Главная страница
Навигация по странице:

  • Ашым

  • Кадыр

  • Диалог (Телефон аркылуу сүйлөшүү) Канатбек

  • Канатбек

  • Апасы

  • Бизге белгисиз адам, предмет,түшүнүк жөнүндө кантип сурашыбыз керек

  • Диалог Үй-бүлөмдүн альбому.

  • Адамдын ой-пикири жөнүндө кантип сураш керекӨзүңдүн ой-пикириңди кантип айтасың

  • Сиздин үй-бүлөңүз менен таанышуу

  • Убакытты туура пайдалануу

  • Келечек жөнүндө пикир алышалы

  • Дарыкана кайда жайгашкан

  • Чет элдик меймандар менен аңгемелешүү

  • Вокзал кайда Бул троллейбус кайда барат * *

  • Тынчыңарды алганым үчүн кечиресиз * *

  • Убакыт канча болду Саат канча болду Саат алты болду. Алты болдубу Биз кечигип жатабыз. * *

  • Сиз спортко кызыгасызбы

  • ӨЗ АЛДЫНЧА ОКУУ МАНАСТЫН ЖЕТИ ОСУЯТЫ

  • управление. кыргязкнига. Тилим менин


    Скачать 1.09 Mb.
    НазваниеТилим менин
    Анкоруправление
    Дата25.10.2022
    Размер1.09 Mb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлакыргязкнига.docx
    ТипДокументы
    #753082
    страница36 из 37
    1   ...   29   30   31   32   33   34   35   36   37

    Касым: - Жамила эже!

    Жамила эже: - Эмне болду, Касым?

    Касым: - Кирсем болобу?

    Жамила эже: - Албетте, болот, кириңиз.

    Кир, кириңиз, киргиле. - войди, войдите (ед. ч. ), вой­дите (мн. ч.).

    Ашым: - Айгерим эже, кечириңиз, кечигип калдым, кирүүгө мүмкүнбү?

    Айгерим эже: - Ооба, мүмкүн.

    • Чыгууга уруксатпы? - чыгууга мумкунбу?

    • Ооба, чыгууга уруксат. - Ооба, чыгууга мүмкүн.

    Кадыр: - Айша эже!

    Айша эже: - Эмне болду Кадыр?

    Кадыр: - Чыксам болобу?

    Айша эже: - Ооба, чыксаңыз болот.

    Чык, чыгыңыз, чыккыла - выйди, выйдите, (ед. ч.) выйдите (мн. ч.)

    Диалог

    • Шаарыбызда архитектуралык формасы боюнча айырмаланган имараттар абдан көп. Сен аларды биле- сиңби?

    • Ооба, билем. Мисалы: Тарых музейи, Кыргыз Мам- лекеттик сүрөт-өнөр музейи, Кыргыз академиялык опера жана балет театры, Кыргыз Мамлекеттик филармониясы жана башкалар.

    • Ооба, алар абдан кооз имараттар. Аларды талант- туу архитекторлордун долбоору боюнча курушкан. Сен аларды билесиңби?

    • Ооба, билем.

    • Айтып бересиңби, абдан кызыктуу экен.

    • Академиялык опера жана балет театры А. Лабу- ренконун долбоору боюнча, кыргыз мамлекеттик сурөт өнөр музейи архитекторлор Д. Ырыскулов, В. Назаров, Ш. Жекшенбаевдин долбоору боюнча инженер А. Юсупов- дун жетекчилиги астында курулган.

    • Ооба, абдан таланттуу мыкты адамдар экен.

    • Алар шаарыбыздын өсушунө чоң салым кошушуп- тур.

    Диалог

    • Сиз студентсизби?

    • Ооба, мен студентмин.

    • Сиз кайда окуйсуз?

    • Мен Бишкек гуманитардык университетинде окуй- мун.

    • Менимче, сиз бул жердик эмес экенсиз?

    • Ооба, мен Түштүк Кореядан келгенмин.

    • Сиз биздин шаарда качантан бери жашайсыз?

    • Жакында 10 ай болот.

    • Сиз кыргыз тилин жакшы суйлөйт экенсиз. Кыргыз тилин уйрөнгөнуңузгө көп болдубу?

    • Кыргызстанга келгенге чейин кыргыз тилин тапта- кыр билчү эмесмин. Азыр кыргызча эркин сүйлөйм. Ада- бияттарды кыргызча окуй баштадым. Эми кыргыз эли­нин тарыхы менен таанышсам дейм.

    • Мен абдан кубанычтамын. Чоң ийгиликтерге же- тишиптирсиз.

    Диалог

    • Сиз университетте окуйсузбу?

    • Ооба.

    • Кайсы факулътетте?

    • Физика факультетинде.

    • Канчанчы курста окуйсуз?

    • Бешинчи курста окуйм.

    • Ошентип, сиз жакында университетти бутурөсуз.

    • Ооба, эки айдан кийин мен диплом жактайм (кор- гойм), андан кийин мамлекеттик экзамен берем (тапшы- рам). Ошондон кийин диплом алам.

    • Анда сизге ийгилик каалайм.

    • Ырахмат.

    Ашканада

    • Саламатсызбы!

    • Саламатчылык.

    • Биринчисине эмне бар?

    • Биринчисине шорно, чүчвара, лагман бар.

    • Экинчисине эмне бар?

    • Экинчисине куурулган балык, манты жана бешбар­мак бар.

    • Үчунчусунө эмне бар?

    • Үчүнчүсүнө таттуу суусундуктар жана жемиштин ширелери бар.

    • Мага биринчисине шорпо, экинчисине бешбармак, учунчусунө алманын же жузумдун ширесин бериңизчи.

    • Мына алыңыз.

    • Мен канча төлөшум керек?

    • Сизден 41 сом 50 тыйын.

    • Ырахмат.

    • Тамагыңыз аш болсун!

    • Ырахмат.

    Канатбек котормочу

    • Саламатсыңбы Канатбек!

    • Саламатчылык Айдана, кандайсың, ден соолугуң жакшыбы, окууларыңчы?

    • Жакшы, өзуң эмне кылып журөсуң?

    • Азыр мен котормочу болун иштен жатам.

    • Жакшы болгон турбайбы. Котормочулук кесип аб- дан оор болуш керек.

    • Ооба, кыйынчылыктар бар, кон убакытты да талан кылат.

    • Бул кесип адамдын көпту таанып билуусунө себеп болсо керек.

    • Ооба, котормочулук кесип абдан кызыктуу жана көп маалымат аласың, ар кайсы чет өлкөлүк адамдар менен да иштейсиң.

    • Алар менен жолугушуу, иштешуу сен учун ырахат болуш керек.

    • Ооба, жаңы жолугушуулар, жаңы адамдар мени аб­дан кызыктырат.

    • Анда мен сага чоң ийгиликтерди каалайм. Келечек- те мыкты котормочулардын бири бол.

    • Сага дагы ийгилик каалайм Айдана, жолугушканга чейин.

    • Саламатта кал!

    • Саламатта бол!

    Менин бош убактым

    • Саламатсыңбы Гулсана?

    • Саламатчылык!

    • Кайда бара жатасың?

    • Мен паркка сейилдегени бара жатам.

    • Асенчи?

    • Мен китепканага бара жатам.

    • Китепканада эмне кыласың?

    • Реферат жазам жана кызыктуу китептерди окуйм.

    • Сен бош убактыңды кандай өткөрөсуң?

    • Мен бош убактымда көбүнчө адабий китеп окуган- ды, музыка укканды жакшы көрөм.

    • Гулсана, бугун кечинде мага келбейсиңби? Экөөбуз паркка сейилдеп, музыка угуп, окуган китептерибиз жөнундө суйлөшөлу.

    • Анда мен сага кечинде келем.

    • Макул, анда мен сени кечинде кутөм.

    Чач тарачта

    • Саламатсызбы? Мен чачымды кырктырайын дедим эле.

    • Саламатчылык. Кандай прическаны каалайсыз?

    • Мен прическалардын моделдерин көрөйүн дедим эле.

    • Мына, көрцңцз.

    • Мага бул кыска прическаны жасап бериңиз.

    • Анда жцрцңуз, чачыңызды суулап келип, креслого ыңгайланып отуруңуз.

    • Кулагымды ачык койсоңуз мага жарашабы?

    • Ооба, абдан жарашат. Эми чачыңызды кургата бер- сеңиз болот.

    • Рахмат.

    • Акысын кассага барып төлөп коюңуз.

    • Саламатта калыңыз.

    • Саламатта барыңыз, дагы келип туруңуз.

    Эмканада

    • Саламатсызбы доктор, сизге кирсе болобу?

    • Саламатчылык, кириңиз. Отуруңуз. Кайсы жери- ңиз ооруп жатат?

    • Мен эки күндөн бери температура болуп жөтөлүп жатам.

    • Температураңыз канча болуп жатат?

    • Отуз тогуз (39) градус.

    • Аппетитиңиз кандай, кускан жоксузбу?

    • Жок, кускан жокмун, бирок тамак жакшы иче ал- бай жатам.

    • Сиз сасык тумоолоп калыптырсыз. Мен сизге ре­цепт жазып берейин, ошол боюнча даарыланыңыз. Үч кундөн кийин кайрадан келиңиз.

    Азыр барып тамагыңызды кактата кетиңиз.

    • Чоң рахмат. Саламатта калыңыз.

    Диалог

    • Саламатсызбы?

    • Саламатчылык.

    • Сиздерде сасык тумоого карты дары барбы? Мурун- га тамызуучу дары да керек.

    • Ооба бар. Эгер кааласаңыз экинчи бөлүмдө даярдап беришет.

    • Муун оорусунун дарысы барбы?

    • Жыландын уусунан даярдалган дары май бар. Аны муундарга сыйпаса болот. Муун оорусуна абдан пайдалуу.

    -Анда мага берип коюңузчу.

    • Мына алыңыз. Сизден жуз төрт сом.

    • Ырахмат.

    Диалог

    • Саламатсызбы?

    • Саламатчылык.

    • Баалуу кат жөнөтсө болобу?

    • Ооба, болот. Кайда жөнөтөсүз?

    • Мына, менин уч катым бар. Бирөөну Германияга, бирөөну Японияга, бирөөну Туркияга.

    • Чет мамлекетке кат жөнөтүү азыр кымбат болуп калган. Аны билесизби?

    • Албетте, билем, бирок катты кайра жообун ала тургандай кылып жөнөтушум керек.

    Диалог

    (Телефон аркылуу сүйлөшүү)

    Канатбек: - Алло, апа! Бул мен, Канатбекмин. Ден соолугуңуз кандай? Үйдө тынч элеби?

    Апасы: - Кандайсың Канатбек? Бизде баары жакшы. Сенин өзүңдүн иштериң кандай?

    Канатбек: - Ырахмат, жакшы. Сочиде эң сонун экен.

    Жаз келип калды.

    Жер көгөрүп, жемиш бактары гүлдөп жатат. Мимоза- нын гүлдөгөн маалы.

    Апасы: - Эмне дейсиң, койчу?! Биз жакта кар бирде эрип, бирде жаап турат. Март айынын туруксуз аба ыра- йын жактырбайм.

    Канатбек: - Азырынча суук турбайбы?

    Апасы: - Ооба. Деңизге түшүүгө болобу?

    Канатбек: - Суу али муздак. Мен жөн эле күнгө как- танып жатам. Деңиз суусу менен ванна алып жүрөм.

    Апасы: - Канатбек, сен үйгө качан келесиң?

    Канатбек: - Кийинки жумада. Мен сизге Кавказдан белек алып келем.

    Апасы: - Ырахмат. Сен эми качан телефон чаласың?

    Канатбек: - Мен шейшембиде телефон чалам. Кош, Апа!

    Апасы: — Кош бол, балам!

    Диалог

    • Телефон менен сүйлөшүүгө заказ берсем болобу?

    • Ооба, болот. Кайда?

    • Москва менен сүйлөшөт элем, үйдө телефон иштебей калыптыр. Мен азыр тез арада сүйлөшүшүм керек.

    • Азыр, мен код менен чалып берейин, тиги кабинага кириңиз.

    • Канча төлөйм?

    • Мүнөтүнө жараша. Канча мүнөт сүйлөшөсүз? Ушу­га байланыштуу төлөнөт.

    • Сиз 10 минут суйлөштуңцз. Сизден 15 сом. Акча- ңыздын калганын алыңыз, 5 сом.

    Бизге белгисиз адам, предмет,
    түшүнүк жөнүндө кантип сурашыбыз керек?


    Кубат энциклопедия окуп отурат. Тексттерде Кубатка белгисиз сөздөр, адамдардын ысымдары жолугат. Булар тууралуу агам Кыбанычбек билеби деп кызыгат. Агасы мектептен келгенде сурай баштайт.

    • Кубанычбек байке, сиз билесизби, БУУ деген эмне?

    • Ооба, билем. Бириккен Улуттар Уюму.

    • Ал эми Леонардо да Винчи ким болгон?

    • Ал атактуу сүрөтчү болгон.

    • Леонардо да Винчи суротчу гана болбостон, оку- муштуу да болуптур. А. П. Чехов жазуучу дагы, врач дагы болуптур.

    Бизге ким жагат?

    Биз өзүбүзгө жаккан адамдарга окшошкубуз келет. Бул адамдар - биздин ата-энелер, досторубуз, китептердин, спектаклдердин, фильмдердин каармандары болушу да мүмкүн. Алардын кээ бирлери акылдуу жана боорукер, экинчилери - күчтүү жана кайраттуу, ал эми үчүнчүлөрү шайыр жана сулуу болушу ыктымал. Сиздин оюңузча: сиз, ал жана алар кандай болушу керек?

    • Демек, биз кимдер жөнүндө сүйлөшөбүз?

    • Сиз жана сиздин досторуңуз жөнүндө.

    • Адамдардын мүнөзү тууралуу жана табигаттын таң калтырган кооздугу жөнүндө сүйлөшөбүзбү?

    • Ооба, мындай кызыктуу темалар ар бир адамдар­дын, тил үйрөнүүнүн көңүлүнүн борборунда болуш керек

    Диалог

    Үй-бүлөмдүн альбому.

    • Биздин үй-бүлөбүздүн сүрөт альбомун көрөсүңбү?

    • Ооба. Булар кимдер?

    • Булар менин чоң атам, чоң энем, ата-энем.

    • Тушунуктуу. Сенин атаң абдан келишимдуу, апаң болсо абдан сулуу экен.

    • Ооба, бул сүрөт мага да жагат, мына ата-энем жаш жана сулуу.

    • Ал эми бул сурөттөгу ким? Уулуңбу

    • Жок. Бул менин жээним.

    • Жээниң абдан сүйкүмдүү жигит экен.

    • Бул суроттогу ким?

    • Бул менин аялымдын бөлөсү. Ал - студент.

    • Ал эми, бул сүрөт абдан эски сүрөт. Бул сүрөттөгү кичинекей бала азыр чоңоюп, үй-бүлөлүү болду.

    Адамдын ой-пикири жөнүндө кантип сураш керек?
    Өзүңдүн ой-пикириңди кантип айтасың?


    Биринчи жолу мага кыргыз тилин үйрөнүү кыйын болду, кийинчерээк жеңилдей баштады. Азыр болсо, мага кыргыз тилин үйрөнүү абдан кызыктуу. Кыргыз тилинде адабий чыгармаларды да окуй баштадым.

    • Кандай адабий чыгармаларды окуй баштадыңыз?

    • Англиялык, франциялык жазуучулардын котормо- лорун окуй баштадым.

    • Ал эми сиз кандай деп ойлойсуз. Тилди үйрөнүүнүн жеңил ыкмасы, сыры эмнеде?

    • Ооба, тилди тез үйрөнүүнүн сыры ар бир адамда бар деп ойлойм. Албетте, тилди үйрөнүү үчүн аракет, эрк, чыдамдуулук, күнүгө мыкты даярдык керек.

    • Тилди үйрөнүүдө жакшы окуйм жана жакшы сүй- лөйм деп өзүңүзгө чоң ишеним менен караңыз.

    • Ооба, сүйлөгөндө ката кетирем деген коркунучту жоюу керек деп эсептейм.

    Диалог

    • Саламатсызбы?

    • Саламатчылык.

    • Кубанычбек мырза, таанышып алыңыз, Хенри Витрс мырза жана Джеймс Даффи мырза.

    • Мен сиздер менен таанышканыма абдан кубанычта- мын!

    • Биз дагы кубанычтабыз!

    • Хенри Витрс мырза Мериленд штатындагы айыл чарба департаментинде кызмат кылат. Ал эми Джеймс Даффи атактуу Гарвард университетинин профессору.

    • Кубанычбек мырза юстиция министрлигинде эмгек- тенет.

    • Биз Кыргыз Республикасына атайын чакыруу ме­нен келдик. Биздин делегацияда 13 адам бар.

    • Мен Кыргыз Республикасына биринчи жолу кели- шим. Эли меймандос, жаратылышы абдан кооз экен.

    • Эртең Ысык-Көлгө конференцияга барабыз. Бүгүн «Ак кеме» мейманканасына токтойбуз.

    • Анда көрүшкөнчө саламатта болуңуздар.

    • Саламатта болуңуз.

    Күнөстүү Кыргызстан

    Кыргызстанда эң чоң шаар - Бишкек.

    Эң терең көл - Ысык-Көл.

    Эң узун дарыя - Нарын.

    Эң бийик тоолор - Хан-Теңири.

    • Сиз кайсы мамлекетте жашайсыз?

    • Мен Кыргыз Республикасында жашайм.

    • Кыргыз Республикасынын борбору кайсы шаар?

    • Кыргыз Республикасынын борбору - Бишкек.

    • Кыргыз Республикасы кайда жайгашкан?

    • Кыргыз Республикасы Борбордук Азияда жайгаш­кан.

    • Кыргыз Республикасы кандай мамлекет?

    • Кыргыз Республикасы көп улуттуу мамлекет.

    • Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы эмне?

    • Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - сом.

    Таанышуу

    • Сиз (силер) менен таанышкым келет.

    • Сиз менен таанышууну каалайм.

    • Мен сиз (сени) менен таанышууга ынтызармын.

    • Кел (келиңиз), таанышалык!

    • Менин атым - Максат.

    • Кубанычтуумун! Эң жакшы!

    • Таанышууга уруксат этиңиздер.

    • Мен сиз менен таанышканыма бактылуумун.

    • Атыңыз ким?

    • Менин атым - Самарбек. Фамилиям Кожомкулов.

    • Кайда окуйсуз же иштейсизби?

    • Мен окуумду быйыл бүттүм. Эми ишке орношушум керек.

    • А, өзуңчу, кайда иштейсиң же окуйсуңбу?

    • Мен техникалык университетинин энергетика фа- культетинде 4-курста окуйм.

    • Кундузгу бөлумундөбу?

    • Ооба, күндүзгү бөлүмдө окуйм.

    • Жатаканада турасыңбы?

    • Жок, ата-энем менен чогуу турам.

    • Өзуң кайда жашайсың?

    • Мен Аламүдүн районунда Ала-Арча айылында, ата- энем менен бирге турабыз.

    • Анда эмесе көрушкөнчө, сак-саламатта тургун.

    Сиздин үй-бүлөңүз менен таанышуу

    • Бизди үй-бүлөңүз (туугандарыңыз) менен тааныш- тырыңыз.

    • Сиз үйлөнгөнсүзбү (күйөөңүз барбы, турмушка чык- кансызбы)?

    • Ооба, мен үйлөнгөнмүн (турмушка чыкканмын).

    • Жок, мен үйлөнө элекмин. Бойдокмун (турмушка чыга элекмин).

    • Үй-бүлөңөр канча кишиден турат?

    • Менин аялым жана эки балам бар.

    • Уулум кызымдан үч жаш улуу, менин ата-энем бар .

    • Ата-энеңер ким болуп иштейт?

    • Сиздин бир туугандарыңыз (ага-ини жана эже-ка- рындаштарыңыз) барбы?

    • Ооба, менин эки эркек бир тууганым жана карында- шым бар.

    • Менин аялым мугалим (врач, иштебейт).

    • Балдарымдын улуусу улуттук университетте эконо­мика факультетинде 3-курста, ортончусу чет тилдер фа- культетинин 1-курсунда, кичүү балам мектепте 11-клас- ста окуйт.

    Бул кайсы окуу жайы

    • Бул имарат кайсы окуу жайыныкы?

    • Бул имарат Бишкек гуманитардык университети- ники.

    • Ал качан курулган?

    • 1993-жылы курулуп бүткөн.

    • Университет кимдерди даярдап чыгарат?

    • Университет филологдорду, мугалимдерди, саясат таануучуларды, социологдорду, экономисттерди, эколог- дорду жана кытай, япон, корей, англис, түрк ж. б. чет тилдери боюнча котормочуларды даярдап чыгарат.

    • Бул кайсы кабинет?

    • Ал - мамлекеттик тил кафедрасыныкы.

    • Бул портрет кимдики?

    • Бул портрет - Б. Юнусалиевдики.

    Сенин сүйгөн акының

    • Бул ким?

    • Бул кыргыз элинин белгилүү акындарынын бири- А. Осмонов.

    • Алыкулдун кандай ырларын билесиң?

    • Улуу акындын элине, жерине, айрыкча Ысык-Көл тууралуу жазган ырларын окуганмын.

    • Анын «Эне тил» аттуу ырынын мааниси абдан күч- түү.

    • Ооба, бул ыр ар бир адамдын өзүнүн элинин тилине болгон сүйүүсүн күчөтөт.

    • Менин эң жакшы көргөн акындарымдын бири - А. Осмонов.

    • Айтмакчы, улуттук китепкананын алдында биздин сүйүктүү акыныбыздын эстелиги тургузулган.

    Убакытты туура пайдалануу

    • Убакытты текке кетирбей, аны туура пайдалана би- лишиң керек!

    • Туура айтасың! Убакытты эч убакта кайра кайта- рып ала албайсың, ошондуктан терең билим алуубуз за­рыл.

    • Биз азыр эң жогорку деңгээлдеги билимге жана чет тилдерди мыкты өздөштүрүүгө абдан муктажбыз.

    - Биз, 21-кылымдын жаштары, эң жогорку квали- фикациядагы адистикке ээ болушубуз керек.

    • Ал үчүн биз талыкпай эмгектенип, көп окуубуз ке- рек.

    • Бүгүн мен улуттук китепканага барыш, экзаменге жакшы даярданышым керек.

    Келечек жөнүндө пикир алышалы

    • Азат, сенин оюңча, биздин келечегибиз кандай бо­лот?

    • Менин оюмча, биздин келечегибиз кең. Өзүбүздүн экономикабыз өсүп, завод-фабрикалар өзүлөрүнүн продук- цияларын чыгара баштайт.

    Жумушсуздук азайып, элдин жашоосу оңолот.

    • Ылайым эле, сен ойлогондой болсо экен.

    • А, сен кандай деп ойлойсуң ?

    • Менимче, биздин жерибизден эң көп кен байлыктар алынып жатпайбы.

    Ошол байлыгыбызды туура иштете алсак, келечекте биздин мамлекетибиз өнүккөн өлкөлөрдүн катарына ко- шулуп, дүйнөгө белгилүү боло баштайт.

    • Айтыңызчы, жакын жерде сүйлөшүү түйүнү барбы? Мен Каракол менен сүйлөшүшүм керек эле.

    • Шаардын борборунда Чүй проспектисинде сүйлөшүү түйүнү жайгашкан.

    • Ырахмат.

    Сүйлөшүү түйүнү

    • Саламатсызбы?

    • Мени Каракол менен байланыштырып кюңузчу. Беш мүнөт сүйлөшөм. Анын үй телефону - 4-42-17.

    • 2-кабинага кириңиз.

    • Алло! Ким сүйлөп жатат?

    • Мен кызыңармын.

    • А, Аидасыңбы?

    • Ооба, мен Аидамын. Апа угуп жатасызбы?

    • Ооба, угуп жатамын. Окууларың, ден соолугуң жак- шыбы?

    • Ырахмат. Баары жакшы. Эртең үйгө барамын. Кеч- ки саат тогуздарда, тосуп алгыла.

    Почтада

    • Саламатсыңбы, Таня?

    • Саламатчылык, Дильнура.

    • Кайда бара жатасың, Таня?

    • Почтага бара жатамын. А, сен өзүңчү?

    • Мен дагы. Жүрү анда, бирге баралы. Мен Германия- га кат жиберишим керек эле.

    А, сен кайда жиберейин дедиң эле? Кат жибересиңби же посылка жөнөтөсүңбү?

    • Мен Түркияга кат жөнөтөйүн дегем. Ал шаарда ме- нин досум жашайт. Университеттин үчүнчү курсунда окуп жатат.

    • Кайсы шаарда окуйт?

    • А сен билбейсиңби, бир катты канча сомго жибери­шим керек?

    • Билбейм. Азыр кассирден сурайын.

    • Саламатсызбы? Стамбулга чейин катты жибериш үчүн канча сом төлөшүм керек?

    • Стамбулга чейин бир катты жөнөтүш үчүн 45 сом төлөйсүз.

    • Ырахмат.

    • Саламатсызбы?

    • Саламатчылык.

    • Мен телеграмма жиберишим керек.

    • Телеграмма экинчи кабатта, биринчи терезечеде алы- нат.

    • Кичи пейилдикке телеграмма бланкасын бериңиз- чи.

    • Кандай телеграмма үчүн - жөнөкөйбү же шашы- лышпы?

    • Шашылыш үчүн.

    • Мына бланка.

    • Шашылыш телеграмма канча убакытта жетет?

    • Бир жарым саатта.

    • Ырахмат.

    Дарыкана кайда жайгашкан?

    • Кечирип коюңуз, сизден сураса болобу?

    • Болот. Сураңыз.

    • Жакын жерде дарыкана барбы?

    • ЦУМдан кийинки аялдамадан түшсөңүз, борбордук дарыкана бар.

    • Ырахмат.

    • Саламатсызбы? Сизге кайрылууга болобу?

    • Ии, угуп жатам.

    • Бул рецепт боюнча мага дары даярдап берүүңүздү суранамын.

    • Саат канчада даяр болот?

    • Эки сааттан кийин келиңиз.

    • Мага жөтөлгө, сасык тумоого, баш ооруга, жүрөк айланганга каршы кандай дары бере аласыз?

    • Бул дарыны сизге ичүүгө болобу?

    • Ооба, болот, кандай дозада ичишим керек?

    • Бир күндө экиден терт таблеткага чейин.

    • Бул дарыны жатар алдында тамактын алдында же тамактан кийин ичиш керекпи?

    • Ооба, тамак ичер алдында ичиңиз.

    Китепканада

    • Сиз билбейсизби, Адыл кайда кетти?

    • Адыл китепканага кетти.

    • Рахмат.

    • Эчтеке эмес.

    • Кечиресиз, социология боюнча адабият барбы?

    • Албетте, мен сизге таап берем.

    • Алдын ала ырахмат айтам.

    • Эчтеке эмес.

    • Кечиресиз, Улуттук китепкана кайда жайгашкан? Кайсы транспорт менен барсам болот?

    • Улуттук китепкана Фрунзе көчөсү менен Совет көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан. Бул жерден 8-трол­лейбус гана барат.

    • Мына 8-троллейбус келатат. Ушул барат да?

    • Ооба.

    • Ырахмат.

    • Сизди бир мүнөткө мүмкүнбү?

    • Ооба.

    • Кайсы жерден китепканага жазылсам болот?

    • Биринчи кабатта университеттин окуу куралдарын гана алсаңыз болот. Экөөндө тең кабыл алат. Биздин университетибиздин студенти болсоңор.

    • Ырахмат.

    • Эч нерсе эмес.

    Чет элдик меймандар менен аңгемелешүү

    • Зулайка тиги жерде жүргүнчү немисче сүйлөйт экен, мен болсо немисче түшүнбөйм. Сен немисче билесиңби?

    • Ооба. Мен немис тилин жакшы билем.

    • * *

    • Сиз кыргызча билесизби?

    • Жок, мен немисче гана билем, бирок орусча менен кыргызчаны бир аз (кичине) түшүнөм.

    • Бул жерде ким французча билет?

    • Мен кичине билем.

    • Назира, сен англисче жакшы сүйлөп калдыңбы?

    • Жок, түшүнөм, бирок сүйлөй албайм. Мен түркчө жакшы билем.

    • * *

    • Бул сиздин китебиңизби?

    • Ооба меники.

    • Жерге түшүп калыптыр.

    • Рахмат.

    • Эчтеке эмес.

    Вокзал кайда? Бул троллейбус кайда барат?

    • * *

    • Сиз үйгө троллейбус менен кетесизби?

    • Ооба, а сизчи?

    • Мен жакка троллейбус барбайт. Мен үчүн автобус- тан башка транспорт жок.

    • Жакшы барыңыз.

    • Сиз да жакшы барыңыз.

    • * *

    • Сиз кайсы тарапка барасыз?

    • Мен төртүнчү кичирайонго барам.

    • Келиңиз, мен сизди үйгө чейин жеткирейин. Тышта машинем турат.

    • * *

    • Сиз кыргызча билесизби?

    • Бир аз түшүнөм.

    • Вокзал кайда?

    • Мына.

    • Жанында жүргөн экем да. Рахмат.

    • Эчтеке эмес.

    Бейтааныш адам

    • Асель, карасаң, тиги келаткан Рыскүл эжеби?

    • Жок, ал Рыскүл эже эмес.

    • Рыскүл эже эмеспи? Ким ал анда?

    • Рыскүл эжеге аябай окшош экен, бирок ал эже эмес.

    • * *

    • Алло, угуп жатам.

    • Саламатсызбы! Бул мен - Айдар.

    • А, саламатчылык! Айдар кандайсың?

    • Жакшы. Өзүңүз, эже, кандайсыз?

    • Жаман эмес. Турабыз, кудайга шүгүр деп.

    • Эже, Айбек эчтеке калтырган жок беле?

    • Калтырган. Үйдө бир пакет жатат.

    • Азыр келсем болобу?

    • Албетте.

    • Макул анда, азыр келип алып кетем.

    Тынчыңарды алганым үчүн кечиресиз?

    • * *

    • Саламатсызбы, Айша эже?

    • Саламатчылык.

    • Сиз жумушкабы?

    • Ооба, кечигип жатам.

    • Эже, мен такси кармадым, чогуу кетели.

    • * *

    • Кадыр, кайда баратасың? Окуугабы?

    • Жок, биз бүгүн окубайбыз. Жөн эле жумуштап ЦУМ жакка баратам.

    • Жүр анда. Машине менен жеткирейин.

    • Жаңы алдыңбы?

    • Ооба. Кандай экен?

    • Жакшы экен.

    • Канчага алдың?

    • Тогуз миң долларга.

    • Баасы да жакшы экен.

    Убакыт канча болду?

    • Саат канча болду?

    • Саат алты болду.

    • Алты болдубу? Биз кечигип жатабыз.

    • * *

    • Кечиресиз, саатыңыз канча болду?

    • Экиден жыйырма мүнөт өттү.

    • Ырахмат.

    • Эчтеке эмес.

    Университетте

    • Бүгүн кыргыз тили сабагынан экзамен болот бекен?

    • Жок, бүгүн болбойт го.

    • Эмне үчүн болбойт экен?

    • Агай ооруп калыптыр, ордуна эч ким жок.

    • Эгер, бүгүн болбой калса ордуна, сөзсүз, бирөө ке- лет.

    • Ушул экзаменди бүгүн тапшырсак болот эле.

    • Айтпа, экзамендер күндөн күнгө эле күчөп жатат.

    Тоого баруу

    • Биздин курстун студенттери жакында экскурсияга тоого барсак дешет. Сен барасыңбы?

    • Силер барсаңар мен да барамын.

    • Тоону ушунчалык сагындым дейсиң, көзүмдү жум- сам, мурдума тоо гүлдөрүнүн жыты келе калат.

    • Мен болсо тоого барганда чалкаман түшүп, көк ас- манды тиктеп жатканды жакшы көрөм.

    • Аны-муну сүйлөшкөндү коёлу да, бара турган сту- денттерди тактап, акчаны эртерээк чогулталы.

    • Чын эле ошентели.

    • * *

    • Аскар, кандай?

    • Жакшы, өзүң кандайсың?

    • Жаман эмес, сен Адылды бүгүн көрдүңбү?

    • Жок, көргөн жокмун, бирок балдардан уктум, ал кечээ үйүнө кетиптир го.

    • Кызык, кечээ сабактан бирге чыкканбыз, мага эчте- ке деген жок эле. Болуптур анда.

    • * *

    Кайда барып окусам.

    • Рыспек, университетке өтүптүрбү?

    • Өтүптүр. Азыр алар айыл чарба жумушуна кетиш- ти.

    • Аябай жакшы болгон экен. Кайсы факультетине?

    • Кыргыз-кытай факультетине.

    • Нестан, университетке өттүбү?

    • Эмне мынча таң калдыңыз? Ал мектепти алтын ме­даль менен бүтүргөн.

    • Билем, бирок аны Францияга кетет дебеди беле?

    • Ооба, Франциядагы Сорбанна университетине өттү.

    • Саламатсызбы Кымбат!

    • Саламатчылык

    • Окуулар кандай?

    • Рахмат, жаман эмес

    • Сен азыр окуп да, иштеп да жүрөсүңбү?

    • * *

    • Салтанат, кандайсың?

    • Жакшы.

    • Кайда окусам дейсиң?

    • Билбейм азырынча, бирок кыргыз филология фа- культеттине тапшыргым келет

    • Тилекчи?

    • Тилек болсо иштейм дейт.

    Ден соолук сурашуу

    • Өзүмдү жаман сезип турам. Башым ооруп жатат. Этим ысып жатат окшойт.

    • Бейтапканага бар. Биздин доктур бүгүн түштөн ки- йин иштейт. Сени жумуштан бошотсун, үйгө бар. Үйдөн дарылан.

    • Эмне болду?

    • Башым ооруп жатат.

    • Этиңиз ысып калыптыр. Температураңыз канча экен?

    • 37,5.

    • Грипп экен. Дары ичип, тамеки тартпаңызчы.

    • * *

    • Сиз ооруп калгансыз го. Сиз үйгө барып дарыланы- ңыз.

    • Мени грипп болду дейсизби? Этим ысыган жери жок.

    • Этиңиз ысыбаганы менен, сиз ооруп жүрөсүз.

    • Үйгө барып дарыланыңыз.

    • Мен сизди жумуштан төрт күнгө бошоттум.

    • * *

    • Ким ооруп жатат?

    • Уулум. Эти ысып, ичи ооруп жатат.

    • Көрөлүчү.

    • Айтсаңыз, бул сокур ичеги эмеспи?

    • Коркпоңуз, андай эмес.

    Почтада

    • Марканын баасы канча?

    • Катыңызды кайда жөнөтүп жатасыз?

    • Швецарияга.

    • 9 сом 50 тыйын.

    • Ырахмат.

    • Эчтеке эмес.

    • * *

    • Мен телеграмма беришим керек.

    • 4 сом.

    • Мына.

    • * *

    • Манастын 1000 жылдыгына арналган марка барбы?

    • Мына, карап көрүңүз

    • Мага тетиги марканы бересизби?

    • Ырахмат.

    • * *

    • Караңызчы кандай татынакай кыз!

    • Сиз ушу Аселди дейсизби? Мага бул кыз такыр жак- пайт.

    • Өзүн тим эле чүрөк сезет.

    • Мага болсо жагат. Чынында эле сулуу кыз.

    Бош убакытта

    • Салтанат, эмне кылып отурасың?

    • Зеригип, телевизор көрүп отурам.

    • Биз менен театрга барыңыз. Үйдөн күтөбүз.

    • Бир аздан кийин келем.

    • * *

    • Нооруз күнү Кудайбердини чакыралы.

    • Ал келеби?

    • Биз Нестанды кошо чакырабыз.

    • Анда жакшы болот. Ноорузду оюн менен тособуз.

    * * *

    • Алло!

    • Аскарды чакырып коёсузбу?

    • Угуп жатам.

    • Аскар, сенсиңби?

    • Ооба.

    • Мен Айгерим. Назира экөөң Нооруз күнү биздикине келгиле. Ноорузду бирге тособуз.

    • Аскар билеби?

    • Мен ага эчак эле айткам.

    Баарлашуу

    • Билесиңби, Назира, мен кечээ университеттен Ас­карды көрдүм. Ал тарых факультетинде окуйт. Үйү «Байчечекей» дүкөнүнүн жанында.

    • Мен билбептирмин. Ал техникумда окуп жүрбөдү беле.

    • Ооба, бир жыл техникумдан окуп, кийинки жылы университетке өттү.

    • Көрсөң салам айтып кой.

    • Жарайт, сөзсүз айтып коём.

    • Коллега, сиз Улуттук университетте иштейсизби?

    • Жок, Гуманитардык университетте иштейм

    • Кечиресиз. Мен сизден бир нерсе сурайын дегем.

    • Сураңыз, билсем жообун берейин.

    Кафеде

    • Эмне аларыбызды билбей турабыз. Бизге кеңеш бе- риңизчи?

    • Лагмандан алыңыз. Кааласаңар койдун куйругунун майы кошулган самсы бар.

    • Бизге анда чай менен самсыңыздан бериңиз.

    • Чайды шекери мененби?

    • Жок, бизге шекери жок. Майлуу тамакка таттуу аралаштыруу мүмкүн эмес.

    * * *

    • Сен Омор Султановду тааныйсыңбы?

    • Ооба, тааныйм. Ал мурун биздин үйдө турчу.

    • Сага бир өтүнүч мени Омор аба менен тааныштыр- чы?

    • Макул, эртең саат 5те биздин факультетте Омор аба менен жолугушуу болот.

    Ашканада

    • Официант, биз бул столго отуралы?

    • Столду эки кишиге даярдаңыз.

    • Тамакты алып келиңиз.

    • Биринчиге (экинчиге, үчүнчүгө) эмне тамакты су- нуш кыласыз?

    • Бүгүн биринчиге эмне бар?

    • Биринчиге борш (эт сорпо, шорпо), майдаланып то- голоктолгон эт сорпо, тоок сорпо, жашылча сорпо, козу карын сорпосу, рассольник, окрошка, балык сорпосу бар.

    • Мага икра менен беттелген нан бериңизчи.

    • Балыктан жасалган тамакты каалайсызбы?

    • Шпрот, сардина сунуш кыла алам.

    • Жаңы бадыраң салаты бар.

    • Балким, баклажандан жасалган икра алып келей- инби?

    • Экинчисине бүгүн койдун этинен жасалган рагу, фаршталган калемпир, фаршталган балык, куурулган эт, бифштекс, гуляш, боор, жанчылган котлет, куурулган баклажан, бууга бышырылган жашылча, майга чала бы- шырылган жумуртка.

    • Мага куурулган эт, картошкасы менен, үчүнчүсүнө жаңы жемиштин компотун алып келиңизчи.

    Сиз спортко кызыгасызбы?

    • Сиз спорттун кайсы түрүнө кызыгасыз?

    • Жайында волейбол ойнойм, көлгө түшөм, кышында болсо лыжа тебем.

    • А сизчи?

    • Мен теннис эле ойнойм.

    * * *

    • Саламтсызбы, Нуржан.

    • Саламатчылык, Айгүл.

    • Айгүл, татынакай болуп калыпсың.

    • Чын элеби, Нуржан, машыгып жүрөм, өзүмдү да аябай жакшы сезип калдым.

    • Доктур мага спорттун бир түрү менен сөзсүз машы- гууң керек дейт. Көкүрөк кыймылдаш керек экен.

    • Кайсынысын тандадың?

    • Шахматты.

    Оптикада

    • Көз айнекти каерде заказ бере алам?

    • Көз айнектин айнегин алмаштырууга болобу?

    • Кичи пейилдикке, мага көз айнек тандап бериңизчи.

    • Көз айнектин алкагы барбы?

    • Мага көз айнектин алтындын буусуна карматылган алкагы болсо.

    • Көз айнектин айнектери сатыкка түштү.

    • Сиз алысты (жакынды) жакшы көрөсүзбү?

    • Сизге күүгүмдөтмө көз айнек керекпи?

    • Ооба, мага күүгүмдөтмө көз айнек берип койсоңуз.

    Жайкы каникул

    • Быйыл жаз жаан-чачындуу болгондуктан, жазгы та- лаа жумуштары кеч башталды.

    • Ооба, туура айтасың, аба-ырайы бир калыпта тур- бай, бирде күн ысып кетсе, эртеси жаан нөшөрлөп жаап, суук болуп, өзгөрүп турду.

    • Аскар, каникулда кайда болосуң?

    • Мен Ысык-Көлгө барайын дегем, күн жылыбай бара албай жатам.

    • А, сен, ошондуктан шаарда жүргөн турбайсыңбы?

    • Ооба. Жакында күн ачылып, аба ырайы жылыса, мен Ысык-Көлгө барамын.

    • Өзүң, эмне себептен бул жакта жүрөсүң?

    • Мен азыр практикада жүрөм. Эки жумадан кийин бүтөт. Анан барам.

    ӨЗ АЛДЫНЧА ОКУУ

    МАНАСТЫН ЖЕТИ ОСУЯТЫ
    1   ...   29   30   31   32   33   34   35   36   37


    написать администратору сайта