Главная страница

управление. кыргязкнига. Тилим менин


Скачать 1.09 Mb.
НазваниеТилим менин
Анкоруправление
Дата25.10.2022
Размер1.09 Mb.
Формат файлаdocx
Имя файлакыргязкнига.docx
ТипДокументы
#753082
страница26 из 37
1   ...   22   23   24   25   26   27   28   29   ...   37

көрк - красота

чекенде - кузьмичева трава

отурукташа баштаган - поселялись

кацылтыр - чебак

сакчы - страж, охранитель

чабак — всякая мелкая рыба

созулуп жатат - простирается

көк чаар - форель

чалкы - широко раскинуться

кашкалдак - лысуха

жумшартып турат - делать мягким

мекендейт - обитает

капчыгай - ущелье

кыргоол - фазан

шамал согуп турат - дует ветер

коён - заяц

чычырканак - облепиха

байыр ал - привыкнуть

ит мурун - шиповник

бөрү карагат - барбарис чие - вишня

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Ысык- Көл кандай аталышка ээ болгон?

  2. Ысык-Көлдүн климаты кандай?

  3. Ысык-Көлдүн кооздугун сүрөттөп, өз алдынча дилбаян жазгыла.

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти көркөм окуп, айтып бергиле.

  2. Кооздук, жапайы, асыл, темгилдуу деген сөздөр кайсы сөз түркүмүнө кирерин аныктагыла.

  3. Жогорку сөздөр менен сүйлөм түзгүлө.

САРЫ-ЧЕЛЕК

Көркөмү көргөн адамды суктантып, кайталангыс кооз- дугу менен өзүнө тарткан, таң каларлык кооз көрүнүшү- нө жараша ар түркүн табигый байлыгы мол, даңазалуу Сары-Челек Чаткал тоолорунун Ат ойнок тутумдашкан чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Жайкысын кайсы убакта болбосун терең көлдүн көшүлгөнү көшүлгөн, суйкайганы суйкайган.

Өрөөндө өзөн суулар шаркырап, бийик өскөн дарак- тар бой тирешет. Токоюнун калыңдыгы жана өсүмдүктө- рүнүн ар түрдүүлүгү жагынан дүйнөдө сейрек кездешүүчү жер. Кымыздык, чүкүрү, суу бойлорунда ышкын, токой арасында балтыркан, беткейлеринде карагат, кожогат, бүлдүркөн, бадам, табылгы, четин жана башка ондогон түрдүү бадал, чөп өсүмдүктөрү өсөт.

Арча, карагай, кайың, терек, ак чечек, шилби, кара жыгачтар көктү карай бой керип, алма, алча, мисте, ал- мурут, кара өрүк жүзүмдүн шагы ийилип, эзилип быш- кан мөмөлөрү көз жоосун алат.

Бирок негизги бөлүгүн жаңгак токою ээлейт. Тоо кыр- каларынан тартып көл, суу жээктерин бойлой жыш өскөн жапайы жаңгак токою - эзелки кылымдардан бери өсүп келе жаткан баасы жок байлык.

Сары-Челектин бийик тоолорун марал, аркар, кулжа, эчки-теке, элик, суур, кундуз, сүлөөсүн, аюу, илбирс, жа­пайы доңуз, улар, кекилик, чил, кыргоол, кашкулак мекен- дейт. Сууларында өрдөк, чүрөк сүзүп ойносо, көлдөрүндө балыктын 40тан ашык түрлөрү бар.

Сейрек кездешүүчү асыл бугу, темгилдүү бугу, багыш, токой суулары жашайт.

Сары-Челек коругунун жаратылыш байлыгын коргоо жана калыбында кармап туруу максатында илим-изилдөө иштери жана тажрыйбалар жүргүзүлүп турат.

Сөздөр

таң каларлык - удивительный

балтыркан - купырь

даңазалуу - прославленный

карагат - смородина

көшү - быть в состоянии полного покоя

кожогат - земляника

суйкай - степенно

бадам - миндаль

ышкын - ревень

шилби - жимолость, волчья ягода

чүкүрү - чухра (корень ревеня)

мисте - фисташка

четин - рябина

жаңгак токою - ореховый лес

табылгы - таволга, спирея

жапайы доңуз - дикий кабан

бүлдүркөн - ежевика

багыш - лось

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Сары-Челекте жаныбарлардын кандай түрлөрү жашайт?

  2. Сары-Челектин кооздугу эмнеси менен айырмаланат?

  3. Жаратылыштын кооздугун чагылдырган Сары-Челек жөнүндө эмне билесиңер?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти көркөм окуп, айтып бергиле.

  2. Атооч жөндөмөдө турган зат атооч сөздөрдү таап, сүйлөм түзгүлө.

  3. Энчилүү зат атоочторду таап, эмнеге энчиленип берилге- нин түшүндүргүлө.

СОҢ-КӨЛ

Дүйнө жүзүндө чоң жана кичине көлдөр көп. Алар- дын бири Кыргызстандагы Соң-Көл. Көл деңиз деңгээли- нен 3016 м. бийиктикте Молдо-Тоо, Соң-Көл, Боор албас тоолорунун аралыгында жайгашкан. Жалпы аянты 278 чарчы км., узундугу 29 км., туурасынан эң жазы жери 18 кмге жетет. Көлдүн түбү тегиз. Соң-Көлгө он сегиз суу: Жаман-Эчки, Таш-Дөбө, Кумдуу-Суу, Ак-Таш, Өзбек, Кара-Кече, Куртка, Кум-Бел жана башкалар куят. Көлдөн Кажырты суусу агып чыгат.

Көлдүн пайда болушу орто эсеп менен мындан төрт миң жыл мурда болгон. Антропогендеги муз каптоодо анын айрым жерлеринде мөңгү жаткан. Бир канча суу- лар куйгандыгына карабай көлдөн суу агып чыккандык- тан анын деңгээли анчейин өзгөрбөйт.

Көл тунуктугу жана тузсуздугу менен башка көлдөрдөн айырмаланат. Суунун тунуктугунан 7 метрге чейинки түбү көрүнүп турат.

Көлдүн жээгиндеги жайыттардын чөбү мол. Жыгач же бадал түрүндөгү өсүмдүктөр жок.

Соң-Көлдө жапайы эчки, илбирс, карышкыр, суур, майда кемирүүчүлөр, улар, өрдөк, каздар жана чардак- тар, көпөлөктөр жана сойлоочулар бар.

Көлдө камыш, өлөң чөп, жашыл-күрөң балыр өсөт. Көк чаар, минь, пелядь, каңылтыр, чир, жилиңгир ба- лыктары жашайт. Соң-Көлдүн балыктары абдан баалуу.

Туристтерди Соң-Көлдүн кооздугу, жапайы жаныбар- лардын көптүгү жана балыгынын даамдуулугу кызыкты- рат.

Көл жээгине Кочкор, Жумгал, Нарын, Ак-Талаа район- дорунун төрт түлүк малы жайылат.

Сөздөр

Аянты - площадь улар - горная индейка түбү - дно чардак - чайка тегиз - ровный балыр - водоросль эң жазы жери - самое широкое место өлөң - осока муз - лед даамдуу - вкусный мөңгү - ледник кызыктырат - интересует деңгээли - уровень жайылат — пасутся көрүнүп турат - видно жайыт - пастьба майда кемирүүчүлөр - мелкие грызуны

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Көл качан пайда болтон?

  2. Соң-Көл башка көлдөрдөн эмнеси менен айырмаланат?

  3. Соң-Көлдө кандай жаныбарлар бар?

  4. Соң-Көл жөнүндө дагы эмнелерди билесиңер?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти көркөм окуп, айтып бергиле.

  2. Зат атооч сөздөргө уланган таандык мүчөлөрдү таап, аларды түшүндүрүп бергиле.

  3. Тексттен 4 сөз алый жөндөгүлө.

АРСТАНБАП

Арстанбап - дүйнөдөгү эң кооз жерлердин бири. Жыш токой жамынган тоолору, шылдырап аккан мөлтүр ту- нук суулары, көңүл сергиткен таза, салкын абасы, бурук- суган жыттуу гүлдөрү, дарылык касиетке ээ сансыз чөп- төрү, айлананы көркүнө чыгара кубулжутуп сайраган түркүн куштардын үндөрү Арстанбапка ажайып көрк бе­рет. Мына ушундай табигый кооз ажайып жай Кыргыз- стандын Фергана тоо кыркаларындагы Бабаш-Ата бийик тоосунун түштүк этегинен орун алган.

Арстанбап - табигый мөмө-жемиш токоюнун мекени. Деңиз деңгээлинен 1500-1800 м бийиктикте.

Бийиктен түрмөктөлүп түшкөн шаркыратмалар жа- ратылыштын ажарын ачып, көркүнө көрк кошконсуйт. Бабаш-Ата шаркыратмасы 200 м бийиктен агып түшөт. Табигый мөмө-жемиш токою 37 миң гектар жерди ээлеп, ал бул өрөөнгө көрк гана бербестен, адамга ыракат тартуу- лайт, анда дарылык касиетке ээ өсүмдүктөр арбын.

Арстанбап - дүйнөдөгү эң чоң табигый жаңгак токою. Жаңгак дарактарынын бийиктиги 20-25 м ге жетет. Кош түптөнүп, төрт, алты айрык өскөндөрү да бар. Эң эле жа- рашыктуу, кочкул жашыл жалбырактуу дарактарынын кээсинин бутактары жыш өскөндүктөн чатырга окшоп, күн нурун өткөрбөйт. Жаңгактан жакшы самын, лак, тушь, типографиялык боёктор чыгарылат.

Арстанбап жаңгактын кени болуу менен ал негизинен аралаш токой массиви болуп саналат. Анда алма, алча, мисте, бадам, жүзүм, ызырык, карагат, алмурут өсөт. Ал эми жаңгакка жанаша өскөн бадалдар, мырза терек, тал, моюл, кайың, ак чечек, караган, чычырканак, шилби, арча, карагай аралаш токойдун байлыгын түзөт.

Түркүн чөптөрдүн түрлөрү сансыз. Алардын ичинде сейрек учуроочу мароо, жыпар чөп, көк чөп өңдүү дары­лык касиетке ээ өсүмдүктөр жолугат.

Арстанбапты түрдүү жаныбарлар жана канаттуулар мекендейт. Элик, аркар, кулжа, суусар, чил, кекилик жана күрөң аюу, илбирс, сүлөөсүн, кундуз, ылаачын, шумкар, кыргоол, тоодак, безбелдек уялап, асманда бүркүттөр шаңшып учат. Булардын көпчүлүгү Кызыл китепке жа- зылган.

Сөздөр

жыш - густой

жарашыктуу - ладный, приятный

токой жамынган - укрывающихся в лесу күн нуру — солнечный луч мөлтүр - поблескивающий

өткөрбөйт - не пропускает

түрмөктөл - сматываться

боёктор - краски

ырахат - удовольствие

чыгарылат - изготовиться

арбын - много

сансыз - бесчисленный

табигый - натуральный

чил - бородатая куропатка

кош түптөнүп - двойные корни

сүлөөсүн - рысь лесная

кочкул - темно-красный

ылаачын - сокол-сапсан

кекилик - кеклик, каменная куропатка

тоодак - дрофа, дудак

безбелдек - стрепет

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Тексттен Арстанбаптын кооздугун сүрөттөгөн жерлерди көркөмдөп айтып бергиле.

  2. Арстанбаптын кооздугун чагылдырган, көркүнө көрк кош- кон жаныбарлар кайсылар?

  3. Кандай өсүмдүктөр өсөт? Арстанбаптын байлыгы болгон өсүмдүк кайсы?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окугула.

  2. Тексттен сан атооч катышкан сүйлөмдөргө морфология- лык талдоо жүргүзгүлө.

  3. Этиш сөздөрдү таап, кайсы чакта тургандыгын тушун- дүргүлө.

ЖЕТИ-ӨГҮЗ

Жети-Өгүз курорту Ысык-Көл курорттук зонасына ки- рет. Ал Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында Жети-Өгүз суусунун карагай токойлуу кооз жээгинде, деңиз деңгээ- линен 2200 м бийиктикте жайгашкан.

Курорт түндүк жагынан Кызыл-Жар аскалары менен тосулган. Мындагы минералдуу ысык булактардын дары- лык касиеттери жергиликтүү элге эчактан бери эле белгилүү.

Курорт 350 орундуу. Бул жерден миңдеген адамдар келип, нерв системасы, кыймыл органдары, муун, гине­кология жана тери оорулары боюнча дарыланып кети- шет. Жыргалаң баткак кенинен алынып келинген суль- фиддүү дары баткак пайдаланылат.

Жети-Өгүз курортунун ажайып кооз көрүнүшү, жара- тылышына айкалышып, дартка даба оролгон чөптөрү, касиеттүү суулары менен азыркы күндө Жети-Өгүз ку­рортунун атагы жеке кыргыз жергесинде эмес, Орто Азия- га да белгилүү.

Сөздөр

түндүк капталы - северный бок

тери оорулары - кожные заболевания

тосулган - огражден

дарыланып кетишет - лечатся

ысык булак - горячий источник

муун - сустав

жергиликтүү - местный, коренной

баткак - глина

эчактан бери - с давних времен атагы - слава

орундуу - местный (место)

кыймыл органдары - двигательные органы

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Жети-Өгүз курортунда пайдалуу кандай нерселер чыгат?

  2. Адамдар кайсы оорулар менен курортко барышат?

  3. Жети-Өгүз курортунун кооздугун сүрөттөп бергиле.

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, которгула.

  2. Тексттен жөндөмө мүчөлөр жалганган сүйлөмдөрдү тап- кыла.

  3. Тексттеги 2 сүйлөм менен морфологиялык талдоо жүргүз- гүлө.

ЧАТЫР-КӨЛ

Чатыр-Көл бийик тоолуу Тянь-Шандагы эң ири көлдөр- дүн бири. Ал деңиз деңгээлинин 3530 м. бийиктикте жай- гашкан. Көлдүн суусунун түсү саргыч-жашыл сымал бо- луп, абдан кооз тартып турат. Көлдүн жээги тайыз болуп, жээкте бир нече топко бөлүнгөн аралчалар жайгашкан. Көлгө куйган эң негизги дарыя - Көк-Айгыр. Анын узун- дугу 45 км болуп, өзүнө тоодон эриген мөңгү жана кар- дын сууларын топтоп турат. Көлдөн бир да дарыя кайра агып чыкпайт.

Чатыр-Көл көптөгөн жаныбарлардын жашаган жери десек болот. Бул жерге тоо каздары, өрдөктөр учуп кели- шет.

Чатыр-Көл Кыргызстандагы дагы бир көз жоосун ал- ган кооз жерлердин катарына кирет.

Сөздөр

тоолуу - высокогорное эң ири - самое крупное деңиз деңгээлинен - над уровнем моря

саргыч-жашыл түс - желтовато-зеленого цвета бөлүнгөн - расчленена куйма - приток

эриген мөңгү - таяния ледников

агып чыкпайт - не вытекает

жашаган жери - местом обитания

жаныбарлар - животные

тоо каздары - горные гуси

өрдөктөр - утки

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Чатыр-Көл кайда жайгашкан?

  2. Көлгө кайсы дарыя куят?

  3. Чатыр-Көлдөн башка да кандай көлдөрдү билесиңер? Алар тууралуу айтып бергиле.

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти көркөм окуп, айтып бергиле.

  2. Тексттен сын атооч жасоочу мүчөлөрдү таап, түшүндүрүп бергиле.

  3. Текстке карата суроолуу сүйлөмдөрдү түзгүлө.

АРЧА

Арча - жыттуу, пайдалуу дарак же бадал түрүндөгү өсүмдүк. Ал дайыма көк-жашыл болуп, жаратылыштын көркүнө көрк кошот. Арча жаратылыш шартына жараша бирде коюу, бирде суюк осот. Адамдар аны абаны тазартуу жана дары-дармек жасоо үчүн да колдонушат. Кыргыздар байыркы убактан эле арчадан түрдүү турмуш-тиричилик буюмдарын (бешик, идиш-аяк ж. б.) жасашкан.

Арча токою Кыргызстанда 316, 7 миц гектар аянтты ээлейт. Ал таштак жерлерге да осот. Кургакчылыкка чы- дамдуу келет. Жер кыртышын кыян-селден сактоого жардам берет. Ал дециз децгээлинен 1000 метрден 3600 метрге чейинки бийиктикте өсүп, 1000 жылга чейин жа- шайт.

Кыргызстанда арчанын беш түрү кенен тараган: сары, кара, өрүк арчалары дарак түрүндө өсөт, бадал жана жа- палак арчалар бадал болуп өсөт. Бадал арчалар респуб- ликабыздын бардык тоолорунда кездешет.

Арчанын жалбырактары майда, бутактары ичке ке- лип, уругу тобурчактын ичинде өнөт да, күзүндө бышат. Уругун жерге сепсең, бир жылдан кийин өнүп чыгат. Арча өтө жай өсөт. Анын көчөтү 4-5 жылда 10-15 смге араң жетет.

Арчанын жыгачы катуу жана бекем болот. Жараты- лыштын көркү болгон арчаны көбөйтүү жана сактоо бар- дыгыбыздын милдетибиз.

Сөздөр

жыттуу - ароматный

пайдалуу - полезный

бадал - заросли, мелколесье

абаны тазартуу үчүн - чтоб очистить воздух дары-дармек жасоо - делать лекарство турмуш-тиричилик - быт ээлейт - занимает

таштак жер - каменистое место

кургакчылык - засуха

чыдамдуу - терпеливый

жер кыртышы - земная кора

кыян сел - сильный и стремительный поток дождевой воды

сактоого жардам берет - помогает спасти

бутактары - ветви

тобурчак - еловые шишки

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Арча эмне үчүн турмушта колдонулат?

  2. Арчанын кандай пайдасы бар?

  3. Кайсы жерлерден арчаны кезиктирдиңер, сүрөттөп бергиле.

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окугула.

  2. 3-жактын таандык мүчөсү уланган сөздөрдү таап, айтып бергиле.

  3. Тексттен ат атооч сөздөрдү таап сүйлөм түзгүлө.

СУУ БАЙЛЫГЫ

Кыргызстан - суу ресурсу менен өзүнүн аймагын то- лук камсыздандыра алган, гидрологиялык өзгөчөлүгү жана артыкчылыгы бар Борбордук Азиядагы жалгыз гана өлкө болуп саналат.

Кыргыз Республикасы жетишээрлик деңгээлде суу жана гидроэнергетикалык ресурстарды камтыйт, бул анын - эң башкы байлыгы. Республиканын аймагында 30 миң- ге жакын дарыялар жана суулар бар, анын ичинде 20 миң дарыянын суу агымы 10 кмди түзөт.

Кыргызстандагы чоң дарыя - Нарын дарыясы, ал тоо кыркаларындагы мөңгүлөрдөн түшкөн Кичи жана Чоң Нарын суусунун кошулушунан пайда болот.

Кыргызстандын түндүк бөлүгүндөгү чоң дарыя - Чу суусу. Ал Жон-Арык жана Кочкор сууларынын кошулу­шунан пайда болуп, Кочкор куймасын түзөт. Чу суусу Ысык-Көлдөн өтүп, Боом капчыгайын кесет да, Чоң-Ке- мин, Кызыл- Суу, Шамшы, Кегети, Ысык-Ата, Аламүдүн, Ала-Арча, Ак-Суу, Сокулук, Кара-Балта, Чоң-Кайыңды сууларына келип куюлат.

Тоо арасынан Үч-Кошой, Беш-Баш, Үрмарал, Кара- Буура сууларынын кошулушу менен Талас суусу агат.

Ысык-Көлгө 115ке жакын суулар куят, алардын не- гизгилери: Жыргалаң, Түп, Жууку, Барскоон, Чоң-Кы- зыл-Суу, Ак-Суу.

Ал эми Балхаш көлүнө республиканын чыгышынан Казакстанга карай кеткен бир гана Каркыра суусу кирет.

Республиканын түштүк-чыгыш бөлүгүнүн аймагына Тарим дарыясы кирет. Бул жерден тоодон көтөрүлүп Сары-Жаз менен Үзөңгү-Кууш дарыялары агып өтөт.

Бийик тоолуу Ак-Сай өрөөнү аркылуу Ак-Сай куйма- лары агат. Бул дарыялардын бардыгы Кытай Республи- касынын чегинен ары кетишет.

Сөздөр

өзгөчөлүгү - особенность

артыкчылыгы - преимущества

байлык - богатство

анын ичинде - в том числе

кошулушунан - от слияния

пайда болот - образуется

куйма - впадина

тоо арасынан - среди гор

тоодон көтөрүлүп - горных поднятий

агып өтөт - протекает

республиканын чегинен ары кетишет - уходят за пре­делы республики

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Борбордук Азиядагы өлкөлөрдөн Кыргызстан эмнеси менен айырмаланат?

  2. Кыргызстандагы чоң дарыяларды атап бергиле.

  3. Кыргызстандын чоң байлыгы болгон сууну кантип сактоо керек?

ТУРИЗМ
1   ...   22   23   24   25   26   27   28   29   ...   37


написать администратору сайта