управление. кыргязкнига. Тилим менин
Скачать 1.09 Mb.
|
Тексттен кийинки тапшырма. «Топ таш» оюнун кимдер ойношот? Бул оюн кайсы учурда ойнолот? Ар бир командада капча кишиден болууга тийиш? Оюндун кандай ыкмалары бар? Текстке чейинки тапшырма. Текстти кунт коюп окуп, түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле. Тактоочторду таап, алар тактоочтун кайсы түрүнө кире- рин көрсөткүлө. Мезгил, орун тактоочторду катыштырып, сүйлөм түзгүлө. СЕЛКИНЧЕК Боз аркандан селкинчек Кыз балдар тепсин эркиндеп, Бозойлор тепсин эркиндеп. Ак келин курган селкинчек, Кыл аркандан селкинчек Андай теппей, мындай теп! Селкинчекти мурунку кездерде көбүнчө жайлоодо жүргөн кыз-келиндер жана боз уландар тебишчү. Селкинчек тебүүгө малчылар, койчулар, жылкычылар да катыша турган. Кийинки кездерде селкинчекти майрам күндөрүндө, той-тамашаларда жана кызматтан бошогон мезгилдерде да кыз-жигиттер селкинчек тебише турган. Кыргыздар селкинчекти «Алтын бакан» деп да ата- шат, анткени үч шыргыйдын (бакандын) башын бууп, бир жагына дагы үч шыргыйдын башын бууп, экинчи жагы- на коюп, селкинчекти ошол алты баканга курушат. Ал эми токойлуу, бак-дарактуу жерлерде селкинчек жанаша өскөн жыгачтардын бутактарына курулат. Алтын баканга курулган селкинчекти көбүнчө бир жагына кыз, экинчи жагына жигит отуруп алып, эки ки- шиден тебишет. Кичинекей балдар үчүн курулган селкинчекти бир кишиден тебет. Селкинчек - өтө көңүлдүү, шайыр, шаңдуу оюндар- дын бири. Селкинчек тебүү мезгилинде бозой менен селки- лер селкинчек жөнүндөгү жана башка ырларды жалпы ырдашат. Сөздөр селкинчек - качаться на качелях (обычно на один конец становится девушка, на другой парень) койчулар - пастухи тебишчү - раскачивались малчылар - животноводы майрам күндөрү - праздничные дни көңүлдүү - весёлый ырдашат - поют бутак - ветки токой - лес жыгач - дерево Тексттен кийинки тапшырма. Селкинчекти кимдер тебишет? Бул оюнду кайсы мезгилде уюштурат? Селкинчекти кандай курушат? Силер селкинчек тептицер беле? Текстке чейинки тапшырма. Текстти кунт коюп окуп, орус тилине которгула. Сын атоочту жасоочу мүчөлөрдү таап, аларды катышты- рып сүйлөм түзгүлө. Сын атоочтун даражаларын айтып бергиле. КЫЗ КУУМАЙ Оюндун бири кыз куумай, Оюн деп чиркин ушуну айт, Күлүктөр көктө сызчудай Көргөндө кимдер кызыбайт, Тизгинди чоюп жөнөсө Жигити жетип кызды өпсө, Жигити шумкар, кыз куудай! Көзүңө сүйкүм учурайт. «Кыз куумай» оюну кыргыздын эл арасына ото кеңи- ри таралган жаш уландар менен кыз-келиндердин оюну. «Кыз куумай» оюну көбүнчө той берген күндөрдө жана түрдүү тарыхый даталарга байланыштуу майрам күндө- рүндө өткөрүлөт. Кээде күйөө кызга күйөөлөп жүргөн мез- гилде да уюштурулат. «Кыз куумай» оюнуна көбүнчө үйлөнүшө элек кыз ме- нен улан катышат. Бул оюнга кээде жаңы үйлөнүшкөндөр да катышып, күйөөсү келинчегин кууп, элге тамаша са- лып беришет. Мындай учурлар көбүнчө кыз төркүлөп бар- ган учурда, берилип жаткан тойлордун үстүндө болот. «Кыз куумай» оюнунан кээде чоң чатак чыгып, ил- герки эки куданын кудалыктары ажырап кеткен учурлар болгон, бирок андай эл арасынан өтө сейрек учураган. Кызды өз күйөөсү гана кууйт. Кыз аттын эң мыктысын, күлүгүн тандап минет, кыздан калган атты күйөө минет. Күйөө кызга бир топ кыйынчылык менен жеткен, ант- кени, биринчиден, кыздын аты күлүк, экинчиден, кыз менен жигиттин аралыгы 25-30 метр алыстыкта болгон, үчүнчүдөн, кызды коштоп чыккан жеңеси (күйөөнү эркек коштоп чыгат) алар менен кошо чаап, күйөөнүн кызга жетип аларына кедерги боло турган ар түрдүү аракеттер- ди жасайт, бирок жеңеси күйөөнүн астын торобойт, күйөө- нүн атын камчы менен чаппайт. Эгер күйөө кызга жетип алса эч нерсе эмес. Эгер күйөө кызга жетпей артта калса, мында карап турган эл күлүп шылдыңдашат. Азыр «Кыз куумай» жаштардын арасына өтө кеңири таралган оюн-тамашага айланды. Кийинки жылдарда «Кыз куумай» оюну интернацио- налдык кеңири мүнөзгө өтүп бара жатат. Кыргыз жашта- рынын бул оюнуна орус жана башка улуттардын жашта- ры да активдүү катышчу болду. «Кыз куумай» оюну азыр айылдык спортсмендердин райондук, областтык, республикалык жалпы мелдештер- дин программасына киргизилген. «Кыз куумай» оюну мелдеш катары гана эмес, жөн гана тамаша катарында ойнолуп, марага чейин жигит кызга жетпей калса, кыз атынын башын кайра буруп, жигитти кубалап жетип, камчы менен сабайт. Ошентип, «Кыз куумай» оюну өтө кызыктуу, күлкүлүү өтүп, кишиге эң жакшы элес калтырат. Азыркы учурда «Кыз куумай» оюну жеке гана Орто Азияда эмес, Казакстанда, Азербайжанда, Кавказда жана Арменияда да көп өткөрүлүп жүрөт. Кыз куумай - состязание в скачках, где джигит должен догнать девушку и поцеловать её, если же ему это не удается, то девушка может охлестать его плетью) Сөздөр тарыхый - исторический өткөрүлөт - проводится сейрек - редкий күйөлөө - сватать жацы үйлөнүшкөндөр - молодожёны күйөө - жених кууйт - догоняет күлүк - скакун эц мыктысы - самый лучший тамаша - шутки Тексттен кийинки тапшырма. «Кыз куумай» оюнун кимдер ойношот? 2 . Оюн кандай күндөрү ойнолот? Азыркы учурда бул оюн ойнолобу? Оюндун шартын айтып бергиле. «Кыз куумай» оюнун кыргыздардан башка дагы кайсы улуттун өкүлдөрү ойношот? Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, которгула. Тексттен этиштин өткөн чагын билдирген сөздөрдү таап, анын түрлөрүн аныктагыла. Өткөн чактын бөлүнүшүн айтып бергиле. УЛАК ТАРТЫШ (Көк берц тартыш) Жактырган элдин көптөрү, Не деген оюн көк бөрү? Жигиттер улан эцээрде Бүркүткө окшойт көктөгү... Улакты басса такымга, Минген ат окшойт закымга! С. Жалил Кыргыз элинин бул оюну да байыркы оюндардын бири жана эл арасына өтө кеңири таралган. Кыргыздын спорт- тук бул оюну - улак тартыш, көк бөрү тартыш, торпок тартыш деп үч түрдүү айтылат. Ошолор жетет, жармашат, Бучкактайт, басат, кармашат. Такымга бас! - деп турган эл, Кыйкырык-сүрөөн, жардашат. Күчтүүсү басса чирене, Күчсүзү тосуп имере. Чабалы калат кол созуп, Теминген бөлүп тим эле. С. Жалил «Улак тартышта» - жигиттердин күчү, шамдагайлы- гы жана атка чыйрактыгы сыналса, улакка минилген ат- тардын күчү жана күлүктүгү да сыналат. Тартууга берилген улактардын оордугу ар түрдүү болуп, 1 жашка чейинки музоо-торпокторду тартышат. Андай учур- ларда торпоктун оордугу 70 килограммдан кем болбойт. «Улак тартышка» бериле турган торпоктун ичеги-кар- ды алынып ташталат да, кан-сөлү кетсин үчүн жана жүнү жулунбас үчүн, ал бир нече саат сууга байланат. «Улакты тартса Касий тартсын. Анын шамдагайлы- гына шаа жетпейт. Ал жөн эле улак тартуу үчүн төрөлгөн- дөй. Колунун шамдагайлыгына эмне жетсин! Кыскасын айтканда, анда улак алдыруу деген болбойт. Бали, улак- чы болбосоң коё кал! Не деген күч! Не деген шамдагай- лык! Атаңа рахмат!» - деп, карап олтургандар тамша- нып, жай гана баш чайкашып, суктанышып отурушар эле. Азыр «Улак тартыш» боюнча бирдиктүү эреже кабыл алынган. Мелдеш командалык мүнөздө өтөт. «Улак тартышка» жашы он тогуздан кем болбогон эркектер каты- шат. Команда 2-4 кишиден турат. Улак тартыш үчүн кенендиги жана узундугу 110-150, 200-300 метр келген, ташы жок, түз жер тандалат да баш-аягына желекчелер коюлат. Улакты чийилген дарба- занын алдындагы кенендиги эки метр келген чийиндин ичине алып келип таштаса, анда таштаганга эсеп болот. Аянттын ортосуна диаметри алты метр келген теге- рек чийин сызылат, ал маара деп аталат. Судьянын сигналы боюнча эки тараптан тең бирден киши барып, улакты жерден эңип алууга аракет кылат. Улакты жерден эңип алгандан кийин команданын калган мүчөлөрү улакты тартууга бүт киришет. Команданын максаты улакты жулуп алып, атаандаш- кан тараптын дарбазасындагы чийиндин ичине алпарып таштоо жана өзүнүн дарбазасына улакты таштатпоо. Кайсы команда атаандашкан тараптын дарбазасына улакты көп таштаса, ошол команда жеңген болуп эсепте- лет. Эгер эки команда тең улакты дарбазага бирдей таштаса, анда экөө бирдей чыккан болуп саналат. Мындай учурда эки тараптан бирден киши чыгып, 500 метр ара- лыкка жарышып келишет да, кимдин аты чыгып келсе, жеңиш ошолордуку болот. Улак тартыш (көк бөрү) - козлодрание: конное состязание, участники которого верхом на конях вырывают друг у друга тушу козлёнка. Сөздөр байыркы оюн - древняя игра кецири таралган - широко распространен тартуу - тянуть күчү - сила оордугу - тяжесть ичеги-карды - кишки шамдагайлык - ловкость суктануу - восхищаться маара - финиш атаандашы - соперник Тексттен кийинки тапшырма. «Улак тартыш» оюнунун түрлөрү кандай аталат? Бул оюнда жигиттердин жана аттардын эмнеси сыналат? Оюндун кандай эрежелери кабыл алынган? Азыркы учурда бул оюн ойнолуп жүрөбү? Текстке чейинки тапшырма. Текстти которуп, түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле. Тексттен этиштин келер чагын таап, алар кандай жол аркылу уюшулганын көрсөткүлө. Келер чактын бөлүнүшүн айтып бергиле. ТОГУЗ КОРГОЛ «Тогуз коргол» оюну кыргыздын салабаттуу оюнда- рынын бири. «Тогуз корголду» бош кездеринде дөңдө оту- рушуп, көбүнчө улгайган адамдар ойношот. Көч кадырын билбеген Көчсө, көлүк өлтүрөт. Сөздү өзүнө келтирет, - дегендей «Тогуз коргол» оюнун да жакшы көчө билген ки- шилер ойносо, жанында карап отургандардын көз кума- рын кандырып, аларга ырахат тартуулары талашсыз. Кө- чүп конуусунун татаалдыгы, өзүнүн кызыктуулугу жагы- нан «Тогуз коргол» оюну шахмат оюнунан кем калышпайт. «Тогуз корголдун» жыгачында 18 үйү, ортосунда эки казаны болот. Эки киши гана ойнойт. Оюнчунун ар би- ринде тогуздан үйү, оң кол жагында бирден казаны болот. Тогуз үйдүн ар бирөөнүн өзүнчө аттары бар. Бирок номурлоо тартиби 1ден 18ге чейин. Ал үйлөрдүн аттары мындай:
Оюнчулардын ар бири 81ден кумалак алышат да, алар- ды 9 үйгө 9дан бөлүп салышат. Таш жашырышып, таш- ты ким тапса, ал биринчи көчүү укугуна ээ болот. Көчүүнү 1-10-үйлөрдүн кайсынысынан баштаса, оюнчунун өз эрки. Биринчи көчө баштаган оюнчу, бир үйдүн өзүндө бир кумалак калтырып, 8 кумалак алат да, оң жагынан ай- лантып, ар үйгө бирден кумалак салат. Эгер анын атаан- дашынын үйүнө акыркы кумалагынан кийин ал үйдөгү кумалактар жуп болуп калса, андагы кумалактардын баа- рын көчкөн киши алып, өз казанына салат. Эгер көчкөн кумалагынын эң акыркысы өз үйүнө са- лынса, ал кумалактар жуп болуп калса да ал кумалактар казанга салынбайт. Жуп кумалактардын төрттөн жогор- кусу гана казанга алынат. Так эмес кумалак атаандашынын үйүнөн бир гана жолу мындай учурда алынат. Эгер атаандаштын үйүндө 2 кумалак болуп, үчүнчү кумалак- ты көчүп жаткан оюнчу өзү салса, оюнчу ал үч кумалак- ты алып, өз казанына салат да, үйдү «тузум» деп жарыя- лайт. Андан ары ал үйгө канча кумалак түшсө, оюнчу аны өз казанына салып ала берет. «Тогуз коргол» оюнунда атаандашынын тузунун ка- рама-каршысынан туз алууга, биринчи жана онунчу үйдөн туз алууга тыюу салынат. Атаандашынын үйүндөгү кума- лактарды, ал гана эмес өз үйүндөгү кумалактарды саноо- го уруксат берилбейт. Оюнчу көчөр алдында атаандашынын үйү жөнүндө суроо бере алат. Мисалы, 2-үйдө канча кумалак бар, 7- үйгө жол ачыкпы же жабыкпы, - деп суроо бере алат, анткени жуп кумалак болсо жабык, так кумалак болсо ачык дегенин түшүндүрөт. Атаандашы оюнчунун бул су- роолоруна туура жооп бериши керек. Эгер оюнчу өз үйүнөн бир эле кумалакты колуна алса, ал көчкөнгө тете болот. Атаандашынын үйлөрүндө бир дагы кумалак калбай калса, оюн бүткөнгө эсеп. Андай учурда экинчи оюнчу өз үйлөрүндөгү кумалактардын баа- рын жыйнап, өз казанына салып алат. Ошондон кийин ар бир оюнчу казандарындагы кумалактарды санай баштайт да, кимдин кумалагы көп болсо, ошол жеңген болуп саналат. Оюндун мөөнөтү беш сааттан ашпоого тийиш. Эгерде бул мөөнөттүн ичинде оюн бүтпөсө, ар бир оюнчу өз үйлөрүндөгү кумалактарды өз казанда- рына салышат да, судьянын катышуусу менен кумалактарды санашат. Кимдин казанында кумалак көп болсо, жеңиш ошого ыйгарылат. «Тогуз коргол» - сложная настольная игра, отдаленно напоминающая шахматы: шарики и доски с двадца тью лунками; две лунки - казна - в игре не участвуют, а служат для складывания шариков по лункам. Сөздөр_тогуз_коргол'>Сөздөр тогуз коргол - название национальной игры дөңдө - на холме улгайган - пожилой ырахат - удовольствие кумалак - катышек (овечий, козий или верблюжий помет) бөлүп салуу - разделить жашырат - прячет көчүү - переехать оюнчу - игрок атаандашы - соперник Тексттен кийинки тапшырма. «Тогуз коргол» оюнун кайсы учурда ойношот? Жашы кандай адамдар ойношот? Бул оюн кайсы оюндан кем калышпайт? Ондун шартын айтып бергиле. Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, которуп, түшүнгөнүңөрдү кыскача айткыла. Тексттен атоочтуктарды таап, алардын сүйлөмдөгү ордун көрсөткүлө. Атоочтуктардын жасалыш жолдорун айтып бергиле. АРКАН ТАРТЫ1Ш Бул оюн илгертеден бери эл ичиндеги эркектер ара- сында кеңири ойнолуп келе жаткан күчкө салмай оюн. Буга канча киши катышса, оюнчулардын оз эркинде. Кишилердин саны эки тарапта бирдей болууга тийиш. Мындагы максат атаандаштарынын адамдарын белгилен- ген чийинден бери тартып чыгаруу. Бул оюнду ойнош үчүн бир арканды алат да, анын эки учун илмек кылып байлайт. Аралыгынын алыстыгы эки метр болгон эки сызык сызат да, аркандын ортосу ошол чийинде жатыш керек. Судья сигнал бергенде, эки таран аркандын эки учу- нан кармашат, аркандын ортосун судья ортоңку сызыкта таманы менен басын турат. Эки таран аркандын эки башынан жакшылан карман, даяр болгон кезде, судья таманына басын турган аркандан бутун тартын алат да: «Алгыла», - ден команда берет. Кайсы тарантан эң астыңкы кишиси чийден өткөрө тартылса, ошол таран утулган болун эсентелет. Сөздөр аркан тартыш - неретягивание каната илгертеден бери - с давних времен эркектер арасында - среди мужчин катышуу - участвовать чийин - линия тартып чыгаруу - вытягивать аралык - расстояние утулуу - нроиграть Тексттен кийинки тапшырма. «Аркан тартыш» оюну кайсы убактан бери ойнолуп келе жатат? Оюндун катышуучуларынын саны кандай болуш керек? Оюндун шарты жана максаты кандай? Силер бул оюнду ойнодуңар беле? КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАТЫЛЫШЫ Текстке чейинки тапшырма. Текстти көркөм окуп, түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле. Тексттен чактарды билдирген сөздөрдү таап, кайсы чак экендигин аныктагыла. Кээ бир үндүү жана үнсүз тыбыштарга талдоо жүргүзгүлө. ЫСЫК-КӨЛ - КЫРГЫЗ ЖАРАТЫЛЫШЫНЫН БЕРМЕТИ Кыргыз жеринин жаратылышы абдан кооз. Көк тире- ген чокусу ак мөңгүлүү, этеги жапжашыл тоолор, ар түркүн дарактуу токойлор, шаркырап аккан тунук кашка суулар жердин көркүн ачат. Мына ушул кооз жерлердин ортосунан орун алган Ысык-Көл ажайып көркөм көрүнөт. Сакчылардай тегерете курчаган тоолордун этегинде асман менен жерди бириктиргендей, көтөрүңкү болуп, көгөрүп мелмилдеп жаткан Ысык-Көл адамга укмуштуудай таа- сир калтырат. Бекеринен аны биздин ата-бабабыз «ыйык» деп атабаса керек, себеби байыркы түрк тилинде ыйык деген сөздүн бир варианты ысык деген сөз болгон. Кийин- черээк ысык же жылуу деген мааниде болуп калган. Ысык-Көл Тянь-Шандын Тескей жана Күнгөй Ала-Тоо- лорунун ортосундагы кеңдикте созулуп жатат. Кыргыз- стандагы эң ири көл, ошондой эле дүйнөдөгү тоо көлдө- рүнүн ирилеринен болуп эсептелет. Археологиялык изилдөөлөргө караганда алгачкы адам- дар Ысык-Көлдө төмөнкү полеолитте эле отурукташа баш- таган. Бирок көл жөнүндөгү алгачкы тарыхый маалымат биздин заманга чейинки биринчи кылымда гана кезигет. Адегенде «Чалкыган көл», кийин «Тунук көл» деп атал- ган. Ысык-Көл кышында тоңбойт. Көл өрөөндүн климатын жумшартып турат. Ошондуктан Ысык-Көлдүн климаты мелүүн, деңиздикине окшош келет. Ысык-Көлдү көздөй батышынан Боом капчыгайынан (улан), чыгыштан Туп өрөөнүнөн катуу шамал согуп турат, шамал катуу болгон- до көл толкундарынын бийиктиги 2,5-4 метрге чейин же- тет. Көл жээктеринде чычырканак, ит мурун, бөрү кара- гат, чие, чекенде бадалдары өсөт. Балыктын жыйырма эки түрү: көк чаар, түрпү, каңылтыр, чабак, форель ж. б. бар. Ысык-Көл форелинин айрымдарынын салмагы жыйырма төрт килограммга чейин жетет. Ак куу, кызыл тумшук, өрдөк (соно), боз каз, кашкалдак жана башка куштар ме- кендейт. Жээгинде коён, кыргоол жана башкалар, жакын арада эле коё берилген ондатра байыр алып көбөйүүдө. Көл аймагында 16 миң гектар жер мамлекеттик ко- рукка алынган. Жагымдуу климаты, кооз жаратылышы Ысык-Көлдү курорттук зонага айландырууга негиз бол- гон. Көл жээгинде «Көгүлтүр Ысык-Көл», «Чолпон-Ата», «Ысык-Көл», «Жыргалаң», «Жети-Өгүз», «Тамга», «Ала- Тоо» ж. б. курорт, санаторий, дем алуу үйлөрү, турист- тик базалар бар. Көлдүн айланасында Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарлары жана көптөгөн кыштактар орун алган. Тары- хый археологиялык эстеликтер, музейлер бар. Кыргыз жергесиндеги уникалдуу эң кооз жайы болуп эсептелген Ысык-Көлдүн табиятын, өсүмдүктөрү менен айбанаттар дүйнөсүн сактап калуу үчүн, аларды андан да кооз абалга келтирүү үчүн көп иштер жүргүзүлүп жатат. Сөздөр |