управление. кыргязкнига. Тилим менин
Скачать 1.09 Mb.
|
зор эмгеги - огромный труд турмуш-тиричилиги - бытовая жизнь боз үйдө - в юрте коломто - место в юрте, где разводится огонь дайын жок — нет следы жок болуп кетет - исчезает журт которушчу - перекочевали чамын - мчаться азыктануу - питаться төлдөө - размножаться мергенчилик кылуу - охотиться өздөштүрүү - усвоить тажрыйба - опыт урпактар - потомки түгөнгүс - нескончаемый мурас — наследие тарыхый булактар - исторические источники колдонулган - использовались Тексттен кийинки тапшырма. Кыргыздардын ичинен чыгып, биринчи жолу календарга кызыккан ким болгон? Эмне үчүн ар бир ай жаныбарлардын аты менен аталып келген? Ар бир айдын өзүнө мүнөздүү болгон өзгөчөлүктөрүн ай- тып бергиле. Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, айтып бергиле. Тексттен 5 сүйлөмгө синтаксистик талдоо жүргүзгүлө. Тексттеги кээ бир сүйлөмдөрдөн синтаксистик байланыш- тарды тапкыла. АЙ ГРАФИГИ Ай графигин билүү да зарыл болуп эсептелет. Антке- ни элдик календардан түшүнүгү жок, март айын Жалган куран деп чаташтырып жүргөндөр үчүн керек. Экинчи- ден, эзелтен бери эл-журтубуз асмандагы айдын жаңыры- шын карап Орозо жана Курман айт күндөрүн так эсеп- тешкен. Үчүнчүдөн, ай жаңырганда, тогол күнү жаңы ай толгондо аба ырайы бузулат. Ай ичиндеги үч ирет кайталанчу арсар күндөрдө күн бүркөлүп, жаан-чачын, бороон-чапкын болушу ыктымал. Ошондуктан бул күндөрдө ары-бериси үч күнү алыс са- парга чыгууга, аңчылык кылууга болбойт. Той-аштарды, көчүп-конууну,чөп чаап, айдап-себүүнү баштабай жана ушул күндөрү оорукчандар ден соолугуна,бизнесмендер өз иштерине сак болуп, татаал маселенин үстүндө иштөөгө болбой тургандыгын белгилешкен. Ал эми Октябрь революциясына чейин кыргыз эли кол- донуп келген ай календары боюнча мүчөл жылдары 13 арсар ай жаңырып, жылдын башы болгон Жалган куран айы жаңырганга чейин созулат. Арсар айдын тогол аты жок, ошондуктан тогол күнү жана арсар айы болбойт. Арсар айда алыс сапарга аттанууга, аш-той берүүгө, үйлөнүү-үлпөтүн өткөрүп, турмуш куруу, кереге көтөрүп, үй түптөөгө болбойт, анткени арсар айдын жолу катуу деген ырым бар. Сөздөр чаташ - путаться, спутываться так эсептешкен - точно считали тогол - время, когда луна и Плеяды стоят в отделении друг от друга и друг против друга арсар күн (ай арасы) - новолуние айдап-себүү - посев оорукчандар - больные мүчөл жылдар - двенадцатилетний животный цикл алыс сапарга - в далекий путь аш-той берүүгө - проводить той,праздники үйлөнүү-үлпөтүн өткөрүү - проводить свадьбу үй түптөө - построить дом ырым - вера в приметы Тексттен кийинки тапшырма. Ай арасы деп кайсы мезгилди түшүнөсүңөр? Эмне үчүн ай арасы учурунда чоң-чоң иштерди жасоого болбойт? Мүчөл жыл деп эмнени айтабыз? Мүчөл жыл боюнча түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле. Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, которгула. Тексттеги кээ бир сүйлөмдөрдөн баш жана айкындооч мүчөлөрдү тапкыла. Сүйлөмдүн мүчөлөрү боюнча талдоо жүргүзгүлө. ЖЫЛ АТТАРЫ Кыргыздын байыркы жылнаамасында аба ырайы он эки жылда бир кайталанып өзгөрүп турат деген түшүнүк болгон. Ошондон улам ар бир жылга айбанаттардын аты коюлган. Бул жөнүндө мындай уламыш бар. Кудай жер- сууну, өсүмдүктөрдү, абаны, айбандарды жараткандан кийин, ар бир түр айбан жакшы жашоо үчүн он эки жыл бөлгөн экен. Аны биринчи ким көрсө, ошол жылдын башы болот деген кабар угулат да, бүткүл айбанат дүрбөлөң түшөт. Күндүн чыгышын ар кимиси биринчи болуп көргүсү келет. Ошентип айбанаттын баары түн ортосунан тартып, таңды күтүшүп, моюндарын созуп, чыгышты тиктешет. Биринчи байге меники эмей кимдики болмок эле деп, төө камырабай тура берет. Бир оокумда таң сөөк салып калганда, мен көрдүм деп чыйылдаган үн угулат, бардык айбанаттар жалт караса, төөнүн төбөсүнө чыгып алып чычкан кыйкырып жатыптыр. Ошондо төө таарынган бойдон тескери карай кетип, жылдан куру калган экен. Ошентип, жыл башы чычкан болуп калыптыр. Андан кийинки байгелерди куйрук улап тизилген уй, илбирс (барс), коён, улуу (ажыдаар), жылан, жылкы, кой, мечин (маймыл), тоок, ит, эң акыркысын доңуз алыптыр. Аты аталган айбандардын ар биринин жылы келген- де, ошол айбандын төлү мол болот деген кеп бар. Бирок бул жөнүндө атайын илимий изилдөөлөр жок. ЖЫЛ СҮРҮҮ Чычкан 1900,1912,1924,1936,1948,1960,1972,1984,1996,2008. Мышь Уй 1901,1913,1925,1937,1949,1961,1973,1985,1997,2009. Бык Барс 1902,1914,1926,1938,1950,1962,1974,1986,1998,2010. Тигр Коён 1903,1915,1927,1939,1951,1963,1975,1987,1999,2011. Заяц Улуу 1904,1916,1928,1940,1952,1964,1976,1988,2000,2012. Дракон Жылан 1905,1917,1928,1941,1953,1965,1977,1989,2001,2013. Змея Жылкы 1906,1918,1930,1942,1954,1966,1978,1990,2002,2014. Лошадь Кой 1907,1919,1931,1943,1955,1967,1979,1991,2003,2015. Овца Мечин 1908,1920,1932,1944,1956,1968,1980,1992,2004,2016. Обезьяна Тоок 1909,1921,1933,1945,1957,1969,1981,1993,2005,2017. Петух Ит 1910,1922,1934,1946,1958,1970,1982,1994,2006,2018. Собак Доцуз 1911,1923,1935,1947,1959,1971,1983,1995,2007,2019. Кабан Сөздөр жылнаама - летопись кайталанат - повторяться өзгөрүп турат - измениться түшүнүк - понятие уламыш - легенда күндүн нуру - луч солнца жылдын башы - начало года дүрбөлөң - паника, переполох,бунт байге - приз камырабай - спокойно таарынуу - обижаться төл - приплод чыгыш - расход, убыль мол - обильный Тексттен кийинки тапшырма. Эмне үчүн ар бир жылга айбанаттардын аты коюлган? Жыл аттары кандайча бөлүштүрүлгөн? Ар бир жыл аттарынын кандай мааниси бар? Өзүңөргө таандык жыл сүрүү боюнча ацгемелешкиле. ЖЫЛ МЕЗГИЛИ ЖАНА АБА ЫРАЙЫНА БАЙЛАНЫШТУУ СӨЗДӨРДҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ Ай арасы - өтүп бараткан ай менен жаңыра турган айдын аралыгындагы үч-төрт күн. Ай арасында аба ырайы бузулуп, жаан-чачын болот. Ай башы - жаңырган ай. Ай Күн менен Жердин орто- сунда жайгашып, жерден Ай байкоочуга көрүнбөгөн маа- лы, анткени Айдын жарык түшпөгөн жагы жерди карап калат. Ай жылы - Айдын 12 жолу жаңырып бүткөн мезги- лин камтыган аралыгы. Орто эсеп менен 354, 367 күн суткасына барабар. Айдар - Айдарым жел, желаргы: көбүнчө эртең менен жана кечкурун согот. «Айдарым (шамалдуу) жер» түшүнүгү менен маанилеш. Айдын толушу - толгон ай. Ай Жерге карата Күнгө карама-каршы тарапта болуп, жарык түшкөн бети бизге карап турган маалы. Бул учурда ай толук тегерек форма- сын алып көрүнөт да толгон ай деп аталат. Айдын тутулушу - айдын жердин көлөкөсүндө калган кездеги көрүнүшү. Ай толук бойдон же жарым-жартылай Жердин көлөкөсүнө капталып калганда тутулат. Күндүн нуру Жердин атмосферасында сынгандыктан, тутулуунун чоң фазасында Ай кызгылт-күрөң түстө болуп көрүнөт. Айдын толук тутулуу фазасы 1 саат 40 минутага созулат, анткени жердин көлөкөсү Айдын диаметринен чоң. Ай тутулуу жыл сайын болуп турушу ыктымал. Ак ж.аан - майдалап узакка жааган жамгыр. Тамчы- лардын диаметри 0, 5 ммден ашпайт. Ак жаан катмар- ланган булуттан же тумандан түшөт. Ак жаан узакка созул- гандыктан жерге жакшы сиңип, эгиндин, өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө ыңгайлуу шарт түзөт. Ак жай - жайдын толгон кези. Алап - дарыя алабы бир дарыя тармагын камтыган, башка дарыя тармактарынан суу бөлгүчтөр менен бөлүнүп турган жер бетинин бир бөлүгү. Дүйнөдөгү эң ири алап - Амазонка дарыясынын алабы, анын аянты 7,2 млн км кв. Кыргызстандагы эң ири дарыя - Нарындын алабы 58, 4 миң км кв. Ала шалбырт - кыштын соңу жаздын башталышын- да абанын температурасы нөлдөн жогорулай баштаганда кар эрип жер алателек болгон мезгил. Кардын суусу агып кетүүгө үлгүрө электе баскан жерлер ылайга айланып, баткак баскан учур. Алтай - жылдын жай мезгилинде күн өтө ысып, үп болуп турган маал. Күндүн илебинин таасиринен аба массалары бир топ убакытка чейин алмашылбай, абанын басымы төмөндөп, температурасы жогорулап, нымдуулугу башка учурларга караганда азайып, жел жүрбөй калат. Кыргызстанда бул мезгил көбүнчө июндун башына туура келет. Апта - жети күнгө созулган убакыт бирдиги, бир жу- ма. Ал дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби, жекшемби күндөрдү камтыйт. Аяз - кыштын чилдесинде аба тунук, ачык, таза болгон маалдагы чыкыроон суук. Кыргыздар сууктун ызгаар- дуулугуна жараша аязды төмөнкүдөй бөлүшкөн: аяздын өтө катуу чыкыроон болуп турган маалын- темир аяз, андан басаңыраак суукту - мүйүз аяз, жумшагыраак суук- ту - кийиз аяз дешкен. Баш оона - айдын аты, жыл календарынын жетинчи айы - июлга туура келет. Бешим - түш оогон мезгил. Экинчи мааниси-мусул- мандарда түш оогон маалда окулчу намаз. Бештин айы - айдын аты, жыл календарынын он би- ринчи айы - ноябрга туура келет. Бирдин айы - айдын аты, жыл календарынын экинчи айы - февралга туура келет. Боз кыроо - 1) күз маал, кеч күз; 2) кеч күздө түшкөн кыроо, бубак. Бороон - бороон-чапкын кар аралаш соккон муздак, катуу шамал. Бул түшүнүк илимий жактан эчак калып- танып, интернационалдык терминге айланган. Илимий эм- гектерде, казак, түркмөнчө - «боран», якутча - бурхан, татар, башкырт тилдеринде - буран деп аталат. Орус ти- линде түрк тилинен кирген, анда бороон - «буран», «пурга», «снежная вьюга» деп аталат. Азыркы халка - моңгол тилинде «бороо(н)» - «жам- гыр» деген маанини билдирет. Кыргыздар карсыз бороонду «кара бороон» же «кызыл бороон», кар аралаш бороонду - «ак бороон», «бороон-чапкын» деп да аташат. Борошо - бороондоп жааган кар, бурганак. Бубак - желаргысыз, суук, айрыкча тумандуу күндөрдө дарактардын бутактарына, тартылган зымдарга ж. б. ту- руп калган кар сымал борпоң муз кристаллдары. Бугу айы - айдын аты, жыл календарынын төртүнчү айы - апрелге туура келет. Бурганак - кар аралаш соккон шамал, кардын жаа- шы менен кошо жүрсө борошо деп аталат. Буурул түн - кечки иңир менен эртең мененки таң шооласы дал келип, түнү бою байкалуучу жарык түн. Буурул түн жайдын саратан учурунда (22-июнда) Түндүк жарым шардын 59,5 кеңдигинен түндүккө карай жана кыш чилдесинде (22-декабрда) болот. Дигер - намаз дигер - күн батардын алды. Добул - атмосферадагы кубулуш, анда калың катмар- луу, жаанчыл-түрмөктөлгөн булуттарда же булуттар менен жердин аралыгында жаркылдаган электр заряддары чагылган пайда болуп, күн күркүрөйт. Добул жүргөндө нөшөрлөп жамгыр жаап, мөндүр уруп, алай-дүлөй бороон- чапкын болот. Жаансыз добул болушу да мүмкүн. Добул уруу - мөндүр уруу - айыл чарба өсүмдүктөрү менен жемиш бактарын мөндүр түшүп талкалашы. Доңуз жылы - он эки мүчөл жыл эсебинин эң аяккы жылынын аты. Жаз - кыш менен жайдын ортосундагы жыл мезгили. Жердин Түндүк жарым шарында жазгы күчтүн теңелүү мезгилинен (20 же 21-марттын) жайкы күн токтолууга (21-22-июнга) чейинки, Түштүк жарым шарда 23-сентябр- дан 22-декабрга чейинки убакыт. Жай - абанын температурасы эң жогору болуп турган климаттык сезон. Түндүк жарым шарда жайкы күн токто- луудан (21-22-июндан) же болбосо, жайкы чилдеден күзгү күн-түн теңелүүгө (23-сентябрга) чейинки жыл мезгили. Жалган куран - айдын аты, жыл календарынын экин- чи айы - февраль айына туура келет. Жамгыр - жаан-тамчы түрүндө жер бетине түшкөн атмосфералык жаан-чачын. Кыска мөөнөттө жана катуу жааган жамгыр кара жамгыр же нөшөр деп аталат. Жарамазан - мусулманча тогузунчу айдын аты. Жетинин айы - айдын аты, жыл календарынын онун- чу айы - октябрга туура келет. Жөө бурганак - кар катмарынын үстү менен сапыры- лып соккон шамал, бурганак. Адатта бул процесс кар жаа- бай турган маалда болот. Жума - аптанын бешинчи күнү. Мусулмандар бул күндү «ыйык» деп эсептешип, «жума намазын» окушат. Кыргыздар бул күндү «оор күн» деп да эсептешет. Жылан ж.ылы - он эки айбандын аты менен аталган кыргыздын элдик календарында жыл сүрүү эсебиндеги эц катаал деп эсептелген алтынчы жылдын аты. Жылкы ж.ылы - он эки айбандын аты менен аталган кыргыздын жыл сүрүү эсебиндеги жетинчи жылдын ата- лышы. Заар - саар - тац агарган маал, тац заары, тац жары- гы. Зампар - сампар - кыш мезгилинде аба ырайы тынч, шамалсыз мезгилде кар бүртүктөрү жецил жана суйдац болуп абадан каалгып жай түшкөн учур. «Кар сампарлап жаап жатат» - деп коюшат. Иңир — күүгүм кирип, көз байланып калган мезгил. Ит ж.ылы - он эки жаныбардын аты менен аталган кыргыздын элдик календарында жыл сүрүү эсебиндеги он биринчи жылдын аты. Кара булут - түнөргөн калыц, жапыз булут, көбүнчө жаан аралаш, добул коштоп келет, кар да жаап жибери- ши мүмкүн. Түрмөктөлгөн булуттардан пайда болот. Кара добул - чацдуу бороон, жамгырсыз катуу шамал. Көбүнчө жай, күз мезгилдеринде болот. Кара жамгыр - кара жаан - төкмө жаан, түнөрүп ас- манды чүмкөгөн калыц булуттан катуу жаайт. Кара жамгыр көпкө созулса, кээде селге айланып, жолдорду, көпүрө- лөрдү бузуп, айыл чарбага зыян келтирет. Кашка суу - мөцгүдөн башталган таптаза, тунук тоо суусу. Коён жылы - жаныбарлардын аттары менен берил- ген он эки жылдык жыл эсебинин төртүнчү жылынын аты. Кой жылы - жаныбарлардын аттары менен берилген он эки жыл эсебинин сегизинчи жылынын аты. Коңур жел - жай-күз мезгилиндеги салкын, мелүүн, күндүн илеби кайтып калганда соккон жел. Конур күз - күздүн толуп турган маалы, абанын ным- дуураак, салкын тарткан мезгили. Көктөм - көктөө - көк чыккан мезгил, эрте жаз. Кулжа - айдын аты, календарь жылынын бешинчи айы, май айына туура келет. Кургакчыл мезгил - жыл сайын кайталанып туруу- чу, бир нече айга созулган, жаан-чачын аз түшкөн мезгил. Куюн - аба массасынын тегеренген кыймылга кабы- лышы. Тегеренүү вертикалдык октун айланасында жүрөт. Чачылгандуу булуттарда пайда болот. Кара булуттар түркүк же пилдин тумшугу сымал төмөн көздөй таралган атмосфералык кубулуш. Күз - Түндүк жарым шарда күзгү күн-түн теңелүү мез- гилинен (23-сентябрь) кышкы чилдеге (21-22-декабрга) чейинки жыл мезгили. Күн - Сутканын жарык бөлүгү. Күн чыккандан бат- канга чейинки убакыт. Күндүн убактыгы ал жердин гео- графиялык кеңдигине жана жыл мезгилдерине жараша болуп, күндүн жантайышына карата өзгөрөт. Күн батуу - күндүн жана Айдын батыш тарапта гори- зонттон ары карай кетиши, Күндүн батышы ар бир ал- какка жараша түшүндүрүлүшү мүмкүн. Күндүз - сутканын Күн чыккандан батканга чейинки жарык болуп турган маалы. Ал убакта Күн горизонттун үстүндө болот. Күндүн узун-кыскалыгы - Күн чыккандан батканга чейинки мезгил. Күндүн узактыгы жердин географиялык кеңдигине жана Күн орбитасынын экватордук тегиздикке жантайышына жараша болот. Жердин экваторунда күндүн узактыгы жыл мезгили боюнча дайыма туруктуу болуп, 12 саатка барабар. Күндүн жантаюусу оң болгондо, (жазында, жайында) Түндүк жарым шарда күндүн узактыгы 12 сааттан көп, ал эми Күндүн жантаюусу терс болгондо (күзүндө, кышын- да) 12 сааттан аз болот. Күн күркүрөө — атмосферада чагылганды коштоп чык- кан добуш. Чагылган жолунда басым өтө тездик менен жогорулап, аба термелип, катуу үн (күркүрөө) пайда болот. Күн-түн теңелүү — Күндүн кыймылынын нантыйжа- сында анын борборунун эклиптика менен экватордун ке- силишкен чекити аркылуу өтүү маалы. Күн-түн теңелүү болжолу 21-мартта (жаз) жана 23-сентябрда (күз) болуп өтөт. Калымык кар - анча калың эмес, жука түшкөн кар. Кыш - Жердин Түндүк жарым шарында кышкы чил- денин түшкөн учурунан (21-же 22-декабрдан) жазгы күн түн теңелүүгө чейинки (20-же 21-март) жыл мезгили. Кыям - чак түш. Кыян - нөшөрлөгөн жамгырдын, же кардын эриши- нен пайда болгон үйөр суу. Маал - мезгил, убакыт, учур, М. Жаз маалы. Мечин жылы - жаныбарлардын аты менен берилген он эки жылдык жыл эсебинин тогузунчу жылынын аты. Мөндүр - көбүнчө жүгөрүнүн данындай «өлчөмү 555 мм) андан да чоң томолок, ныкталган муз түрүндөгү атмосфералык жаан-чачын. Күн жылуу маалда түшөт, абанын алмашуусунун на- тыйжасында төмөнкү катмардагы нымдуу жылуу аба жогору (5-6 км) көтөрүлүп, тез суушу менен муз кристалл- дарына айланат. Муссон - (арабча «мавсум» - жыл мезгили»деген ма- анини берет.) - кышында кургактыктан деңизди, жайында тескерисинче, деңизден кургактыкты карай соккон аба агымы. Мүчөл - он эки жаныбардын аты менен аталган календарь боюнча адам жашын аныктоо ыкмасы санак сис- темасы менен такталган жаш (курак) мерчеми (13, 25, 37, 49 ж. б.) б. а., туулгандан кийинки ар бир 12 жыл бир мүчөл болот. Өткүн - белгилүү бир тилке менен (жарым саатка же- тип-жетпей) жаап өткөн жаан, адатта күн анча бүркөлбө- гөн маалда кыска мөөнөткө жаайт. Өткүндөн кийин көбүнчө көк желе (Асан-Үсөн) пайда болот. Саратан - жайкы какшыма ысык мезгил. |