Главная страница

управление. кыргязкнига. Тилим менин


Скачать 1.09 Mb.
НазваниеТилим менин
Анкоруправление
Дата25.10.2022
Размер1.09 Mb.
Формат файлаdocx
Имя файлакыргязкнига.docx
ТипДокументы
#753082
страница35 из 37
1   ...   29   30   31   32   33   34   35   36   37

Казанчынын эрки барү, кайдан кулак чыгарса. - Котельщик волен сделать ушко там, где он захочет; хо­зяин - барин.

  1. Кайрылып ачар капканды, катуу жаппа. - Не зак­рывай крепко ворота, которые тебе, возратясь, придется открывать.

  2. Кар бузулбай — сел болбойт. - Пока не тронется снег, селевого потока не бывает.

  3. Кар да кетер, кадыр да өтөр. - И снег уходит, и слава проходит.

  4. Кеп жакшысын кулак билет, кыз жакшысын ынак билет. - Хорошую речь ухо определяет, хорошую девуш­ку наперсницы (ближе к ней женщины) знают.

  5. Киши жаманы кирип чыкканча билинет, өз жа- маның өлгөнчө билинбейт. - Чужая пакость сразу видна, а своя до смерти не видна.

  6. Кишини киши аксатат. - Человек человека до храмоты доводит.

  7. Коёнду камыш өлтүрөт, эрди намыс өлтүрөт. - Зайца камыш убивает, молодца срам убивает.

  8. Көз — коркок, кол — баатыр. - Глаза боятся, руки делают.

  9. Көйнөктүн кири жууса кетет, көңүлдүн кири айтса кетет. - Грязь на платье сходит от стирки, грязь на серд­це - от высказывания.

  10. Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет. - Знает не тот кто много жил, а тот, кто кто много видел.

  11. Көп жойлогон түлкү ачтан өлөт. - Много рыска­ющая лисица с голоду дохнет.

  12. Мылтык менен окууга карылык жок. - Для ру­жья и для ученья старости нет.

  13. Ой — сөздүн сандыгы. - Мысль - сокровищница.

  14. Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө. - Даже когда говоришь шутя, говори обдуманно.

  15. Окуу — билим азыгы, билим — ырыс азыгы. - Учение - источник (букв:пища) знаний.

  16. Окуган — жарык, окубаган — чарык. - Ученье- свет, а неученье - тьма.

  17. Өз агасын агалай албаган, киши агасын сагалайт. - Кто не уважает своего старшего брата, тот умильно смот­рит на чужого брата.

  18. Өз бетин аябаган киши, киши бетин чиедей кыла. - Кто своего лица не жалеет, тот чужое лицо окровавит.

  19. Өзүмдүкү дегенде өгүз кара күчүм бар, өзгөнүкү дегенде ана-мына ишим бар. - Когда свое, у меня силы, как у быка, когда чье-либо другое, у меня кое-какие дела есть.

  20. Өзүңө бычак ур, оорубаса, кишиге ур. - Вонзи нож себе, если не больно, вонзи другому.

  21. Өйдө карап түкүрсөң, кайтып түшөр көзүңө. - Если плюнешь вверх, упадет обратно тебе.

  22. Өнөр алды — кызыл тил. - Высшее искусство- красноречие.

  23. Өнөрүң болсо, өргө чап. - Если у тебя умение, скачи вверх(действуй).

  24. Өткөн ишке — айла жок, өкүнгөн менен пайда жок. - Делу прошлому не поможешь, от сожаленья пользы нет.

  25. Сабырдуу болсоң — озорсуң, сабырсыз болсоң — осолсуң. - Будешь терпелив - опредишь, будешь нетерпе­лив - осрамишься.

  26. Сабырдын түбү сары алтын. - Основа (результат) терпения - чистое золото.

  27. Терең дарыя тынч агат, акылдуу киши тынч ай- тат. - Глубокая река-тихо течет, умный тихо говорит.

  28. Тилден бал да тамат, уу да тамат. - С языка и мед капнет, и яд капнет.

  29. Тишиң барда таш чайна, тиш түшкөндө аш кай­да? - Пока есть зубы можно камни жевать, когда же зубы выпадут, то пища не разжуется.

  30. Уул жакшысы — урмат, келин жакшысы — кел- бет. - Лучший из сыновей (тот, кто) почтителен, лучшая сноха (та, которая) статна.

  31. Уялбагандан өзүң уял. - Бессовестного сам сты­дись.

  32. Чыккан тооң бийик болсо, ыргыткан ташың ыраак түшөт. - Если гора, на которую ты взобрался, высока, то брошенный тобой камень упадет далеко.

  33. Чымчык өзүн куш ойлойт. - Пташка мнит себя ловчей птицей.

  34. Шагыл болбой, зоо болбойт. - Без щебня скалы не бывает.

  35. Шыбыр — кеп болбойт, шыйрак — эт болбойт. - Шепот - не разговор, голень - не мясо.

  36. Ырыс алды — ынтымак. - Залог счастья в едине­нии.

  37. Энеге баланын алалыгы жок. - Для матери все дети равны.

  38. Эр жигит эл четинде, жоо бетинде. - Храбрый мо­лодец (всегда) на окраине (своей) страны, перед лицом вра­га.

  39. Эски дос эстен кетпейт, жацы дос кадырга жет- пейт. - Старый друг лучше новых двух.

  40. Этекти кессец, жец болбойт, эзелки душман эл болбойт. - Если отрезать подол, то из него рукав не полу­чится; исконный враг мирным не станет.

БАБАЛАРДЫН АКЫЛ СӨЗДӨРҮ

  • * *

«Аттан аттын неси артык, ашыра баскан изи артык, эрден эрдин неси артык, эр сайышта күчү артык. Хандан хандын неси артык, калкым деп күйгөн иши артык».

Барсбек VII-VIII кк.

  • * *

Жакшылык - өзү жакшы, баасы кымбат, Андан да аны жасоо кымбатыраак.

Жамандар болбос ишке кегин сактайт, Жакшынын атын булгап ушак таштайт.

Он нерсе эр жигитке керек деген: Көзү курч, кулагы сак, жүрөгү кең. Акылдуу, келишимдүү, сулуу, чечен. Билимдүү, эстүү, токтоо, ишке бекем.

Түркүгү өлкөнүн да сөзүн уккан Эки нерсе, эки тамыр, эки устун Ак саясат - бул анын биринчиси, Экинчиси - тартиптүү аскер иши».

Ж. Баласагын

  • * *

«Керектен керексизин алып таштаар, Илимпоз туура жолго элди баштаар».

Ж. Баласагын

  • * *

«Бак ачылса буркан-шаркан ташыба Жакшылык кыл жыйылсын эл кашыңда.

Кубанба байлыгыңа оомал-төкмөл, Өмүрүң - көргөн түштөй заматта өтөт, Кур бакыт - жапайы куш учуп кетет».

Ж. Баласагын

«Төрдөн орун тийген болсо нааданга Улагада калганыңа арданба.

А акылман улагада болсо эгер, Анда улага ардактуу деп биле бер».

Ж. Баласагын

  • * *

«Кайраты бар жигиттин оту болот көзүндө, Айткан кебин орундап, туругу болот сөзүндө. Өлөңдүү жерде саз болот,

Өлчөмү менен дайрага өрдөк менен каз конот».

Т. Сатылганов

  • * *

«Көтөрүп баккан энемдей, Көңүлдө бөлүп турасың. Өмүрүм сага байланган, Өскөн жерим айланам».

Жеңижок

«Ар бир элдин тили - бүткүл адам - заттын үнү».

Ч. Айтматов

«Ааламга жол айылдан башталат».

Ч. Айтматов

«Адамдагы эң кыйыны - күн сайын адам болуу».

Ч. Айтматов

  • * *

Султан Ибраимов: «Ыймандуу бийде тууган жок, туу- ганчыл бийде ыйман жок» - деп атам замандан бери ке- латкан макалды жетекчилик иште туу тутам.

Арстанбек: «Кашыгың көлдү сузса да, кайратың тоо- ну бузса да, оозуңдан чыккан сөзүңө зоо куланып учса да, эл менен сен адамсың, элден чыккан жамансың. Кабарың күнгө жетсе да, жылдызга колуң жетсе да, жараткандын дүйнөсү бүт колуңа өтсө да, эл менен сен бийиксиң, элден чыккан кийиксиң».

Курманжан датка: «Бир иштин түбүн түшүнүп, аягы- на чейин көзүңөр жетмейин чечим кабыл алууга шашпа- гыла. Арстан менен жолборстун күчү - демин ичине ка- тып, учурун күтө билгенинде».

Калыгул олуя: «Жакшы чыккан азамат элин билээр, элин билген ал адам билим билээр. Чыгып турган ал адам чынар болоор, түбү жоон тамырлуу терек болоор, көлөкөсү көп жылга керек болоор».

Түгөлбай Сыдыкбеков: «Бабалар өтөгөн бардык жак­шы иштер аталарга, аталардын жакшы иштери балдарга сабак. Эмесе, ошол жакшы иштерди тануу - колдогу шам чыракты өчүрүп алга карай басуу менен барабар».

Молдо Кылыч: «Сыйлашпаган тууганың, сыр айтпа- ган душмандай, Кыз-келиндин жаманы, үй бүлдүргөн чыч- кандай. Жакшы аял белгиси - кылган ишин кызганбай, сыр билгизбей бек турат, мүнөзүнөн козголбой. Акылы даана молдолор, ак кагазга жазгандай».

Касым Тыныстанов: «Өз элиңди, өз тилиңди, өз ата салтыңды үйрөн, бил жана аны көздүн карегиндей аяр сакта! Ал сенин өмүрүң, көрөр күнүң, ичер сууң!»

Бүбүсара Бейшеналиева: «Ата Журтка эмгек өтөөдөн өткөн бакыт жок. Көп эмгек кылдым десем, аз экен. Аттиң дүйнө, сахнаны дагы бир ирет аралай бассам арман бол- бос эле...»

Исхак Раззаков: «Күчтүүдөн коркпой, өзүңдүн алсыз- дыгыңдан корк».

Насирдин Исанов: «Табиятты жана анын кен байлык- тарын биз келечек муундардан убактылуу карыз сурап алып пайдаланып жатабыз. Аларга таза экологияны баш- тапкысындай баалуу бойдон кайтарышыбыз керек».

«Кут болсун ЭЛИМ ОН ЖЫЛЫҢ Курч болсун дайым көз нуруң Эңсетип келген эркиндик Эш болсун сага коп кылым».

Б. Сарногоев

  • * *

«Жаз да башка ...

Жел тийбесин абайла

Көпкө турбас, мобул турган сур булут. Бүт дартыңды өз мойнума алайын Сен ооруба, мен ооруюн Ата Журт».

А Осмонов

«Бирөөнүн элине султан болгончо, өз элиңе ултан бол».

Эл макалы

  • * *

«Мамлекеттин көз карындысыз болушу, элдин дүйнөгө таанылышы жакшы нерсе».

К. Кондучалова

«Басынсаң бары жеп кетет, байкуш эл деген кеп ке- тет».

Т. Океев

«Биз толук эркиндикте жашоого милдеттүүбүз».

К. Исаев

«Кыргыз улуулугу - анын кең пейил, меймандос, көтөрүмдүүлүгүндө».

Ү. Дайырбеков

КЕП САЛАМДАН БАШТАЛАТ

  1. «Манас» — кыргыз рухунун ечпес жылдызы

  • Мени «Манас» эпосу кызыктырат. Бул эпос качан жаралган?

  • Бул эң байыркы чыгарма.

  • Аны ким чыгарган?

  • Манас өлгөндө...анын бир жигити, аны кошуп, Ма- настын эрдигин жана турмушун баяндаган деген уламыш бар.

  • Эпос ушундан башталганбы? Ал жигиттин аты ким экен?

  • Ырчы уул.

  • Бул элдин турмушун жана тарыхын чагылдырган маданий мурас, маданият эстелиги.

  • Кыргыз эли бул эстелик менен сыймыктанат тур- байбы?

  • Албетте, ата-бабадан калган ыйык мурасты сактап, бапестеп алуу азыркы жаштардын милдети. Дүйнөдө тең- деши жок залкар эпос менен кыргыз эли сыймыктанат.

Диалог

  • «Манас» эпосун кимдер айтышкан?

  • Улуу эпосту залкар манасчылар айлап, жылдап ай­тышкан.

  • Колому чоң, зор эпосту айтуу оңой болбосо керек...

  • Албетте,муну эл арасынан чыккан жөн эле акындар эмес, атайы тандалган чоң таланттуу манасчылар атка- рышкан.

  • Ал залкар манасчылар кимдер болду экен?

  • Алар белгилүү манасчылар С.Каралаев, С.Орозба- ков, Тыныбек, Чоюке сыяктуу манасчылар болгон.

  • Азыркы мезгилде айткандар барбы?

  • Ооба, азыр да жаштар арасында көптөгөн «Манас» айтуучулар көбөйүүдө.

Диалог

  • Мен сени менен таанышканыма абдан кубанычтуу- мун. Себеби сен мага «Манас» эпосу боюнча коп нерселер- ди айтып бердиң. Ал эми «Манас» эпосунун негизги те- масы кандай?

  • Улуу эпостун негизги темасы - патриотизм. Кыргыз эли нечен жылдар бою кыйын заманды башынан кечи- рип, сырткы душмандар менен тынымсыз кармашып кел- ген. Баскынчыларга кул, күң болбош үчүн, өздөрүнүн эр- киндигин сакташ үчүн эл ичинен чыккан эр-азаматтар кол курап, жоого аттанышкан.

  • Эзелтеден бери эле кыргыз эли патриот, намыской эл болгон экен да.

  • Ооба, кыргыз эли эркиндикти сүйгөн эл болгон.

  • Сага чоң рахмат, сен мага коп нерселерди айтып бердиң,бул менин илимий ишиме да чоң жардам берет.

  • Алекс, сага да рахмат,башка элдин маданиятына, салтына кызыгып жүргөндүгүң,мени да кубандырат.

  • Мелис, экообуздун тааныш болуп калгандыгыбыз- га, мен да ыраазымын. Достугубуз улана берет.

Диалог

  • Кыргызчаны кайдан уйрөнуп алгансың?

  • Америкадан келип, бир аз курска барып граммати- каны өздөштүрдүм. Андан кийин Нарында 3 ай бир үй- бүлө менен жашап жүрүп үйрөнүп алдым.

  • Сени кыргыз элинин тарыхы кызыктырабы?

  • Мени салт-санаа, үрп-адат, маданият кызыктырат. Кыргыз эли кең пейил, меймандос эл экен.

  • Туура байкагансың, кыргыз эли меймандос, кең пе­йил эл.

Диалог

  • Бул кайсы имарат?

  • Бул улуттук филармония.

  • Абдан кооз экен. Ал эми бул эстеликтер жөнундө айтып берсең...

  • Бул эстеликтер «Манас» композициясы.

  • «Манас» композициясынын автору ким?

  • «Манас» композициясынын авторлору: Т.Садыков жана А.Печенкин деген скульпторлор.

  • Тиги эстеликтер кимдики?

  • Бул эстеликтер - Саякбай Каралаев жана Сагынбай Орозбаковдун эстеликтери, ал эми ары жагында Манас ата- нын, Каныкей апанын жана Бакай атанын эстеликтери.

  1. Кыргызстандын жаратылышы

  • Саламатсызбы? Менин атым - Даниел. Мен бугун Алма-Атадан Чолпон-Атага учуп келдим. Сиз менен бир балмада турмак болдук.

  • Саламатчылык, Даниел. Келишиңиз менен. Менин атым Марат Бакирович, мен Нарындан келдим.

  • Сиздин мында эс алганыңызга канча кун болду?

  • Үч күн болду.

  • Сиз мурда Кыргызстанда болдуңуз беле?

  • Жок, мен Кыргызстанга биринчи жолу келишим.

  • Сизге Ысык-Көл жактыбы?

  • Ооба, абдан жакты. Кыргызстандын жаратылышы абдан жагат. Мен Ысык-Көлгө келгениме абдан кубанып турам.

  • Марат Бакирович, бул эс алуу уйундө эс алуучулар каппу?

  • Абдан көп. Бул жерге Казакстандан, Россиядан, Ук- раинадан жана башка республикалардан адамдар кели- шет.

Диалог

  • Саламатсызбы? Сизге кайрылууга болобу?

  • Албетте, болот.

  • Сиз башка жактан келген окшойсуз.

  • Ооба, Мен Россиядан келдим. Ысык-Көлгө эс алга- ны келгем. Бул жердеги тоолорду кыдырып көрсөм деген оюм бар. Кантип көрүүгө болот?

  • Тоолорду сөзсүз көрө аласыз. Бул жерде атайын ту- ристтик жүрүштөр уюштурулат.

  • Ал эми кечинде эс алуучулар убакытты кантип өткөрушөт?

  • Кечинде волейбол, же теннис ойношот. Клубда күн сайын кинофильмдер көрсөтүлөт. Эч кабатыр болбоңуз, бардыгын көрөсүз, бул жерде сонун эс алып, жаратылыш- тын кооздугун көрүп кетесиз.

  • Сизге чоң рахмат!

Диалог

  • Эркин, жакшы журөсуңбу? Каникулда кандай эс алып жатасың?

  • Абдан жакшы эс алып жатам. Жакында эле Ысык- Көлдөн келдим.

  • Эркин, менин ата-энем Соң-Көл жайлоосуна барга- ны жатышат. Сен да биз менен барып келбейсиңби?

  • Мен жайлоодо бир жолу болгом. Ал жактын жа- пайы жаныбарлары, кооз көпөлөктөр, өрдөк,каз, чардак- тары абдан көп. Ал эми балыктарычы, абдан даамдуу жана да баалуу. Сөзсүз барам.

  • Мен Соң-Көлдө болгон эмесмин. Ал жактын жара- тылышынын кооздугун, көлунун тунуктугун айтып бе- ришти. Мен Соң-Көлгө аябай баргым келип жатат.

  • Анда эмесе, даярдана берейин,чогуу баралы.

  • Ооба, жылуу кийимдериңди алып, даярдана бер. Эртең жолго чыгабыз.

Диалог

  • Кана, балдар, айткылачы, Кыргызстандагы эң кооз жерлер кайсылар?

  • Кыргызстанда эң көп кооз жерлер бар. Алардын бири Арстанбап десек жаңылышпайбыз.

  • Ооба, туура айтасыңар. Арстанбап өзунун мөлтур тунук суулары, көңул сергиткен таза, салкын абасы, жыттуу гулдөру менен эң кооз жерлердин бири.

  • Арстанбап ажайып кооздугу менен суктандырып кай­да жайгашкан?

  • Арстанбап Кыргызстандын Фергана тоо кыркала- рындагы Бабаш-Ата бийик тоосунун туштук этегинен орун алган. Арстанбап - табигый мөмө-жемиш токою- нун мекени. Силер билесиңерби, Арстанбап токоюнда кан- дай мөмө-жемиштер өсөт?

  • Анда алма, алча, бадам, жүзүм, карагат, алмурут өсөт.

  • Абдан туура, ал жерде мындан тышкары, турдуу жаныбарлар жана канаттуулар бар.

Арстанбап - Кыргызстандагы жаратылышы кооз жай- лардын бири.

Диалог

  • Саламатсызбы? Сиз да бул курортко дарылануу учун келдиңизби? Таанышып алалы. Менин атым - Анара Ас­каровна.

  • Менин атым - Элмира Асанбековна. Ооба,мен да курортко дарыланып, эс алайын деп да келдим. Өзүңүз кайдан келдиңиз?

  • Мен Бишкектин четиндеги Ала-Тоо айылынан кел­дим. Жыргалаңдан алынып келинген баткактары абдан таасирдуу экен. Ошол баткак менен дарыланып жатам. Сиз кайдан келдиңиз?

  • Мен Бишкектен келдим. Бул жерде дарыланып да, эс алса да болот. Жаратылышын карап эс аласың. Чөп- төрдүн да дарылык касиети бар. Касиеттүү суулары, жа- ратылышынын ажайып кооздугу курортту алыска таа- нытты.

  • Ооба, бул жерге ар тараптан адамдар келишет экен. Муун, кыймыл органдарына, нерв системасына эң пайдалуу жен.

  • Сиз менен таанышканыма кубанычтамын.

  • Мен да кубанычтамын. Жолугушуп туралы.

  1. Туризм

  • Саламатсыздарбы!

Кош келиңиздер! Кунөстуу кыргыз жергесинен ысык салам! Кандай учуп келдиңер?

  • Эң сонун! Аба ырайы сонун тура! Сиз менен тааны- шып алалы. Менин атым Павел Андреевич Санкт-Петер- бургдан келдим.

  • Мен силердин тилмечиңер болом. Бул топко жооп- туумун. Атым - Камила.

  • Мен көп саякат кылам. Кыргызстанга биринчи жолу келдим.

  • Сизди алдыда көп кызык нерселер кутуп жатат. Биздин биринчи саякатыбыз Буранадан башталат. Бу- рана-орто кылымдагы байыркы шаар урандысы. Мына, Буранага да келип калдык.

  • Оо, абдан бийик экен! Мунун бийиктиги канча?

  • Мунаранын сакталган бийиктиги 24 м, биринчи курулгандагысы 42-44 м.

  • Оймолонуп-чиймеленип абдан кооз экен. Бул куру- луш кайсы кылымга таандык болду экен?

  • Бул мунара орто кылымга - 9 кылымга таандык архитектуралык курулуш.

  • Мени абдан таасирлентти.

  • Бугункусунөн эртеңкиси андан кызык. Эртең Ала- Арча эс алуу жайына барабыз.

Диалог

  • Саламатсыздарбы! Кутмандуу таңыңыздар менен! Кандай эс алдыңыздар?

  • Абдан жакшы эс алдык.

  • Анда эмесе, биздин бүгүнкү саякатыбыз-Ала-Арча жаратылыш паркы.

  • Ала-Арча шаардан алыспы?

  • Өтө алыс эмес, Бишкек шаарынан 30 км түштүк тарабында тоо арасында жайгашкан.

Эмесе, автобустан орун алыңыздар, жөнөдүк. Мына, Ала-Арча эс алуу жайына да келип калдык.

  • Өтө кооз жер экен. Тоонун чокулары тик,аскалуу, капчыгайлары кууш тура.

  • Өзуңөр көруп тургандай, бул жерде сейрек учуроочу дарактар, бадалдар жана дарылык касиети бар чөптөр кездешет. Кээ бир чөптөр Кыргызстандын Кызыл ките- бине катталган. Айбанаттарга да бай. Бул табият пар- кында спорттук базалар да бар.

  • Мен Кыргызстанга келгениме эч өкүнбөйм. Ушун- чалык кооз жаратылышы бар жерде, адамдары да кең пейил экен.

  • Сизге рахмат! Эс алуу кунуңуздөр жакшы улансын!

Диалог

  • Саламатсыздарбы урматтуу меймандар! Кыргыз жергесине кош келиңиздер!

  • Сиздер турган жер - бүткүл Борбордук Азияда ди- ний-ыймандык жактан чоң мааниге ээ Сулайман Тоосу.

  • «Сулайман Тоо» деп эмне учун аталган, ал эмнени тушундурөт?

  • Бул «Сулаймандын тактысы» деген маанини билди- рет.

  • Сулайман деген ким болгон?

  • Сулайман пайгамбар жана Библиядагы Соломон па- дыша экөө бир эле адам. Уламышта Сулайман пайгамбар куюнду өзүнө чабарман кылып иштеткен жана ага минип алып саякаттаган деп айтылат.

  • Ошондуктан Сулайман тоосу деп аталып калды- бы?

  • Ооба, Сулайман Фергана өрөөнүнө келип, ушул Су­лайман тоо турган жерге конуп эс алган. Ал жер абдан кооз болсо да суусу жок экенин көрүп, төөнүн сүтүнөн мечит курган да, Кудайдан суу берүүнү суранган.

Тарыхы өтө кызык экен.

  • Ооба, ошентип Ак буура суусу жана касиеттуу Жан- нат арык жана Жупсарык жаралган экен.

  • Сиз абдан кызыктуу аңгеме айтып бердиңиз. Бул жер аябай кооз жер экен.

  • Кыргызстанда өтө көп тарыхый кызыктуу жерлер бар.

Диалог

  • Азиз, мен «Манас» күмбөзүн көргүм келип жүрөт. Кантип барып келсек болот?

  • Досум, анын кыйынчылыгы деле жок. «Манас» кумбвзу Талас суусунун тундугундө Кең-Кол өрөөнундө жайгашкан. Билесиң да?

  • Ооба, аны билем.Качан баралы?

  • Көпкө созбой эле, мына ушул ишемби куну барып келебиз.

  • Анда сүйлөштүк.

Диалог

  • Мына, минтип каалаган жериңе да келип калдың, досум.

  • Сенин чыгымдуулугуң да чоң жардам берди, Азиз. Оо, бул эстелик кайсы кылымга таандык болду экен?

  • Бул архитектуралык эстелик 14-кылымга таан­дык дешет. Журу, тиги туристтерди тааныштырып жургөн кыздан сурайлы. Ошондойбу, чоң кыз?

  • Ошондой,туура айтасың. «Манас» күмбөзүн 1938- жылы А.Н. Бернштам жетектеген илимий экспедиция изилдеген. «Манас» күмбөзү пирамида түрүндөгү 4 бурч- туктун үстүнө орнотулган 16 кырдуу чатырынын 2-көлөмү жана бет маңдайы оймо-чийме терракотта менен кооздол- гон. «Манас» күмбөзү көчмөн кыргыз чөйрөсүнө мусул- манчылык кире баштаган мезгилде ыйык адамдын мүрзөсү эмес, кудайдын жердеги күчүн даңазалаган храм катары курулган.Ошондуктан күмбөз жерге эл үчүн зыярат жайы болуп келген.

  • Сизге чоң рахмат! Биз көп нерсени билдик.

  • Силерге да рахмат. Келип тургула.

  • Азиз, сага да рахмат. Эңсеген нерсем ишке ашка- нына озум да кубанып турам.

Диалог

  • Болот, сен быиыл кайда эс аласың?

  • Туристтик лагерде эс аламын.

  • Кайсы айда барасың?

  • 20-июлда барамын.

  • Сени менен башка балдар да барабы?

  • Ооба, дагы балдар, кыздар да барат.

  • Туристтик лагерь кайда жайгашкан?

  • Туристтик лагерь Ысык-Көлдүн жээгинде жайгаш­кан.

  • Мурда ал жерде болдуң беле?

  • Былтыр жайында болгом.

  • Шарты кандай?

  • Абдан жакшы. Эртең менен саат жетиде турабыз. 15-20 мүнөт зарядка жасайбыз. Эртең мененки тамакты сегизде ичебиз.

  • Кундуз эмне кыласыңар?

  • Күндүз сууга түшөбүз, кумга жатабыз, кайык ай- дайбыз. Кечинде ар түрдүү оюндар ойнойбуз, концерт уга- быз, кино көрөбүз.

  1. Аба ырайы жана климат

  • Үйгө кириңиз. Аябай суу болуп кетипсиз.

  • Аба ырайы жаман экен.

  • Жамгыр катуу жаап жатабы?

  • Ооба, бутум да суу болуп калды.

  • Бутуңузду чечиңиз, бат жылыйсыз.

  • Жаратылыштын жаман күнү жок. Жамгыр да жер- ге керек.

  • Туура айтасыз.

Диалог

  • Сиз эртең мененки аба ырайы жонундо маалымат- ты уктуңузбу?

  • Ооба. Бүгүн аба ырайы салкын болот деди.Күндүз жаан-чачын болушу мүмкүн.

  • Сиз кол чатырыңызды алдыңызбы?

  • Жок, мен жайкы жаанды абдан жакшы көрөм.

  • Сизге дагы кандай аба ырайы жагат?

  • Мага кыштын аппак кары, абанын таза болуп тур- ган мезгили жагат. Кышында жол тайгак, күн суук бо­лот, кээде бүркөк болот, ошол гана тынчсыздандырат.

  • А мен жаз мезгилин жакшы көрөм. Себеби кар эрийт, кун ото ысык да, ото суук да эмес, мелуун болот. Аба нымдуу. Бирок эртели-кеч шамал согуп, асманды булут каптап,тункусун нөшөр төгөт.

  • А бирок табийгатта жаман аба ырайы болбойт го деп ойлоймун.

  • Ооба, мен да сага кошулам.

Диалог

  • Аба ырайы эмне учун озгоруп турат?

  • Аба ырайынын өзгөрүшү - бул жаратылыштагы мыйзамченемдүү көрүнүш.

  • Кээде таң каласың, башка жерлерди албай эле, Биш­кек шаарынын бир бурчунда жаан жаап жатса, экинчи бир жери кургак болуп турат.

  • Ар бир жердин өзүнө таандык касиети бар да. Бул климат деп аталат.

  • Ал эмнеге байланыштуу болот?

  • Ал күндүн нурларына байланыштуу болот. Изилдөө- лөр боюнча, күн канчалык горизонттон бийик болсо, анын нурлары жер катмарына ошончолук болот деп белгилеш- кен.

Диалог

  • Ana, жакшы жатасыңарбы? Нарында аба ырайы кандай?

  • Кызым, азыр кеч күз болуп калбадыбы. Аба ырайы суук тартып эле калды.

  • Бишкекте жылуу, эртели-кеч кичине суук болуп ка­лат.

  • Жылуу болгону жакшы, кызым. Өзүң билесиң, На- рынга кыш эрте келет эмеспи.

  • Апа, айтпаңыз, Нарындын суугун эстесем, баргым келбей кетет. Өзгөчө кышында суук 20 градустан да ашат го?

  • Ооба, кызым, биз болсо көндүк да, өмүр бою ушул жерде жашап келе жатабыз. Тескерисинче, ысыкка чы- дай албайбыз да. Ар бир жердин өзүнүн касиети бар. Ошол сууктун да жакшы жагы бар. Кышында аппак кар, таза аба.

  • Туура айтасыз, апа. «Туулган жердин топурагы - алтын» - дейт эмеспи, баары бир жеримди сагынам.

Диалог

  • Салам, досум! Кандай эс алып жатасыңар? Аба ырайы кандай?

  • Аба ырайы эң сонун! Көлдүн температурасы 22-25 градуска жетип жатат.

  • Укмуш! Мен да эртең Ысык-Колго барганы жатам. Атам мага Бостеридеги «Алтын -Кум» пансионатына 2 путевка алып келди. Иним экөөбуз эртең жолго чыгабыз.

  • Абдан жакшы! Менин үйүмдү билесиң да,сөзсүз мага да конокко келгиле.

  • Созсуз барабыз! Биз эс алып буткончо аба ырайы бузулбаса деп тилейм.

  • Эч коркпо. Бул ай бүт ушундай ысык болот деп жа- тышат.

  • Абдан жакшы. Анда корушкончо!

  1. Жыл мезгилдери

  • Кана, балдар, айткылачы? Жылда канча мезгил бар?

  • Жылда 4 мезгил бар.

  • Алар кайсылар?

  • Алар: жаз, жай, кыш, күз.

  • Кимге кайсы мезгил жагат?

  • Мага жаз мезгили жагат. Анткени жазында бак-да- рактар жашылданат. Байчечекейлер жер бетин каптап, мандалактар кыпкызыл болуп көздүн жоосун алат. Шаар өзгөчө кооз болот.

  • Ал эми мага жай мезгили жагат. Себеби жайында каникул башталат. Көлгө барам,чабак урам, кумга как- танып жатып, денемди чыңайм.

  • Албетте, силер бүт адамдарга жаккан жаз менен жай- ды айтып жатасыңар. А мага кыш мезгили жагат. Кы- шында тоого барып, карга оронуп, томолонгонду жакшы көрөм. Лыжа тепкенди ушунчалык жакшы көрөм. Ошон- дуктан кышты дайыма күтөм.

  • Силер бардык мезгилдерди айтып салдыңар го? Мага күз мезгили аябай жагат. Эмне үчүн дейсиңерби? Антке­ни күзүндө токчулуктун мезгили. Бардык жер-жемиштер бышып турган мезгил. Күзүндө каалаган мөмө-жемишти таап жей аласың.

  • Балдар, силер бардык мезгилдерди калтырбай, жак­шы көрөруңөрду айтып бердиңер.

Ар бир мезгилдин өзунө таандык озгочолугу болот.

Диалог

  • Саламтсыңарбы, кымбаттуу достор!

  • Бүгүн биздин жолугушуубуздун биринчи күнү.

  • Мага силер менен жолугушуп суйлөшуу абдан чоң ырахат!

  • Бүгүн Бишкекте «Экология жана биз» деген конфе- ренцияда адамзаттын маанилүү проблемалары жөнүндө талкуу болмокчу.

  • Биздин бугунку конференциядагы программабыз ото кызыктуу.

  • Сиздер менен гезит бетинде чагылдырылып жаткан экология боюнча программалар менен таанышабыз.

  • Сиздерди кызыктуу инсандар менен жолугушуу кутуп жатат.

  • Анда эмесе, Кыргызстанга кош келиңиздер!

Диалог

  • Саламатсызбы, Сиз эмне кыласыз?

  • Биздин убакыт бөлүнгөн. Бир мүнөт да бош убакыт жок.

  • Бугунку планыңызда эмне бар?

  • Катталыш керек. Жыйналыш кайда болорун билиш керек.

  • Бугун кайсы маселелер талкууланат?

  • Ысык-Көл экологиясы. Аба тазалыгы жөнүндө. Жа- йыт маселеси жөнүндө.

  • Экология маселеси көппу?

  • Абдан коп. Чечилбеген маселелер андан коп.

  • Бугун ошолор менен алектенет экенбиз да, анда.

  • Ооба.

Диалог

  • Оо, бугун өңуңуз абдан жакшы.

  • Рахмат, таза абада жакшы уктадым.

  • Тиги көрунуп турган айылдар квлдун туштук та­рабы.

  • Кум-Төр ошол тарапта да?

  • Ооба, ошол түштүк тарабында.

  • Кыргызстанда канна байлык бар. Ошону туура пай- даланып, иштетсе абдан бай өлкө болмок.

  • Туура айтасыз, суу ресурсу, кен байлыктар,алтын чыккан жерлер коп. Бирок аны иштетип,туура пайдалан- са, кичинекей өлкөбүз эчак гүлдөп осот эле...

Кирүүгө же чыгууга кантип
уруксат алуу керек?


  • Кируугө уруксатпы?

  • Ооба, кирүүгө уруксат, кириңиз.
1   ...   29   30   31   32   33   34   35   36   37


написать администратору сайта