управление. кыргязкнига. Тилим менин
Скачать 1.09 Mb.
|
Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, которгула. Илик жөндөмөсүндө турган зат атооч сөздөр менен суйлом түзгүлө. Сын атооч сөздөрдү таап, морфологиялык талдоо жүргүзгүлө. КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТУРИЗМ Кыргызстандагы туризм - Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык жактан тез өнүгүшүнө зор салым кошууга көп мүмкүнчүлүктөрү бар реалдык сек- тордун келечектүү тармагы. Кыргызстандын жери туризм- ди жана эс алууну эл аралык деңгээлде өнүктүрүү үчүн табигый, тарыхый жана маданий жактан кыйла потен- циалга ээ. Ал жөнүндө чет өлкөлүк эксперттер мындай дейт: «... табигый жана маданий белгилери кереметтүү айкалышкан Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр жер жүзүндө саналуу. Мындан дүйнөдөгү тоолуу жерлердин ичинен эң ажайып кооздукту көрүүгө болот». Кыргызстандын табияты ар түрдүү: мында кар мөңгү- лүү залкар тоо тилкесинен көп шиберлүү альп, субальп, карагай, арча, жаңгак мөмө жемиштүү, токойлуу, шалбаа- луу талаадан чөлдөргө чейинки ландшафттар кездешет. Өлкөнүн түштүгүндө Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Кара- Алма ж. б. жерлердеги дүйнөдө чанда кездешкен жапайы жаңгак - жемиш токой массивдери, бийик тоолордун ара- сында жайгашкан Суусамыр, Алай, Ак-Сай, Арпа сыяктуу өрөөндөрүндөгү боз үйлөр тигилген көк шиберлүү жай- лоолор, кымыз жыттуу үйүр-үйүр жылкы, асыл тукум кой жайылган жайыттары, айланасы ажайып кооз, ба- лыкка бай тоо көлдөрү туристтерди, эс алуучуларды дайы- ма өзүнө тартат. Сөздөр өнүгүшү - развитие мүмкүнчүлүк - возможность тармак - отрасль табигый - естественный, природный ажайып - удивительный, изумительный тоо тилкеси - горная полоса шибер - густая трава шалбаа - луг, сырое место, поросшее высокой густой травой үйүр-үйүр жылкы - кони, бродящие косяками асыл тукум - породистый, чистопородный Тексттен кийинки тапшырма. Кыргызстанда адамды кызыктырып өзүнө тарткан кандай жерлер бар? Кайсы жерлерде болдуңар? Кыргызстан келечекте туризм өлкөсүнө айланарына кандай мүмкүнчүлүктөр бар? Текстке чейинки тапшырма. Текстти көркөм окуп, которгула. Жөндөмө мүчөсү уланган зат атоочтор менен сүйлөм түзгүлө. Жоон үндүүлөргө мүнөздөмө бергиле. Ала-Арча табият паркы Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы Ала-Арча капчыгайынан орун алган. 1976-жылдан тартып, Ала-Арча табият паркы деп аталган. Парк Бишкек шаарынан 30 км түштүк тарабын- да тоо арасында жайгашкан. Аянты 19, 4 миң гектар. Деңиз деңгээлинен 1600-4875 м бийиктикте, орточо би- йиктиги - 3300 м. Парк жайгашкан жер тоолуу, аскалуу келип, чокула- ры ото тик, капчыгайлары кууш. Табият паркынын чеги Ала-Арча суусунун суу бөлгүчүнүн чегине дал келет. Парк- ты уюштурганга чейин Ала-Арчанын жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсү кыйла жабыркаган. Ала-Арча жанаша жаткан капчыгайлардан табигый шарты боюнча бир топ айырмаланат. Мында бийик жана кооз чокулар, көп мөңгүлөр, шаркыратмалуу суулар бар. Өсүмдүктөрү да башка капчыгайлардыкынан өзгөчө- лөнүп, сейрек учуроочу дарактар менен бадалдар жана дарылык касиети бар көптөгөн чөптөр кездешет. Күн тийүү узактыгы да Ысык-Кол зонасынан кем ка- лышпайт (жылына 2100-2700 с). Кыргызстандын Кызыл китебине катталган өсүмдүк- төрдүн 10 түрү бар. Ала-Арча табият паркында карагай осот, ал эми ага коңшулаш капчыгайларда карагай өспөгөнүнө таң кал- бай коюуга болбойт. Табият паркы айбанаттарга да бай. Анда сүт эмүүчү- лөрдүн 26 түрү (тоо эчки, элик, кашкулак, түлкү, коён), канаттуулардын 160тан ашык түрү (улар, кекилик, кыр- гоол) бар. Кызыл китепке катталган илбирс, күрөң аюу, тоо аркары, бүркүттөр да мекендейт. Ала-Арча табият паркы аймактын табиятын коргоо жана калктын эс алуусун уюштуруу максатында түзүлгөн. Бүгүнкү күндө бул кооз аймак маданияттуу эс алуучу кооз жайлардын бирине айланды. Мында альпинисттер менен лыжа ышкыбоздору машыгуучу спорттук базалар бар. Жыл сайын бул жерге өлкөбүздүн булуң-бурчунан жана чет өлкөлөрдөн миңдеген туристтер менен меймандар келип турушат. Сөздөр түндүк капталы - северная часть капчыгай - ущелье тоо арасы - среди гор бийиктикте - на высоте жаныбарлар дүйнөсү - мир животных жабыркаган - испытывать притеснения мекендейт - обитает табият - природа ышкыбоздор - любители булуц-бурчунан - со всех сторон Тексттен кийинки тапшырма. Ала-Арча табият паркынын кооздугун сүрөттөп бергиле. Жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн кандай түрлөрү бар? Бул табият паркында кандай спорттук базалар жайгаш- кан? Табият паркында болдуңар беле? Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, айтып бергиле. Көптүк мүчөсү уланган зат атооч сөздөр менен сүйлөм түзгүлө. Тексттин мазмунун чагылдырган бир нече сүйлөмдү көчүрүп жазып, сөздүк түзгүлө. АЛА-ТОО Кыргыз жергеси, кыргыз тоолору Ала-Тоо деп ата- лат. Анткени элибиз мекендеген аймак тоолуу келип, жылдын ар мезгилинде башынан ак кар, кок муз кетпе- ген тоо чокулары көрүнүп турат. Ала-Тоого арналган ырларда «ак элечек кийген, же ак калпак кийген тоолор» деген элестүү саптар да кези- гет. Акын Жоомарт Бөкөнбаев: «Жайы-кышы кетпеген, кары сонун Ала-Тоо» - деп сүймөнчүлүк менен мүнөздүү сүрөттөгөн. Ала-Тоонун жаратылышы бай жана ар түрдүү. Ак кар жамынган тоолору, көк майсаң жылга-жыбыт, өрөөн- өрүштөрү, чамынып аккан дарыялары, кок кашка тунук суулары, көлдөрү, түрдүү жапайы жаныбарлары менен канаттуулары, арча карагайлуу, жаңгактуу токойлору жана табигый кен байлыктары - Ала-Тоонун түгөнгүс байлыгы. Жайыттарында торт түлүк мал жайылып мелтиреген талааларында эгин, пахта, жашылча жемиши жайкалат. Элибиздин сыймыгы болгон Ала-Тоонун аты менен көптө- нөн уюмдар, маданий жайлар аталган. Сөздөр кыргыз жергеси - кыргызская земля мекенде (-ген) - обитать, иметь место жительство элестүү - образный сүймөнчүлүк менен - с любовью көк майсаң - место где покрывается сочной зеленью жылга-жыбыт - ложе ручья, длинная впадина берекеси - благодать жайкалат - место, покрытое густой сочной травой Тексттен кийинки тапшырма. Ала-Тоо жөнүндө белгилүү акындардын ырларынан жатка айтып бергиле. Ала-Тоонун кен байлыктарын санап бергиле. «Ала-Тоо - менин Мекеним» деген темада дилбаян жазгы- ла. Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, айтып бергиле. Тексттен сан атооч сөздөрдү таап, сүйлөм түзгүлө. Сөз айкаштарын тапкыла, аларга талдоо жүргүзгүлө. БУРАНА МУНАРАСЫ Бурана - Кыргызстандын түндүк аймагында сакталып калган бирден бир мунара, Караханийлер дооруна таан- дык тарыхый-архитектуралык эстелик болуп эсептелет. Чүй өрөөнүндө жайгашкан Токмок шаарынын түштүк-ба- тыш тарабында 15 км тоо тарапта турат. Ал 11-кылымдын биринчи жарымында Караханиддер- дин тушунда курулган. 10-13-кылымда Баласагын деп аталган. 1117-жылдан 1218-жылга чейин шаарды кара кытай- лар басып алат да, шаарды Гобалык (б. а. «жашыл шаар») деп атап коюшат. Жазма булактарга Караганда Баласа- гын шаары 14-кылымга чейин өкүм сүргөн. Бурана араб тилиндеги «минара» сөзүнөн чыгып, кыр- гызча мунара аталып калган. Бурана мунарасы бышкан кыш менен төрт бурчтуу пайдубалга сегиз кырдуу түптөлүп, цилиндр түрүндө төмөндөн жогору карай ичкерип салынган. Анын бийиктиги алгач 40 мден кем эмес болгондугу айтылат. Бүгүнкү бийиктиги 21, 67 м, түбүнүн диаметри 9 м, төбөсүнүкү 6 мге жакын. Бурана бир нече жолу реставрацияланган. Бүгүнкү күндө Бурана археологиялык-архитектуралык комплекс катары туристтик баалуу объектилердин бири болуп калды. Анын айланасында археологиялык казуу- лар, изилдөө иштери жүргүзүлүп, андагы жацы табылга- лар тарых илимин байытууда. Сөздөр тарыхый-архитектуралык эстелик - историко-архитектурный памятник жазма булактар — письменные источники цилиндр түрүндө - в форме цилиндра бийиктиги - высота түбүнүн диаметри - диаметр дна төбөсү — вершина баалуу - ценный Тексттен кийинки тапшырма. Бурана эстелиги кайсы кылымга таандык? Бурана жөнүндө кандай легендаларды билесицер? Бурана мунарасында болдуцар беле? Көргөнүцөрдү сүрөттөп бергиле. Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, айтып бергиле. Тексттеги жөндөмө мүчөлөрү уланган зат атооч сөздөр ме- нен сүйлөмдөр түзгүлө. Тексттеги сүйлөмдөрдөн таандык мүчөлөр уланган зат атоочторду тапкыла, талдоо жүргүзгүлө. ТАШ-РАБАТ КЕРБЕН САРАЙЫ Дүйнөдө жалаң таш менен курулган имараттар, куру- луштар өтө эле көп. Орто Азиядагы байыркы мезгилден калган таш курулуштардын биздин күнгө чейин сактал- гандары бирин-экилеп эле саналат. Ошолордун бири Кыр- гызстандын Ат-Башы районунун аймагындагы Таш-Рабат кербен сарайы болуп эсептелет. Биринчи жолу тарыхчы Мухаммед Хайдар (14991551) «Тарихи-Рашиди» аттуу китебинде бул кубулуш жөнүндө кыска болсо да маалымат берип, аны Моголстанда 1408-1416-жылдары бийлик жүргүзгөн Мухаммед хан курдургандыгы белгиленген. Мындай курулуштар соода жолдоруна жакын чек араларда курулган. Таш-Рабат эмне максатта ушундай ээн жерде тоо ара- сында тургузулгандыгы али күнгө чейин тактала элек. Аны кербен сарай катары ары-бери өткөн соодагерлер тыным алып, унааларын эс алдырып, конуп кетүүсү үчүн тургузулган имарат катары да эсептешет. 1859-жылы белгилүү окумуштуу Ч. Валиханов орус экспедициясы менен Кашгарга барып, кайтып келе жат- кан жолунда ушул Таш-Рабатка токтоп, Таш-Рабатты то- лук сүрөттөп берген. Ал маалыматта бул курулуш байыркы доорго таандык деп жазылган. Өзүнүн сырткы көрүнүшү, ички бөлмө- лөрүнүн ар түрдүүлүгү, курулуш ыкмасы изилдөөчүлөрдүн көңүлүн буруп келген. Илимий чөйрөгө биринчилерден болуп, 1894-жылы А. Войцехович деген окумуштуу билдирген. Атактуу окумуштуу тарыхчы В. В. Бартольд өзүнүн 1893-1894-жыл- дагы жүргүзгөн экспедициясынын отчетунун тиркемеси- не бул имараттын сүрөтүн тиркеп жарыялайт. Ар кандай кесиптеги адамдардын, окумуштуулардын Таш-Рабатка байланыштуу макалалары, изилдөөлөрү көп. Таш-Рабат 1978-жылдарда Кыргыз ССРинин маданият министерствосунун атайын илимий-реставрациялык мастерскою тарабынан изилденип, кийин толук реставрация- ланып, калыбына келтирилген. Бүгүн туристтик кызыктуу объектилеринин бири бо- луп кызмат кылып келе жатат. Сөздөр дүйнөдө - в мире жалац таш менен - только из камней биздин күнгө чейин — до наших дней кубулуш жөнүндө - об явлениях сырткы көрүнүшү - внешний вид илимий чөйрө - научная среда Тексттен кийинки тапшырма. Таш-Рабат кайсы кылымга таандык эстелик? Эмне себептен Таш-Рабатты кербен сарай деп аташкан? Таш-Рабат жөнүндө илимий чөйрөгө билдирген окумуштуу- лар кимдер болгон? Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, которгула. Тексттен илик жөндөмөдө турган сөздөрдү таап, сүйлөм тузгүлө. Этиш сөздөрдү таап, жекелик жана көптүк санда жакта- гыла. МАНАСТЫН КҮМБӨЗҮ 14-кылымга таандык Кыргызстандагы тарыхый-архи- тектуралык эстеликтердин бири - Манастын күмбөзү, Талас шаарынан 15 км түндүк-чыгыш жагында Кең-Кол суу- сунун боюнда, Манастын «Кароол дөбөсү» деп аталган жерде курулган. Күмбөз бышкан кыштан салынып, алдыңкы бети оймо- чиймелер менен кооздолуп, арасында араб тамгасында жазуу түшүрүлгөн. Талас өрөөнүн кыргыздар илгертен эле байырлап, жа- шап келген. 11-12-кылымдарда өрөөн дыйканчылыкка ыңгайлуу келип, жемиш бактуу, эгин айдалган, күтүрөтүп мал баккан кооз аймактардын бири болгон. Талас суусун бойлото көптөгөн кыштактар, шаарчалар курулган. Монгол баскынчыларынан кийин алардын баары талкаланып, кыргыз эли көчмөн турмушка өтүп кеткен. Өрөөн жөнүндө «Манас» эпосунда эчен ирет айтылат, эпостогу окуялар менен байланышкан жерлер да арбын кездешет. 14-кылымга таандык курулуш эмне үчүн «Манастын күмбөзү» деп аталып калган деген суроо пайда болушу мүмкүн. Эпос жана эл ичинде айтылып келе жаткан ула- мыш боюнча күмбөз Манаска арналып, жары Каныкей тарабынан тургузулган. Күмбөздү тургузуу үчүн Каныкей Бадахшандан, Буха- радан, Самаркандан жана Кашгардан усталарды чакыр- тып, алыстан атайын өзгөчө сапаттагы топурак алдыр- тып, ага эчкинин, уйдун жүнүн коштуруп, койдун майы- нан кайнаттырып жасаткан деп айтылат. Бул күмбөз окумуштуулардын арасында көп кызы- гууларды туудуруп, 19-кылымдын аягында академик В.В. Бартольд, 1938-жылы А.М.Беленицкий, А.Н. Берн- штам, кийинчерээк М. Е. Массон сыяктуу окумуштуулар изилдешкен. 1968-жылы күмбөз толугу менен калыбына келтирил- ген. Кийинчерээк жер титирөө келтирген залалга байла- ныштуу жана «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата кайрадан оңдолгон (1993-1994). Манастын күмбөзүнүн сүрөтү почта маркаларына, Кыргызстандын улуттук валютасы - сомго түшүрүлгөн. Бул күмбөз элибиздин көрүнүктүү тарыхый эстелиги катары дүйнөнүн көп элдерин өзүнө тартат. Атактуу күм- бөзгө сыйынып жана ага таазим кылууга миңдеген адам- дар, туристтер тынымсыз келип турушат. Сөздөр оймо-чийме - орнамент ыңгайлуу — удобный көчмөн турмуш - кочевой образ жизни талкаланган - разрушена эчки - коза жүн - шерсть Тексттен кийинки тапшырма. Манастын күмбөзү кимдер тарабынан тургузулган? Күмбөздү кайсы окумуштуулар изилдеген? Манастын 1000 жылдыгы кайсы жылы өткөн? Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, түшүнгөнүңөрдү айтыл бергиле. Тексттен кээ бир сүйлөмдөрдү суроолуу сүйлөмдөргө ай- ландыргыла. Тексттеги сүйлөмдөрдөн сөз айкаштарды таап, сүйлөм түзгүлө. ӨЗГӨН - ТАРЫХЫЙ-АРХИТЕКТУРАЛЫК КОМПЛЕКС Кыргызстандын түштүгүндө Ош областынын террито- риясында Өзгөн шаары жатат. Ал Кара-Дарыя суусунун оң жээгинде бийик кашаттын үстүндө курулган. Анын эки миң жылдан ашык тарыхы бар. Шаардын ичинде үч күмбөз жана бир мунара турат. Үч күмбөз бири-бирине тийиштирилип катарлаш тургузулган да X-XII кылымдардагы Караханид мезгилиндеги архитектуранын өнүккөндүгүнөн кабар берип турат. Бул мавзолейлер илимде - Ортоңку, Түндүк жана Түштүк күмбөз деп айтылат. Ортоңку күмбөз окумуштуу- лардын пикири боюнча 1012-1013-жылдары биринчи Караханид Наср-Ибн-Алиге арналып салынган деп айтылат. Бийиктиги 13 м, ички керегесинин (дубалынын) өлчөмү 8,50-8, 54 м, сырты 11,44-11,28 м. Түндүк мавзолей 1152-1153-жылдары курулуптур. Ага Султан Ильи-Мази деп коюлган дешет. Башка бир маалыматтарда ал атактуу Клыч-Бурхан хан атасы жана энеси менен бирге коюлган деп айтылат. Уламыштарда Клыч-Бурхан хан Гераклдей болуп өз элин ажыдаардан сактап калган деп айтылганы белгилүү. Эки мавзолейдин алдыңкы беттеринде жазуулары бар. Аларды окуп көргөн арабист А. Ю. Якубовский Түндүк мавзолей Жалал-ад дин-Хусейнге арналганын аныктаган. Түштүк мавзолей 1186-1187-ж.ж. курулган деп айтылат да, Түндүк мавзолейден 35 жыл кийин салынган делет. Ал эми бийик мунара XI кылымда курулган деп эсеп- телет. Буранадагы мунарага караганда бул мунара көр- көмдүк жана курулуш техникасынын жогору турганды- гы менен айырмаланат. Ушул жагынан караганда Өзгөн мунарасы Токмоктун үстүндөгү Бурана мунарасынан кийин курулган деп эсептелинет. Анын бийиктиги 27, 40 м, ичинен бурама тепкичтер менен жогору жагына чыгат. Бул күмбөздөр комплекси жана мунара Орто Азия архитектуралык-курулуш техникасын, устаттыгын көр- сөткөн эң баалуу тарыхый эстеликтер болуп эсептелинет. Алардын сүрөттөрү почта маркаларына, мамлекети- биздин акча бирдиктерине түшүрүлдү. Ар тараптан бул тарыхый эстеликтерди көрүүгө агы- лып туристтер коп келишет. Сөздөр катарлаш - в ряд ички керегеси - внутренняя стена уламыш - легенда ажыдаар - дракон арналган - посвящена аныкталган - определено көркөмдүк - красота Тексттен кийинки тапшырма. Өзгөн архитектуралык эстелиги кайсы кылымга таандык жана кайсы падыша үчүн курулган? Бул эстелик жөнүндө уламыштарда эмне деп айтылган? Өзгөн архитектуралык эстеликтеринен башка да кандай эстеликтерди билесиңер? Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп которгула. Тексттен III жактын таандык мүчөсү уланган зат атооч сөздөрдү таап, сүйлөм түзгүлө. Тексттеги эстелик, ишмер, жаратуучу, уруу, душман деген сөздөрдүн лексикалык маанисин тапкыла. САЙМАЛУУ ТАШ СҮРӨТ ГАЛЕРЕЯСЫ Деңиз деңгээлинен 3000 м бийиктиктеги Көгарт ашуу- сунун этегинде, бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон Саймалуу таш эстелиги жайгашкан. Уникалдуу сүрөт-галереясын ка- рап отургандар адам акылына, анын жаратуучулук иш- мердигине чек жок экенине ынанат. Ачык асман алдында- гы «таш китептерде» эстеликти жаратуучулар миңдеген жылдар бою өз доорунун өңүтүнөн турмушка, жаратылыш- ка болгон түшүнүктөрүн, мамилесин чагылдырышкан. Таштардын бетинде тоо эчки, аркар, бугу, жылкы, төө, бука, илбирс, карышкыр, доңуз, түлкү, ит, жылан, о. э. адамдын тоо эчкини атып жатканы, жер айдоо, күнгө сы- йынуу, аңчылык сценаларын чагылдырган жүз миңден ашык сүрөттөр тартылган. Андагы сүрөттөрдүн мазмуну- нан бул жер «Ыйык жер» катары эсептелип калганын да түшүнүүгө болот. Адамдар Саймалуу ташка атайын барышып, курман- дыкка мал союшкан, ырым-жырым өткөзүп, оорулардан айыгуу ишеними менен сыйынышкан, өзүлөрүнүн ой-ти- легин өтүнүчүн билдиришкен. Саймалуу ташка бугулардын сүрөттөрү айрыкча кооз, көркөмдүк менен тартылган. Бугунун образы менен кыр- гыздардын байыркы легендалары, уруулардын аттары байланышканын билебиз. Улуу жазуучу Ч. Айтматовдун «Ак кеме» повестинде- ги Мүйүздүү Бугу эне жөнүндөгү легендада, Енисейдеги кыргыз уруусун душмандар талкалап, алардан аман калган бир бала менен бир кызды адамча сүйлөгөн Бугу эне сактап, Ала-Тоого, Ысык-Көл жээгине алып келгендиги баяндалат. Алардан тараган тукумдар өзүлөрүн Бугу эне- нин балдарыбыз, бугу уруусунанбыз деп атап калышкан. Саймалуу таш - байыркы ата-бабаларыбыздан калган ажайып маданий, рухий байлыгыбыз. Дүйнөнүн башка бөлүктөрүнөн кездешпеген мындай сүрөт-музей галереясы бүгүнкү күндө окумуштуулардын, археологдордун зор кызыгуусун жаратууда. Айрым изилдөөчүлөр Саймалуу таш галереясынын нукура маанисин диний жөрөлгөлөр өткөрүлүүчү жай катары карашат. Сөздөр |