управление. кыргязкнига. Тилим менин
Скачать 1.09 Mb.
|
жаратуучу - создатель курмандык - жертвоприношение (жертвенное животное) сыйынышкан - молились ажайып - удивительный, изумительный диний жөрөлгө - религиозный обычай нукура — чистый, абсолютный Тексттен кийинки тапшырма. Саймалуу таш сүрөт галереясында эмнелер чагылдырыл- ган? Бул сүрөт галереясына карата адамдардын мамилеси кан- дай? Сүрөт галереясында болдуңар беле, же сүрөттөрүн көргөн чыгарсыңар, оюңарды түшүндүргүлө. Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, айтып бергиле. Тексттен сан атооч катышкан сүйлөмдөрдү тапкыла. Сан атоочтун бөлүнүшүн айтып бергиле. Кээ бир сүйлөмдөрдөгү сөздөрдүн антонимдерин тапкыла. СУЛАЙМАН ТООСУ Сулайман тоосу Ош шаарынын так ортосунан Ак-Буу- ра суусунун сол жээгинен орун алган. Узундугу 3 км, туу- расы 1,5-2 км, деңиз деңгээлинен 1176 м бийиктикте жай- гашкан. Полеозойдун акиташ тектеринен турат, капталдары тик, аскалуу. Ал эми тоо капталдарына майда бадал ара- лаш жарым чөл ландшафты мүнөздүү. Сулайман тоо Өзгөн ханынын вазири Султан Мази Сулаймандын (15-к. башында) ысымынан аталган. Вазир Сулайман тоону жайкы резиденциясына айландырган. Жергиликтүү эл жана четтен келгендер тоого чыгы- шып, жөн гана сейилдешкен. Эл көп каттагандыгынан пайдаланып, дин кызматкерлери тоону тотемдик даража- га жеткиришип, ислам динин таратуучу майданга айлан- дырышкан. Дин кызматкерлери Сулайман пайгамбардын тактысынын табылгандыгы жөнүндө сөз таратышкан. Өзгөн вазири Сулайман пайгамбарга, ал эми анын эс алуучу жайы Сулайман тактысына айланып «ыйык» даңк- ка ээ болгон. Азыркы мезгилде Сулайман тоонун чокусуна түтүк менен суу чыгарылып, айланасына бак-дарак тигилип, жашылдандырылып, эмгекчилердин эс алуу жайына ай- ланган. Боорунан үңкүр казылып, түштүк Кыргызстан- дын тарыхы менен тааныштыруучу бир нече залдан тур- ган өзүнчө оригиналдуу музей жайгаштырылган. Кыргызстандын булуң-бурчунан жана чет өлкөдөн кел- ген туристтер Сулайман тоосуна кызыгуу менен келип турушат. Сөздөр так ортосу - в самом центре бадал - заросли; мелколесье чөл - пустыня; степь айландырган - превращал жергиликтүү - местный эс алуу жайы - место отдыха жашылдандыруу - озеленение Тексттен кийинки тапшырма. Сулайман тоосу кайсы жерде жайгашкан? Сулайман кимдин атынан, качан аталган? Сулайман тоосу жөнүндө эмне билесиңер, анын азыркы мезгилдеги орду кандай? Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп которгула. Тексттеги сүйлөмдөрдөн сын атоочту жасоочу мүчөлөрдү тапкыла. Кээ бир сын атооч сөздөр менен сүйлөм түзгүлө. КАРА-ШОРО ТАБИЯТ ПАРКЫ Кара-Шоро табият паркы 1996-жылы уюштурулган. Ал Фергана кырка тоосунун түштүк-батыш капталында- гы минералдуу булактар чыгып, токой, шалбаа өсүмдүк- төрү жакшы сакталган аймакты камтыйт. Аянты 845 га. Паркта Батыш Теңир-Тоо менен Памир Алай тоо систе- маларына мүнөздүү уникалдуу токойлор (карагай, жаң- гак, жемиш, арча) бийик шалбаа өсүмдүктөрү, бадалдар жана алардын арасында көп түрдүү жаныбарлар бар. Кара-Шоронун кооз жана бай табиятынын, минералдуу сууларынын базасында калктын эс алуусуна ыңгай- луу шарт түзүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. 1948-1954-жылдары сууну пайдалануу мүмкүнчүлүгүн аныктоо үчүн геологиялык изилдөө жумуштары жүргү- зүлгөн. Суу булак түрүндө жана тереңдиги 70-130 м кел- ген 14 бургулоо көзөнөктөрүнөн чыгат. Суу бөйрөк, боор, ичеги-карын, кан басымы, диабет ооруларына пайдалуу. Мына ушул дарылык касиети бар суулардан керектүү нерселерди алып калуу үчүн Кыргызстандын төрт тара- бынан жана чет өлкөдөн туристтер келип турушат. Сөздөр табият паркы - природный парк шалбаа өсүмдүктөрү - луговые растения түрдүү ж.аныбарлар - разные животные мүмкүнчүлүк - возможность бөйрөк - почки боор - печень ичеги-карын - кишки кан басымы - кровеное давление дарылык касиети - лечебные свойства Тексттен кийинки тапшырма. Кара-Шоро табият паркынын кооздугу эмне менен сүрөттөлөт? Кара-Шоронун адамдын ден соолугуна пайдалуу өзгөчөлүгү эмнеде жатат? Кара-Шоро табият паркынан башка да кандай эс алуу жайларын билесиңер? Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле. Тексттеги этиш сөздөрдүн этиштин өткөн чагынын кайсы түрү экендигин аныктагыла. Тексттен энчилүү аттарды таап, энчилүү аттардын жазы- лышын түшүндүргүлө. ШАХ-ФАЗИЛ КҮМБӨЗҮ Шах-Фазил күмбөзү 11-14-кылымга мүнөздүү архи- тектуралык эстелик. Ал Ала-Бука районундагы Сафед- Булан кыштагына жакын жайгашкан. Шах-Фазил күмбө- зүнүн ичи алгач кооз таштардан кыналып, 12-кылымда ганч (алебастр катырмасындагы материал) менен оймо- чиймеленип кооздолгон, башкы фасадынын эки жеринен оюк оюлган. Кийинки кайра куруулардын негизинде алгачкы көрү- нүшүн жоготкон. Дубал жактарынын узундугу сыртынан 11 м, ичинен 7,80 м, калыңдыгы 1,63 м бийиктиги 15,37 м. Дубалдын бурчтары чыгыш жана батыш багы- тында жайланышып, төрт чарчы формада болгон. Дубал төмөндөн жогору карай жантайыңкы курулуп, үстүнө алты кырдуу бурчтары тепкич сымал конфигурациядагы кошумча дубалдар менен кооздолуп, конус сымал кумпа (купол) менен жабылган. Дубалдары жана кумпа бышкан кыштан тургузулуп, түштүк батышында каалга орноту- луп, терезе жасалган. Терезенин эки жагында каалга бол- гон. Күмбөздүн ички дубалдары шыбалып ганч менен жогорку чеберчиликте оймо-чиймелер менен кооздолгон. Ичинде элегиялык жана диний маанидеги куфи жазуула- ры, геометриялык татаал фигуралар оюп түшүрүлгөн. Диний тексттер араб тилинде, элегиялык тексттер фарсы тилинде жазылган. Ушул жагынан Шах-Фазил күмбөзү башка архитектуралык эстеликтерден өзгөчөлөнүп турат. Күмбөзгө Караханиддер мамлекетинин башкаруучула- рынын биринин сөөгү коюлган. Эстелик архитектуралык жана көркөмдөлүшү жактан орто кылымдагы жетишкендиктин жогорку чеги. Эстелик ЮНЕСКОнун каттоосуна алынган. Сөздөр кооз таштардан кыналып - плотно пригнанные красивые камни оюк - выдолбленный, долбленный жоготкон - потерял көрүнүш - вид багыт - направление жантай - покоситься, покривиться каалга (эшик) - дверь чеберчилик - мастерство өзгөчөлөнүп турат - выделяется своими особенностями сөөгү - тело (покойника) останки Тексттен кийинки тапшырма. Шах-Фазил күмбөзү кайсы кылымга таандык? Шах-Фазил күмбөзү кайда жайгашкан, ал эмнеден салынган? Шах-Фазил күмбөзү эмнеси менен башка эстеликтерден өзгөчөлөнүп турат? Текстке чейинки тапшырма Текстти окуп, айтып бергиле. Тексттен сөз айкаштарын таап, сүйлөм түзгүлө. Тексттеги кээ бир сүйлөмдөргө синтаксистик талдоо жүргүзгүлө. ЖАЙЛОО Кыргыздар илгертен мал баккан көчмөн эл болгон. Кышкысын тоо этегиндеги кары азыраак, буйтка жерлерде кыштап чыгышкан. Кар кетип, жерге чөп чыкканда, кыш- тоодон жазгы жайытка - жакыныраак белестерге көчүп чыгышчу. Ал эми жазында тоо арасындагы жайлоого көчүп кетишчү. Бул мезгилде жайлоого кеткен жолдор маараган кой-эчкиге, мөөрөгөн уйга, туйлаган жылкыга толгон. Жайлоо берекеси төгүлгөн мезгил - июндан сентябрь айынын ортосуна чейин. Аба таза, күн салкын, сыдырым жел согуп, тунук кашка суулар мөлтүрөйт, туш-тарап көк жамынып турат. Жайлоодо чөптүн аш болумдуу түрлөрү көп. Сабагы дандуу ак сокто, кыяк, сабиз чөп, түлкү куйрук, ичке жалбырактуу жылгын малды бат семиртет. Көп жайлоо- лордо көбүнчө жыты аңкыган бетеге, тулаң жана шыбак өсөт. Кыргызстанда Арпа, Ак-Сай, Сырт, Чоң-Алай, Сууса- мыр, Соң-Көл, Кара-Кужур, Каркыра, Чаткал, Көк-Ой- рок, Көгарт деген атактуу жайлоолор бар. Жайлоо - табигат тартуулаган байлык. Бирок ал кан- дай жаралса ошол бойдон өзгөрбөй тура бербейт. Ошон- дуктан жайлоону туура пайдалануу, көркүн сактоо ар бир адамдын милдети. Сөздөр илгертен бери - с давних времен белес - отрог сыдырым жел - слабый ветер тунук кашка суу - прозрачная вода ак сокто - название горного трявянистого растения, похожего на овес кыяк - острец, мятлик луговой (название травы) жылгын - юлгун, тамариск, бисерник (растение) шыбак - полынь Тексттен кийинки тапшырма. Жайлоонун таасири адамдын турмушунда кандай роль ой- нойт? Кыргызстанда кандай жайлоолор бар? Атап, сүрөттөп бер- гиле. Жайлоодо жөнүндө дилбаян жазгыла. АБА ЫРАЙЫ, КЛИМАТ ЖАНА ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, айтып бергиле. Кээ бир сүйлөмдөргө морфологиялык талдоо жүргүзгүлө. Этиш сөздөргө уланган мүчөлөрдөн чакты аныктагыла. КЛИМАТ Аба ырайы дайыма өзгөрүп турарын бардыгыбыз би- лебиз, бирок ага карабастан ар бир жердин өзүнө таан- дык касиеттерин байкайбыз. Мына ушундай аба ырайы- нын өзгөрүп турган касиети климат деп аталат. «Климат» деген сөздүн мааниси грек тилинен котор- гондо «жантаюу» деген түшүнүктү билдирет. Байыркы гректер климат эңкейиштен жерге карай тийген күндүн нурларына байланыштуу болот дешкен. Күн радиациясы - климатты түзүүчү негизги фактор- лордун бири. Күндүн горизонттон бийик жайгашышы де- кабрда 23-25, июнда 69-70 градусту түзүп, күн нурунун жердин бетине келип түшүү өлчөмүнө таасирин тийгизет. Күн тийип турган убакыттын узактыгына булуттуу- лук жана горизонттун ачыктыгы да таасир этет, анын жылдык орточо көрсөткүчү кууш өрөөндөрдө ( Жети-Өгүз, Чоң-Кызыл-Суу) 1700-1800, ал эми жазы, ачык өрөөн- дөрдө 2500-2900 саат. Гректердин аныктамасы боюнча, күн канчалык горизонттон бийик болсо, анын нурлары жер катмарына ошон- чолук тиет да, жылуулук ошончолук болот деп белгилеш- кен. Республиканын рельефи тоолуу болгондуктан климат- тын бийиктик алкактуулугу байкалат. Тоолуу аймактар- да бийиктик боюнча аба басымынын, температуранын (орто эсеп менен 0, 6 гр/100 м), ошондой эле жылдык жана суткалык амплитуданын көрсөткүчүнүн төмөндөшү, жаан-чачындын өлчөмүнүн белгилүү бийиктикке чейин жогорулашы байкалат. Ысык-Көл өрөөнүнүн таманында ири көлдүн жайгашы- шына байланыштуу, анда континенттиктен деңиздикке чей- инки климаттын бүт типтери байкалат. Жапыз тоолуу өрөөндөрдө атмасфералык басым 950 г. Падан (Чүй өрөө- нүнүн түндүгү, деңиз деңгээлинен 596 м. бийиктикте) бийик тоолуу аймактарда 650 г Пага чейин Кум-Төр 3614 м). Ба- сымдын минималдык көрсөткүчү өрөөндөрдө июлда, максимуму ноябрда, бийик тоолордо мартта жана август-ок- тябрда байкалат. Сөздөр касиет - свойства эңкейиш - наклон күн нуру - солнечный луч алкак - пояс көрсөткүч - показатель Тексттен кийинки тапшырма. Кыргызстандын климаты жөнүндө айтып бергиле. «Климат» деген түшүнүк эмнени билдирет? Ар кайсы жерлердин климатын салыштыргыла. Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, которгула. Тексттеги кээ бир сөздөрдөгү жоон үндүүлөргө мүнөздөмө бергиле. -чы мүчөсү эмнени уюштуруучу мүчө. АБА ЫРАЙЫ Аба ырайы белгилүү бир аймактагы атмосферанын алдыңкы катмарынын бир учурдагы абалы. Аба ырайы тынымсыз өзгөрүп турат. Аба ырайы атмосферанын алдыңкы катмарынын тем- пературасы, нымдуулугу, абанын басымы, жаан-чачын, шамал, туман ж. б. метеорологиялык кубулуштардын жы- йындысы менен аныкталат. Метеорологиялык кубулуш- тар болсо, күн нурунун жер бетинде таралыш законче- немдүүлүктөрүнө байланыштуу. Аба ырайынын көп жылдык режими «климат» деп аталат. Адам баласы аба ырайын алдын ала билүүгө ар дайым ынтызар болгон. Кээ бир адамдар Күндүн батышы же чыгышына, өсүмдүктөрдүн гүлдөрүнө, жаныбар, курт- кумурскалардын, канаттуулардын жүрүм-турумуна, айдын, жылдыздардын абалына байкоо жүргүзүп, аба ырайын алдын ала айтуу жөндөмүнө ээ болушкан. Кыргызда аларды «эсепчи» же «жайчы» деп аташкан. Сөздөр тынымсыз - беспрерывный законченемдүүлүк - закономерность адам баласы - человечество ынтызар - страстное желание эсепчи - предсказатель погоды жайчы - заклинатель Тексттен кийинки тапшырма. Аба ырайынын кубулуштары эмне менен аныкталат? Мурунку мезгилде аба ырайы жөнүндө маалыматты эмне менен байланыштырып айтышкан? Аба ырайын алдын ала айткан адамдарды кандай аташкан? Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле. Текстке карата 6 суроолуу сүйлөм түзгүлө. Тексттеги төмөнкү этиш сөздөрдү татаал учур чакка өзгөрткүлө: бил, алмаштыр, айлан, башта, көрцн. ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ Кечке жуук кардын жаашы басылып, таңга маал ас- ман чайыттай ачылды, суук күчөп, кар жылт-жулт этет. Канаттуулар үрпөйүшүп, ызгаардуу кышка нааразы бо- лушкансыйт. Табияттын тартиби ушундай экенин алар кайдан билишсин. Кышында күн абдан кыскаргандан кийин (22-декабрь) күн жазга карай бет алат, кыш болсо чилдеге эркиндик берет. Кыш канчалык каарын төккөн менен баары бир жаз келбей койбойт, анткени жыл мезгилдери бирин бири алмаштырып турат, мунун сыры эмнеде? Жер Күндү жылына бир айланып чыгат. Ошол убак- та ал Күнгө капталын ар түрдүү абалда кактайт. Күн так төбөгө көтөрүлүп, анын нуру тике түшкөндө, катуу ысып, жерде жылуу болот. Анын тескерисинче, Күн бийик кө- төрүлбөй, анын нуру жер бетине кыйгач тийген кезде, суук боло баштайт. Кышты жаз, жазды жай алмаштырат. Күн абдан узар- ганда (22-июнда) сууга түшпөсөң чыдай албай турган жай чилдеси күчүнө кирет. Ал эми тиги алдыдан күздүн караа- ны да көрүнөт... күн кыскарып, түн узара баштайт. Мы- на, күз келип токой да алтын түстөнүп саргарууда. Андан соң дарактар жалбырактарын күбүп, бутактары арбайып- тарбайып, сороюп көрксүз түргө келет. Табият карды кү- төт. Ушуну менен жыл айлануу аякталат. Бирок жер шарынын бардык жеринде эле жыл мез- гилдеринин белгилери мындай ачык-даана боло бербейт. Түндүк жана Түштүк уюлдардын айланасында жыл бою суук болуп турат. Бул жерлерге күндүн нуру кыйгач тий- гендиктен анча жылыта албайт. Ал эми экватордун эки жагындагы тропиктерде жыл бою ысык. Анткени бул жерде Күн дайыма төбөдөн тийип турат. Сөздөр кечке маал - вечерком (к вечеру) тацга маал - утром (ранним утром) асман чайыттай ачылды - небо совершенно чистое, ясное үрпөйүшүп - ощетинившись ызгаардуу - морозный, студенный чилде - сорок самых холодных дней или сорок самых жарких дней в году кыйгач - кривой, загнутый, изогнутый көрксүз - не красивый табият - природа ачык-даана - четко төбө - (здесь)в самом центре Тексттен кийинки тапшырма. Жыл мезгилдери бири-бирин эмне себептен алмаштырыш турат? Эң узун тун жана эц кыска кун кайсы мезгилде болот? Силерге кайсы мезгил жагат, айтып бергиле. Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, которгула. Илик жөндөмөдө турган сөздөрду таап, суйлөм тузгулө. Тексттен 2 суйлөмгө морфологиялык талдоо жургузгулө. ЖАЗ МЕЗГИЛИ Жаз мезгили - өзгөчө мезгил. Жаз айлары март, апрель, май айлары болуп эсептелет. Жаздын келиши ме- нен тили каткан куштар сайрап, чээнде жаткан балык баш көтөруп, аюуга жан кирип, жер майын жара тээп, тоц тонун чечип, жерге амал кирип, эне-малдын желини ийип, Улуу Кун астындагы төшу туктуу жер бетине баар- дын нообаты келет. Жашоонун, жакшылыктын, туруулуктун, жандануу- нун символу болгон жаз айы менен бирге жалпы аялза- тынын майрамы да кошо келет. Жашоонун булагы, өмур- дун чырагы болгон аялзаты өзунун боорукердиги, назик- тиги, айкөлдугу, камкордугу, чыдамдуулугу менен жаз айларына окшошуп келет. Жаздын келиши менен байыртадан бери келе жаткан Нооруз майрамы да келип, элибиз, жерибиз жацыланып, жакшы тилек, жаркын максаттарга кадам таштайбыз. Ал эми жерден болсо тоц биротоло кетип, кун менен тун тецелип, байчечекей гулдөру жайнап, бак-дарактар бучур төгуп, адамдардын бири-бирине болгон жакшы каа- лоо, тилектери жацырат. Кыргызстандын сумөлөк баш- таган жети даам тамактары дасторкон устундө жайнап, Нооруз тилектери айтылат. Нооруз куну бышырылуучу сүмөлөк «Нооруз сүмөлөгү» деп аталат. Ал башталган күндөн тартып апрель айынын акырына чейин уланган. Жаз мезгилинде талаада кызуу кыймыл да башталып, көчөттөр отургузулуп, эгин айдалып баштайт. Жаз мезгили - жыл мезгилинин эң сонун учуру. Сөздөр чээн - место зимней скачки, нора, берлога желин - вымя баар - богатство нообат (нооват) - очередь жандан - оживать, оживляться жакшылык - добро, благодеяние тирүүлүк - жизнь боорукер - доброта назиктик - нежность |