды өстү- рүп келе жатат.

Төрт түлүк малдын ичинен да кыргыздар айрыкча жылкыны жогору баалашат. Өзүнүн көчмөндүү турмушун- да жана жоокерчилик заманда жылкынын тулпарларын жоого минишкен, семиздерин союп, казы-карталарын жешкен, бээлерин байлап кымыз ичишкен.

Кыргыздын балдары менен кыздары жаш чагынан эле ат мингенди үйрөнүшкөн. Балдары төрт- беш жашка кел- генде аларды айрымачка таңып атка мингизип, толтур- мачтап жетелеп үйрөнүшкөн, алар 7-8 жашка келгенде, аттын кулагы менен тең ойногон.

Кыргыз элинде ат менен көңүл ачуу өңдүү спорттук оюн-зооктору өтө көп: кыз куумай, тыйын эңмей, кыз жарыш, келин жарыш, улак тартыш, оодарыш, тай ча­быш, кунан чабыш, ат чабыш жана башкалар.

«Ат - адамдын канаты» - дейт кыргыздардын дагы бир макалы. Кыргыз элинин өткөн турмушунда тулпар аттардын ойногон ролдорду чоң болгондугун танууга бол- бойт. Кыргыздын байыркы эпосторундагы баатырлары- нын өмүрү алардын минген тулпарлары менен тыгыз бай- ланыштуу болгону бизге жакшы белгилүү.

Мисалы, Эр Төштүк баатырды аны минип жүргөн Чал- куйругу бир нече жолу өлүмдөн аман сактап калат. Ма­нас баатырдын Аккуласы Манас төрөлгөн күнү кара жал- ДУУ кула бээден туулат да, өмүр бою Манаска кызмат кы- лат. «Чоң казатта» Аккула окко учары менен Манастын шаштысы кетип, шайы оойт. Алмамбет окко учканда, сөө- гүн Сарала тулпарына жүктөп койсо, ал бир нече күнү суу ичпей, чөп чалбай жүрүп отуруп, Алмамбеттин сөөгүн аман-эсен Таласка жеткизет. «Чоң казатта» Чубакка ок жаңылат. Астындагы Көк тулпары Чубактын сөөгүн душ- манга бербей, ала качкан бойдон кетет.

Семетей караңгыда жол тосуп жүрүп, билбей, кокустук менен өз бөлөсү Үмөтайды өлтүрүп коёт да, таэжесинен уялгандыктан, бөлөсүнүн куну үчүн Тайбуурулун тартуу- га берип жиберет. Ошондон кийин көп узабай, Кыяс ме­нен болгон согушта, минген аты жүрбөй калып, Семетей өзү каза табат.

Калмактар менен болгон согушта Тейитбек Телтору тулпарын уулу Курманбекке бербей коюп, ал ошол согуш­та, минген аты баспай калып калмактардан өлөт.

Күлүк тулпарлардын ичинде өтө акылдуулары болгон- дугу да айтылат. Ажыбайдын Карткүрөңүн миң-сан жыл- кынын ичине агытып коё берсе, ал жылкыларды баштап алып, түз эле Таласты көздөй жөнөчү экен.

Революциядан мурда Көл башынан Анжиянга алпарып сатылган Аксур деген күлүк ат бир жылга жетпей, чылбы- рын сүйрөп, Көл башындагы ээсине кайра качып келген.

1916-жылкы эл үркүндө Ак-Суу, Турпандын базары- на сатылган жумгалдык Бекболот деген саяпкердин Нар- баш аттуу күлүгү жарым жылга жетпей, Жумгалдагы ээси­не кайтып келген.

Сөздөр

ат чабыш - скачки

күлүк - скакун

бекеринен айтпаса керек - не зря говорят байыркы - древний

мал чарбачылыгы - животноводство

тулпар - выдающийся скакун

канат - крылья көчмөн - кочевня жоо - враг кокустук - внезапность көңүл ачуу - веселье оюн-зоок - игры, веселье

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Ат чабыш оюнуна катыштыңар беле?

  2. Кыргыздын дагы кандай улуттук оюндарын билесиңер?

  3. Эмне үчүн тулпар аттардын жоодо ойногон ролдору чон болгон?

  4. «Ат - адамдын канаты» деген макалдын маанисин чечме- леп бергиле.

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти кунт коюп окуп, которгула.

  2. Тексттеги к, г, ж тыбыштарынын окулушуна көнүл бургула.

  3. Үнсүз тыбыштарды үн менен шыбыштын катышына карай бөлүп жазгыла.

АК ЧӨЛМӨК

«Ак чөлмөк» оюнун кыздар, уландар аралаш ойно- шот.

«Ак чөлмөк» оюну дайыма түн ичинде ойнолот. Бул оюн кыргыз жергесинин бардык булун-бурчтарына кени- ри таралган. Оюн айлуу түндө же асман ачык болуп тур- ганда ойнолот. Түн ичинде алыска ыргытылган ак чөлмөк агарып көрүнүп жатууга тийиш, ошондуктан ак чөлмөк делип аталган.

Илгерки убакта кыргыздар ак чөлмөктүн ордуна ак уйдун жүнүнөн жасалган топту да колдонушкан. Азыр анын ордуна эстафетанын кыска таякчаларын да колдо- нушат. Судьянын колунда ак чөлмөктөн беш-алтоо запас болуш керек. Андан башка таш, сөөк, чалма сыяктуулар да болууга тийиш.

Ак чөлмөк кишини кыймылга келтирип, тез чурка- тат, адамдын айлакердигин, тапкычтыгын, эпчилдигин өөрчүтүп, күчүн чыңайт.

Оюндун тартиби: бул оюнга адамдардын саны, жаш- тары жана аял-эркектеринин сандары бирдей болгон эки команда катышат. Ар бир командага ат коюлат.

Оюнга катышуучулардын сандары көп болгон учурда, кээде кыздар өзүнчө команда болуп ойносо да болот. Ал учурда кыздардын командасына: Айчүрөк, Чолпон ж. б. аттар коюлат.

Оюн башталар алдында судья кишилердин баарын жыйнап, аларга ак чөлмөктү көрсөтүп, оюндун эрежеле- рин жана уруксат кылынган, тыюу салынган ыкмаларын түшүндүрөт. Оюндун бардык шарттарына түшүнүп бүткөн- дөн кийин, алардын баары тескери карап турушат да, судья- лар ташты же сөөктү бир тарапка ыргытышат, анткени кайсы тарапка ыргытканы белгисиз болушу керек. Ак чөл- мөк барып жерге түшкөн кезде гана судья:

- Издегиле! - деп буйрук берет. Бардыгы жапырт жүгүрүп издешет. Тапкан киши өз командасынын атын айтып катуу кыйкырып туруп мараны көздөй качып жөнөйт да, эч кимге жеткизбей, жеткизсе да эч кимге бер- бей, алып качып барып, марага таштоого умтулат. Атаан- даштары болсо, аны кууп жетип, ак чөлмөктү тартып алуу- га аракет кылат. Эгерде куугунчулар андан чөлмөктү тар­тып алса, анда алар да өз командасынын атын катуу кый­кырып туруп качат. Антпесе оюн жокко чыгарылып, чөлмөктү алып качууга уруксат кылынбайт.

Чөлмөктү өнөктөрү колдон- колго узатууга жана бири- бирине жардам берүүгө укуктуу, бирок талашканда чөл- мөктүн өзүнөн гана кармаш керек, колдон, буттан, кийим- ден кармоого уруксат жок.

Ак чөлмөктү алып качып келип, марага көрсөтүлгөн жайга таштаган команда бир очкого ээ болот.

Оюн ушул тартипте улана берет да, белгиленген мөө- нөттө же командалардын бирөө белгилүү сандагы очкого ээ болгон кезде, аяктайт.

Ак чөлмөк - национальная игра, состоящая в забра­сывании и отыскивании мяча (часто берется кость) в ноч­ное время (в лунные ночи): игроки делятся на две коман­ды, судьи бросают «ак чөлмөк» и белые камни в разные стороны. Игрок нашедший «чөлмөк», выкрикывает на­звание своей команды и бежит к финишу. Соперники стараются у него отобрать его.

Сөздөр

түн ичинде - ночью

бардык булуц-бурчтарында - во всех уголках

кецири таралган - широко распространён

асман ачык - ясное небо

топ - мячь

колдонушкан - использовали

сөөк - кость

таякчалар - палки

кыймыл - движение

чуркоо - бег

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. «Ак чөлмөк» оюну кайсы учурда ойнолот?

  2. Эмне үчүн ак чөлмөк деп аталып калган?

  3. Оюндун тартиби кандай?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, орус тилине которгула.

  2. Тексттен сын атоочторду таап, аларды катыштырып сүйлөм түзгүлө.

  3. Сын атоочтун маанисине карай бөлүнүшүн айтып бергиле.

ООДАРЫШ

«Оодарыш» оюну да эл арасынан коп кезиге турган оюндардын бир түрү.

Кыргыз жергесинде оодарышсыз өткөн той-тамаша- лар чанда кезигет.

Оодарышка балбан, шамдагай жана ат үстүнө мыкты жигиттер түшөт.

Оодарышка мингенге көрүнгөн эле аттар жарай бер- бейт. Оодарышка минилчү аттар атырылган өкүм жана күчтүү аттар болуш керек.

Кээ бир аттар күлүк, күчтүү болгону менен, жалтаң келет да камчы салмайынча, тура берет. Оодарышта ан- дай аттар атырылып турган өкүм аттарга алдырып коёт. Оодарышка көп минилип, машыгып калган аттар дурус болот.

Азыркы учурда «Оодарыш» оюну жекече да, коман- далар боюнча да жүргүзүлөт. Оодарышка жашы он тогуз- дан жогорку гана уландар катыша алышат.

Кармашуунун мөөнөтү он минут. Оодарыш өтө турган аянтчанын кенендиги да, диаметри да 40 метр болушу керек. Оодарышкандар бирин бири ат үстүнөн оодарып, экинчисинин бир жерин жерге тийгизсе, жеңди болуп са- налат да ага жеңиштин байгеси ыйгарылат. Алган упай- лар боюнча жеңиш кармашуу мезгилинде ыйгарылат. Кармашуу мезгилинде эскертүүнү аз алса, активдүү кар- машса, ошону менен катар атаандашынын алган кемчи- ликтери жана эскертүүсү, анын мелдештен чыгарылганы үчүн ыйгарылат.

Атаандашын курдан жана колдон кармоого, үзөңгүдөн чыгаруу үчүн буттан алууга, далыдан кармоого, түртүүгө, атаандаштын атын тизеси же буту менен түртүүгө, өз аты- нын мойнун кучактоого уруксат берилет. Атаандашын же анын атын чабууга, атаандашын беттен, чачтан, моюндан, баштан алууга же ээр токумдун бир жеринен тартууга, колун же ошо сыяктуу бирдемелерин толгоого, бутунун, үзөңгүсүнүн же тердигинин астына колун салууга, атаан­дашынын колуна жана башына чылбыр ороого болбойт.

Оодарышка түшүүчүлөр тери шым кийип алышат. Ка- лың материалдан тигилген көйнөк жана өтүк кийишет. Ээр токумдар демейдеги эле ат жабдыктар болот. Атаан- даштардын экөөндө бирдей спорттук кийимдери болуш керек. Оодарышка түшүү үчүн, анчалык деле кымбат жа- салга талап кылынбайт, ошондуктан, оодарышты бардык эле коллективде жүргүзүүгө болот.

Оодарыш боюнча 1-2-3-спорттук разряддар берилет.

Оодарыш - (спорт. состязание) единоборство всадни­ков: двое мужчин садятся на коней и стараются стащить друг друга с коня (выбить из седла).

Сөздөр

той-тамаша - пир

чанда - редко

кезигет - встречается

балбан - силач

шамдагай - ловкий

өкүм - приговор

күчтүү - сильный

жалтац - запуганный

атаандаш - соперник

кармашуу - схватка

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Оодарышка кандай жигиттер түшөт?

  2. Оодарышка түшкөн жигиттердин аттары кандай болуш керек?

  3. Азыркы учурда бул оюн кандай жүргүзүлөт?

  4. Силер бул оюнду той-тамаша болгон жерлерден көрдүңөр беле?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти көңүл коюп окуп, орус тилине которгула.

  2. Тексттен кесипти жасоочу мүчөлөрдү таап, алардын вариант- тарын айтып бергиле.

  3. Кош сөздөрдү таап, алар кандай жолдор менен жасаларын түшүндүргүлө.

АК ТЕРЕК

Бул оюн «Ак терек, кок терек» деп да аталат. Кыргыз- стандын түштүгүндө «Чартек» деп да атайт, алайлыктар бул оюнду «Эл чабар» деп да коюшат. Бул оюн өспүрүм балдар менен кыздардын оюну. Оюн команда боюнча ой- нолот.

Ойноочулардын саны ар бир командада 10-15 киши- ден болууга тийиш.

Эки команда бетме-бет, колдорун кармашып, сапка тизилип турушат. Экөөнүн аралыгы 20-30 метр алыстык- та болуш керек. Командалар өз ара сүйлөшүп, бир бирине «Жылдыз», «Кундуз» деген сыяктуу аттарды коюшат.

Оюндун негизги максаты - бир команда экинчи коман- дадан көбүрөөк кишини бөлүп кетүү.

Таяк кармашкандан же чүкө калчашкандан кийин, биринчилик «Жылдыз» командасына ыйгарылган болсо, ал команданын кишилери:

  • Ак терек, көк терек,

Бизден сизге ким керек? - дешип, хор менен айтышат. Анда «Кундуз» командасы- нын адамдары:

  • Кетирекей Керимбек,

Келсин бизге тезирээк! - деп, хор менен чакырышат.

  • Элден-элден ал чабар,

Бизден сизге ким чабар? - дейт, бир команда.

  • Кекирейген Шаякмат,

Келсин бизге шалактап! - дейт экинчиси.

Чакырган кишиси жүгүргөн бойдон барып, эки, үч кишисин бөлүп кетүү үчүн, алардын сабына катуу тиет.

Эгер сабын үзүп кетсе, үзүлгөн кишилерин өз коман­дасына ээрчитип кетет. Эгер сабын үзө албай калса, ошол команданын катарына туруп калат.

Оюн мурдагыдай улана берет.

Макулдашылган убакытка чейин оюн ушул тартипте улана берет.

Оюн токтолгон кезде, кайсы командада кишинин саны аз болсо, ошол команда утулат.

Бул оюн ушул кезде республиканын бардык булуң-бурч- тарына өтө кеңири таралган. Оюн талаа стандарында, мектеп аянтчаларында жана көпчүлүк жаштар эс алып жаткан жайларда ойнолот.

Ак терек, көк терек - детская игра, напоминающая «цепи разрывные» («Ак терек, көк терек - бизден сизге ким керек?» - говорит одна сторона, вторая называет имя, и названный должен бежать и разорвать сцепление руки противоположной стороны).

Сөздөр

өспүрүм - подросток бетме-бет - лицом к лицу тизилет - строиться бөлүп кетүү - разделить чакырышат - вызывают үзүп кетүү - разорвать улана берет - продолжается ар кайсы булуц-бурчтарында - в разных уголках «бизден сизге ким керек» - ключевое слово в игре

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Ойноочулардын саны эки командада тец канчадан болуш керек?

  2. Оюнга катышуучулар кандай тизилиш керек?

  3. Эки атаандаштын аралыгы канча метр алыстыкта болуш керек?

  4. Оюндун акырында кандай шартта кимиси утат?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти орус тилине которуп, жаңы сөздөрдү катыштырып сүйлөм түзгүлө.

  2. Зат атоочторду таап, аларды уңгу-мүчөгө ажыраткыла.

  3. Мүчөлөрдүн түрлөрүн айтып бергиле.

ТОП ТАШ

«Топ таш» - кыздар ойной турган оюн. Бул оюнду эки киши да ойнойт, команда менен да ойнойт. Команда ме- нен ойногондо, ар бир командада 4 кишиден ашык киши болууга тийиш эмес.

Бул оюн көбүнчө бош мезгилдерде ойнолот. «Топ таш» оюнуна беш чакмак таш колдонулат.

Мындан беш таш менен ойдолотуп, ар түрдүүчө ыргы­тып, чакмак алуунун ойкушталган ыкмалары көрсөтүлөт. Мисалы:

Биринчи ыкмалары мындай:

  1. 4 таш жерде жатат. Бир ташты жогору ыргытып жиберип, жерден бир таш алып, ыргыткан ташты тосуп алуу. Ошондо колдо эки таш болот.

  2. Эки ташты жогору ыргытып, жерден бир ташты ала коюп, ыргытылган эки ташты тосуп алуу. Ошондо колдо үч таш болот.

  3. Үч ташты жогору ыргытып жиберип, жерден бир ташты ала коюп, ыргытылган үч ташты тосуп алуу. Ошон­до колдо төрт таш болот.

  4. Төрт ташты жогору ыргытып, жерден бир ташты ала коюп, төрт ташты тосуп алуу.

  5. Беш ташты жогору ыргытып жиберип, алаканы менен жерди бир уруп, беш ташты тосуп алуу.

Бардык учурда чакмакты бир гана колу менен алат.

Экинчи ыкмалары мындай:

  1. Беш ташты бири-бирине тийишпей жаткандай кы- лып жая калчоо.

  2. Бир ташын улам жогору ыргытып, төрт жолу жер­ден бир таштан терип алуу.

  3. Бир ташты жогору ыргытып, төрт ташты экиден терип алуу.

  4. Бир ташты жогору ыргытып, жерден үч ташты алып, ыргыткан ташты тосуп алуу.

  5. Бир ташты ыргытып, бир сапарда жерден төрт таш­ты терип алуу. Жерден таштарды тергенде, экинчи таш- тарга колдорун тийгизбөө керек.

Үчүнчү ыкмалары:

  1. Таштарды чачып таштоо.

  2. Сол колунун сөөмөйү жана бармагынын учу менен жер тиреп, кол менен арка-дарбаза жасоо.

  3. Бир ташты жогору ыргытып жиберип, жердеги бир ташты дарбазадан өткөзүп, жогору ыргытылган ташты тосуп алуу.

  4. Эки таш менен, андан кийин үч таш менен ушул эле ыкмаларды иштөө.

  5. Эң акырында төрт ташты тең дарбазадан өткөзүү. Ушул тартипте оюн улана берет. Улам барган сайын та- таал ыкмалары аткарыла берет.

Кимде ким ал татаал түрлөрдү иштөөдө жаңылса же оюндун шартын бузса, таштарды башкаларга берип, өз кезегин күтүп отуруп калат. Оюндун кезеги экинчи айла- нып жеткенде, мурдагы токтогон ыкмаларынан ары оюн- ду улантат.

Сөздөр

топ таш - название игры, игра в камушки ашык - больше

тийиш эмес - не положено бош мезгил - свободное время ар түрдүүчө - по-разному жогору ыргытуу - кинуть повыше тосуп алуу - поймать(ловить) бузуу - нарушить улана берет - продолжается сол колу - левая рука жацылуу - ошибаться ыргытуу - кидать өткөзүү - пропустить дарбаза - ворота
1   ...   20   21   22   23   24   25   26   27   ...   37


написать администратору сайта