Главная страница
Навигация по странице:

  • Тексттен кийинки тапшырма.

  • Текстке чейинки тапшырма.

  • Сөздөр орто билим

  • Сөздөр эсепчи

  • ИСКУССТВО - УЛУТ ЖҮЗҮ Текстке чейинки тапшырма.

  • -лар

  • Сөздөр ырчы

  • управление. кыргязкнига. Тилим менин


    Скачать 1.09 Mb.
    НазваниеТилим менин
    Анкоруправление
    Дата25.10.2022
    Размер1.09 Mb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлакыргязкнига.docx
    ТипДокументы
    #753082
    страница20 из 37
    1   ...   16   17   18   19   20   21   22   23   ...   37

    сыймыктанышат - гордятся көркөм мурас - художественное наследие муундар - поколения Ата Журт - отечество үндөп келет - призывает балалык чак - детство көтөрүлүш - восстание жокчулук - нищета теңсиздик - неравенство жетимчилик - сирота азаптуу күндөр - печальные дни которулган - переведён адабий уюм - литературный союз

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Алыкул Осмоновдун балалык чагы кандай мезгилге туш болгон?

    2. Акын кайсы жерден окуп тарбияланган?

    3. Ал кимди өзүмдүн окутуучум деп эсептейт?

    4. А. Осмоновдун чыгармачылыгынын өсүшүнө ким таасир берген?

    5. Акын поэзия жанрынан башка дагы кандай жанрларга кайрылган?

    6. Ал кимдердин чыгармаларын кыргыз тилине которгон?

    7. А. Осмонов кыргыз поэзиясына кандай из калтырып кетти?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, сөздүктүн жардамы менен которгула.

    2. Тексттен таандык байланыштарды бөлүп көрсөткүлө.

    3. Таандык байланыш деп эмнени айтабыз?

    ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ

    Төлөгөн Касымбеков 1931-жылы Жалал-Абад областы- на караштуу Аксы аймагындагы Ак-Жол айылында туул- ган.

    Башталгыч жана жети жылдык мектепти Ак-Жолдун өзүндө окуп, орто билимди ошол кезде райондогу жалгыз орто мектеп болгон коңшулаш Сыны кыштагындагы Кара- Жыгач орто мектебинен алган соң, 1949-жылдан баштап, башталгыч мектептерде эки жыл мугалим болуп иште- ген. Бир жыл Ак-Жол айыл Советинин жооптуу катчысы болуп эмгек жолун баштаган.

    Корком сөз өнөрүнө болгон шыгы ошол бала убагын- да эле көрүнгөн. Ал 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик уни- верситетинин филология факультетине кирип, аны 1957- жылы бүтүргөн. Жазуучу республикалык окуу-педагоги- ка басмасынын балдар адабияты боюнча редакциясында редактор, андан республикалык көркөм адабий «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы, жооптуу катчы, ал эми 1966- жылдан 1973-жылга чейин ал журналдын башкы редак­тору, андан соң Кыргыз ССР Басмамкомунун көркөм ада- бият боюнча башкы редактору, Кыргызстан Жазуучулар союзунун проза боюнча секциясынын башчысы, СССРдин авторлордун укугун коргоо боюнча бүткүлсоюздук агент- ствосунун (ВААП) Кыргыз республикалык бөлүмүнүн баш­чысы болуп иштеп келген.

    Ал Кыргыз ССР Жогорку Советинин тил өнүктүрүү, улут аралык мамилелери, тарых эстеликтери жана каа- да-салт мамилелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп иштеген.

    Жазуучунун эң биринчи чыгармасы «Кичинекей жыл- кычы» 1952-жылы «Советтик Кыргызстан» (азыркы «Ала-Тоо») журналына басылып чыккан. Балдар үчүн жазылган алгачкы майда тунгуч жыйнагы 1956-жылы студент кезинде жарык көргөн. Эки жылдан кийин «Туул- ган жер» деген ат менен проза жыйнагы жарык көрүп, ага «Эне», «Жетим» деген чыгармалары кирет. Коп отпой «Жетим», «Адам болгум келет» баяндары тез эле окур- мандардын көңүлүн өзүнө буруп, жаш калемгерге кыйла чыгармачылык ийгилик алып келет. Кийин айыл мек- тептерине арналган «Жетилген курак» романын жазат.

    Ал кезде жаралган «Туулган жер» (1958) адабий факт катары да, автордук ички ой санаалардын, граждандык толгонуулардын көркөм документи катары да эсте калат. Аңгемедеги автобиографиялык элементтер алаканга сал- гандай эле ачык: Тилеген аттуу каарман туулган жерине келип, сагынычы тарап, көңүлү ачылат.

    Ал «Алымкан» аттуу тарыхый драмасын, «Сынган кылыч» тарыхый романын жаратты (1961-1971). Жого- рудагы тарыхый чыгармалардан кийин жазуучу 1976- жылы азыркы турмушту чагылдырган «Жетилген курак» аттуу романын жазат.

    Ал эми тарых темасына кайрылуусу жазуучунун чы- гармачылык өмүр жолундагы өзгөчө бурулуш болуп кал- ды. Көп жылдык оор эмгегинин үзүрү болгон «Сынган кылыч» тарыхый романы кыргыз адабиятынын эбегей- сиз табылгасы болуп, жазуучунун ысмын кыргыз адабия- тына гана таанытпастан, бүткүлсоюздук адабий коомчу- лугуна таанытты. Андан кийинки «Келкел» чыгармасы биринчи тарыхый романдын темасын, заманынын нугун улап, ар тараптан көркөмдүк деңгээлинин бийиктигин, тереңдигин, кеңдигин биротоло бекемдеди.

    Бул эки романдын жаралышы кыргыз адабиятынын тарыхый роман жанрына талашсыз негиз салды.

    Бул эки роман кыргыз элинин турмушунун катаал мезгили, жүрөк дарты, көз жашы, жан айласы, үзүлбөгөн үмүтү, ошону менен бирге кыргыз элинин тарых, этногра­фия, турмуш, дин, салт-санаа, ырым түшүнүктөрүнүн өзүнчө бир энциклопедиясы. Жыл өткөн сайын чыгарма- нын мааниси тереңдей бере турган, баасы көтөрүлө бере турган, оңой окшоштура алгыс, кайталангыс нукура улут- тук көркөм дүйнө, казына.

    Роман өз учурунда окурмандар тарабынан зор кызы- гууну туудуруп, адабий-сынчылар тарабынан өз баасын алган. Боордош элдердин тилдерине которулуп, 1980- жылы Москвадагы «Прогресс» басмасынан англис тилинде чыккан.

    Кыргыз элинин кылымдык тарыхы көтөрүп келе жат- кан реалист сүрөткердин «Баскын» аттуу романы 2000- жылы басмадан чыкты. Бул чыгармасы «Сынган кылыч- ты» толуктайт. Чыгарма негизинен түндүк кыргыздар- дын Россия империясынын оторчулук экспансиясына ка- былышын баяндайт. Ошол үчүн роман «Баскын» деп атал- ган. Бул биринчи китеби сыяктуу баскындын логикалык жыйынтыгы 1916-жылдагы трагедия толук көрсөтүлгөн «Чапкын» романы менен бүтөт.

    Жазуучунун эмгеги коомчулук тарабынан жогору баа- ланып 1972-жылы Токтогул атындагы, 1989-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыктарына жана 1986-жылы Кыргыз ССРинин «Эл жазуучусу» деген ардактуу наамга ээ болду. 2001-жылы 1-даражадагы «Манас» ордени ме­нен сыйланды. Учурда Т. Касымбеков тарых чындыгын талбай иликтеп, чыгармачылык менен талбастан эмгек- тенип келүүдө.

    Сөздөр

    орто билим - среднее образование

    эмгек жолу - трудовая деятельность

    тарых - история

    чындык - правда

    оз учурунда - в свое время

    дин - религия

    салт-санаа - традиция

    чагылдырган - отражал

    кайталангыс - неповторимый

    эбегейсиз - огромный

    улут аралык - межнациональный мүмкүнчүлүк - возможность

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Төлөгөн Касымбеков кайсы жерлерде иштеген?

    2. Жазуучунун эц биринчи чыгармасы качан, кайсы журнал- га басылып чыккан?

    3. Т. Касымбеков кандай тарыхый драма жана романдарды жазган?

    4. Ал кандай наамдарга жана сыйлыктарга татыктуу болгон?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти көңүл коюп окуп, түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле.

    2. Тексттен сөз айкаштарды таап, аларды түрлөрү боюнча жазып чыккыла.

    3. Соз айкашы деп эмнени айтабыз?

    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

    Дүйнөгө белгилүү кыргыз Эл жазуучусу Ч. Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас областындагы Киров райо- нуна караштуу Шекер кыштагында кызматчынын үй- бүлөсүндө туулган.

    Ал орус жана кыргыз мектептеринен билим алган. Улуу Ата Мекендик согуш убагында (1942-жылы) убак- тылуу окуусун таштап, өзүнүн Шекер айылдык советинде катчы, райфодо налог агенти, трактор бригадасынын эсеп- чиси болуп иштеген.

    1946-жылы сегиз класстык билими менен Жамбыл шаарындагы зооветтехникумга өтүп, эң жакшы бүтүргөн- дүктөн, ошол эле жылы Кыргызстан айыл чарба институ- туна кабыл алынган. Институтту аяктагандан кийин 1953- жылдан 1956-жылга чейин зоотехник болуп иштеген.

    1956-1959-жылдары СССР Жазуучулар союзунун Мос- квадагы жогорку адабият курсунда окуйт. Ал эми 1959- 1960-жылдары орус тилинде чыгуучу «Литературный Киргизстан» журналынын редактору, андан кийин беш жыл бою «Правда» газетасынын кабарчысы, кийин Кыр­гыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун баш- кармасынын төрагасы болуп иштеген.

    1. Айтматов чыгармачылык ишин айыл чарба инсти- тутунда окуп жүргөндө эле баштаган. Тил илими, көркөм котормо жөнүндө макалалар жазган. Анын япондук бала жөнүндөгү «Газетчи Дзюйо» деген биринчи аңгемеси 1952- жылы жарык көргөн. Ал өзүнүн чыгармачылык жолун В. П. Катаевдин «Полктун уулу», М. С. Бубенковдун «Ак кайың» романдарын которгондон башталды деп эсептейт. Бирок ал чыгармалар мурда которулгандыктан, басыл- ган эмес.

    1958-жылы басмадан чыккан «Бетме-бет» повестинде жазуучу согуш мезгилиндеги элдин оор турмушун, Сейде сыяктуу карапайым кыргыз аялынын аң-сезиминдеги өзгөрүүлөрдү, өз жанын Мекенден жогору койгон Ысма- йылдын тагдырын баяндайт.

    Ал эми махабат темасын козгогон «Жамийла» (1958) повести адабий чөйрөдө чоң талаш-тартыштарды тууду- руу менен жазуучунун ысмын алыска тааныткан. Бул чыгарма жөнүндө казак окумуштуусу М. Ауэзов «Айтма- товдун повести психологиялуу, табигый жана жөнөкөй... Бул кыргыз прозасындагы жаңы көрүнүш» - десе, фран­цуз жазуучусу Луи Арагон чет тилине повестин которуп: «Махабат тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян» - деп айт- кан.

    Бул повесттерине удаалаш эле жаштардын коомдогу орду, нравалык, үй-бүлөлүк мамилеси жөнүндө жазылган «Кызыл жоолук жалжалым» (1961), согуштун элге алып келген азап-тозокторун, оор кыйынчылыктарын баянда- ган «Саманчынын жолу» (1963), моралдык этикага ар- налган «Кызыл алма» (1964), жылкычы «Танабай менен Гүлсары» (1966) повести психологиялык, философиялык, мифологиялык, нравалык жагдайлар менен каармандар- дын жандүйнөсүн, алардын ортосундагы карама-каршы- лыктарды чагылдырган. Айрыкча «Ак кеме» (1970) кыр- гызстандык жана дүйнөлүк окурмандардын сүйүктүү чы- гармаларына айланган.

    1963-жылы «Тоолор жана талаалар» деген китеби үчүн Лениндик, 1968-жылы «Жаныбарым Гүлсары» повести үчүн Мамлекеттик, 1976-жылы «Эрте жаздагы турналар» повести үчүн Токтогул атындагы Мамлекеттик, ал эми 1980-жылы ушул эле повести Италиянын Вольтера шаа- рынын эл аралык «Этрурия» сыйлыктарына татыктуу болгон.

    Жазуучунун «Бороондуу бекет» менен «Фудзиямада- гы кадыр түн» алгачкылардан болуп репрессияланган адамдын оор тагдыры, «Кыяматта» эң алгачкылардан болуп наркомандар менен табияттын карым-катнашы жөнүндө жазган. Ал эми илимий-фантастикалык роман- дын алда-канча алыс чыккан, бүгүнкү дүйнөнүн пробле- маларын козгогон «Кассандранын тамгасы» романында өзүнүн философиялык жана этикалык идеясына бекем туруу менен мурдагы чыгармаларынын баарына мүнөздүү айкөлдүк менен бейпилдикти даңазалаган. Бул китеби 1996-жылы октябрь айында Лили Денин котормосунда Ляроз басмасынан жарык көргөн.

    Ч. Айтматов 1974-жылы Кыргыз илимдер академия­сына мүчө, 1978-жылы ГДРдин Искусство академиясына мүчө-корреспондент, 1983-жылы Европа искусствосу жана адабияты боюнча илимдер академиясына анык мүчө, ошондой эле Стокгольмдогу Дүйнөлүк искусство академия- сынын анык мүчөлүгүнө өткөн. 1988-90-жылдары «Инос­транная литература» журналынын башкы редактору, 1990-95-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы болуп иштесе, 1995-жылдан Борбордук Азия эл- деринин Маданий Ассамблеясынын президенти жана «Эли- тардык окурмандын Алтын китепканасы» катары жарык көрчү дүйнөлүк классиканын 200 томдугун чыгаруучу уюмунун төрагасы, Американын эл аралык Академиясы менен Билим берүү жана Искусство индустриясынын пре­зиденти, Рим клубунун мүчөсү болгон.

    Ч. Айтматов дүйнөлүк адабияттын көрүнүктүү клас- сиктеринин бири катары 1985-жылы Индиядагы Джавар- харлар Неру атындагы эл аралык, 1994-жылы Австрия Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Люксембург королунун «Чоң крест», Япониянын «Күн чыгыш» жана башка өлкөлөрдүн сыйлыктарын алган.

    1986-жылы Эл аралык коом «Ысык-Көл» форумун уюштурган. Республикалык кино үйүнө анын ысымы ый- гарылды. «Кыргыз Республикасынын Баатыры» (1997), 1-даражадагы «Манас» ордени (1999) жана Эл аралык коомдук «Алтын бүркүт», «Ойлор менен иштердин ыйык- тыгы үчүн» ордени менен сыйланды.

    Анын чыгармаларындагы каармандар жалаң китеп беттеринде эмес, балет, театрлардын сахналарынан, ки- нонун экрандарынан, музыкадан орун алган. Айрымдары эл аралык кино жана театралдык фестивалдарында сый- лыкка татыктуу болгон.

    Жазуучунун чыгармалары чет өлкөлөрдө которулуп чыга баштагандан тарта дүйнө элдерине анча белгисиз Кыргызстан жөнүндө көбүрөөк кабар тараган. Анын ки- тептери дүйнөнүн 170 тилинде 870 жолу 60 миллион нус- када басылып чыкканы анын дүйнө жүзүндө канчалык кадыр-баркка жеткенин даана көрсөтүп турат.

    Ч. Айтматов профессионал дипломат катары Кыргыз Республикасынын Бельгия королдугуна Атайын жана То- лук ыйгарымдуу элчиси болуп иштеген.

    Тилекке каршы, 2008-жылы шум ажал өз элинин даңк- туу уулун, дүйнөлүк масштабдагы гуманистти жана ой- чулду арабыздан алып кетти.

    Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк жана улуттук маданият- ка терең из салды. Ал дүйнө элдеринин ортосундагы дос- тукту чыңдоого баа жеткис салым кошту.

    Улуу жазуучунун чыгармалары аркылуу бүткүл дүйнө биздин элдин рухий дүйнөсү, бай маданий мурасы менен таанышты. Кыргыз улуттук адабиятынын дүйнөлүк ада- бият жана искусствосунун казынасына жуурулушу анын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Чыңгыз Айтматов кыргыз адабиятында, советтик ада- биятта, дүйнөлүк адабиятта өзүнчө доордун өкүлү бол- гон. Ал жөнөкөй адамдардын тагдырын жазуу менен бүтүндөй адамзаттын рухий дүйнөсүн байыткан чыгарма- ларды жаратты. Адабияттагы, искусстводогу ушул мез- гилди Айтматовдун доору деп айтсак болот. Анткени көр- көм сөз чебери адамдардын жандүйнөсүнө асыл сезимдер- ди алып келген мөлтүр тунук булак болду, улуу ойчул катары ушул доордун пайдубалын түптөдү.

    Адамзаттын эң ыйык тилектеринин жарчысы, тынч- тыктын элчиси болгон улуу жазуучунун чыгармалары кылымдарды карытып, миң жылдар бою өчпөс жылдыз, соолбос океандай болуп дүйнөлүк маданиятта кала берет.

    Сөздөр

    эсепчи - счетовод

    Жазуучулар союзу - союз писателей

    ыйгарымдуу элчиси - посол

    кабарчы - корреспондент

    котормо - перевод

    дүйнөлүк адабият - мировая литература

    ойчул - мыслитель

    оор тагдыр - тяжёлая судьба

    тилекке каршы - к сожалению

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Улуу жазуучунун балалык чагы кандай учурга туш бол- гон?

    2. Анын чыгармачылыгы качан башталат?

    3. Чыңгыз Айтматов кандай темаларга кайрылган жана кан­дай чыгармаларды жаратты?

    4. Жазуучу өзүнүн чыгармаларында кандай проблемаларды козгогон?

    5. Улуу жазуучунун чыгармалары аркылуу дүйнө эли эмнелер менен таанышышты?

    ИСКУССТВО - УЛУТ ЖҮЗҮ

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, кыргыз тилине которгула.

    2. Тексттин ичинен көптүк санды билдирген сөздөрдү тапкы- ла. Зат атоочтун сан категориясынын уюшулушун айтып бергиле.

    3. Тексттен зат атооч сөздөргө -лар мүчөсүн улап жазгыла.

    МУСА БАЕТОВ

    (1902-1949)

    Муса Баетов кырктай ырдын автору, кыргыздын эң атактуу лирик-ырчысы. Ак-Талаа районуна караштуу Байкөнчөк айылында туулган. 30-жылдарда Нарын шаа- рынын радио түйүнүндө аткаруучу болуп иштеп жүргөн кезинде «Жароокер», «Ойгоном» аттуу обондуу ырларды чыгарган. Кийин Кыргызмамфилармониянын солист-ыр- чысы болуп иштегенде «Даанышман», «Окудум борбор шаарынан» деген ырларын жараткан жана ырдап чык- кан. Көпчүлүк ырларынын тексттерин өзү жазган.

    «Даанышман» ыры эки жолу нотага түшүрүлгөн: би- ринчиси, А. Малдыбаев тарабынан, экинчиси, К. Дүйша- лиев тарабынан.

    1930-жылдын аяк ченинде М. Баетов кыргыз эл му- зыкасында өзүнчө бир ачылыш жасап, чыгыш жана та­тар гармоникасында ойноп чыккан. Анын коштоосунда Муса, андан кийин ырчы Асек Жумабаев «Алма алам», «Кыздар ай», «Сагынам» деген Баетовдун лирикалык-та- маша ырларын ырдашкан.

    М. Баетовдун чыгармачылык жетишкендиктеринин бири Токтогул Сатылгановдун сөзүнө жазылган «Айлан- ган тоонун бүркүтү» аттуу курч социалдык ыры болуп эсептелет. Ал ыр 1940-жылы демократ акындын Сибирде сүргүндө жүрүп «Айдоодогу арман» ырларынын негизин- де чыгарылган. Ошол эле жылы М. Баетов бул ырды ком­позитор В. Власовдун комуз кошулган симфониялык ор- кестрге кайра иштеп чыккан вариантында ырдап чык- кан. Бул ыр кесипкөй жана өздүк көркөм чыгармачылык боюнча иштешкен ырчылардын репертуарына кирип, концерттерде аткарылып турган. Радионун музыка фон- дусуна жазылган. Ал ачык образдуулугу, терең ойчул мүнөздүүлүгү менен өзүнө тартат.

    Сөздөр

    ырчы - певец

    аткаруучу - исполнитель

    обон - мелодия

    көп маанилүү - многозначный

    ыр сабы - стихотворная строка

    өздүк көркөм чыгармачылык - художественная само­деятельность

    чыгармачылык жетишкендик - творческий успех мыйзамченемдүүлүк - закономерность

    Тексттен кийинки тапшырма.

    1. Муса Баетов кайсы жерде, качан туулган?

    2. Атактуу лирик-ырчы М. Баетов кандай обондуу ырларды чытарган?

    3. Ал кайсы элдин гармоникасында ойноп чыккан?

    Текстке чейинки тапшырма.

    1. Текстти окуп, орус тилине которгула.

    2. Тексттен катыштык сын атооч сөздөрдү таап, алардын уюшулушун айтып бергиле.

    3. Сын атооч мааниси боюнча канчага бөлүнөт?

    ЖУМАМҮДҮН ШЕРАЛИЕВ

    (1915-1992)

    600 гө жакын лирикалык, патриоттук, тамашалуу ырларды жаратып, көрүнүктүү элдик композитор деген атка татыктуу болгон обончу - Жумамүдүн Шералиев.

    Ал өз алдынча музыкалык сабатка ээ болуп, өзүнүн ырларын нотага жазууга жетишкен. Анын жазган ырла- рынын көпчүлүгү улуттук аваздык музыка маданияты- нын «алтын баракчаларына» кирди. Туулган жери Ат- Башы районуна караштуу Туюк-Богошту айылы.

    Эң жакшы обондорунун бири - М. Токобаевдин сөзүнө жазылган «Жибек чач». Ырдын каарманы болгон жигит Жибек аттуу сүйгөн жарынын сулуулугун жана ага бол­гон бийик сезимин лирикалык салтанат менен даңазалайт.

    Ж. Шералиевдин «Жибек чачтан» башка көпчүлүккө белгилүү лирикалык ырларына анын өзүнүн сөзүнө жазыл­ган «Жигитке», «Ойло сен», «Укчу эркем», «Сонунда», жазгыч акындардын сөзүнө жазылган «Сулуу кыз» (А. Ко­кенов), «Жаштар ай» (К. Акыев), «Ак толкун» (А. То- комбаев), «Геологдун ыры» (К. Алмазбеков) ж. б. бел- гилүү.

    Сөздөр
    1   ...   16   17   18   19   20   21   22   23   ...   37


    написать администратору сайта