Главная страница

управление. кыргязкнига. Тилим менин


Скачать 1.09 Mb.
НазваниеТилим менин
Анкоруправление
Дата25.10.2022
Размер1.09 Mb.
Формат файлаdocx
Имя файлакыргязкнига.docx
ТипДокументы
#753082
страница12 из 37
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   37

тарыхчы - историк агартуучу - просветитель тукум - потомок тааныштар - знакомые тарбиячы - наставник шакирт - ученик кызыгып калат - интересуется улантат - продолжает

тыгыз байланышкан - тесно связано

окумуштуулар - ученые чакырган - призывал билимдүү - образованный жарыяланган - опубликован

бастырылып чыгарылган - издавался куугунтук - изгнание жогорулаткан - повышал таалим - воспитание ири - крупный

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Осмонаалы Сыдык уулу жашаган мезгил жөнүндө айтып бергиле.

  2. Осмонаалы Сыдык уулунун кандай эмгектерин билесиңер жана эмгектерде кандай тарыхый окуялар камтылган?

  3. Осмонаалы Сыдык уулунун өмүрү, чыгармачылыгы, иш- мердүүлүгү жөнүндө кененирээк айтып бергиле.

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Жаңы сөздөрдү жазып, которгула.

  2. Төмөнкү сөздөрдү таандык категориясы боюнча жекелик жана көптүк санда жактагыла: тарыхч.ы, адабиятчы, акын, оку- муштуу, инсан.

  3. Текстке суроолуу сүйлөмдөрдү түзгүлө.

БЕЛЕК СОЛТОНОЕВ

(1878-1938)

Белек Солтоноев - кыргыз тарыхчысы, адабиятчы, акын. Кемин районундагы Чоң-Кемин айылында туулган. Атасын көргөн эмес, Белек Солтоноев төрөлө электе эле каза болуп калат. Ушундан улам апасы Кыргый баласын атасынан калган белек деп, атын Белек деп койгон. 7-8 жашында жазганды жана окуганды билген. Караколдогу орус мектебинде 3 жыл, анан 2 жыл Пишпектеги бакчы- лардын кыргыз мектебинде окуган.

1900-жылдары тарыхка кызыгып, санжыра чогултуп, мусулман жана орус тарыхчыларынын эмгектери менен тааныша баштаган. 1916-жылы Атаке бийдин болушту- гуна болуш болуп шайланат. 1916-жылдагы улуттук-бош- тондук көтөрүлүштөн улам Кытайга качып, 1917-жылы кайра келген. 1918-1920-жылдары Алматыда совет бий- лиги үчүн агитациялык иштерди алып барган. Андан ки- йин 1924-жылга чейин Кыргызстанда элдердин сабатсыз- дыгын жоюу мекемелеринде иштеген. 1927-1937-жылда- ры Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин алдын- дагы илимий- изилдөө мекемесинде эмгектенген. Күнөөсүз репрессияга кетип, 1955-жылы акталып чыккан.

Белек Солтоноев 40 жылдан ашык мезгил кыргыз тарыхын изилдеген. Ары жагы кытай, кыргыз, казак жер- леринен материал жыйнаган. «Кызыл кыргыз тарыхы» деген эмгеги эгемендик мезгилде гана жарык көрдү.

Сөздөр

акын - поэт адабиятчы - литературовед белек - подарок бакчы — садовод санжыра - родословная, родословие шайланат - избирается көтөрүлүш - восстание сабатсыздык - безграмотность мекеме - учеждение эмгектенген - трудился күнөөсүз - без вины акталып чыккан - реабилитирован изилдеген - иследовал ашык - более

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Белек Солтоноевдин кандай илимий эмгектерин билеси- ңер?

  2. Белек Солтоноевдин өмүрү жана ишмердүүлүгү кандай та- рыхый окуялар менен коштолгон?

  3. Белек Солтоноевдин «Кызыл кыргыз тарыхы» китеби ка­чан чыккан жана ал китеп кандай маалыматтарды камтыйт?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти кунт коюп окуп, которгула.

  2. Тексттеги жаңы сөздөрдү көчүрүп жазып, сөз айкашын түзгүлө.

  3. Сөз айкаштарын классификациялап жазгыла.

ИМАНАЛЫ АЙДАРБЕКОВ

(1884-1938)

Иманалы Айдарбеков Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, Чүй өрөөнүндөгү Күн-Туу болуш- тугунун Жал айылында белгилүү манаптын үй-бүлөсүндө туулган. Революцияга чейин Пишпек айыл чарба жана Ташкент гидротехникалык мектептерин бүтүргөн. 1912- 1918-жылдары болуштук катчы болуп иштеген.

1918-жылы партиянын катарына өтүп, Ак-Суу жана Нарын козголоңдорун басууга активдүү катышкан. 1919- 1924-жылдары адегенде Пишпек жана Токмок депутат- тар Советинин мүчөсү, анан төрагасы болуп шайланат. Областтык жер бөлүмүнүн башчысы, Жети-Суу област- тык аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген. 1924- жылы Кара Кыргыз Автономиялуу областынын револю- циялык комитетинин төрагасы болуп иштейт.

Иманалы Айдарбеков 1925-жылы май айынан баш- тап, Орто Азиядагы ККАОнун туруктуу өкүлү, «Средаз- хлеб» трестинин башкармачылыгынын мүчөсү, 1926- 1929-жылдары Кыргыз АССРинин жеңил өңөр жай жана соода эл комиссары болуп иштейт. 1929-1937-жылдары республиканын юстиция эл комиссары болуп иштеп жана Башкы Сотту жетектейт. СССРдин жеңил өнөр жай Эл Комиссарынын атайын өкүлүнүн орун басары болгон жана Кыргыз Борбордук аткаруу комитети менен Бүткүлсоюз- дук Борбордук аткаруу комитетине мүчөлүккө шайлан- ган. Иманалы Айдарбеков Тоолуу Кыргыз областын түзүү үчүн күрөшүп, ошол кездеги коомдук-саясий турмушка активдүү салымын кошуп, алгылыктуу көп иштердин ээси болгон. 1937-жылы 4-сентябрда «эл душманы» деп карма- лып, 1938-жылы 3-ноябрда атылган. Кийин кыргыз эли­нин сыймыктуу, патриот уулдары менен Ата-Бейитке коюлган. Иш жүзүндө И. Айдарбеков Советтик Кыргыз- стандын биринчи «президенти» болуп эсептелет.

Сөздөр

көрүнүктүү - видный

айыл чарба - сельское хозяйство козголоц - мятеж адегенде - сначала башкармачылык - управление өцөр жай - промышленность соода комиссары - комиссар торговли коомдук-саясий - общественно-политический башкы сот - Верховный суд аткаруу комитети - исполнительный комитет

активдүү катышкан - активно участвовал

Орто Азия - Средняя Азия

салым - вклад

бөлүм башчысы - заведующий отделом

белгилүү - известный

туруктуу өкүлү - постоянный представитель

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Иманалы Айдарбеков жашаган мезгил кандай болгон?

  2. Иманалы Айдарбековдун коомдук-саясий ишмердүүлүгү жөнүндө айтып бергиле.

  3. Кыргыз Республикасынын 30-40-жылдардагы саясий иш- мерлери жөнүндө айтып бергиле.

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Төмөнкү сөздөрдөгү үндүү жана үнсүз тыбыштарды клас- сификациялагыла: мамлекеттуулук башатында, инсан, жумуш- чу, кыймыл, билим, совет бийлиги, президиум.

  2. Тексттеги таандык категориясы уланган сөздөрдү жазып алып жак, сан боюнча аныктагыла.

  3. Текстке суроолуу сүйлөмдөрдү түзгүлө.

АБДЫКАДЫР ОРОЗБЕКОВ

(1889-1938)

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүдө жана өнүктүрүүдө анын башатында турган инсандардын бири, кыргыз эли­нин чыныгы уулу Абдыкадыр Орозбеков Кызыл-Кыя райо- нунун Охно айылында жакырланган үй-бүлөдө төрөлгөн. 1907-1917-жылдары наавайчы болуп иштеген. Туркестан- да жумушчу кыймылдарына катышкан.

1917-жылы октябрда саясий окуялардын ээси болгон эл үчүн жасалган революцияны толкундануу менен тоз- гон. 1918-жылы 6-августта коммунисттик партиянын ка- тарына өтөт. Совет бийлигинин орношуна жана бекемде- лишине ак ниеттик менен эмгек кылган. Революциялык ишмердүүлүгү Фергана өрөөнүнөн башталган. Контрре- волюциянын негизги күчү менен басмачылыкка карты активдүү күрөшкөн. Граждандык согуш жылдарында ка- тардагы жоокерден отряддын командири, комиссарына чейинки жолду татыктуу басып өтөт.

1920-1923 -жылдары айылдын, райондун революция- лык комитеттерин жетектеп, 1924-1925-жылдары Ош округдук революциялык комитеттин жер боюнча бөлүмү- нүн башчысы болуп иштеген. 1925-жылы мартта округ­дук конференцияда ВКП(б) округдук комитеттин жооптуу катчысы жана биринчи округдук съездде Округдук атка- руу комитетинин президиумунун мүчөсү болуп шайлан- ган. КАОнун областтык Советинин 1-съездинде областтык аткаруу комитетинин өкүлү жана Бүткүлроссиялык Со- веттердин съездине делегат болуп шайланат. А. Орозбе- ков БАКтын, союздук Советтин жана бюджеттик комис- сиянын мүчөсү болгон. 1927-жылдан 1937-жылга чейин Бүткүлроссиялык Советтердин 1-съездинде А. Орозбеков Кыркыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин төра- гасы болуп шайланган. Бул жооптуу кызматта 10 жыл иштеген. Жан аябай иштеп элине, мекенине болгон сүйүүсүн жана партиянын идеясына берилгендигин көр- сөткөн.

А. Орозбеков 1927-1928-жылдарда Кыргызстандын түштүгүндө жер-суу реформасынын жүрүшүнө зор салы- мын кошкон.

Жөнөкөй элдин арасынан чыгып, чоң масштабдагы мамлекеттик ишмерге чейин көтөрүлгөн чыгаан инсан бүт өмүрүн социализмди куруу үчүн жумшап, ага терең ишен- ген. Жалган жалаа менен камакка алынып, 1938-жылы майда катуу оорудан кийин каза болгон. 1956-жылы ак- талган.

Сөздөр

өнүктүрүү - развивать башатында - в начале чыныгы - настоящий жумушчу - рабочий кыймылдары - движения

саясий окуялар - исторические события толкундануу менен - с волнением тозгон - встречал татыктуу - достойный жоокер - солдат жооптуу катчы - ответственный секретарь аткаруу комитети - исполнительный комитет берилгендик - преданность чыгаан - выдающийся ишенген - верил

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Абдыкадыр Орозбековдун саясий көз карашынын калып- танышына өлкөдөгү кандай кырдаал таасир эткен?

  2. Абдыкадыр Орозбековдун ишмердүүлүгү жөнүндө айтып бергиле.

  3. Өлкөдөгү кандай реформалардын жүрүшүнө чоң салым кош- кон?

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, которгула.

  2. Тексттеги ат атооч сөздөрдү жазып, сүйлөм ичинде кандай милдет аткарарын аныктагыла.

  3. Ат атоочтор менен сүйлөм түзгүлө.

ИШЕНААЛЫ АРАБАЕВ

(1882-1934)

Кыргыз элинин тарыхы менен маданиятына эбегей- сиз чоң салым кошкон Ишенаалы Арабаев 1882-жылы октябрда Кочкор өрөөнүндөгү Күнбатыш айылында төрөл- гөн. Орус-тузем мектебин бүтүп, 1900-жылдан баштап Нарын, Каракол уезддеринде агартуучулук иштерди жүр- гүзүп, ал жерлерде алгачкы мектептерди ачып, мугалим болуп иштеген. 1910-жылдан 1912-жылдын майына че- йин Уфа шаарындагы белгилүү «Галия» жогорку диний медресесинен окуган. Андан кийин Ысык-Кол боюндагы мектептерде сабак берген. И. Арабаев революцияга чейин Мекке жана Мединага барып «ажы» болуп келген. 1911- жылы Молдо Кылычтын «Кысса Зилзала» («Жер ти- тирөө») деген китебин басмадан чыгарган. Ага өзү кириш сөз жазган. Бул кыргыз тилинде чыккан эң алгачкы ки- тептерден болгон. 1911-жылы Уфа шаарындагы «Шарк» басмасында, И. Арабаев менен К. Сарсекеев биргелешип кыргыз жана казак балдары үчүн даярдаган, «Алипбээ жаки төтө окутуу» («Алиппе же тез окутууга үйрөтүү») деген окуу китеби басылып чыккан. 1912-жылы Оренбург- дан кыргыз жазуусунун башатында турган «Жазуу эре- жесинин негиздери» аттуу эмгеги жарык көргөн. «Кыр­гыз алипбээси» 1925-жылы, «Саамалык» 1925-жылы, «Баштооч мектептерде эсеп үйрөтүү жолу» 1925-жылы жана «Кыргыз алипбээси» 1928-жылы Москвадан чык­кан. Анын чоңдор үчүн жазган «Алиппеси» сабатсыздык- ты жоюуда чоң роль ойногон. Башталгыч класстар үчүн география, арифметика, жаратылыш таануу боюнча окуу куралдарын түзгөн. Коомдук-саясий мүнөздөгү бир нече адабияттарды, В. И. Лениндин айрым эмгектерин кыр­гыз тилине которгон. Жети-Суудагы партиялык уюмдун жетекчиси болуп иштейт. «Алаш» партиясынын Пишпек уездиндеги кыргыз филиалынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп, бул саясий уюмдун чегинде Кытайдан кайтып ке- лип жаткан кыргыз жана казак качкындарына чоң жар- дам көрсөткөн.

1924-жылы Кара-Кыргыз академиялык борборунун төрагасы болуп иштеген.

Орто Азия мамлекеттик университетинде тарых жана адабият, казак жана кыргыз тилдеринде сабак берген.

И. Арабаев 19 китеп жазып, алар Ташкент, Москва, Уфа, Троицк жана Фрунзе шаарларында басылып чык­кан. Алардын ону Москвадан жарык көргөн. И. Арабаев 20-жылдары эле официалдуу курска каршы адам катары саясаттан четтетилген.

Социал-туран партиясынын мүчөсү, «улутчул» деп эч күнөөсү жок жерден күнөөлөнүп, 1933-жылы камакка алынган, 1934-жылы Ташкент шаарында каза болгон. Өлгөндөн кийин толугу менен акталган. И. Арабаев кыр- гыз улуту калыптанып жаткан учурдагы чыныгы агартуу- чу жана окутуучу «кыргыздардын ар-намысы» болгон. Араб графикасынын негизинде кыргыз алфавитин түзүп, грамматика жана география боюнча кыргыздын алгачкы окуу китептерин жазып, кыргыздын биринчи «Алиппеси- нин» автору. Ишенаалы Арабаев келечек үчүн баа жет- кис баалуу байлыктарды калтырган. Кыргыз эли ушун- дай чыгаан инсандарын муундан-муунга жеткирип, жаса- ган эмгектерин дагы да болсо даңазалай бермекчи...

Сөздөр

эбегейсиз - большой

орус-тузем мектеби - русско-туземская школа алгачкы - первый диний - религиозный кириш сөз — предисловие биргелешип - совместно боюнда - на берегу эмгек - труд башталгыч - начальный

жаратылыш таануу - природоведение

коомдук-саясий - общественно-политический адабият - литература которгон - переводил

саясий уюм - политическая организация

камакка алынган - арестован

келечек үчүн - за будущее

муундан-муунга - из поколения в поколения

Тексттен кийинки тапшырма.

  1. Ишенаалы Арабаев кандай окуу китептерин жазган?

  2. Ал кыргыз элинин агартуучулук саясатына кандай эмгек сиңирген?

  3. И. Арабаевдин коомдук-саясий ишмердүүлүгү жөнүндө ай- тып бергиле.

Текстке чейинки тапшырма.

  1. Текстти окуп, которгула.

  2. Текстеги сүйлөмдөрдүн негизинде суйлом курулушу жөнүндө айтып бергиле.

  3. Сүйлөмдөрдү сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдагыла.

ТӨРӨКУЛ АЙТМАТОВ

(1903-1938)

Дүйнөдөгү белгилүү залкар жазуучу Ч. Айтматовдун: «Ата мен сенин кайда көмүлгөнүңдү билбейм» - деп чы- гармасына жазган эпиграфы баарыбызга белгилүү эле. 1991-жылы жайында Бишкектен түштүккө карай 18 км аралыкта жайгашкан Чоң-Ташта болуп көрбөгөндөй за- консуздуктардын күнөөкөрү болгон сталиндик режимде курман болгон 137 адамдын сөөгү табылып, бул окуя коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурду.

20-30-жылдары улуу элдин трагедиясына айланган оор кылмыш иши эске түшүп, элдин жүрөгү канап турду. Та- былган 137 адамдын ичинен бир гана Төрөкул Айтматов­дун плащынын төш чөнтөгүнөн ок көзөп өткөн өкүм чы- гарылган кагаз сакталып калган. Улуу жазуучу Ч. Айт­матов «Саманчынын жолу» повестине жазган жогоруда- гы эпиграфына жооп жарым кылым өткөндөн кийин та- былды. Төрөкул Айтматовдун «мыкты уулу» Чыңгыз Айтматов канча деген улуу, өлбөс чыгармаларын жара- тып, кыргыз деген атты дүйнө жүзүнө таратып, анын чы- гармалары дүйнөлүк классикалык чыгармалар менен ка- тарлаш өмүрүн улай бермекчи.

Мамлекеттик көрүнүктүү ишмер Т. Айтматов Талас областынын Киров районундагы Шекер айылында орто дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Революцияга чейин Олуя-Ата орус-тузем мектебин жана реалдык училищени бүтүргөн. Реалдык училищеде, революцияга чейинки орто мектепте, көбүнчө математика жана табият таануу илим- дерине басым жасалган. Грозненск болуштугунун кедей- лер комитетинин катчысы болуп иштеп, анын саясий иш- мердүүлүгү башталат. Т. Айтматов өз мезгилинин би- лимдүү адамдарынан болгон. Кыргызстанда биринчилер- ден болуп партиянын катарына өткөн. Оор мезгилде Орто Азияда Совет бийлигин орнотуп жана аны бекемдөөдө күчүн аяган эмес. Жооптуу партиялык кызматтарды ар- калап турган.

1926-жылы алты ай Кара-Колдо округдук комитетте иштейт. 1926-жылдын декабрынан 1929-жылдын аягына чейин ВКП (б)нын Жалал-Абад канткомунун (кантондук комитет) секретары болуп иштеген. Жалал-Абаддан ки- йин партиянын Араван райондук комитетинин жооптуу катчысы болуп иштеген. 1930-жылы соода эл комиссары болуп иштеп, бүт өмүрүн, эмгегин элинин келечегине ар- наган. 1931-жылдын мартынан ВКП(б)нын Ош райондук комитетинин катчылыгына шайланып, 1933-жылга че­йин иштеген.

Андан кийин ВКП(б)нын Кыргыз областтык комите­тинин экинчи катчысы болуп иштеген. Т. Айтматов акыл- дуу, интеллектуалдуу инсан болгон, Москва шаарында Кызыл профессорлор институтунда окуган.

Д. Волкогонов айткандай: «Сталин зомбулуктун эң чоң инерциясын» түзгөн. Анын натыйжасында баканооздук, принципсиздик, ушак, массалык калп күч алган. Масса- лык репрессияга жол ачылган... Зомбулуктун чоң инерция- сына институттун акыркы курсунда окуп жаткан Төрөкул Айтматов да туш болгон.

1937-жылы 1-декабрда СССРдин ички иштер эл комис- сарынын орун басары Н. Фриновский «Москва шаары. Воровский көчөсү, №25 үйдө, 15-квартирада жашаган Төрөкул Айтматов камалсын, тинтүү жүргүзүлсүн» деген ордер тапшырат. Т. Айтматовду камакка алуу Кыргыз ССРинин ички иштер эл комиссарынын жетекчиси И. Лоц- мановдун (кийин өзү да репрессияга туш болгон) суроосу боюнча жүргүзүлгөн. Т. Айтматовду Москвадан Кыргыз­стана алып келишкен. «... Кыргызстандагы контррево- люциячыл Социал-Туран партиясынын активдүү мүчөлө- рүнүн бири» деген жалган күнөө коюлуп, күүнөсү жок

жерден 1938-жылы 5-ноябрда чыгарылган өкүм аткарыл- ган. Т. Айтматовдун Социал-Туран партиясына эч тиеше- си болгон эмес.

Төрөкул Айтматовдун уулу Чыңгыз Айтматовдун түбө- лүктүү эмгектери тарыхта калып, келечекте бүтпөс жол- дору улана бермекчи...

Сөздөр

коомчулук - общественность

кылмыш - преступление

мыкты уулу - лучший сын

улуу - великий

чыгарма - произведение

жооптуу - ответственный

арнаган - посвятил

акылдуу - умный

ушак - сплетни

зомбулук - насиление

принципсиздик - безпринципность

калп - ложь

акыркы - последний

ички иштер эл комиссары - народный комиссар внут­ренних дел

тинтүү - обыск

түбөлүктүү - вечный
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   37


написать администратору сайта