управление. кыргязкнига. Тилим менин
Скачать 1.09 Mb.
|
көрүнүктүү - известный(ая, ое) эстен кеткис - незабываемый кейипкерлер - герои турмуш - жизнь ийине жеткире ойной алган - играла с большим талантом элестүү - образно өлбөс образ - вечный образ жеткиликтүү - доступно сулуулугу - красота түбөлүк - вечный Тексттен кийинки тапшырма. Таттыбүбү Турсунбаева ким болгон? Анын чыгармачылык жолу качан, кайсы жерде иштөөдөн башталган? Ал кейипкерлердин ролдорун кандай ойногон? Т. Турсунбаева театрда жана кинодо кандай элестүү образ- дарды жараткан? Ал кандай сыйлыктарга жана наамга татыктуу болгон? Текстке чейинки тапшырма. Текстти орус тилине которуп, жаңы сөздөрдү катыштырып сүйлөм түзгүлө. Тексттен катыштык сын атоочторду таап, аларды катыштырып сүйлөм түзгүлө. Сын атоочтун маанисине карай бөлүнүшүн айтып бергиле. ГАПАР АЙТИЕВ Белгилүү туңгуч сүрөтчү, кыргыздын улуттук профессионал сүрөт өнөрүнүн негиздөөчүсү, Сүрөт академиясы- нын корреспондент-мүчөсү, Токтогул атындагы мамлекет- тик сыйлыктын ээси, Социалисттик Эмгектин Баатыры, коомдук жана мамлекеттик ишмер Г. Айтиев 1912-жылы 15-сентябрда Ош областына караштуу Төлөйкөн кышта- гында туулган. Ал 1932-жылы Бишкектеги (Фрунзе) агартуу инсти- тутун бүтүп, эмгек жолун Жалал-Абад техникумунда му- галимдик кесиптен баштаган. 1934-жылы борбор калаабыздагы сүрөт көргөзмөсүнө ал «Атанын портрети» (1932), «Колхоз катчысы Иманга- зы», «Түштүк кызы», «Колхозчулардын эс алуусу» (1934) деген чыгармалары менен катышып, көрүүчүлөрдүн кө- ңүлүн өзүнө бурду. Г. Айтиев сүрөтчүлүк өнөрүн, жөндөмүн портрет жан- рында да сынап, акын А. Осмоновдун сүрөтүн, С. Акыл- бековдун портреттерин тарткан. 1935-1938-жылдары Москвадагы «1905-жылдын эс- телиги» сүрөт окуу жайынан окуп, белгилүү живописчи- лер Н. П. Крымов менен П. И. Петровичевдин таалими астында кыл калем сырын терең өздөштүрүп үйрөндү. Сүрөтчү живопистик каражаттарды колдоно билген, натура менен иштөөнү толук өздөштүргөн. Чыгармачы- лык ишин театрдын сахнасын жасалгалоодон баштап, 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен ис- кусствосунун декадасында «Алтын кыз» музыкалуу дра- масын жасалгалап, чыгармачылык жеңишке жетишип, «Ардак белгиси» орденине татыктуу болгон. Портреттик живопистин үстүндө иштөө картинасы 1943-жылы согуш- тан жарадар болуп кайтып келгенден кийин жараткан. 1960-жылдары ал өзгөчө зор ийгиликтерге жетишти. «Чабандар» (1960-1961), «Ысык-Көл кыргыз деңизи» ат- туу чыгармалары үчүн Токтогул сыйлыгынын лауреаты болду. 1940-1980-жылдардын аралыгында элибиздин сый- мыгы болгон Ысык-Көл жөнүндө бир топ чыгармаларды жаратты. Алсак «Ысык-Көлдөгү кайыктар», «Күүгүм», «Таштуу жээк», «Булуттуу көч», «Көл четинде», «Ысык- Көл» жана башка бир топ чыгармалары автордун көлгө болгон аруу сүйүүсүн баяндайт. Г. Айтиев - чебер портретчи. Өтө жогорку чеберчи- ликте тартылган ырчы М. Баетов менен комузчу, акын Ч. Иманкуловдун, элдик ууз Бекбоеванын живопистик пор- треттери, сүрөтчү Ж. Кожакматов менен биргелешип тарт- кан «Акындар» аттуу группалык портрети, «Жылкычы», «Токтогул», «Саякбай» скульптуралык портреттери жал- пы көрүүчүлөргө белгилүү. Монументтик искусстводо да анын айтарлык салымы бар. 1951-1954-жылдары Кыргыз опера жана балет теа- трынын имаратын жасалгалоо ишине көркөм жетекчи, көрүү залынын плафонундагы роспистин, театрдагы ор- наменттик композициялардын автору. Бишкек шаарын- дагы улуу демократ-акын Т. Сатылганов менен Нарын шаарындагы Жукеев-Пудовкиндин монументалдуу эсте- ликтери да Г. Айтиевдин колунан жаралган. Көп жылдар бою Республиканын Сүрөтчүлөр союзуна жетекчилик кылып, улуттук көркөм өнөрүбүздү өнүктү- рүүдө өзүнүн зор салымын кошкон. Дайыма астына мак- сат коюп, алга умтулуусунун натыйжасында ийгиликтер- ге жетишкен. Эң мыкты чыгармалары республикалык мамлекеттик сүрөт музейинин, Третьяков галереясынын, Күн чыгыш маданиятынын музейлеринин жана коңшу- лаш Казакстандагы, Львов шаарындагы сүрөт музейлеринин менчигине айланып, сүрөт көргөзмөлөрүнө коюлуп келе жатат. Таланттуу инсандын эмгеги жогору бааланып, Ленин, Октябрь революциясы ордени, эки ирет «Эмгек Кызыл Туу», «Ардак белгиси» ордендери, бир нече медалдар ме- нен сыйланган. Ал 1984-жылы дүйнөдөн кайткан. Сөздөр туңгуч - первый сүрөтчү - художник сүрөт өнөрү - изобразительное искусство агартуу - просвещение жарадар - ранен түпкүрүндө - в глубине биримдик - единство жасалгалоо - оформление көргөзмө - выставка көңүл - внимание таалими астында - под воспитанием эмгек жолу - трудовой путь «Ардак белгиси» ордени - орден «Знак почёта» эстелик - памятник Тексттен кийинки тапшырма. Гапар Айтиев ким болгон? Анын чыгармачылык иши качан башталган? Ал кайсы жерлерде окуган? Ал өзүнүн кыл калем сырын кайсы белгилүү живописчи- лердин таалими астында терең өздөштүргөн? Г. Айтиевдин эң мыкты чыгармалары кайсы шаарлардын сүрөт музейлеринин менчигине айланып, сүрөт көргөзмөлөрүнө коюлган? Текстке чейинки тапшырма. Текстти орус тилине которуп, кыскача түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле. Тексттен кесипти жасоочу мүчөлөрдү тапкыла. СЕМЕН АФАНАСЬЕВИЧ ЧУЙКОВ Кыргыз сүрөт өнөрүнүн баштоочусу, таланттуу сү- рөтчү, коомдук ишмер Семен Афанасьевич Чуйков 1902- жылы 30-октябрда Пишпек (азыркы Бишкек) шаарында аскердик катчынын үй-бүлөсүндө туулган. 1902-жылы анын үй-бүлөсү Алма-Атага көчүп кетишет да, С. Чуйков ал жерден орто билим алган. 1921-жылы Москвадагы Бүткүлсоюздук техникалык жогорку көркөм-сүрөт окуу жайынын живопись (ВХУТЕМАС) бөлүмүнөн окуп, аны бүткөндөн кийин (1924) Санкт- Петербург жана Москвадагы В. И. Суриков атындагы Сүрөт институтунда сабак берет. 1933-жылы Кыргызстанга кайтып келип, Сүрөтчүлөр союзун (1934) уюштурган. Ошол жылдары ал РСФСРдин агартуу Комиссариатына кайрылып, август айында Москвадагы музейлер фондуна 72 картина алып келет. Ошен- тип, азыркы Кыргыз мамлекеттик сүрөт өнөр музейинин пайдубалы башталган. С. Чуйков Кыргыз Сүрөтчүлөр кошунунун төрагасы болуп иштөө менен бирге эле сүрөтчүлүк тубаса талантын улантат. Ал орус реалисттик сүрөт өнөрүнүн алдыңкы салттарына таянып, биринчи планга кыргыз элинин эмгек- чи адамдарынын образын түзүүнү коюп, чыгармаларын- да турмуштун көрүнүштөрүн көлөмдүү көркөм формалар аркылуу сүрөттөгөн. Анын «Бактылуу эне» (1938), «Ка- лык Акыевдин портрети» (1938), «Токтогул эл арасын- да» (1939-41) деген полотнолору анын чебер живописчи экендигин көрсөтөт. Ал эми үчилтик формасындагы тар- тылган «Кыргыз колхоз сюитасы» (1939-48), «Биздин боордоштор» (1952-67), «Биздин Кыргызстанда» (194667) сыяктуу циклдеринде, өзгөчө алардын ичинен «Биздин Кыргызстан» аттуу сериясында өзүнүн балалык кези- нен тартып, дасыккан сүрөтчүлөргө чейин чыгармачы- лык жолу камтылса, «Кыргыз колхоз сюиталары» деген көркөм сериясы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына (1949) ээ болгон. 1958-жылы Брюсселдеги Бүткүлдүйнөлүк сүрөт көр- гөзмөсүндө С. Чуйковдун «Советтик Кыргызстандын кызы», «Чабандын кызы» чыгармалары үчүн авторго алтын медаль ыйгарылган. «Советтик Кыргызстан кызынын» (Айымжамал Өгөбаеванын прототиви) образында коомдун маанилүү жактары синтезделсе, «Чабандын кызында» автор натурадан алынган каармандын жалпылаштырылган элесин түзүүгө аракеттенет. Ал кыргыз жаратылыштын жан-дили менен кабыл- дап, ажайып кооз сырларын көрүп, туя билген өтө сезим- талдыгы сүрөтчүнүн «Кыргыз мотиви», «Бүркүтчү», «Чак түш», «Кеч», «Тянь-Шань тоолорунун этектеринде», «Ме- нин өлкөмдүн тынч талааларында» пейзаждарында кыргыз турмушунун ар түркүн абалы эң чебер сыпатталган- дыгынан байкалат. Мындан башка да балдар турмушу анын сүйгөн темасы болгондуктан, «Дүмбүл кармаган бала» (1941), «Сууга түшкөн балдар» (1946), «Жоолук- чан кыз» сыяктуу этюддарынан анын бала кезинен кыргыз балдарынын кулк-мүнөзүн өмүр бою аздектеп жүргөнү көрүнөт. Ал эми «Манас» эпосундагы «Манастын сейилге чыгышы» полотносунда кыргыздардын шумкар салып, тайган агытып, сөөлөт курган салтын көркөм жалпылаш- тырып, чебер сүрөткерлик фантазиясы аркылуу Манас жана анын чоролорунун образын элестүү чагылдырган. Кийинчерээк Чуйковду толкундаткан темалардын чеги кеңейип, Индиядагы саякатынан кийин (1950-60) өзүнүн индиялык этюддар сериясы менен дүйнөлүк атакты же- ңип алып, Индиянын Неру атындагы мамлекеттик сый- лыгынын лауреаты болгон. Бишкек шаарында сүрөтчүнүн 1949-жылдан 1979- жылга дейре жашап иштеген өнөрканасы 1987-жылдан бери Үй-музей деп аталып келатат. Бул Үй-музейдин ка- зынасында кыл калемдин 1930-40-жылдары натурадан алынып тартылган жана кийинки полотнолору, этюдда- ры сакталуу. С. Чуйковдун сүрөт өнөрүнө сиңирген эмгеги жогору бааланып, Кыргыз ССРинин (1944) жана СССРдин Эл сүрөтчүсү (1963) деген наамдар ыйгарылып, Токтогул атындагы, Кыргыз ССР Мамлекеттик сыйлыгынын (1972) лауреаты болгон. Ал 1980-жылы дүйнөдөн кайткан. Сөздөр сүрөтчү - художник аскердик катчы - военный секретариат көчүп кетишет - переезжает орто билим - среднее образование бүткүл союздук - всесоюзный сабак берет - преподает кайтып келүү - возвращение уюштурган - образован пайдубалы - основа (фундамент) тубаса талант - врожденный талант сүрөттөгөн - описывал камтуу - охватывать оноркана - мастерская мамлекеттик сыйлык - государственная премия сүрөт өнөрү - изобразительное икусство Тексттен кийинки тапшырма. С. Чуйков канчанчы жылы, кайда туулган? Сүрөтчү биринчи планга кимдердин образын түзүүнү кой- гон? «Биздин Кыргызстан» аттуу сериясына сүрөтчү кайсы учурду камтытан? СССРдин Мамлекеттик сыйлытына кайсы чыгармасы үчүн татыктуу болгон? Брюсселде Бүткүлдүйнөлүк сүрөт көргөзмөсүндө С. Чуй- ковго кайсы чыгармалары үчүн алтын медаль ыйгарылган? Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, которгула. Тексттен этиштин өзгөчө формаларын тапкыла. Этиштин өзгөчө формалары деп эмнени айтабыз? БОЛОТ МИҢЖЫЛКЫЕВ Белгилүү опера ырчысы, СССРдин Эл артисти Б. Миң- жылкыев 1940-жылы Бишкек шаарында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. 1957-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Кыр- гыз опера жана балет театрынын алдындагы хор студия- сын бүтөт. 1959-жылы Ташкент мамлекеттик консерва- ториясынын вокалдык бөлүмүнөн окуусун улантып, 1966- жылы ийгиликтүү аяктап, кайра өзүнүн театрына келип солист болуп иштеген. Тынымы жок изденүүнүн негизинде жараткан ролдо- ру калың көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, бат эле сүймөн- чүлүккө ээ болгон. Искусство институтуна окутуучулук да кылган. Кон- серваторияда окуп жүргөндө эле Орто Азия жана Казак- стан музыкант-аткаруучулардын биринчи конкурсунун лауреаты болгон. Жаш артисттин тубаса шыгынын күчү А. Малдыбаев, В. Власов, В. Ференин «Манасында» Коңурбайдын, «Айчү- рөктө» Семетейдин М. Мусоргскийдин «Борис Годуновун- да» Гимен менен Бористин, Ш. Гунонун «Фаустунда» Ме- фистофелдин, А. Даргомыжскийдин «Суу перисинде» Те- гирменчинин, Н. Римский- Корсаковдун «Падышанын ко- луктусунда» Собакиндин, Д. Россинин «Севилдик чач та- рачында» Дон Базилионун, Вердинин «Дон Карлосунда» король Филиптин, К. Делибдин «Лакмесинде» Николан- танын, П. Чайковскийдин «Евгений Онегининде» Гремин- дин ж. б. партияларынын ролдорун аткарганда анын жар- кын шыгы, аткаруучулук чеберчилиги дүйнөлүк опера- нын кенчине айланган. Болот Миңжылкыевдин талантынын өсүшүнө, атак- даңкка жетишине Италиянын Милан шаарындагы «Ла Скалада» стажировкадан өтүп, педагог Дженаро Бара жана маэстро Артуро Мерлинден алган сабактарынын тийгиз- ген таасири ото зор болгон. Ал көптөгөн операларда башкы ролдорду аткарган. Үч жыл Италия жергесинде алардын тилин өздөштүрүп классикалык чыгармаларды аткарган. Бөтөн элде, бөлөк жерде, бейтааныш көрүүчүлөрдүн алдында, ал аткарган образдарын кудум эле турмушта жашап өткөндөй ише- нимдүү тартуулаган. Көрүүчүлөр анын чеберчилигине жо- гору баа беришкен. 1971-жылы Эл аралык вокалисттердин Франция жер- гесинин Тулуза шаарындагы өткөн конкурска катышып, экинчи Гранприни жецип алган. 1973-жылы Софияда өткөн конкурста дагы алтын ме- далга ээ болуп, лауреаты болгон. Өзүнүн ырчылык өнөрү менен Италия, Франция, АКШ, Польша, ГДР, Вьетнам, Лаос, Сирия, Болгария жана башка өлкөлөрдө чыгарма- чылык гастролдо болуп, кыргыз элин дацазалап, ал жак- тан өздөштүргөн жаңы табылгаларын, ыкмаларын, топ- тогон тажрыйбаларын искусство институтунда иштеп жүргөндө жаш ырчыларды тарбиялоодо пайдаланган. Аткарган ролдору, жараткан образдары аркылуу му- зыкалык-драмалык чебер устаттыгы менен кыргыз опе- расын бийиктикке көтөрүп, Улуттук операбыздын уютку- сун өсүп жетилүүсүнө анын кошкон салымы чоң. «Эмгек эресеге жеткирет» дегендей ырчынын залкар талантын, эмгегин өкмөт жогору баалап, алгач Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мам- лекеттик сыйлыктын лауреаты, Эл аралык, Бүткүлсоюз- дук Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаттыгына ээ болгон. Бир нече грамоталар, медалдар менен сыйланган. 1985-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттыгына татыктуу болгон. Тубаса кооз тембрлүү, диапазону кенен үнү менен дүйнөнүн көп жерине атагы кеткен. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган Атайын чакыруу менен Санкт-Петербургдагы Мариин театрында иштеп жүрүп, 1997-жылы дүйнөдөн кайтып, сөөгү Бишкектеги Ала-Арчага коюлган. Сөздөр тынымы жок - неустанно изденүү - поиск шык - способность аткаруучулук чеберчилик - исполнительное мастерство кенч - богатство аткаруу - исполнить деңгээл - уровень жогорку - высоко баа беришкен - оценили көрүүчүлөр - зрители ийгиликтүү - успешно тубаса - врождённый атак-даңк - слава чакыруу - приглашение Тексттен кийинки тапшырма. Болот Миңжылкыев ким болгон? Артисттин аткаруусундагы кайсы чыгармалары дүйнөлүк операнын кенчине айланган? Б. Миңжылкыевдин талантынын өсүшүнө, атак-даңкка же- тишине кимден алган сабактарынын чоң таасири тийген? Ал өзүнүн жеке концерттерин кайсы чет өлкөлөргө коюп келген? Опера ырчысы чоң масштабдагы өткөрүлгөн дүйнөлүк кон- курстарда кандай жеңиштерге жетишкен жана кандай сыйлык- тардын ээси болгон? Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, которгула. Тексттен кыймыл-аракеттин ордун көрсөткөн сөздөрдү тап- кыла. Орун тактооч деп эмнени айтабыз, ага кайсы сөздөр кирет? ТӨЛӨМҮШ ОКЕЕВ Дүйнөлүк аймакка чыгып, кыргыз киносунун оор жү- гүн көтөрүшкөн белгилүү кинорежиссер, Кыргыз ССРи- нин Эл артисти Т. Океев 1935-жылы 11-сентябрда Тоң районундагы Бөкөнбаев кыштагында туулган. Орто мек- тепти бүткөндөн кийин 1953-1958-жылдары Санкт-Петер- бургдагы (мурдагы Ленинград) кинорежиссер институту- нун электротехника факультетинде окуган. Т. Океев өзүнүн кинодогу жолун Кыргызфильм студия- сында (1958) үн режиссер болуп иштөөдөн баштаган. М. Шепитьконун «Антон» (1963), М. Ромалдын «Космо- навттар көчөсү» (1963) өңдүү көркөм, илимий-популяр- дуу фильмдерин үн жагынан жасоого, 20 дан ашык тасманы кыргыз тилине которууга катышкан. 1966-жылы Москвадагы режиссерлордун эки жылдык жогорку курсун аяктагандан кийин өзүнүн биринчи «Бул жылкылар» аттуу кыска метраждуу фильмин тартат. Анын режиссердук жөндөмү, чыгармачылык өз алдынча- луулугу алгачкы фильминен эле даана байкалган. Кинорежиссердун дүйнөлүк аймакка чыгып, нечен сыйлыктарга татыктуу болгон «Бакайдын жайыты» (1966), «Уркуя» (1972), «Көк серек» (1974), «Кызыл алма» (1975), «Улан» (1977), андан кийин «Алтын күз», эки се- риялуу «Ак илбирстин тукуму», «Сүйүү закымы» аттуу фильмдери кыргыз киносунун өсүү жолундагы этаптык көрүнүштөр менен тыгыз байланыштуу. Т. Океевдин «Отко таазим» («Уркуя») фильминде Уркуя Салиеванын каарман жана кайгылуу тагдыры элестүү чагылса, «Бакайдын жайыты» фильминдеги окуялар 60- жылдардагы эки муундун - аталардын жана жаңыдан өсүп келе жаткан жеткинчектердин карым-катнашы көрсөтү- лүп, карыя малчы Бакайдын (ролдо М. Рыскулов) психо- логиясындагы өзгөрүш, ички дүйнөсүндөгү сыры ачып берилген. Ал эми казак жазуучусу М. Ауэзовдун «Көк серек» аттуу чыгармасындагы тарыхый жана коомдук маа- ниси бар проблемаларды экрандаштырууда адилеттүүлүк жана жакшылыктын, элдин жеңилбес күчүн көрсөтсө, «Улан», «Алтын күз» тасмалары бүгүнкү күндөгү тур- мушту чагылдырган. Т. Океев бүгүнкү күндөгү өтө курчуган экологиялык проблемаларды козгогон терең философиялык мазмунда- гы «Ак илбирстин тукуму» фильминин жаралышына, эл- дик «Кожожаш» эпосунун олуттуу проблематикасы себеп болгон фильмде пайдаланылган «Карагул ботом» уламыш- тарынын айрым мотивдери адам жана табияттын карым- катнашын тереңирээк иликтөөдө кошумча жол көрсөткөн. Бул фильм Минск шаарында өткөн Бүткүлсоюздук XVIII кинофестивалдын башкы байгесине, Батыш Берлин- де өткөн эл аралык фестивалда «Күмүш аюу», Сирияда «Дамасканын күмүш кылычы» баш болгон бир топ сый- лыктарга, ошондой эле Сириянын «Тенем фильм» фир- масы менен бирдикте тартылган «Сүйүү закымы» деген Франциянын Нанти шаарында өткөрүлгөн Азия, Африка фестивалдарында атайын байгеге ээ болгон. Т. Океевге кыргыз кино өнөрүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз ССРинин Эл артисти деген наам берилип, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйга- рылган. Ал 2001-жылы дүйнөдөн кайткан. Сөздөр |