управление. кыргязкнига. Тилим менин
Скачать 1.09 Mb.
|
саясат - политика уруу - племя көзөмөлдөө - контролировать көчмөн - кочевник салт - традиция мөөр - печать коопсуздук - безопасность дайындайт - назначает коркунуч - страх айлакерлик - хитрость баскынчылар - захватчики колго түшөт - попадает в плен тааныган эмес - непризновал жазалоо - наказать каршы - против каза болот - умрет ишмердүүлүк - деятельность шайлоо - выбор аймак - округ умтулган - старался салык - налог башкаруучу - наместник Тексттен кийинки тапшырма. Ормон хан жөнүндө кандай маалыматтарды билесицер? Кыргыздарда ханды шайлоодо кандай ырым-жырымдар болгон? Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, которгула. Тексттеги үндүү тыбыштарга фонетикалык талдоо жүр- гүзгүлө. Текстке суролуу сүйлөмдөрдү түзгүлө. ТАЙЛАК БААТЫ1Р (1796-1838) Тайлак Рыскул уулу болжол менен 1796-жылы На- рын дарыясынын Каргалык деген жеринде туулган. Тайлак Рыскул уулу XIX кылымдын биринчи жарымында көз карандысыздык үчүн болгон кыймылдын көрүнүктүү катышуучусу. Тайлак жана анын улуу агасы Атантай кыргыздардын саяк уруусуна тийиштүү болушкан. Алар келишпестик жана туруктуулук менен бет алган иштери- нен кайтпай Кокон хандыгына каршы чыгышкан. Чы- гыш Түркстандын элдерин маньчжур баскынчыларынан бошотуу учурунда, ушундай согуштук жүрүштөргө каты- шып жүрүшүп, бул уруунун аскерлери чоң согуштук таж- рыйба топтошкон. Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы 1832-жылы баш- талган күрөштүн 1-этабында Тайлак баатыр жана агасы Атантай башында болгон күрөш ийгиликсиз аяктаган. Жети миң аскери бар Кокон хандыгы аз күчү бар кыр- гыздарды бат эле басып, аларды чоң салык төлөөгө маж- бурлаган. Нарын кыргыздарын бат эле басып, аларды чоң салык төлөөгө мажбурлаган. Нарын кыргыздарынын Кокон хандыгына каршы күрөшүнүн 2-этабы Мадали хан Арап баатырды көкүтүп, отрядды жетектеп, Тайлак баа- тырды туткунга алуу максаты башталган. Тогуз-Торонун Бичан жайлоосунан жазалоо отряды менен жолугуп, Кокон хандыгынын аскерлерин кыргыздар талкалашкан. Тайлак баатыр жетектеген күрөштүн 3-этабы XIX кылымдын 30-жылдарына туура келген. Мадали хан казактар- дын жетекчилеринин бири менен макулдашып, Тайлак - баатырга каршы чабуул жасаган. Башында Эдигени ий- гилик коштогон, Суусамыр бөксө тоосунун Дубан-Кечүү деген жеринде Тайлак баатырдын күчтөрү баскынчылар- ды жеңишкен. XIX кылымдын 20-жылдарында Тайлак баатыр жетектеген кыргыз уруулары Чыгыш Түркстан- дагы саясий окуяларга активдүү катыша башташкан. 1838-жылы Тайлак баатыр кокондук чалгынчы тарабы- нан уу берилип өлтүрүлгөн. Тайлак баатыр 40 жашта эле. Ушундан кийин кокон ханы нарындык кыргыздарды ба- гындырып, Тайлак баатыр талкалаган Куртка деген чеп- ти кайра калыбына келтиришкен. Тайлак баатыр кыргыз тарыхынын эң кыйын кезин- де жашап өттү. Ата-бабаларынын ишин улантып, кыргыз жерин тышкы душмандардан коргоп, кыргыз жери- нин чегинин бүтүндүгүн сактоодо чоң роль ойногон. Сөздөр коргоо - защитить болжол менен - приблизительно кылым - век көрүнүктүү - видный, известный катышуучу - участник баскынчылар - захватчики бошотуу - освободить УРУУ - племя салык - налог эзүү - эксплуатировать туткун - пленник жетектеген - руководил жетекчи - руководитель ийгилик - успех коштогон - сопровождал жецишкен - победили күчтөр - силы чалгынчы - лазутчик уу - яд бүтүндүк - единство Тексттен кийинки тапшырма. Тайлак баатыр ким болгон? Тайлак баатырдын кыргыз тарыхында алган орду жөнүндө айтып бергиле. Тайлак баатырдын баатырдыгын чечмелегиле. Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, которгула. Тексттеги тактоочторду таап маанисин чечмелеп, айрым тактооч сөздөр менен сүйлөм түзгүлө. Текстке суроолуу сүйлөмдөрдү түзгүлө. КУРМАНЖАН ДАТКА (1811-1907) Курманжан Маматбай кызы - Алай кыргыздарынын башкаруучусу, «Алай ханышасы» деген ат менен белгилүү. Алайдагы монгуш уруусунан чыккан. 1832-жылы Алай башкаруучусу Алымбек даткага турмушка чыгат. Аны менен 29 жыл жашап, 5 балалуу болот. Алымбек датка- нын алмашкыс кеңешчиси жана жардамчысы болгон. 1862-жылы Алымбек датка өлгөндөн кийин, аны өл- түргөндөрдөн өч алып, жандап жүргөн ишеничтүү баа- тырларды өз тегерегине топтоп, Алайды башкарууну өз колуна алат. Бухара эмири Музафар Курманжандын бий- лигин таанып, ага «датка» деген наам ыйгарган. «Датка» деген наам падыша армиясынын генералы деген чинине барабар болгон. Кокон ханы Кудаяр хан дагы тааныган. Курманжан датка көрөгөч, кыраакылыгы менен уруу ичиндеги талаш-тартыштарды жана тоолук кыргыздар- дын башаламандыктарын жөнгө салууда чоң салым кош- кон. Кокон хандыгына көз каранды болбоо саясатын жүр- гүзгөн. 1876-жылы 19-февралда түштүк кыргыздар падыша- нын манифести менен Россияга кошулду деп жарыяла- нып, Фергана областы Туркестан генерал-губернаторлу- гуна кирген. Жаңы областтын биринчи согуштук губернатору М.Д.Скобелев болгон. Бирок Түштүк Кыргызстандын тоолуу райондору, не- гизинен, Россияга баш ийбеген бойдон калган. Генерал Скобелев жетектеген орус аскерлери менен кыргыз көчмөн- дөрдүн ортосунда куралдуу кагылышуулар башталган. Эки тараптан тең коп жоготуулар болот. Курманжан датка көтөрүлүшчүлөрдүн жеңилип калганын аргасыздан мой- нуна алат. Падыша тарапка кызмат кылууга өтүп, Алай элин, оз балдарын да ага чакырат. 1876-жылы Алай 17380 үй- бүлө менен Россияга кошу- лат. Падыша өкмөтү полковник чинин берген. Бул территорияда Ош уездине кирген 5 болуштук түзүлөт: Кичи Алай, Ноокат, Гүлчө, Өзгөн жана Ак-Буу- ра - бул жерлерди датканын балдары: Оморбек, Камчы- бек, Асанбек, Баатырбек башкарган. Бирок Курманжан датканын өздүк турмушу ото бейпил өткөн эмес, бай, мал- дуу, ото кадыр-барктуу болгон, ага урмат кылуу менен баш ийишкен. Эки баласы жана эки небереси контрабандам тиешеси бар, бажыкана кызматчыларын өлтүрүштү деп күнөөлөгөндө датканын күчтүү таасири да жардам бере алган эмес. Саясий керээз сыяктуу Курманжан датка каттарынын биринде Фергана согуштук губернатору Ионовго мындай деп жазат: «Фергана мусулман мамлекети (Кокон ханды- гы) Россияны тааный электе мен силер (Россия) менен та- лашып-тартышып, күрөшүп жаттым. Мен тынчтык мез- гилде билдирем: менин элим, өзүм, туугандарым эч качан силерге каршы турбайт. Биз тараптан жаман, жагымсыз иштер эч качан болбойт. Эгер менин элим жаман иш жа- сап, чыккынчы болсо анда күнөөлүүлөрдү жазанын жогорку чени менен жазалап, өзүм өмүрүм өткөнчө азап тар- тып жүрүп өтөм». Жакшы көргөн баласы Камчыбекти өлүм жазасына буюрган, Маматбек менен эки небереси Сибирге сүргүнгө айдалып кеткен. Күчтүү, акылдуу, сей- рек учурай турган аялзатына, биринчиден, эне, чоң эне катары ото катуу сокку урулган. Ал өзүнүн байлыктарын (мал) элге таратып берип, айылына барып өзүнчө обочо- лонуп жашап, эч кимди кабыл алган эмес. 96 жашында 1907-жылы каза болгон, мындай узак жашоо ото сейрек кздешет. Кыргыз аялзатынан биринчи чыккан кайраттуу, кыраакы, күчтүү, акылдуу, кайталан- гыс асылзаты болуп, мыкты башкаруучу болгон. Сөздөр алмашкыс - незаменимый өз колуна - в свои руки сейрек - редкий өлгөндөн кийин - после смерти ыйгарган - присвоил чин - звание кыраакы - дальновидный коз каранды болбоо - быт независимым түштүк - юг баш ийбеген - неподчинялся куралдуу кагылышуулар - вооруженные столкновения жоготуулар - потери аргасыздан - поневоле тараптар - стороны кызмат кылууга - служить окмот - правительство эне - мать кабыл алган эмес - не принимал кайталангыс - неповторимый күнөөлөгөн - признать виновным Тексттен кийинки тапшырма. Курманжан датканын саясий көз карашынын актуалдуу- лугу эмнеде? Курманжан датканын башкаруучулук саясатындагы негиз- ги принциптер кайсылар? «Датка» деген наамды ким тарабынан жана эмне үчүн алган? Текстке чейинки тапшырма. Тексттеги жаңы сөздөргө сөздүн курамы боюнча морфоло- гиялык талдоо жүргүзгүлө. Сөздөрдү уңгу-мүчөгө ажыраткандан кийин муундун түрлөрүн мүнөздөгүлө. Текстке суроолуу сүйлөмдөрдү жазгыла. БАЙТИК БААТЫР (1820 - 1886) Байтик баатыр Чүй өрөөнүндөгү солто уруусунун көрүнүктүү манабы, XIX кылымдын 60-жылдарында Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы күрөштүн жетекчиле- ринин бири болгон. Чүй кыргыздары кокон-орус күрөшүүсүндө эч бир таранка кошулбай, калыс карашты. Элдин колдоосуна ээ болуу үчүн орус армиясынын нолковниги Циммерман кыр- гыздарды мындай ден ишендирди: «Орустарда бир мак- сат бар, кокондуктарды жазалан, чектен чыккан налог- дордон азан чеккен кыргыздардын абалын жеңилдетүүнү көздөшөт» - ден бир нече жолу кайталан, саясий маани- деги үгүт баракчаларын тараткан. Кыргыздар тарабынан үгүт баракчалары түшүнүү менен кабыл алынып, кызык- чылыгы Россия тарабына оогон. Өз миссияларын атка- рын, орус аскерлери кеткенден кийин Кудаяр хан кокон ээлигин калыбына келтирүү үчүн 9000 аскер жиберет. Бишкек чебин кайрадан курун, бекемден, мечет, жер ас- тындагы түрмө зындан курдурат. Туруктуу 500 аскерле- ринен турган горнизондун жетекчилигине хандын ише- нимдүү Адамы Рахматулла даярдалат. 1862-жылы кокон хандыгына каршы толкундоолор ачык көтөрүлүшкө өтүн, аны Байтик баатыр жетектейт. Биргелешкен аракеттин негизинде орус аскерлери менен кокон хандыгынын не- гизги таяныч нункту болгон Бишкек чеби, анан Токмок чеби алынат. Чүй өрөөнү Россияга кошулат, солто уруусу 5000 үй- бүлө менен орустардын карамагына өтөт. Орус аскерлери менен бирге Байтик баатыр 200дөй өзүнүн жигиттери ме- нен Мерке, Олуя-Ата, Чымкент ж.б. кокон чептерин алуу- да активдүү аракет жасаган. Падыша өкмөтү тарабынан Байтик баатырдын сиңирген эмгектери жогору бааланып, ага орус армиясынын капитаны деген чинин, Станислав III даражасындагы ордени, Анненск тасмасындагы алтын медаль тапшырылган. Сый кылып асыл таштуу шакек жана кафтан (узун этектүү эркектин кийиминин бир түрү) тар- туулашкан. Байтик баатыр 1867-жылы Борбордук Азия- дан кадырлуу 17 өкүл менен бирге Александр Пнин такка отуруу салтанатына Санкт-Петербургга чакырылган. Сөздөр саясий маанидеги үгүт баракчалары - прокламация жетекчи - руководитель калыс - нейтральный максат - цель түшүнүү менен - с пониманием чеп - крепость даярдалат - назначается толкундоолор - волнения падыша өкмөтү - Царское правительство сицирген эмгек - заслуженный труд даража - степень кадырлуу - почетный салтанат - торжество чакырылган - приглашены тасма — лента жогору бааланып - высоко оценены ачык - открытый колдоо - поддержка калыбына келтирүү - восстановить Тексттен кийинки тапшырма. Байтик баатыр ким болгон? Байтик баатыр кайсы көтөрүлүштү жетектеген? Байтик баатыр кандай тарыхый шарттарда баатырдыгын көрсөткөн? Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, которгула. Тексттеги жаңы сөздөрдү жазып, лексикалык маанисин түшүндургүлө. Тексттеги сүйлөмдөрдү сөз түркүмдөрүнө ажыраткыла. ТИЛЕКМАТ AKE (Болжол менен 1833-1888-ж.ж) Тилекмат аке Сарт акенин ишин улантуучу, талант- туу ойчул, тубаса дипломат, Ысык-Көлдөн белек уруусу- нан чыккан. Сарт акенин берген баасына караганда Тилекмат аке исламдын жол-жобосун бекем туткан, калк үчүн жаралган өзгөчө асыл адам болгон. Тилекмат акенин башкы касиеттеринин бири - анын асыл ойдун, асыл сөздүн чебери болгондугунда. Ошондуктан, эл ичинде: «Нукура акыл сурасаң Сарт акеге, ыйык бата сурасаң Мойт акеге, асыл сөз сурасаң Тилекмат акеге бар» деген накыл кеп кеңири тараган. Тилекмат акенин көз карашынын өзөгүн элдин ынтымагы, биримдиги жөнүндөгү пробле- малар түзгөн. Турмуш философиясынын устаты сыяктуу жакшылык менен жамандык, өлүм жана өмүр маселеле- ринин тегерегинде талдап, элдин нравалык этникалык өнүгүшүнө багыт берүүгө аракет кылган. Улуу ойчул акыл менен асыл сөздү элибиздин рух байлыгынын түбөлүктүү мурастары катарында баалаган жана чыгармаларынын дагы бир өзгөчүлүгү, анын асыл сөз ойлору, элибиздин терең катмарына тарап, жүрөгүнөн орун алгандыгында. Ошондуктан Тилекмат аке сөз чебери менен өз мезгилин- деги кыргыз урууларынын тирешүүлөрүн токтотуп, алар- дын ортосундагы ынтымакты, бир туугандык мамилелер- ди чыңдоого чоң салым кошкон. Тилекмат акенин тубаса элчилик жөндөмдүүлүгүн өз- гөчө белгилөө зарыл. Курч акылы, чечендиги менен Бо- ромбай баатырдын кеңешчиси болуп, Россия, Кытай, Казак, Кокон бийликтеринин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ал элинин бейкутта жашашын, анын коңшу элдер менен ынтымакта болушун көздөп, баалуу көп ара- кеттерди жасаган. Кыраакы элчи катары Тилекмат аке- нин ишмердүүлүгү кыргыздардын Россия менен достук ма- миле процессинде ачык көрүнгөн. Эки элдин жакын бай- ланышын түзүүдө ишеничтүү талапкер болгон. Орус ар- миясынын капитаны деген чинин алган. Омскиде Россия өкүлдөрү менен жолугушкан. Ысык-Көлдө Ч. Валиханов менен П.П Семеновдун экспедициялык отрядын коштоп жүргөн. Россиянын агартуучулук жана өз элинин сабат- сыздыгын жоюу проблемаларына абдан кызыккан. Сөздөр улантуучу - продолжатель ойчул - мыслитель тубаса - врожденный асыл адам - святой человек акыл сөз - наставление биримдик - единство жакшылык - добро жамандык - зло чебер, устат - мастер өмүр - жизнь өлүм - смерть багыт - направление рух байлыгы - духовное богатство түбөлүк - вечно мурас - наследие жөндөмдүүлүк - способность чечен - оратор өнүгүү - развитие ишмердүүлүк - деятельность коцшу - сосед сабатсыздык - безграмотность Тексттен кийинки тапшырма. Тилекмат акенин ишмердүүлүгү жөнүндө айтып бергиле. Тилекмат акенин философиялык көз карашынын негизги принциптерин чечмелегиле. Тилекмат акенин дипломатиялык жөндөмдүүлүгү кайсы тарыхый шарттарда байкалган? Текстке чейинки тапшырма. Тексттеги табыш жөндөмөнүн мүчөсү уланган сөздөрдү жазып, талдагыла. Табыш жөндөмөнүн II типтеги жөндөлүшүнүн мүчөсү ме- нен сүйлөмдөрдү түзгүлө. Түзүлгөн сүйлөмдөрдү сөз түркүмдөрүнө ажыраткыла. ШАБДАН БААТЫ1Р (1839- 1912) Шабдан Жантай уулу - Чүй, Кемин өрөөнүндө жаша- ган сарыбагыш уруусунан чыккан манап, саясий коомдук ишмер.Жантай хандын уулу. Жаштайынан эле саясий турмушка аралашкан. Атасы Жантай орустарга баш ийип бергенден кийин Шабдан да орус букаралыгына өтүп, жаңы бийликке ак ниет менен кызмат өтөгөн. Шабдан баатыр мезгилдин талабына ылайык Россия- нын колониалдык бийлигинин жаңы аймакты башкаруу- дагы ишмердүүлүгүн чоң сыймык менен аткарган. Беке- ринен анын оппоненти болгон Пишпек уездинин башкаруу- чусу А. Талызин: «... Шабдан Жантаевдин орус өкмөтүнө болгон таасири негизинен өзүнүн сиңерген эмгегине не- гизделет, ...ал кыргыздардын арасында да биринчилерден болууга өзүнүн акылы жана эптүүлүгү менен жетти» - деп 1898-жылы эле белгилөөгө аргасыз болгон. Калк арасында аны кең пейил, ак көңүл, акылдуу, берешен (март), боорукер, калыс, чечкиндүү деген эпитеттер ээрчип жүр- гөн. Шабдан баатыр Токмоктогу уезддин башкаруучусу жана Жети-Суу аскер губернатору менен тыгыз байланыш- та болгон. 1876-1877-жылдары генерал Скобелевдин алай- лык кыргыздарды Россиянын карамагына өткөрүү иши- не көмөк көрсөткөн. Орус падышалыгына кылган кыз- маты үчүн Шабдан баатыр сыйлыктарды алып турган. 1883-жылы ал падыша Александр Шнүн тактыга отуруу аземине катышып, аскер старшинасы деген наам алган, ал подполковник чинине барабар болгон. Алтын саат менен да сыйланган. Шабдан баатырга жылына 300 сом өлчөмүндөгү пенсия белгиленип, өмүр бою пайдаланууга 400 теше жер бөлүнүп берилген. Шабдан баатыр XX кылымдын башында эле Токмок шаарына мечит, андан кийин Чоң-Кеминге абдан кооз мечит-медресе курдурткан. Токмоктогу мечитти, негизи- нен, өзүнүн каражатына салдырган. Чоң-Кеминдеги мед- реседе 300 кыргыздын балдары ошол кездеги алдыңкы ыкма менен окушкан. Шабдандын уулу Исамиддин На- мангандан жана Токмоктон билим алып, 1909-жылы «Шабдания» деген жаңы ыкма менен окуткан мектеп ачып, аны каржылап турган. Анда 150 окуучу окуп, өзү да сабак берген. Оренбург, Казань, Ташкент жана Буха- радан атайын чакырылган чыныгы профессионал муга- лимдер эмгектенишкен. Шабдан баатыр алардын эмгегин жогору баалап, жылына 500-1000 рубль өлчөмүндөгү маяна төлөп, алардын жашоосуна болгон бардык шартын тү- зүп берген. Кыргыз элинин келечегине жоопкерчилик менен кам көргөн. Сөздөр сыймык менен - с гордостью аткарган - выполнял таасири - влияние акыл - ум белгилөө - отметить сицирген эмгек - заслуженный труд аргасыз болгон - был вынужден боорукер - добрый калыс - справедливый чечкиндүү - решительный сыйлык - награда азем - церемония каражат - средство ыкма - метод каржылоо - финансировать маяна - заработная плата жоопкерчилик - ответственность Тексттен кийинки тапшырма. Шабдан баатырдын кыргыз элинин тарыхый тагдырына тийгизген таасири кандай болгон? Шабдан баатырдын саясий ишмердүүлүгү жөнүндө айтын бергиле. Текстке чейинки тапшырма. Текстти окун, которгула. Тексттеги жаңы сөздөрдү жазын, фонетикалык талдоо жүргүзгүлө. Жаңы сөздөр менен сүйлөм түзгүлө. АКАДЕМИК В.В.БАРТОЛЬДДУН «КЫРГЫЗДАР» ТАРЫХЫЙ ОЧЕРКИ Кыргыз элинин ар түрдүү тарыхый этантардагы со- циалдык тагдырына, рухий маданияты менен каада- сал- тына олуттуу көңүл бурун, тарых үчүн баалуу изилдөө- лөрүн, эмгектерин жазын калтырган академик Василий Владимирович Бартольд, дүйнөгө атагы чыккан чыгыш- ты изилдөөчү, көрүнүктүү илимноз-тарыхчы болгон. Ал Орто Азияга бир нече жолу илимий экснедицияга келин, Талас, Чүй өрөөнү, Ысык-Көл ойдуңу жана Бор- бордук Тянь-Шандагы археологиялык эстеликтерди изил- деген. Анын орошон талантынан, таң каларлык эрудиция- сынан Орто Азиянын тарыхы боюнча 400дөн ашык көлөм- дүү илимий эмгек жана ар кыл макалалар жаралган. В.В.Бартольд 1890-жылдары мурда жарыялана элек чыгыш жазмаларынын үстүндө аябай көн иштеген жана алардын негизинде «Монгол эзүүсүнүн доорундагы Түрк- стан» деген эки китебин жазган. Бул орчундуу эмгеги үчүн ага Чыгыш тарыхынын доктору деген илимий даража ыйгарылган. Окумуштуунун «Түркстандын тарыхы», «Жети-Суу тарыхынын очерки», «Түркстандын маданий турмушунун тарыхы», «Мусулмандар дүйнөсү», «Монгол эзүүсүнүн доорундагы Түркстан» аттуу эмгектеринен, «Ислам энцикло- педиясында» жарыяланган макалаларынан Кыргызстан- дын тарыхына тиешелүү баалуу маалыматтарды алууга болот. Кыргыз АССРинин өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча жазылып, 1927-жылы жарык көргөн «Кыргыздар» деген монографиясында ал жазма эстеликтердин негизинде кыргыз элинин саясий тарыхын кыскача мүнөздөгөн. Эмгек эки бөлүктөн турат. Биринчисинде, Енисей кыр- гыздарынын эзелтеден кыргыз деген этноним пайда бол- гондон тартып (201-жылдан XIII кылымга чейинки), экин- чисинде, Тянь-Шань кыргыздарынын XVI кылымдан XIX кылымдын 60-жылдарына (түндүк кыргыздардын Россия- нын составына кошулганына) чейинки тарыхы баяндалат. В.В.Бартольд кыргыздар же Кыргызстан жөнүндөгү ба- йыркы жана орто кылымдагы орус, ошондой эле чет өлкө- лүк тарыхый адабияттардагы далилдерди, илимпоздун мурдагы оз эмгектериндеги маалыматтарды пайдаланып, кыргыз элинин Октябрь революциясына чейинки тарыхы боюнча туңгуч бир бүтүн эмгек жараткан. Окумуштуу- нун «Кыргыздар» монографиясы мына ушунусу менен баалуу. Сөздөр тагдыр - судьба баалуу - ценный изилдөөлөр - исследования илимий эмгек - научный труд илимпоз - учёный макала - статья доор - эпоха ыйгарылган - присвоено тапшырма - задание өкмөт - правительство байыркы - древний адабият - литература каада-салт - традиция чыгышты изилдөөчү - востоковед орто кылым - средний век чет өлкөлүк - зарубежный Тексттен кийинки тапшырма. В.В. Бартольддун кыргыздар жөнүндөгү эң баалуу маалы- маты жана изилдөөлөрү жөнүндө айтып бергиле. В.В. Бартольддун кандай илимий эмгектери бар? В.В.Бартольддун «Кыргыздар» тарыхый очерки жөнүндө ой бөлүшкүлө. Текстке чейинки тапшырма. Текстти кунт коюп окуп, которгула. Жаңы сөздөрдү көчүрүп жазып, лексикалык маанисин чеч- мелегиле. Жаңы сөздөр менен сүйлөмдөрдү түзгүлө. 1916-ЖЫЛДАГЫ КӨТӨРҮЛҮШ Улуттук-колониалдык эзүүнүн күчөшү, күчөтүлгөн салык кысымы, согуш мезгилиндеги өтө адам чыдагыс шарттар 1916-жылдагы көтөрүлүшкө алып келген. Көтө- рүлүшкө катуу эзилген жөнөкөй эл гана эмес, бай-манап- тардын өкүлдөрү, мусулман дин кызматчылары да катыш- кан. Көтөрүлүш жалпы элдик болгон, башка улуттун өкүлдөрү: өзбек, казак, дунган, уйгур, татар, кээ бир кел- гин орустар да катышышкан. 1916-жылы 25-июнда падышанын «жергиликтүү калк- тын 19 жаштан 43 жашка чейинки эркектер согуштук- тылдык иштерге мобилизациялансын» деген указы көтөрү- лүштүн чыгышына шылтоо болгон. Россия колонизациясынын уламдан-улам кеңейтили- ши, жергиликтүү калкты эзиши, кыргыздардын эң жак- шы жерлерин келгин орустарга тартып бериши, жерге болгон укуксуздук көтөрүлүштүн негизги себеби болгон. 1916-жылы Пржевальск уездинде орус-украиндер калк- тын 24%ин түзүп, айдоо аянтынын 67%ине ээ болушкан. Ушундай абал Пишпек уездинде да болгон. Көтөрүлүш 1916-жылы 4-июлда башталган. Орто Азия жана Казакстанда башталган көтөрүлүшкө Самарканд областындагы Ходженттин жашоочулары себеп болгон, анткени алар падышанын указын аткаруудан баш тар- тышкан. Ачык каршы чыгуулар Фергана областында (уезд- дерде, шаарларда), Ошто, Ташкентте болгон. Наманган, Андижан, Кокондо көтөрүлүш тез эле басылган. Пишпек, Пржевальск уезддеринде көтөрүлүш августта, ал эми Чүй өрөөнүндө Пишпек, Беловодск, Токмок райондорунда ав- густтун башында башталган. 9-августта Суусамырда, Коч- кордо, Жумгалда башталат. Кээ бир тоолуу райондордо гана каршылык көрсөтүү сентябрь-октябрга чейин бар- ган. 1916-жылы бүт Түркстанды кучагына алган көтөрү- лүштүн бирдиктүү борбору, жетекчиси болгон эмес. Бирок эл ичинен таланттуу уюштуруучулар чыккан: Талас- бай Алыбаев (Наманган уездинин Кызыл-Жар болушту- гунан), Алымкул Табалдин, Эгемберди Сарыков, Ибраим Талев (Бишкек уездинен), Чокубай Мондоев (Пржевальск уездинен). Көтөрүлүшкө айылдардан феодалдык байлардын чөй- рөсүнөн да өз болуштуктарын жетектөөгө Мокуш Шабда- нов, Сопурбек Шаменов, Канат Абукин, Белек Солтоноев жана башкалар чыгышкан. Бул чөйрөнүн кээ бирөө кө- төрүлүштүн аягына чейин ишенимдүү барышса, кээ бирөө элин сатып, орус аскер тарабына өтүп кеткен, кээ бирөө бийликтин жана уруулардын алдында таасирин жоготуу- дан коркуп Кытайга качышкан. Түндүк Кыргызстандагы көтөрүлүш өтө курч жана татаал мүнөздө өткөн. Регионго согуштук абал киргизилген. Куралдуу күч менен Сыр-Дарыя, Самарканд, Фергана көтөрүлүштүн негизги очоктору басылган. Жети-Суу областында келгин- дер көп болуп жер, суу маселеси өтө курч формада кара- лып, көтөрүлүш да кеч башталган. Кыргызстандын тер- риториясындагы көтөрүлүштүн негизги очоктору басылып, эл Кытайга качкан. Кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшү жеңи- лүүгө учураган. Кыргыз элинин өзүнүн жери үчүн, акый- каттык, көз карандысыздык үчүн болгон күрөшү кыргыз элинин коомдук-саясий турмушунда өтө маанилүү окуя болуп, Кыргызстандын тарыхында өтө трагедиялуу ба- рактардын бири болуп калды. Сөздөр эзүү - эксплуатация күчөтүлгөн - усиленный кысым - нажим шарт - условие жөнөкөй эл - простой народ катышкан - участвовал шылтоо - предлог жергиликтүү - местный укуксуздук - бесправие себеп - причина айдоо аянты - посевная площадь каршылык көрсөтүү - противостоять бирдиктүү борбору - единый центр уюштуруучулар - организаторы таасир - влияние согуштук абал - военное положение согуштук министр - военный министр буйрук - приказ куралдуу күчтөр - вооружённые силы кошумча - дополнительный Тексттен кийинки тапшырма. 1916-жылы чыккан улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн чыгыш себептери жөнүндө айтып бергиле. Улуттук-боштондук көтөрүлүш кандай мүнөздө өткөн? Улуттук-боштондук көтөрүлүштүн кандай тарыхый маа- ниси бар? Көтөрүлүш жөнүндө дагы кошумча адабияттарды кол- донуп, дилбаян жазып келгиле. Текстке чейинки тапшырмалар. Тексттеги жаңы сөздөр менен сөз айкаштарын түзгүлө. Тексттеги жаңы сөздөргө синоним сөздөрдү тапкыла. Жаңы сөздөр менен сүйлөмдөрдү түзгүлө. КЫРГЫЗСТАН УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТА Экономика, билим, маданият сферасындагы маанилүү жетишкендиктер менен бирге тоталитардык режим күчөп, республиканы репрессиянын толкундары каптаган. Улут- тук интеллигенциянын эң мыктылары жок кылынып, жазасына тартылып, канчасы түрмөдө жок болуп, канча- сы сүргүнгө айдалган. Ушундай абалда Советтер Союзу үчүн 1941-жылы 22- июнда фашисттик Германиянын укмуштуудай күчүнө, аг- рессиясына каршы туруштук берүү жана оор сыноолор- дон өтүү мезгили башталган. Согуштун башталышы 100 миңдеген аскерлердин баатырдыгы, туруктуулугу, кайрат- туулугу менен коштолгон. СССР үч ай гана каршылык көрсөтө алат деп немец- тик, америкалык, англиялык эксперттердин пессимист- тик маанайдагы божомолдоруна карабай совет эли баа- тырдык менен күч таап, 27 миллион уул-кыздары өз өмүр- лөрүн берип, Улуу Жеңишти утуп беришкен. Кыргызстандык жоокерлер жердештеринин өтүнүч- төрүн ар-намыстуулук менен аткарышкан. Москва алдын- дагы жана Ленинграддагы согуштарда, Түндүк Кавказда, Украинада, Белоруссияда, Молдавияда, Прибалтикада, чыгыш Европада жана душмандардын түнөгү болгон Бер- линде душмандарды жок кылышкан. Дээрлик согушка чакырылгандардын төрт адамдын бирөө өз өмүрүн «же- ңиш үчүн» деп берген. Алардын ичинде легендарлуу 28 баатыр панфиловчулар, Москва алдында өз өмүрлөрүн өлүмгө коюшкан биздин жердештерибиз: Дүйшөнкул Шо- поков, Николай Ананьев, Иван Москаленко, Григорий Конкин, Григорий Петренко, Григорий Шемякиндер болгон. Кыргыздар Ж.Жабаев, И.Бейшеналиев, О.Туралиев, легендарлуу А.Коёнкөзов - партизандык кыймылдын көрүнүктүү катышуучулары болгон.Ч.Түлөбердиев да баа- тырдык эрдик жасаган. Согушка 360 миң кыргызстандыктар катышып, 90 миңден көбү согушта курман болушкан. Каармандыгы жана баатырдык көрсөткөндүгү үчүн 73 адам Советтер Союзунун Баатыры деген наам алып, 21 адам III даража- дагы Даңк ордени менен сыйланып, 100 миңден ашык кыр- гыздын уул-кыздары орден, медалдардын татыктуу ээле- ри болгон. Кыргызстан үчүн эл чарбасын согуштук чарба жолу- на коюп СССРдин борбордук региондорунан көчүрүп ке- линген 30дай завод, фабрикаларды жайгаштырып, ишке киргизүү негизги милдеттердин бири болгон. Республика- да согуш башталгандан кийин 38 жаңы ири өнөр жайла- ры пайда болуп, торпедо заводунун Ысык-Көл филиалы (№175), Ново-Троицк кант заводу, Токмок консерва заводу, Ош жибек комбинаты эвакуация болгон ишканалар- дын негизинде пайда болду. Согуш жүрүп жатты, ар бир сферада өнүгүү менен коштолуп, коргонуу өнөр жайына өзгөчө көңүл бурулуп, Кадамжай, Хайдаркан комбинат- тары (сурьма, ртут) ишке кирген. Союзда өндүрүлгөн сурь- манын 85% Кыргызстан берген. Дээрлик бардык патрон жана жарылуучу заттарда стратегиялык металл болгон ртутту Хайдаркан комбинаты жабдыган. Кант-Рыбачье темир жолун, Чоң Чүй каналын куруу иштери башталган. Согуштун оор күндөрү өтүп жатты, эмгек отпускасына тыюу салынган. Жумуш күнү 10 саат- ка узартылган. Өз эрки менен иш ордун таштагандар се- бепсиз жумушка келбегендер дезертирлик менен барабар болгон. Негизги калк жумушка тартылган. Жумушчу күчү жетишкен эмес, согуштун 3 жылында жалпы билим бе- рүүчү мектептерде окуучулардын саны 281, 8 миңден 184, 3 миңге чейин кыскарган. Өндүрүштүн негизги күчүн аял- дар түзгөн (1943-жылы 55,7%ин түзгөн), завод, фабрика- ларда пенсионерлер, инвалиддер иштей башташкан. Алар- дын саны 23, 8 миң болгон. Совет эли менен бирге кыргыз эли да өтө оор, сыноо күндөрүн өткөрүп жатты. Кыргыз эли согушка керек 1355 миң жуп териден жасалган бут кийим, 474 миң метр жибек кездеме, 5, 7 млн. даана тигилген жана 2, 4 млн. даа- на трикотаж кийимдерин, 1613 миң даана жүн байпак, 177 миң тонна кант, 94,4 млн. банка эт консервасын даяр- дашкан. Кыргызстандыктар 1941-жылдан 1944-жылга че- йин 195 вагонду жардам катары жөнөтүшкөн. 103 вагон Ленинград шаарынын элине, 3 вагон Ленинград областы- нын партизандарына, калганы согушуп жаткан советтик аскерлерге жиберилген. Почта аркылуу 38 миң белектер жиберилген. Орто эсеп менен ар бири 5, 3 кг болгон. №14 банк эсебин билбеген киши болгон эмес, өз акчаларын коргоо фондуна которушкан. Ал акчалар танк, самолет- торду курууга кеткен. 1942-жылы 41 балдар үйүнөн Одесса, Ленинград, Москва, Курск, Смоленск областтарынан 3433 балдар келген. Кыргызстанда согуш мезгилинде 25 согуштук госпиталдар ачылып, анда 39902 аскер дарыла- нып чыккан. Бардыгы болуп Кыргызстанга 300 миң жаңы жашоочулар кабыл алынган. Москва, Ленинграддан көчүрүлүп келинген илимий мекемелердин базасынын не- гизинде 1943-жылы СССР илимдер Академиясынын Кыр- гыз филиалы уюшулган. Улуу Жеңиш оңойго турган эмес. Өлкөнү бирдиктүү согуштук лагерге айлантып, партия, Кызыл Армия, совет элинин биримдик күчүнө болгон ишеним менен, Ме- кенге болгон күчтүү жана таза патриоттук сезиминин астында Улуу Жеңиш совет эли тарапта болгон. Улуу со- гушта курман болгондорго баш ийип, таазим кылабыз! Сөздөр билим - знание маанилүү - значительный жетишкендиктер - достижения сүргүн - ссылка сыноо - испытание баатырдык - героизм кайраттуу - мужественный божомол - прогноз Улуу Жециш - Великая Победа өтүнүч - просьба ар-намыс - достоинство жердештер - земляки партизандык кыймыл - партизанское движение курман болушкан - погибли каармандык - отважность татыктуу - достойный илимдер академиясы - академия наук жарылуучу заттар - взрывчатые веществва милдет - обязанность биримдик күч - единая сила Тексттен кийинки тапшырма. Улуу Ата Мекендик согуштагы совет элинин каармандыгы жөнүндө айтып бергиле. Улуу Ата Мекендик согушта кыргыз элинин баатырдыгы жөнүндө ой бөлүшкүлө. Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө дилбаян жазып келгиле. Текстке чейинки тапшырма. Текстти окуп, которгула. Тексттеги татаал сөздөрдү жазып, классификациялагыла. Татаал сөздөрдүн жардамы менен сүйлөм түзгүлө. КЫРГЫЗДАРДЫН колдонгон ЖАЗУУЛАРЫ Кыргыз элинин тили жана жазуусу да кыргыз элинин тарыхы менен тикеден-тике байланыштуу. Тарых менен археологиянын материалдарына, байыр- кы жазуу эстеликтерине көз жүгүрткөндө, кыргыз эли бир нече жазуу системасынан пайдаланып келгендиги байкалат. Енисей дарыясынын жогорку агымында биздин заман- дын V-VIII кылымдарында жашаган түрк уруулары, анын ичинде кыргыздар да, өздөрүнүн тилин туура чагылдыр- ган орхон-енисей, тагыраак айтканда, байыркы түрк жазуусу аталган алфавит системасынан пайдаланышкан. Бул алфавит Орхонго, Орто Азияга чейин таралган. Байыркы орхон-енисей жазуусу бектер менен хандардын, аскер баш- чылары менен уруу жетекчилеринин көрүстөндөрүнө таш- тан коюлган эстеликтерде, аскалардын боорунда, чопо ме- нен темир жана жыгачтан жасалган идиштер менен ар түрдүү буюмдардын беттеринде сакталып калган. Орхон-Енисей жазуусун изилдеген көрүнүктүү түрколог- дор: академик В.В Радлов, профессор С.Е. Малов Енисей дарыясынын боюндагы көрүстөнгө коюлган эстеликтердеги жазуулар кыргыз урууларына таандык экендигин айтыш- кан. Бул пикирди профессор И.А. Батманов да колдогон. Тарыхый маалыматтарга караганда, орхон-енисей жа- зуусу IX—X кылымдарга чейин колдонулуп келген. Кыргыз эли орхон-енисей, уйгур жазууларынан кийин араб алфавитин колдонушкан. Бирок муну кайсы мезгил- ден баштап колдонгондугу, кыргыз элинин жазуу эстелик- тери сакталып калбагандыктан, так белгилүү эмес. Ай- рым архивдик материалдарга, кээ бир сабаттуу адамдар- дын кол жазмаларына караганда, кыргыздар араб алфавитин XIX кылымдын биринчи чейрегинен бери карай колдоно баштаган болуш керек. Буга араб алфавити менен жазылган үч документ, башкача айтканда, 1854, 1861, 1863-жылдарга жана XIX кылымдын орто ченинде Мол- до Нияз тарабынан жазылган кол жазмалар далил. Революцияга чейин өз чыгармаларын Тоголок Молдо, Ысак Шайбеков жана башкалар араб алфавити менен жа- зышып, эл арасына кол жазма түрүндө таратып келишкен. Кыргыз эли улуттук жазууга Октябрь революциясы- нан кийин гана ээ болду. Улуттук туңгуч жазуу 1923-жы- лы кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө ылайыкташ- тырылып түзүлгөн эски араб алфавити болгон. Реформа- ланган араб алфавитинде үндүүлөрдү белгилөө үчүн 6, үн- сүздөрдү белгилөө үчүн 19 тамга кабыл алынган. Курамы 24 тамгадан турган бул алфавит официалдуу түрдө 1925- жылы Пишпекте (азыркы Бишкек) өткөн Кыргыз АОнун туңгуч илимий педагогикалык съездинде кабыл алынган. Кыргыз элинин тарыхында биринчи жолу эне тилибизди 1924-жылы 7-ноябрда жарык көргөн туңгуч газетабыз «Эркин-Тоо» (андан кийин «Советтик Кыргызстан» азыркы «Кыргыз Туусу») араб алфавитинде басылган. Андан кийин башка түрк элдери сыяктуу эле кыргыз эли да латын алфавитине өттү. Түрк элдеринин жазуусун араб алфавитинен латын алфавитные өткөрүү 1926-жылы мартта Бакуда болуп өткөн I түркологиялык съезд тара- бынан чечилген. Ошентип, жаңы латын алфавитные 1930- жылы толук өтүлгөн. Латын алфавити кыргыз элинин маданий деңгээлин көтөрүүдө, сабаттуулугун арттырууда араб алфавитине Караганда бир кыйла зор роль ойноду. Бирок орус тили- нен кабыл алынган сөздөрдү, эң негизгиси орус тилин үйрө- нүү үчүн орус алфавитин билүү зарыл эле. Ошондуктан кыргыз тили жана жазуу илимий изилдөө институту та- рабынан орус алфавитинин базасындагы жаңы кыргыз алфавитинин долбоору түзүлгөн. Ал долбоор 1941-жылы 12-сентябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиу- мунун Указы менен бекиген. Бул алфавит орус графика- сынын бардык тамгаларынан туруп, ага орус алфавитин- де жок ө, ц, ң үч тамгасы кошумчаланган. Сөздөр байыркы - древний жазуу - письменность пайдаланган - использовал дарыя - река биздин заман - наша эра эстеликтер - памятники чопо - глина темир - железо жыгачтан - из дерева көрүстөн - могила кол жазма - рукопись далил - доказательство туцгуч - первый эски - старый үндүүлөр - гласные белгилөө - обозначить Тексттен кийинки тапшырма. 1.Орхон-енисей жазууларын кимдер изилдеген? Кыргыз эли улуттук жазууга качан ээ болгон? Кыргыздар колдонгон жазуулар жөнүндө айтып бергиле. УЛУТТУК ӨЗГӨЧӨЛҮК Текстке чейинки тапшырма. Тексттеги этиш сөздөрдү жазып, грамматикалык катего- рияларын аныктагыла. Этиш сөздөрдү чак категориясы боюнча жактагыла. Этнографиялык сөздүктү өздөштүргүлө. КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ҮРП-АДАТЫ, КААДА-САЛТЫ Кыргыз элинде укумдан-тукумга улам-улам өтүп ке- латкан кылымдап түптөлүп, түзүлүп, калыптанып, өркүн- дөп жүрүп отурган мурастык касиетке ээ болгон тарыхый туруктуу салттар көп. Азыр биз төмөнкүдөй салттарга токтоло кетебиз. Кошумча - жамандык-жакшылыкта элибиздин бири- бирине көрсөткөн жардамы, урмат-сыйы. Ар ким алына жараша (акча, мал, кийит) чыгарат. Өрүлүк - жакын көчүп келген үй-бүлөнүн жакын-алы- сына карабай, куржун кечеге тамак-аш, айрымдарына кез- деме, мал, буюм алып барып, жаңы конуштун эшик-төрүн көрүү. Ал үй-бүлө болгон тамак-ашын аянбай кабыл алат. Ажырашар аяк - башка жерге көчүп кетүү алдында айылга тамак-аш берип, эл-журттан бата алуу. Мында козу союп деле ажыраш аяк берет. Жентек той - наристе төрөлөрү менен кошуналарга жетине албай, зор кубаныч менен даам сыздыруу. Жентектөө - бул жаш наристени урматтоо. Ага ки- йим-кече, акча-тыйын, буюм, тамак-аш, бышырып баруу. Бешик той - наристени бешикке салуу каадасы. Кол- до бар мал союлат. Таяке-тайлары бешикти төшөнчүсү менен жасалгалап алып барат. Кыз узатуу үлпөтү - кыздын биринчи жолу төркүнүнөн аттанаар алдындагы берилүүчү үлпөт. Жеңелери кызды жасандырып шөкүлөсүн кийгизип, жасалгалуу жабдыкта- ры бар атка мингизип, ырчылар ырдап, кошок кошулат. Ашар - биргелешип бир жумуштун аягына чыгуу. Мисалы: үй салууда, эгин оруп жыюуда элибиз жапатыр- мак жардамга келишкен. Түлөө берүү - ар кандай кырсыктардан аман калганы же алыска аман-эсен барып келгени үчүн жаратканга ыраазы болуп, мал союп, этин бышырып элге таратуу, бата алуу. Табак тартуу - мында табакка кошулган улуулар ал- ган устуканын жарым-жартылайын сыйда жеп, калганын бирөөлөргө (кичүүлөргө) берүүсү. Кайрат айтуу - бул башына күн түшүп, аза күтүп, кан жутуп турган адамдын көңүлүн жубатуу. Булардан сырткары кыргыз элинде көптөгөн жакшы- лык-жамандыкта колдонула турган салттар көп. Сөздөр үрп-адат, салт - обычаи, традиции мурас - наследие кийит - подарок в виде одежды мал союлат - режут скот кыз узатуу үлпөтү - проводы девушки замуж жапатырмак - вместе, коллективно кайрат айтуу - соболезнование таяке тайлары - родственники со стороны матери Тексттен кийинки тапшырма. Кыргыз элинин кандай үрп-адатын, салтын билесиңер? Өзүңөр билген үрп-адат, салттар тууралуу текст түзгүлө. |